СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

9-класс"Кыргызстандын маданияты жана руханий турмушу

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«9-класс"Кыргызстандын маданияты жана руханий турмушу»

Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектеби

Предмет: Кыргызстан тарыхы

9-класс

Текшерген ОББ: Ниматилла кызы Багдаг\л

К\н\: 11.02.20

Мугалим: Жусупова Айжамал


Сабактын темасы: Маданияты жана руханий турмушу.

Сабактын максаты:Маданиятындагы ъзгъчъл\ктър жана руханий турмушу жън\ндъ окуп \йрън\шът.

Сабактын милдеттери:

Таанып бил\\ч\л\к(когнитивдик) Билим бер\\ жана илими тууралуу окуп билишет.

Ишмерд\\л\к(ън\кт\р\\ч\)

Карта менен иштъъ жъндъмд\\л\ктър\ артат,ъз оюн далилд\\ айта бил\\гъ машыгышат жана алган билимдерин практикада колдоно алышат.

Баалуулук(тарбиялык)

Окуучулар бирин-бири укканга,топто,жупта иштъъгъ, тарбияланышат.

Негизги компетентт\\л\к:

Маалыматтык

Социалдык-коммуникативдик

Ъз алдынча уюштуруу жана къйгъйлърд\ чеч\\

Адабияты жана искусствосу жън\ндъ окуу китебинен жаны маалымат алышат.

Интернет булактарынан ъз алдынча жаны маалыматтарды табууга кън\г\шът.

Окуучулар тарых боюнча ъз алдынча ырларды жазып,ой толгоп с\ръттърд\ тартышат.




Предметтик компетентт\\л\к:

Тарыхый сабаттуулук компетенциясы

Этномаданий компетенциясы

Социалдык-инсандык компетенциясы

Ошол кездеги билим жана илимди салыштырышат.

Алардын жашоо турмушун изилдъън\н зарылдыгы жън\ндъ ой ж\г\рт\шът.

Адабияты жана искусствосун бири-бири менен байланыштырат.





Сабактын тиби: Аралаш сабак.

Усулдар : Салттык

Ресурстар: Окуу китеби,с\ръттър,компьютер,интер.доска

Сабактын с\ръттъл\ш\:

Этап

Убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Уюштуруу

3 мин

Саламдашат. Жагымдуу маанай т\зът(логикалык суроо) Сабактын жабдылышын карайт.

Саламдашат.жагымдуу маанайда сабакка киришет.Окуу куралдарын толуктап сабакка киришет.

Уй тапшырмасын текшеруу



12 мин

/йгъ берилген тапшырманы тешер\\,окуучулардын дептерлерин текшер\\,суроолорду бер\\.

/й тапшырмасын кайталашат.Суроолорго жооп беришет.Тапшырманы аткаруу боюнча жоопкерчиликке ээ болушат.

Жаны теманы тушундуруу



20 мин

60-80-жылдардагы карама-каршылыктардын искусствого тийгизген таасири тууралуу айтып берет.

Окуучулар ой ж\г\рт\п жооп беришет.Т\рд\\ жоопторду айтышат.Кайсы жооп туура экендигине ъздър\ ынанышат.

Бышыктоо



4 мин

Суроолор берилет.Проблемалар коюлат. Билим жана илимдин ън\г\ш\нъ жалпы м\нъздъмъ берет.

Жооп беришет.Талкуулашат,предмет аралык байланышытырышат.Суроолорду т\з\шът.

Баалоо



4 мин

Китептен тапшырма берет.Окуучуларды баалайт.




Жаёы тема: Руханий маданият - адамдардын жамааттык аң-сезими, туюп-билүүсү, кабыл алуусу тарабынан иштелип чыккан өндүрүштүк ыкмалардын жалпы системасынын жыйындысы;

Муундан муунга, укумдан тукумга сөзсүз берилүүчү оозеки чыгармалардын, түрдүү маалыматтардын, таалим-тарбиянын, элдик илим-билим, адаттары (традициялары) жана каада-салттары (адамдын чарбалык, социалдык жана үй-бүлөлүк жашоосу менен байланышкан); искусствонун түрдүү багыттары, элдик чыгармачылык, диний ишенимдер жана жөрөлгөлөр ж.б. кирет.

Республиканын адабият жана искусство тармагында эмгектенген интеллигенциясы Кыргызстандын руханий денгээлин көтөрүү багытында эмгектенген. 60-жж. ортосунда Кыргызстан Жазуучуларынын союзуна З0дан ашык көркөм сөз чеберлери мүчө болушкан. Алардын ичинен акындар Ибраевдин, М. Абылкасымованын, М. Буларкиеванын, Ө. Даникеевдин, Т. Кожомбердиевдин, Б. Сарногоевдин ж. б. эмгектери эл ичинде жогору баалана баштаган. 1965-ж. Т. Сатылгановдун 100 жылдык юбилейине карата Кыргызстандын Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгы белгиленген. Бул сыйлык алгачкы жолу «Таң алдында» романы үчүн А. Токомбаевге жана «Абийир кечирбейт», «Сүйүү жана үмүт» деген пъесалары үчүн Т. Абдумомуновго ыйгарылган. 1968-ж. Кыргыз ССРинин «Эл жазуучусу», «Эл акыны» деген наамдар белгиленген. Бул наамдарга биринчи болуп Ч. Айтматов, К. Баялинов, К. Жантөшев, Т. Сыдыкбеков, Т. Үмөталиев татыктуу болушкан. 1971-1975-жж. А. Токомбаевдин, К. Баялиновдун, Т. Сыдыкбековдун, Т. Үмөталиевдин, К. Маликовдун, Э. Ибраевдин чыгармаларынын жыйнактары жарыкка чыгарылган. Кыргыз адабиятынын баштоочуларынын бири А. Токомбаевге Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы берилген. Т. Касымбековдун «Сынган кылыч» аттуу тарыхый романы окурмандардын купулуна толгон. Ч.   Айтматовдун чыгармачылыгы өзүнүн апогейине ушул мезгилде көтөрүлгөн. Анын китептери 8 млн нуска менен дүйнө элдеринин 50дөн ашык тилдерине которулган. Ал эки жолу: 1968-ж. «Жаныбарым Гүлсары», 1983-ж. «Кылым карыткан бир күн» аттуу чыгармалары үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. 1978-ж. ага Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы ыйгарылган. 1987-ж. Кыргызстандын жазуучуларынын ичинде Социалисттик Эмгектин 2 Баатыры, Лениндик сыйлыктын 1 лауреаты, 4 СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээлери, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын 10 лауреаты, 10 Кыргыз Эл жазуучулары жана акындары, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын 6 анык жана корреспондент мүчөсү, СССР Жазуучулар союзунун 21 мүчөсү болгон. Бул кыргыз адабияты үчүн чоң жетишкендик эле. 60-80-жж. искусство жанрында эмгектенген кызматкерлер да активдүүлүктү көрсөтүшкөн. 1966-ж. Кыргыз драматургдарынын пьесалары СССРдин 50дөн ашык театрларында коюлган. 50-жж. ортосунда эле өзүнүн чыгармачыл жолун баштаган кыргыз кино искусствосу 60-80-жж. дүйнө элдерине таанымал «Эрте жаздагы турналар», «Аптап», «Караш ашуусунда атылган ок», «Мен Тянь-Шань», «Биздин балалыктынасманы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Көк-Серек», «Кызыл алма», «Ак кеме», «Улан», «Карышкыр үнкүрү» ж. б. көркөм тасмаларды жараткан. Аталган фильмдердин көпчүлүгү СССРде жана чет мамлекеттерде өткөрүлгөн абройлуу кинофестивалдарда жогору бааланган. Кыргыз кино искусствосун өнүктүрүүдө таланттуу режнссерлор Т. Океев, Б. Шамшиев, Г. Базаров, Д. Садырбаев, атактуу артисттер С. Чокморов, М. Рыскулов, С. Жумадылов, Б. Кыдыкеева, Д. Күйүкова, Т. Турсунбаева, Б. Бейшеналиев, С. Күмүшалиева ж. б. өздөрүнүн зор салымдарын кошушкан. 80-жж. Кыргызстанда 8 адистештирилген театр, анын ичинен бир опера жана балет театры, 6 драмалык жана музыкалык театрлар, республикалык куурчак театры иштеген. 70-80-жж. эле Кыргыз драматургиясынын пьесалары СССРдин 100гө жакын театрларынын сахналарында коюлган. 1960-ж. негизделген Кыргызстан театр ишмерлеринин коомунун 1983-ж. 600дөн ашык мүчөсү болгон. Профессионалдык театрлардан тышкары республикада 21 элдик театр, 5 миңден ашуун өздук көркөм чыгармачылыктын жамааттары калктын руханий таланттарын канаттандырууда чоң эмгек жасашкан. 70-80-жж. Кыргызстандын композиторлору ар түрдүү жанрдагы чыгармаларды жаратышкан. К. Молдобасанов, Н. Давлесов, М. Абдраев, А. Жаныбеков, К. Артыков, А. Аманбаев, А. Тулеев, Т. Эрматов, Ж.Каниметов тарабынан операларга, балеттерге, театрларда коюлган спектаклдерге, кннофильмдерге музыкаларды жазышкан. Таланттуу артистер Б. Миңжылкыев, К. Сартбаева, X. Мухтаров, Т. Сейталиев, М. Темирбеков, Э. Касымов, А. Токомбаева, Р. Чокоева, У. Сарбагышев, Ч. Базарбаев, Э. Мойдунов, А. Исраилов, А. Баетова, Б. Арунов ж. б. кыргыз театрынын ашарын ачышкан. Булардын ичинен кыргыздын атактуу ырчысы Болот Миңжылкыев Ташкен консерваториясын бүтүргөн, кийин Италиянын Милан театры Ла Скалада үч жыл стажировкадан өткөн. Ал дүйнөнүн опера жылдыздарынын денгээлине чейин көтөрүлүп, көптөгөн мамлекеттердин театрларында эң мыкты бас ырчы катары кеңири таанылган. Кыргызстандын музыкасынын өнүгүшүнө оркестрдин атактуу дирижерлору, А. Жумакматовдун, Н. Давлесовдун, К. Молдобасановдун, Э. Жумабаевдин, С. Жумалиевдин ж. б. эмгектери баа жеткис. Элдик музыкабыздагы төкмөчүлүк өнөрдү өрчүдө СССРдин эл артисти Э. Турсуналиев, Т. Тыныбеков, Т. Турдалиев баштаган Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисттери А. Айталиев, Т. Абдиев, 3. Үсөнбаев ж. б. өзгөчө эмгек сиңиришти. Бул мезгилде кыргыз совет ырларынын өнүгүшүнө обончулар Ж. Шералиев, Р. Абдыкадыров, К. Тагаев, М. Рыскулбеков, А. Атабаев, Ү. Сыдыков, Ж. Кайыпов, Т. Казаков, С. Жумалиев, А. Керимбаев, К. Эралиева белгилүү салым кошушкан. Булардын мекен, эмгек, махабат, тынчтык жөнүндөгү ырлары аткаруучулардын репертуарларын байытып, угуучуларды кубанткан. 80-жж. Кыргызстандын кино искусствосу өзүнүн мурдагы жылдарда жетишкен ийгиликтерин бекемдөөгө аракеттенген. 1986-ж. Т. Океевдин «Ак илбирстин тукуму», А. Сүйүндүковдун «Жолдор кесилишкенде», 1987-ж. Г. Базаровдун «Бойго жеткендер үчүн баш пааналама» аттуу фильмдери көрүүчүлөргө тартууланган. Кинематографисттер союзунун катары 1990-ж. 100 адамга жеткен. 60—80-жж. республикада көркөм-сүрөт өнөрү өскөн. 1966-ж. Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзу уюшулуп, ага 51 сүрөтчү мүчө болгон. 1981-ж. алардын саны 100гө жеткен. Алардын башында турган атактуу сүрөтчүлөр С. Чуйковдун «Түбөлүктүүлүккө жанашуу», Г. Айтиевдин «Талаадагы тандыр», «Эски кыштак», «Кызыл булуттар» аттуу чыгармалары кыргыз искусствосунун классикасы болуп калган. Республикада сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө бул мезгилде А. Игнатьева, Л. Ильина, А. Асранкулов, А. Бейшенова, К. Артыкбаев, С. Чокморов ж. б. салым кошушкан. Кыргызстанда скульптура өнөрүнүн өнүгүшүнө Лениндик сыйлыктын лауреаты, Социалисттик Эмгектин Баатыры Т. Садыков көрүнүктүү салым кошкон. 1978-ж. анын «Революциянын каармандарына» аттуу монументи ачылган. Бул эмгеги үчүн ага 1980-ж. СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. 1985-ж. Фрунзеде скульптура боюнча Эл аралык симпозиум өткөрүлгөн. Бул иштер республикада искусствонун бул түрүнүн өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Ушул жылы Улуу Ата Мекендик согуштун 40 жылдыгына карата «Жеңиштин эстелиги» скульптуралык-архитектуралык комплекси ачылган.