Просмотр содержимого документа
«"а л т ы н к ү з"»
САЛАМ АЙТЫП БААРЫНА КИРИП КЕЛДИ АЛТЫН КҮЗ, САРЫ ЖООЛУК, САРЫ ТОН КИЙИП КЕЛДИ АЛТЫН КҮЗ. КУБАНЫЧТА ЖАШ БАЛДАР, КУЧАК ЖАЙЫП ТОСООРУН, МОЛЧУЛУКТУН МАЙРАМЫН БИЛИП КЕЛДИ АЛТЫН КҮЗ.
МАКАЛ: 1. Айлана бүт алтын түс, билсең муну . .
АЛТЫН КҮЗ.
САБАКТЫН ТЕМАСЫ:
«АЛТЫН КҮЗ»
Сабактын максаты 1. билим берүүчүлүк: - окуучулар «Алтын күз» жөнүндө билишет, айта алышат. 2. Өнүктүрүүчүлүк: - «Алтын күз» жөнүндө ырларды айтып, жомок аткарышат. 3. Тарбиялык: - окуучулар жомокту аткаруу менен өз ара бир максатка жетүүдө биргеликте иштөөгө көнүгүшөт.
АЛТЫН КҮЗДҮН АТАЛЫШЫ
Күзүндө айлана алтындай сары түскө айланып, бышкан эгиндин өңү сапсары, дарактардагы жалбырактардын, мөмө-жемиштердин өңү да кызгылт сары. Албетте, күздө жашылча-жемиштер бышып, жетилип витаминге бай болот. Ошол себептүү АЛТЫН КҮЗ дешет.
ВИТАМИН
Байыркы убакта, адамдар алыска сүзүүгө чыгышканда кандайдыр бир белгисиз оору менен оорушкан. Алар күчтүү, ден соолугу мыкты болгонуна карабай, капысынан эле алдары кетет. Тиштери түшө баштап, цинга деген оору менен оорушат. Бирок кайра жээкке келгенден кийин, көк пияз жана капуста сыяктууларды жешкенде, ал оорудан айыгып кетишкен. Көрсө, алар жеген тамактарда бир белгисиз зат жок болуп чыккан. Ошол белгисиз затты окумуштуулар ВИТАМИН деп аташкан.
ЖОМОК - Илгери өткөн заманда бир Жыл аттуу карыя жана анын төрт кызы жашаган экен. Кыздарынын аттары Кыш, Жаз, Жай жана Күз болуптур. Бир күнү карыя кыздарына коноко баруусун кабар кылат. КАРЫЯ ОЙЛОНУП, КЫЗДАРЫН ЧАКЫРТЫП, БЫЙЫЛ КЫШТЫ КҮЗ КЫЗЫНЫН ҮЙҮНДӨ КЫШТАМАКЧЫ БОЛООРУН АЙТАТ. КЫЗДАРЫ МАКУЛ БОЛУП, БААРЫ ЧОГУУ КҮЗДҮН ҮЙҮНӨ КОНОКО ЖӨНӨШӨТ...
БЫШЫКТОО: - Кана эмесе ким күз мезгили жана мөмө-жемиштер жөнүндө ырларды, макалдарды айтып берет? - Мөмө-жемиштер эмнелерге бай келет? - Мөмө-жемиштердин даарылык касиеттери жөнүндө эмнелерди билдиңер?
1. Дан өстүргөн жер сулуу, Дан өстүргөн эл улуу. 2. Абдан керек жардамың, Алма, өрүк, шабдалың. 3. Мунун атын жүзүм дейт, Жүзүмдү бирден үзүп жейт. 4. Бадыраңым барсайды, Помидорум тарсайды. 5. Сабизимдин саамайы, Салкын жерде жайкалды.
ҮЙГӨ ТАПШЫРМА: - Мөмө-жемиштердин сүрөтүн тартып келүү; - Күз мезгилиндеги жаратылыштын бир көрүнүшүн тартып келүү.