Текшерилди
УИ боюнча директордун
орун басары
М.Б.Асанова _________
Сабакка чейин
Сабактын темасы: А.М.Бутлеровдун түзүлүш теориясы. Негизги жоболору
Сабактын методу: Түшүндүрүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: Жаңы теманы түшүндүрүү
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): А.М.Бутлеровдун органикалык заттардын түзүлүш теориясынын негизги жоболорун окуп үйрөнүшөт. | А.М.Бутлеровдун органикалык заттардын түзүлүш теориясынын негизги жоболорун мисалдардын негизинде түшүндүрүп бере алышса. |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Органикалык заттардын молекуласынын түзүлүшү, касиеттери, терс электрдүүлүк, атом, молекула, заттардын көп түрдүүлүгү боюнча алган билимдери өнүктүрүлөт. Боорукер болууга тарбияланышат. | Органикалык заттардын молекуласынын түзүлүшүн; Касиеттерин; терс электрдүүлүктү; атом, молекула, заттардын көп түрдүүлүгүн айтып бере алышса. |
Күтүлүүчү натыйжа:
А.М.Бутлеровдун органикалык заттардын түзүлүш теориясынын негизги жоболору;
Органикалык заттардын молекуласынын түзүлүшү;
Касиеттери;
Терс электрдүүлүк;
Атом, молекула, заттардын көп түрдүүлүгү билишет.
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): А.М.Бутлеровдун түзүлүш теориясын, негизги жоболорун жана органикалык заттардын өзгөчөлүгү алардын көп түрдүүлүгү менен таанышат, түзүлүшүн окуп үйрөнөт.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими(мурунку билими):
Зат, химиялык байланыштар жана түрлөрүн, терс электирүүлүк, атомдун түзүлүшү, органикалык заттардын өзгөчөлүгү алардын көп түрдүүлүгү химиянын өнүгүү тарыхы боюнча түшүнүгү бар.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү: Сүрөттөгү жакшы көргөн гүлдү тандагыла.Ал гүлгө туура келген мүнөздөмөнү окуп берүү.
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
Суроолорго жооп берүү
1.Химиялык байланыштын электрондук жаратылышы боюнча кайсы окумуштуулардын пикири менен таанышсыӊар?
2.Органикалык заттарда химиялык байланыштын кайсы түрү басымдуулук кылат?
3.Органикалык заттардын молекулалары пайда болгондогу электрондун жылышы кантип белгиленет?
4. Органикалык заттардын молекулаларынын пайда болушундагы электрондордун аргындашуусун кандай түшүнөсүӊөр?
5.Реакция учурунда органикалык заттардагы химиялык байланыштар кандай механизимде үзүлөт?
6. Суутек менен хлордун молекулалары пайда болгонун (s-s, p-p) электрондун капталышынан көрсөтүп жазып келгиле.
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
А.М.Бутлеровдун түзүлүш теориясы. Негизги жоболору
Органикалык заттардын химиялык түзүлүш теориясынын пайда болушу. XIX кылымдын башында өнөр жайлардын жана сооданын өнүгүшү илимдин көп тармактарында, ошонун ичинде органикалык химияга бир кыйла жогорку талаптарды койду. Мисалы, токуу өнөр жайын боектор менен камсыз кылуу керек болучу. Тамак өнөр жайынын өнүгүшү үчүн айыл чарба продуктыларын кайра иштөөнүн методдорун өркүндөтүү зарыл болгон. Органикалык заттарды синтездөөнүн жаңы методдорун иштеп чыга башташкан. Бирок, ушулардын баарысына практикалык милдеттердин теориялык жактан негиздөө жетишсиз болгон. Мисалы: этан С2Н6, пропан С3Н8 сыяктуу, ж. б. бирикмелердеги көмүртектин валенттүүлүгүн окумуштуулар түшүндүрө алган эмес. Салыштырмалуу молекулалык массасы бирдей, ар кандай касиеттерге ээ болгон заттардын бар экендиги түшүнүксүз болгон. Мисалы, глюкозанын жана фруктозанын молекулалык формуласы - С6Н12О6, этил спирти менен диметил эфиринин молекулалык формуласы - С6Н6О. Окумуштуу-химиктер жаратылышта органикалык заттардын көп экендигин түшүндүрө алышкан эмес.
А.М.Бутлеров түзгөн органикалык бирикмелердин химиялык түзүлүш теориясы бул суроолордун бардыгына илимий негизде жооп берген.
Органикалык заттардын химиялык түзүлүш теориясынын негизги жоболору.
Органикалык бирикмелердин түзүлүш теориясын түзүү XIX кылымды бир канча: Э. Франкланддын, Ш.Ф.Ж е р а р д ы н,
Ф. А. К е к у л е н и н, А. С. К у п е р д и н ж.б. химиктердин ысымдары менен байланыштуу. Бул теорияны өнүктүрүүдө (1861) орустун улуу окумуштуусу Александр Михайлович Бутлеровдун кошкон салымы чоң. А.М.Б у т л е р о в (1828-1886) органикалык заттардын түзүлүш теориясынын негизги идеяларын төмөндөгүдөй жоболор түрүндө баяндаган:
1.Органикалык заттардын молекулаларын пайда кылуучу атомдор жана атомдордун группалары, валенттүүлүктөрүнө жараша белгилүү бир ырааттуулукта жайланышкан. Молекуладагы атомдордун кошулуу тартибин жана алардын байланыштарынын мүнөзүн А.М.Б у т л е р о в химиялык түзүлүш деп атаган. Ушул түшүнүктөргө ылайык элементтердин валенттүүлүгүн шарттуу түрдө сызыкчалар менен сүрөттөп жазышат. Мисалы:
метан
2. Заттардын касиеттери алардын молекулаларынын составына кандай атомдордун жана канчалык санда кире тургандыгына гана эмес, ошону менен бирге алар өз ара кандай биригерине, б.а. молекуланын химиялык түзүлүшүнө байланыштуу болот.(Изомерия кубулушу)
3. Алынган заттын касиеттери боюнча анын молекуласынын түзүлүшүн аныктоого, ал эми молекуласынын түзүлүшү боюнча касиеттерин алдын ала көрүүгө болот. Мисалы, органикалык эмес заттардын касиеттери кристаллдык торчолорунун түзүлүшүнө байланыштуу болот. Атомдордун иондордон айырмалануучу касиеттери алардын түзүлүшү менен түшүндүрүлөт. Молекулалык формулалары бирдей, бирок түзүлүштөрү ар түрдүү болгон органикалык заттардын физикалык жана химиялык касиеттери боюнча айырмаланат.
4. Заттардын молекулаларындагы атомдор жана атомдордун топтору бири бирине өз ара таасир этишет.
А.М.Бутлеровдун органикалык заттардын түзүлүш теориясынын мааниси.
А.М.Бутлеров иштеп чыккан теория бардык белгилүү болгон органикалык заттардын молекулаларынын түзүлүшүн жана алардын касиеттерин гана түшүндүрбөстөн, ошону менен бирге белгисиз жана жаңы заттардын болушун теориялык жактан алдын ала көрө билүүгө, аларды синтездөөнүн жолун табууга мүмкүндүк берди.
Химиялык түзүлүш теориясы органикалык бирикмелердин көп түрдүүлүгүн түшүндүрөт. Түзүлүш теориясында молекуладагы атомдордун жана атомдордун группаларынын өз ара таасирине көп көңүл бурулат. Ал ар кандай органикалык же органикалык эмес заттардын молекуласында байкалат. М: NaOH, AI(OH)3, C2H5OH, NO2OH, SO2(OH)2. Булардын бардыгында ОН группасы болот. Ошого карабастан заттардын суудагы эритмелеринин касиеттери ирети менен өзгөрөт: NaOH- күчтүү негиз, AI(OH)3- амфотердик гидроксид, C2H5OH нейтралдуу зат, азот, күкүрт кислоталары Н+иондорун пайда кылат. Химиялык түзүлүш теориясы органикалык химиянын фундаментинин эң маанилүү бөлүгү болуп саналат. Мааниси боюнча Д.И.Менделеевдин элементтердин мезгилдик системасы менен салыштырууга болот.
Химиялык заттардын химиялык түзүлүш теориясынын түзүлгөн убагынан бери 150 жылдан ашык убакыт өттү, бирок азыркы күндө да, бардык өлкөлөрдүн химиктери аны өзүнүн иштеринде пайдаланышат. Илимдердин эң жаңы жетишкендиктери бул теорияны толуктап, тактап, анын негизги идеяларынын туура экендигине жаңы-жаңы далилдерди таап жатышат. Мисалы, атомдордогу электрондордун кыймылынын мүнөзү жөнүндөгү азыркы кездеги түшүнүктөр ушул теориянын негизинде органикалык бирикмелердеги атомдордун жана атомдук топтордун өз ара таасир этүүсүнүн негизин жана химиялык байланыштардын пайда болушун жана үзүлүшүнүн маңызын айкындайт.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
1 Органикалык заттардын түзүлүш теориясынын 1- жобосу кандай? 2 - жобосу? 3 - жобосу? 4- жобосу кандай ? мисалдар менен түшүндүргүлө. | |
Үйгѳ тапшырма: Ар бир жобого (Бутлеровдун) бирден мисал жазып келгиле.
Баалоо:
Критерийлер менен баалоо топто жана жеке
“5”- Өтүлгөн теманы кайталоодо активдүү катышкан жаӊы теманы өздөштүрүүдө өз алдынча ,экиден , топто иштеше алса , алган билимин системалаштырып жыйынтык чыгара алса.
“4”-жогорудагылардын бирөөнө катыша албаса “3”- жогорудагылардын экөөнө катыша албаса “2”-таптакыр эле аракети жок болсо