СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

А.Осмоновдун акындык кредосу

Нажмите, чтобы узнать подробности

А. Осмоновдун эмгек ырлары

 

А. Осмонов лирикалык ырлар, поэмалар, легендалар жана тамсилдер, драмалар, опералык либреттолорду жазган. Котормодо да көп жана жемиштүү ийгиликтерди жараткан. Кыргыз окурмандарына орус элинин классиктери А.С. Пушкиндин, М.Ю. Лермонтовдун, А. Крыловдун көп сандаган 145 ырларынан тышкары, дүйнөлүк классиктердин ири чыгармаларын Шекспрдин “Отелло” жана “Он экинчи түнүн”, Ш. Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр”, Навоинин “Лайли жана Мажнун”, Низаминин “Хосров менен Ширин” поэмаларын которуп, тартуулаган. Алыкул Осмоновдун ырлары кызыгуу менен жеңил окулат Маселен, Осмоновдун бөтөнчө таланттуулугу турмушту чын жүрөктөн сүйгөндүгү, ага өзү жашаган доордун жана анын каармандарынын образын ачууда сезгичтик менен сүрөттөөсүндө. А. Осмоновдун ырларында чагылдырылган идеялардын бардыгы турмуштан сузулуп алынган. Ал турмушту ойдон чыгарбайт, аны аралап, жашап билет. Эмне жөнүндө, ким жөнүндө, кайсы жөнүндө жазбасын – бардыгында адамдын чыныгы жашоосун өзүнүн өмүрүнүн үлгүсү катары жазганы көрүнүп турат.

 А. Осмоновдун лирикасы кадимкидей өмүр баяндуу, ал өз ырларында өзүнүн 35 жылдык басып өткөн жолун, жашырбай ачык – айкын толкундануу менен жазган. Акын өзүнүн чыгармачылыгына адилет, чынчыл мамиле жасаган.

Муну биз төмөндөгү ыр саптарынан байкайбыз.

Мен тансам: Жаштан танам, ырдан танбайм,

Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм.

Кудайга мин мертебе калп айтсам да ,

Ырыма бир мертебе калп айталбайм.”

Алыкулдун чыгармаларынан, ырларынан, анын укмуштуудай усталык менен тартылган, койну ыр менен ырыска толгон кыргыз жерин, ушундай ырыскылуу жерде жашаган элдин эмгегин, достугун даңктаган ырлары да аз эмес. Акындын эмгекке, бактылуу турмушка, мекен, табият, сүйүү жана өмүр темаларына арналган ырларын карап көрсөк, өзүнчө эле бир башка сезимди туудурат. Алыкул ырларына улам башка түстөгү боёкторду берип, сүрөттөөлөрдү табат.

А. Осмонов кыргыз поэзиясында эмгек темасын жогору көтөргөн Акындын согуштан кийинки негизги темасы - эмгек темасы. Ал бир караган кишиге майда, жөнөкөй сымал көрүнгөн конкреттүү турмуш фактыларынан чоң маани, чоң мазмунду көрө билип, социалисттик эмгек поэзиясынын ажарын ача сүрөттөгөндүгүндө. Ошентип, А. Осмоновдун чыгармаларынын көпчүлүгү эмгекчи элге арналат. Ал өзүнүн эмгек темасына арнаган ырларында эмгек адамдарынын күжүрмөндүүлүгүн даңктайт жана окуучуну колдон жетелеп, колхозчулардын турмушу менен тааныштырып, ойлогон оюна, кайнаган кызуу эмгегине аралаштырат. Акындын бул ырлары эмгекчилердин ажарын ачып турат.

Эмгекти даңазалоо менен материалдык байлыкты түзүп жаткан адамдарга акын өзүнүн сюжеттүү, көркөм, кыска жана так көрсөтүүлөр менен негизделген: “Кой төлдөтүү”, “Жүзүм алуу”, “Кызылча казган келинчек”, “Мураптын ыры”, “Парторг келет райондон”, “Эмгегим”, “Маляр”, “Жетим козу”, “Шыбакчы”, “Саанчы жеңе”, жана башка ырларын арнаган. Катардагы эле карапайым маляр сыяктуу сөздөрү орой, “май жыттанган кийимдүүлөрдүн”, тер жыттанган алачыкта уктаган тердүү чапан коончулардын, колу туурук капкара кызылчачылардын, кой багып, он бир жылы уйку даамын аз таткан Ракманга окшогон койчулардын эмгегин поэзия чегине чейин жеткирген акын Алыкул болгон.

АлыкулМалярдеген ырында:

 “Маляркелди, бир чоң үйдү майлады,

Кабак түйгөн капалыкты айдады .

Ушул адам, ушул сырдуу кийимчен,

Бул дүйнөнүн үстүндөгү каймагы”, – деп, жөнөкөй гана эмгектен чоң натыйжа көрүп жатат. Ал малярдын иши эл учун кызмат кылган асыл кесип экендигин ишенимдүү образ менен айгинелеп койду. Акындын ырлары окурмандарды колхозчулардын ички дүйнөсүнөн, ойлогон ойлорунан тарта кайнаган жумуштарына чейин ээрчитип барат.

 

Алыкулдун мындан башка “Коончу”, “Помидор”, “Кошумча эмгек”, “Буудай сапыруу”, “Чөп үймөк”, “Колхоз бакчасы”, “Эмгек күнү”, “Саанчы жеңе”, “Эмгегиң”, “Кызыл жүк”, “Дан жомогу”, “Турсун сакчы”, “Устанын сөзү”, “Коон үзмөй”, “Малчы 146 менен мал доктор”, деген ырлары да эмгекти сүйгөн адамдардын образынын бүтүндөй бир галереясы көз алдыңдан чубап өтөт.

А. Осмонов жумушчулар темасына арнап бир топ ырларын жараткан. Алар: “Завод көрдүм”, “Жумушчу”, “Карабек”, “Даржанкул”, “Жумушчунун мүнөзү”, “ФЗОдогу иниме”, ж.б. Акындын жогорудагы ырларын окуп жатып элди жумуш менен камсыздандырып турган завод, фабрикалардын жок болуп кеткенине ошол мезгилдеги бийликтин төбөлдөрүнүн элдин мүлкүнө кол салып, көз алдыда талап-тоногондоруна жанын кейийт.

Бүгүнкү күнү жаштарыбыз Алыкулдун жогорудагы ырларын окуп, ага терең маани берип, элим, жерим деп өз мамлекетибиздин келечегин көз алдына элестетип, анын мындан аркы өнөгүү-өсүү жолуна терең көз жүгүртүп, бүгүнкү бийликтин алып бара жаткан ишмердүүлүгүн анализдөө менен мамлекетибиздин көз карандысыздыгын сактап калууга жана туура жолду тандоого аракет кылат го деген үмүтүбүз чоң

. Республикалык Ленин комсомолунун сыйлыгынын лауреаты К. Жусупов өзүнүн аталган сыйлыкка татыктуу болгон “Ыр сабындагы өмүр” чыгармасында биз айткан ойду дагы дааналап далилдейт. Демек, анын өмүрү өзүнүн ырларында калды. Адам көп жашагандыгы менен эмес, өз элине кылган кызматы менен бааланат. Кээ бир адамдар элибиз айткандай күзгүдөй болуп көп жашаса да, аз жашаса да, анын атын өчпөс кылып эл оозунда, эл жүрөгүндө сакталтып артында эмгеги калат. Акын А. Осмонов дал ошондой элдин жүрөгүндө калгандардан. Ошондуктан Алыкулдун көзү өткөндөн кийин анын ыр саптарына үңүлбөгөн, ага таазим кылбаган, ага арнап ыр жазбаган кыргыз акыны жок. Мына ошондой акындардын бири Жолон Мамытов таланттуу акын Алыкулга өзүнүн төмөнкүдөй ыр саптарын арнайт : “Аз шаңшып, зор сапары эрте карып,

Тез туюп тирүүлүктүн мүртөз жайын.

 Бир короо жакшы ырларды жазып салып,

 Жол баштап болуп кеттиң өзү кайып.

Акынды бүгүн дагы эстей, эстей,

Кыйлага басып жүрдүм көлдү жээктей.

Ѳзгөрбөй ошондогу келбетинен,

Турушат манкайышып күнгөй, тескей...”

     Бул ыр саптарында даана көрүнгөндөй, Алыкул аз жашап, өмүр сапары эрте карыса да, ырлары менен өзүн өлбөс кылып түбөлүктүү өлбөстүгүн калтырып кеткен. Ооба, өлүм Алыкулдун жаш тамырын кессе да, акындын экинчи өмүрүн жеңе албады. Алыкулдун өмүрү кыскарып, зор сапары эрте карып, тирүүлүктүн жыргалчылыгын аз көрдү. Бирок, аз жашаган өмүрүндө кийинки муундар үчүн Жолон Мамытовдун жогоруда айтып кеткен ырындай “бир короо жакшы ырларды жазып салып”... акындыктын өзүнчө татаал, ыйык жолун басып өткөндүгү жөнүндө,

 Кенеш Жусупов мындай деп белгилеп кеткен:

 “Бир карап туруп, кээде Алыкул Осмоновду алтымыш – жетимишке чыккан экен деп ойлой кетесиң. Алыкулдун чыгармасы ошончо көп көрүнгөнсүйт, акылы, ой жүгүртүүсү, ынануусу ошончолук жогорку деңгээлде турат. Алыкул Осмонов жер үстүндө отуз беш жашты ганан жашаган. Акын жаш кезинде жетик чыгарма жазганын эстегенде кээде уяласын. Акын төмөнкү ырын өзүнө эмес, ушунча өмүрдү жашаган биз үчүн жазгандай көрүнөт: “Мен уялам,мына мындан уялам: көзгө толоор бир чон эмгек кылбагам”.

Ал эми, Алыкул Осмонов өмүрүн ыр саптарына сыйдырган. Акындын ой – тилегин, келечектеги максатын, анын татынакай чыгармалары көз алдыбызга күзгүдөй чагылдырып турат. Мына ошол себептен Кенеш Жусупов да акын Алыкул Осмонов жөнүндө документалдуу баянын “Ыр сабындагы өмүр” деп бекеринен атабагандыр. Акындын жан үрөп, өз мээнети менен тизилген ыр сабында жашыруун сыры жаткансыйт. Анын ырларынын ар бир сабынан акындын өмүрүн сүрүштүрө алабыз алгачкы сүйүүсү, экинчи сүйүүсү, бөбөктүү болушу, көлдөгү өмүрү, көргөн – билгени, жерди, элди сүйүүсү, эки сап ыр издеп, калеми экөөнүн жер кезип мээнеттенүүсү. Мына ошентип, акындын ырларында бир да сыр катылуу боюнча калбаптыр. Ал ырлары менен окурманга өзүн ачып салган. Мүмкүн, ал ушул жагы менен окурмандарга абдан жагып калгандыр. Мындай эрк бардык адамдарда эле боло бербейт го. Алыкул ички дүйнөсүн жоомарттык менен ачып, өзүнүн эң туюк сырларын жаап – жашырбай ортого салган ак пейил акын. Ошон үчүн окуучу улам - улам анын ырларына кызыгат, кайталап, ага минтет: “Алыкулдун дүйнөсү өтө татаал дүйнө. Анын поэзиясы, өзү жан – дили менен урматтап, күүгө салган Ысык-Көлдү элестетет.” Анын поэзиясынан кээде Ысык-Көлдүн айбаттуу толкунун угуп апкаарыйсың, жалкоо толкунун көрүп алсырайсын да, таң каласың. Ысык-Көл Алыкулдун турмушунун кийинки күндөрүндө анын таянар тоосу, күчү, кубаты жана жан курдашы, сырдашы болуп калган. Жалгыздык жанына батканда Алыкул Ысык-Көлдүн жээгине барып, анын толкунуна көз чаптырып аны менен сырдашчу: Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун Толкуса толкунуна тең ортокмун. Турмушта канча курдаш күтсөм дагы Бир сырдуу сендей курдаш күткөн жокмун. Алыкул ажал менен коюндаш жүргөндөй, бирок Ысык-Көлдүн мөлтүр толкуну аны ажалга бербей, өмүрүн сактап , аны коргоп тургандай сезчү. Куюлушкан кооз сөз айтуунун эң негизги булагы элдин өзүндө анын тилинде. Ал эми акын андагы кооз каражаттарды тандап, элден жыйып алып, аны поэзияда да, котормодо да туура пайдалана алды. Ошондуктан көркөм сүйлөөнүн туткасы адамдын сөз байлыгында, элдин сөз байлыгы чыгармачылык жана өз орду менен пайдалана билүүсүндө. Ал эми, Алыкул дал ошондой акындардан болгон. Ал кандай гана ыр жазбасын ойду так билүүгө, аз сөз менен чоң окуяны айтууга аракет кылган. Сөздөрдү дубал урган сыяктуу өз ордуна кынап коюп, кыябын келтире пайдаланган. “ Башкаларды кайталабаган өздүк ою, ички интеллектуал дүйнөсү, анан эң башкысы, предметке карата ачык мамилеси болсун,” – деген акындарга карата коюлуучу талапты Алыкул эстен чыгарган эмес. Демек акын тилдеги каражаттарды мыкты билип, аны орду менен колдонсо гана айтайын деген ою ачык, так, жеткиликтүү болорун жакшы түшүнгөн. Аны төмөнкү ыр саптарынан көрөбүз:

“Алыкул атым болгондо,

 Жашабайт элем бир жылга.

Акындык атым болгон соң,

Жашагым келет миң жылга.”

Алыкулдун чыгармаларын изилдөө бул өзгөчө өргүү, түгөнбөгөн кенч. Анын ырлары акындын өмүр жолун, чыгармачылык өсүүсүн чагылдырат. Кыргыз элинин сыймыгы, адабиятта өз изи, өз орду бар новатор акын. Анын чыгармалары советтик доордо бүткүл союздук китеп окуучуларынын колунан түшпөгөн кол тумары болуп келген. Ар бир окурман анын ырларын окуу менен өзүнүн өмүрү, жашоосу жөнүндө терен ойлонуп каларын эч бир тоскоолдуксуз эле айтып калышчу. Алыкул өзүн дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрү менен терең тааныштырып, калемин такшалдырып, жетилтип келди. Поэзия майданында жарадар болгон кушка окшоп, оорусунун канчалык оор экенине карабай, алдына койгон бийик максатты көздөй бирде көкөлөп учса, бирде канаты кайрылган куштай ылдыйлап сызып отуруп таланттын туу чокусуна жетти.

Просмотр содержимого документа
«А.Осмоновдун акындык кредосу»

ЛИЛЯ  ТУРУСБЕКОВА: МЕНИН РЕСПУБЛИКАМ. НАИРА ЗАРИФЬЯНДЫН ИНТЕРВЬЮСУ 1980-ЖЫЛ.

23.04.2018 | Наира Зарифьян 7 |  0

Лиля Турусбекова менен болгон бул интервью «ЭКРАН» журналынын 1980-жылдагы №3 санында «КЫРГЫЗ КИНОСУНУН ЧЕБЕРЛЕРИ» рубрикасында жарык көргөн.

Биздин пикирибизче, бул интервью режиссердун чыгармачылык кредосун толук чагылдырып берген.

«Документалдуу фильм совет кинематографиясынын стилине материалды жана чындыкты кабыл алуу курчтугун; көз көргөндү тунук жана укумчулдук менен айкалыштырууну; чындыкка жана турмушка ашырууну; жана башка көптөгөн жаңы нерселерди киргизди”.

С. ЭЙЗЕНШТЕЙН

Жакында эле Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен кинематография тармагында узак мезгил үзүрлүү иштеген эмгеги үчүн кыргыз киностудиясынын режиссер-документалисти Лиля Жусуповна Турусбековага Кыргыз ССРинин искусствосунун эмгек сиңирген ишмери наамы ыйгарылды.

Лиля Турусбекова өзүнүн чыгармачылык жолунда биздин эле эмес, чет өлкөлөрдүн экрандарында ийгиликтүү көрсөтүлүп келген көптөгөн кызыктуу документалдуу жана илимий-популярдуу фильмдерди жараткан.

Лиля Жусуповнанын атасы  — Жусуп Турусбеков — Ата Мекендик согушта курман болгон белгилүү кыргыз акыны жана драматург болгон. Лиля бала кезинен ата-энесинин чексиз мээримине, алардын искусство менен адабиятты ыйык туткан аяр чөйрөсүндө өсүп чоңойгон. Жаш кызды киноискусствонун өзгөчө ажайып дүйнөсү өзүнө тартып алганы да балким ошондон болсо керек.

Лиля Турусбекова Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун режиссердук факультетинде советтик кинонун улуу устаттары – искусство чөйрөсүнө эмгек сиңирген ишмер Л.В.Кулешовдон, ал эми IV курстан – А.А.Ованесованын жетекчилиги астында кинематографиянын хроникалдуу-документалдуу тармагында адистикке үйрөнөт.

Лиля перед зданием ВГИКа

Ал жерден советтик жана чет элдик киноискусствонун теориясы жана тарыхы, дүйнөлүк кинонун алдыңкы ишмерлеринин чеберчилиги менен таанышып, сценардык жана режиссердук билимге ээ болуу менен, тасма тартуунун татаал техникасын үйрөнгөн.

Лиля Турусбекова өтө тынчы жок, бирок өтө кызыктуу кинорежиссер-документалисттин кесибин тандап алган, ал студент кезинде эле өндүрүштүк практикага барганда 8-мартка арналган “Советтик Кыргызстан” журналынын атайын чыгарылышын тарткан. Ал тасмада ар түрдүү кесипти аркалаган айымдардын турмушунан алынган бир нече көз ирмемдерди

жылуу маанайда чын жүрөктөн кызыктуу айтып берген.

Ошентип татаал, өзгөчө жана өтө толкунданткан студенттик жылдар артта калып, 1956-жылы институтту аяктаган соң, Лиля Турусбекова Кыргыз киностудиясында алгачкы эмгек жолун баштаар замат өзүнүн эң алгачкы “Серебряная вода” кино очеркин тарткан. Кыргыз металлургдары жөнүндө баяндаган бул фильмде ал Айдаркен кен бургулоочуларынын татаал эмгегин поэзия ыргагына шайкеш жеткире алган. Ушул жерден эле жаш режиссердун турмушка, өзү тасма тартып жаткан адамдарга, алардын тагдырларына өзгөчө көңүл салып мамиле жасаганы билинген.

Кадр из фильма «Вслед за весной»

Андан соң Лиля Турусбекова «Они родились на Тянь-Шане» деген тасмасын, (1958-жылы бул фильм тарыхта алгачкы жолу Ташкентте өткөн Азия жана Африка мамлекеттеринин кинофестивалында көрсөтүлгөн), “Декада кыргызского искусства в Москве” (борбор шаардагы кыргыз маданиятынын чоң майрамы жөнүндө), “Твои подруги”, өзүнүн мекени жөнүндө эки толук метраждуу тасма – “Вслед за весной” жана “Советский Кыргызстан”, “В большой семье”, “Великий эпос” жана башка көптөгөн тасмаларын тарткан.

Жаш режиссер Лиля Турубекова бир жолу өзүнүн жумушу жөнүндө: “Ушул тасмалардагы кадрлар болочок муундарга биздин бактылуу жана таза күндөрүбүздүн улуулугун жана каармандыгын сактап калсын” деп айтканы бар.

Сүрөткердин бул чыгармачылык кредосу анын режиссер-документалисттик ишмердүүлүгүндө камтылган бардык максаттарын жана милдеттерин жетишерлик толук жана терең чагылдырып турат.

Биз Лиля Жусуповна Турусбекованын биздин кабарчыбыз менен болгон маегин жарыялайбыз. Материал Кыргыз ССРинин кинематография боюнча Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Шершен Усубалиевич Усубалиевдин Лиля Турусбекованын чыгармачылыгынан алган таасирлери жөнүндө бөлүшкөн ой-пикирлери менен толукталат.

Кабарчы: Лиля Жусуповна, Сизди режиссер-документалисттик кесип эмнеси менен кызыктырды, эмне үчүн Сиз киноискусствонун ушул жанрына кайрылдыңыз?

На занятиях по актерскому мастерству

Л.Турусбекова:Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун режиссердук факультетине окууга өткөн соң, мен эң эле кызыктуу, таланттуу адам – Лев Владимирович Кулешовдун устаканасында окуп калдым. Биз актердук факультеттин студенттери менен этюд аткаруу, актердук чеберчилик боюнча классикалык чыгармалардан үзүндүлөрдү даярдоо сыяктуу ж.б. сабактарды чогуу өтчүбүз. Чыгармачылык иштин бир формасы катары мындай бир тапшырма берилчү: өзүңдүн турмушуңдан алынган эсте каларлык эки жаркын эпизодду сүрөттөп берүү, аны жөн гана айтып бербестен, документалдык тактык менен жасоо керек эле. Мен бала кезде башымдан өткөргөн бир окуянын үзүндүсүн эч нерсесин унутта калтырбаганга аракеттенип жазып бергем. Устатым мени мактаганына караганда, ал тапшырманы талаптагыдай аткарсам керек.

Балким ошондо менде турмуштагы адамдар, алардын эч нерсени ойдон чыгарбай туруп эле изилдеп, байкоо жүргүзүүгө боло турган чыныгы турмушуна, тагдырына кызыгуу пайда болушу мүмкүн деп ойлойм.

Кабарчы: Сиздин оюңузча, документалдуу кинематографка тиешелүү өзгөчө бир маанилүү, өзгөчө бир мүнөздүү сапаттар барбы?

Л. Турусбекова: Ооба, албетте бар. Мен өзүмдүн кесибимди аябай сүйөм жана документалист болгонума эч качан өкүнбөйм. Анткени дайыма ар түрдүү адамдар, алардын тагдырлары менен “бетме-бет” кездешүү өтө кызыктуу, алар ар дайым күтүүсүз, кайталангыс болуп турат. Жаңы материал, жаңы тагдыр, демек, ага өз алдынча, өзгөчө жол издейсиң. Анан албетте, мурда сага белгисиз болгон толгон-токой фактыларды билесиң, демек, инсан катары дүйнө таанымыңды байытасың.

Маселен, мен окумуштуу жөнүндө тасма даярдап жатканда, албетте, биология тармагындагы адис боло албайм, бирок мен сөзсүз түрдө ал адамдын эмгектери жөнүндө, анын өзү жөнүндө, анын илимий ачылыштары жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк билишим керек.

Андан тышкары, документалдуу кинонун бир таң калычтуу касиети бар – фильм мурдараак тартылып, канчалык эскирген сайын, ошончолук кызыктуу боло баштайт.Азыр кээде мурдагы эмгектериңди карап отуруп, көп нерселер тарыхка айланганын, тасма тартуу техникасы такыр башкача экенин, тартылган материалга көз карашың да башка экенин көрөсүң, а бирок ички туюмуңда ошол кадрларга бир башкача жылуулук пайда болот.

Мен азыр кээде азыркы ишимде өзүм көп жыл мурда тарткан тасмалардын үзүндүлөрүн колдонгон учурларым да кездешет.

Алсак, жакында эле СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееважөнүндө тасма тартып жатып, Индияда өткөн советтик фильмдердин фестивалына катышып келген Бакен Кыдыкеева жөнүндө 1958-жылы журнал үчүн сюжет тартканымды эстедим. Анан албетте, ал кадрларга кайрылбай кое албадым. Ошол кезде Борбордук студия “Күндүн жаңылыгында” ошол фестиваль жөнүндө очерк тарткан. Бул окуя актрисанын турмушундагы эң толкунданткан кубанычтуу учуру болгондуктан, кийин ошол эпизоддор ага жаңы түс берди.

Ошол эле жылы мен Москвада өткөн кыргыз искусствосунун Декадасы жөнүндө тасма тарткам. Жыйырма жылдан кийин кыргыз театрынын эки корифейи – СССР эл артисттери Муратбек Рыскулов жана Бакен Кыдыкееванын “Курманбек” спектаклиндеги образдарынан үзүндү  алып пайдаландык. Ал да ошондой эле тасмага эң мыкты кошумча боек берип, мурда жараткан эмгегим жаңы өңүттө, жаңы мааниге ээ болуп калды.

Документалдуу кинонун менин көз карашымдагы дагы бир өтө маанилүү тарабы – таанып-билүүчүлүгү. Мисалы, мен биздин борбор калаабыздын 100 жылдыгына арналган “Большевики Пишпека” тасмасын жаратып жатканда, мага архивдик материалдарды терең казып чыгууга туура келди: мен Кыргызстанда Совет бийлигин орноткон адамдар жөнүндө ондогон китептерди, документтерди карап чыктым. Мен ал материалды талдап, ошол мезгил жөнүндө өзүмдүк жеке көз карашымды иштеп чыгуу менен, фильмдин тарыхын баса белгилөөгө тийиш элем. Андан башка, мен өзүм ошол күндөрдөгү окуялар жөнүндө өтө көп билдим, көрүүчүлөргө да биздин республиканын турмушундагы тарыхый учурларын, биздин жердештерибиз өзгөчө кайталангыс адамдар болгондугунун жеткире алдым деп ойлойм.

Режиссер-документалисттин кесиби өтө активдүү экендиги талашсыз – ал өзүн эс алып отурууга жол бербеши керек, токтоп да кала албайт, ал тынымсыз алдыга умтулуп, тигил же бул окуяны же кайсы бир адамдын тагдырын талдап, чечмелеп, түшүндүрүп берүүгө тийиш.

Ш. У. Усубалиевдин эскерүүсү: 1957-жылы мен Кыргыз киностудиясынын директору болуп шайланганда, адеп ишке киришкенден баштап эле эң мыкты тасмаларды тарткысы келген, республика жөнүндө жеке өзүнүн, жаңы пикирин билгизгиси келген режиссер кызыбыз Лиля Турусбекованы дароо байкадым. Ал республика тууралуу көбүрөөк билгиси келип, эки жактарга көп кыдырып чыга баштады. Лилянын алгачкы тасмаларынын бири “Они родились на Тянь-Шане” тасмасы москвалык кинематографисттердин көңүлүн өзүнө бурган, өзүнүн жерине болгон чексиз сүйүүсүн жеткирип бере алган режиссердун профессионалдык даярдыгы, материалды жаңы өңүттө бере алгандыгы эч кимдин көз жаздымында калган жок.

Бир окуя эсиме түшүп жатат —  биз Киевде өткөн II Бүткүл союздук кинофестивалга чогуу барып калдык, анда Лилянын “Они родились на Тянь-Шане” тасмасын көрсөтүшкөн. Кечинде Лиля бир жакка чыгып кеткенде, биз токтогон мейманканага бир ак сакалдуу украин улутундагы карыя келип, жаш толгон көздөрү менен: “Ушул тасманы тарткан кыз кана?” деп сурап калды. Көрсө, ал карыя Кыргызстанда төрөлүп, өсүптүр, кийин баласы чоңойгондо Киевге окууга кетип, атасын да кошо ала кетиптир. Лиля Турусбекованын тасмасынан өзүнүн туулуп-өскөн жерин көргөн карыя өзүн Кыргызстанга барып келгендей сезиптир. Режиссерго чексиз ыраазычылыгын билдирген ошол карыянын сөздөрүн толкунданбай угууга мүмкүн эмес эле!

Кабарчы: Лиля Жусуповна, адатта режиссердун чыгармачылыгынын өзөгүн бир негизги тема ээлейт да, ал ошону ирети менен иштеп чыгып жүрүп отурат… Сиздин тасмаларыңызда башкы нерсе эмне деп ойлойсуз? Тасмаларыңызда эмне жөнүндө айтып бергиңиз келет?

Л. Турусбекова: Ырасында эле документалистке эң эле ар түрдүү темаларды иштеп чыгып, турмуш чындыгындагы ар түрдүү көрүнүштөрдү кеңири камтууга туура келсе да, мен үчүн изилдөөнүн жана таанып-билүүнүн негизги объектиси адам болгон жана кала берет!

Бул бир жагы, экинчи жагынан – документалист тарткан бардык картиналар жыйынтыгында ошол мезгилдин духун чагылдыруу менен, образ жараткандай, доордун өзүнүн “модели” чагылдырылган мезгилдин жазма тасмасын жаратат. Бул материалга карата колдонулган ыкмада, тасма тартуу ыкмасында жана башка көптөгөн жерлерде көрүнөт. Менин оюмча, бул ошондой эле документалдык кинонун жана аны менен бирге менин жумушумдун башкы багыты да болсо керек деп ойлойм.

Менин чыгармачылыгымдын башкы темасы – биздин республика жана андагы адамдардын тагдыры деп айтсам, жаңылышпайм.

Эң таң калычтуусу, республика жөнүндө фильм даярдап жатканда, айлана-чөйрөңдөгүлөрдүн баарын демейдеги учурга караганда көбүрөөк жакшы көрүп, элиңдин жетишкендиктерине өзүңдүн жакындыгыңды көбүрөөк сезесиң.

Мен журнал үчүн Кыргызстан жөнүндө өзүнчө сюжет формасында анча чоң эмес чыгарма жана “Вслед за весной” жана Советский Кыргызстан” деген эки толук метраждуу тасма жараттым. Кыргызстандын адамдары жөнүндө «Они родились на Тянь-Шане» (6 новелла), “Твои подруги” (3 новелла), Кыргызстандын искусство чеберлери –А.Малдыбаев, М.Рыскулов, Б.Кыдыкеева жөнүндөгү тасмаларда баяндалат. Ар бир кыргыз адамы үчүн эң кымбат “Манас” темасына да кайдигер боло албадым. Ал жөнүндө “Великий эпос” деген тасма бар.

Ш. У. Усубалиевдин эскерүүсү: Лиля Турусбекованын чыгармачылыгындагы эң көрүнүктүү өзгөчөлүгү – бул анын ар дайым өзүнүн республикасы, анын жетишкендиктери, анын байлыктары жөнүндө, эң башкысы – анын адамдары жөнүндө көрүүчүгө айтып берүүгө жасаган далалаты болгон.

Ал өзүнүн элин, өзүнүн шаарын, Кыргызстанын чексиз сүйгөн. Биз анын ошол сезимдерин режиссер жараткан фильмдеринен таасын көрө алабыз. Ошондонбу, ал тасмаларды зор кызыгуу менен көрөсүң. Алсак, Каирде көрсөтүлгөн биздин республика жөнүндөгү “Они родились на Тянь-Шане” тасмасын египеттик документалисттер чексиз канааттануу менен көрүшкөнүнө күбө болгонмун…

Лиля Турусбекованын эмгектери чет өлкөлүк расмий делегация өкүлдөрүнүн жана кинематография кызматкерлеринин арасында эң чоң ийгиликтерге ээ болгон.

Мен жеке өзүм анын тасмаларын Индиядан келишкен жалаң айымдардан турган өкүлдөргө, Япониянын элчисине, Гвинея, Сирия, Румыния, Венгриянын партиялык расмий өкүлдөрүнө тартуулаганда, алар кандай жылуу кабыл алышканын өз көзүм менен көргөн жайым бар. Ал тасмаларды көргөндөн кийин өздөрүнүн пикирлери менен бөлүшкөн элчилер, өкүлдөр биздин республика боюнча саякатка чыгып келишкендей сезимде калышкандарын, тасмалардын баары таңууланбай, бийик чеберчиликте өтө жеңил, кылдат тартылганын бир ооздон тастыкташкан.

Мында биз режиссердун тасмаларында анын чеберчилиги жылдан-жылга артып, монтажда болобу, кадрларды тандоо, аны коюштурууда болобу, же болбосо ага музыка тандоодо болобу, айтор, бардыгында мастер-документалисттин кылдат жараткан эмгектерин баса белгилеп кетсек болот.

Кабарчы: Лиля Жусуповна, сиз кандай ойлойсуз: документалдуу тасманын ийгилиги эмнеден көз каранды болот?

Л. Турусбекова: Тасманын ийгилиги көптөгөн компоненттерден – анын сценарийинен жана сюжетинен, музыкасынан, режиссердун жана оператордун чеберчилигинен көз каранды экендиги айкын чындык. Бирок, ийгиликтин башкы ачкычы – режиссер өзүнүн каарманын таап, анын кызыктуу, башкалардан өзгөчө личносттугун изилдеп отуруп, анын сейрек, өзгөчө көрүнүшүн, окуясын, кандайдыр бир аракеттерин таап, ачып бергендигинде деп ойлойм.

Кабарчы: Акыркы мезгилде Сиз “Советтик Кыргызстан” журналынын чыгарылышын даярдап жүрөсүз. Сиз үчүн бул жанр эмнеси менен кызыктуу?

Л. Турусбекова: Кинопериодика, тагыраак айтканда, “Советтик Кыргызстан” журналы киноискусствонун ушул түрүнө тиешелүү, бул жанр бүгүнкү күндүн белгилерин тез, оперативдүү чагылдырып калууга мүмкүнчүлүк берген өтө өзгөчө жанр.

Республиканын экономикалык, саясий жана маданий турмушундагы бардык окуяларды ыкчам чагылдырып бере алат. Өзүнүн ушундай активдүү позициясы менен мени өзүнө тартып, кызыктырып турат.

Ш. У. Усубалиевдин эскерүүсү: Лиля Турусбекова өзүнүн ишин чексиз сүйөт. Өзүнүн кесибине болгон күч-кубатын жана билимин жумшоо менен, республикадагы белдүү документалист болуп чыга келди.

Анын атасы Жусуп Турусбековду жакындан билген адам катары, ал сыяктуу кандуу согушту башынан кечирген адам катары, ал атасынын татыктуу кызы болуп чоңойгондугу мени чексиз кубандырат. Биз – согуш ардагерлери, анын кесипкөй чеберчилиги менен сыймыктанабыз.

Мен Лилянын эч качан жана эч жерде өзүнүн ийгиликтерин айтып мактанбаган өзгөчө эң жөнөкөй адам экендигин айта кетким келет. Ал аябай боорукер, балким ошондонбу, ар түрдүү муундагы кинематографисттердин баары аны терең урматташып, анын кеп-кеңештерин угушуп, ага тартылып турушат.

Лиля Турусбекова Азия жана Африка өлкөлөрүнүн I кинофестивалына катышкан эң биринчи аял, расмий өкүлчүлөрдүн мүчөсү, Кыргызстан кинематографисттер Союзун  түптөөчүлөрдүн эң алгачкыларынын бири болгондугун баса белгилебей кетүүгө болбойт.

Биз, республиканын кинематографиясынын ардагер кызматкерлери, Лиля Турусбековага “Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер” наамы татыктуу тапшырылды деп эсептейбиз жана ал үчүн чексиз сыймыктанабыз жана кубанабыз. Лиля Жусуповнанын чыгармачылык өмүр таржымалындагы эң кубанычтуу окуясы менен куттуктайбыз жана биздин экрандан бул мыкты режиссердун жаңы-жаңы эмгектерине далай күбө болорубузга ишенебиз!




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!