СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

А.Жумакматов 100жашта

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«А.Жумакматов 100жашта»

Асанкан Жумакматовдун  өмүр баяны жана чыгармачылыгы

Асанкан Жумакматовдун өмүр баяны жана чыгармачылыгы

 Асанкан Жумакматов 1923-жылы 16-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата айылында төрөлгөн. Үч жашында атасы бай-манап деп камалып, Сибирге сүргүнгө айдалган. Андан кийин алты жашында бир тууган агасы жана энеси менен Украинага жөнөтүлүп, сегиз жыл бөтөн жерде атасыз күн кечирген. Ал жакта болочоктогу музыкант тил үйрөнүп, музыка дүйнөсүнө сүңгүп кире баштаган.

Асанкан Жумакматов 1923-жылы 16-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата айылында төрөлгөн. Үч жашында атасы бай-манап деп камалып, Сибирге сүргүнгө айдалган. Андан кийин алты жашында бир тууган агасы жана энеси менен Украинага жөнөтүлүп, сегиз жыл бөтөн жерде атасыз күн кечирген. Ал жакта болочоктогу музыкант тил үйрөнүп, музыка дүйнөсүнө сүңгүп кире баштаган.

Ал эми 17 жашында фронтко аттанып, Сталинграддагы беттеште катуу жаракат алып кайра мекенине келген.  Улуу Ата мекендик согушка катышып, “1-даражадагы Ата мекендик согуш”, “Кызыл жылдыз” ордендери, “Германияны жеңгендиги”, “Сталинградты коргоо” медалдары менен сыйланган.

Ал эми 17 жашында фронтко аттанып, Сталинграддагы беттеште катуу жаракат алып кайра мекенине келген.

Улуу Ата мекендик согушка катышып, “1-даражадагы Ата мекендик согуш”, “Кызыл жылдыз” ордендери, “Германияны жеңгендиги”, “Сталинградты коргоо” медалдары менен сыйланган.

Сыйлыктары  Токтогул  атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Мүнхендеги бүткүл дүйнөлүк музыка академиясынын академиги.  Дирижер Асанкан Жумакматов дүйнөлүк, орус, кыргыз классикасынан 50 чукул опера жана балеттин музыкасын оркестирлештирген.  1970-жылдан бери Кыргыз телерадиокомпаниясынын Академиялык симфониялык оркестрине көркөм жетекчи жана башкы дирижер болуп иштеп келген.  1995-жылдан бери Улуттук консерваторияда профессор.  Бир катар профессионалдык музыканттарды тарбиялаган.

Сыйлыктары

Токтогул  атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Мүнхендеги бүткүл дүйнөлүк музыка академиясынын академиги.

Дирижер Асанкан Жумакматов дүйнөлүк, орус, кыргыз классикасынан 50 чукул опера жана балеттин музыкасын оркестирлештирген.

1970-жылдан бери Кыргыз телерадиокомпаниясынын Академиялык симфониялык оркестрине көркөм жетекчи жана башкы дирижер болуп иштеп келген.

1995-жылдан бери Улуттук консерваторияда профессор.

Бир катар профессионалдык музыканттарды тарбиялаган.

Алгачкы эмгек жолу  Ал сакайып мекенине кайтып келээри менен Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы улуттук студиянын дирижерлук бөлүмүндө окуйт.  А.Жумакматов окуу жайын бүтөөрү менен Кыргыз опера жана балет театырында коюлган “Айчүрөк”, “Көкүл”, “Кармен”, “Көл боюнда” операларынын “Ажал ордуна”, “Алтын кыз” музыкалуу драмаларынын, “Ким кантти” музыкалык комедиясынын жана башка операларды, балеттерди дирижерлойт.  Жогорку музыкалык билимден чаңкаган Жумакматов 1952-57-жылдары Москва Консерваториясынын дирижерлук факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрөт. Кыргыз опера жана балет театырында башкы дирижер болуп иштейт. Ондогон дүйнөлүк ысымдагы жана кыргыз композиторлорунун операларын, балеттерин, концерттерди дирижерлойт.

Алгачкы эмгек жолу

Ал сакайып мекенине кайтып келээри менен Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы улуттук студиянын дирижерлук бөлүмүндө окуйт.

А.Жумакматов окуу жайын бүтөөрү менен Кыргыз опера жана балет театырында коюлган “Айчүрөк”, “Көкүл”, “Кармен”, “Көл боюнда” операларынын “Ажал ордуна”, “Алтын кыз” музыкалуу драмаларынын, “Ким кантти” музыкалык комедиясынын жана башка операларды, балеттерди дирижерлойт.

Жогорку музыкалык билимден чаңкаган Жумакматов 1952-57-жылдары Москва Консерваториясынын дирижерлук факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрөт. Кыргыз опера жана балет театырында башкы дирижер болуп иштейт. Ондогон дүйнөлүк ысымдагы жана кыргыз композиторлорунун операларын, балеттерин, концерттерди дирижерлойт.

Классикалык чыгармалары  1962-жыл. Декабрь айы. Дүйнөлүк классикалык операларды, балеттерди, симфониялык чыгармаларды дирижерлоп келген Асанкан Жумакматовдун чыгармачылыгынын жаңы баракчасы ачылат. Кыргыз филармониясында К. Орозовдун “Ибарат”, “Сынган-Бугу”, А.Огонбаевдин “Ой булбул”, “Күйдүм чок” аттуу өзгөчө ыргактардагы элдик салттуу музыканын баш аттарынан аталган классикалык күүлөргө, обондорго жаңы өмүр жаратууда. Асанкан ар бирине өзүнчө чыгармачылык ыкма таап талбай, талыкпай изденген. Айрыкча ал Карамолдонун “Ибаратын” оркестрге не бир укмуштай уккулуктуу, мукамдуу, комузда кандай чертилсе, ошондой түшүрүүгө аракетенген.  Академик Азиз Салиевдин 1963-жылдын 6-июнундагы “Советтик Кыргызстан” газетасына жазган “Кыргыз эл музыкасы жөнүндө ой-пикирлер” аттуу макаласында: “Ибарат” күүсүндө кыргыздын асыл сезим-ой, чексиз кыйырсыз мүдөөсү, тилеги, кыялы өзүнө татыктуу тек бир көкөлөгөн жетик формада берилген.

Классикалык чыгармалары

1962-жыл. Декабрь айы. Дүйнөлүк классикалык операларды, балеттерди, симфониялык чыгармаларды дирижерлоп келген Асанкан Жумакматовдун чыгармачылыгынын жаңы баракчасы ачылат. Кыргыз филармониясында К. Орозовдун “Ибарат”, “Сынган-Бугу”, А.Огонбаевдин “Ой булбул”, “Күйдүм чок” аттуу өзгөчө ыргактардагы элдик салттуу музыканын баш аттарынан аталган классикалык күүлөргө, обондорго жаңы өмүр жаратууда. Асанкан ар бирине өзүнчө чыгармачылык ыкма таап талбай, талыкпай изденген. Айрыкча ал Карамолдонун “Ибаратын” оркестрге не бир укмуштай уккулуктуу, мукамдуу, комузда кандай чертилсе, ошондой түшүрүүгө аракетенген.

Академик Азиз Салиевдин 1963-жылдын 6-июнундагы “Советтик Кыргызстан” газетасына жазган “Кыргыз эл музыкасы жөнүндө ой-пикирлер” аттуу макаласында: “Ибарат” күүсүндө кыргыздын асыл сезим-ой, чексиз кыйырсыз мүдөөсү, тилеги, кыялы өзүнө татыктуу тек бир көкөлөгөн жетик формада берилген.

СССРдин эл артисти Дарика Жалгасынова: Маэстро кулдай иштеп, хандай жашачу... Сексен беш жашка чыкса да, Бул адамды бүгүн кимдер билбесин. Ал жөнүндө жаңы тарых сүйлөсүн. Теңтуштай эле биз менен. Жетимиш жыл талыкпастан, ак иштеп, Хандардай жашап агайым, Гүлдөттү го искусство дүйнөсүн. Кулдардай болуп иштеген. Маэстро жашап өттү, көпбү азбы, Алп дирижер, ал жол башчы. Доор менен тайлашып жолду басты, тең Ал даанышман, Бетховенди кыргызыма тааныткан, Кыргызымды таанытып дүйнө элине. Ушул адам өлбөс кылып калкымды. Маэстро Европага эшик ачты. Ал тирилтти Атай, Муса, Карамолдону, Муратаалы күү дастаны дүйнөгө таркады.

СССРдин эл артисти Дарика Жалгасынова: Маэстро кулдай иштеп, хандай жашачу...

Сексен беш жашка чыкса да,

Бул адамды бүгүн кимдер билбесин.

Ал жөнүндө жаңы тарых сүйлөсүн.

Теңтуштай эле биз менен.

Жетимиш жыл талыкпастан, ак иштеп,

Хандардай жашап агайым,

Гүлдөттү го искусство дүйнөсүн.

Кулдардай болуп иштеген.

Маэстро жашап өттү, көпбү азбы,

Алп дирижер, ал жол башчы.

Доор менен тайлашып жолду басты, тең

Ал даанышман, Бетховенди кыргызыма тааныткан,

Кыргызымды таанытып дүйнө элине.

Ушул адам өлбөс кылып калкымды.

Маэстро Европага эшик ачты.

Ал тирилтти Атай, Муса, Карамолдону,

Муратаалы күү дастаны дүйнөгө таркады.

Бышыктоо  А.Жумакматов ким болгон? А.Жумакматовдун чыгармачылык жолу? А.Жумакматовдун алган сыйлыктары? А.Жумакматовдун шакирттери?

Бышыктоо

  • А.Жумакматов ким болгон?
  • А.Жумакматовдун чыгармачылык жолу?
  • А.Жумакматовдун алган сыйлыктары?
  • А.Жумакматовдун шакирттери?