СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 15.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аалам алпы Айтматов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул  иштелмени  5-6-7-класстын окуучуларына кыргыз адабиятына кече  сабак  катары  пайдалансаңыздар  болот.

Просмотр содержимого документа
«Аалам алпы Айтматов»

Аалам алпы Айтматов.

Каалап келген кыргызына , тынчтыкты

Жазып жүрүп оюндагы чындыкты,

Унутулгус жазып жаркын повести,

Айткылачы ким тааныбайт Чыңгызды?

«Адамга эн кыйыны күн сайын адам болуу” деген сөз улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовко тааандык.Албетте анын айтып бүткүс түгөнгүс ааламы бар, өзгөчө сыймыктуу инсан.

Кыргыз элинин залкар инсандарынын бири бүтүндөй жер шаарына атагы чыккан инсан Айтматов Чыңгыз Төрөкулович 1928-жылы 12-декабырда Талас облусунун Кара- бура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй бүлөсүндө төрөлгөн.

Атасы Төрөкул Айтматов адегенде 1927-жылдан тартып 1932-жылга чейин Большевиктер партиясынын Жалал абад кантонунун биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. 1937-жылы репресияланып 1938-жылы жазыксыз жерден “ пантуркист” катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр барктуу көрүнүктүү адамдардан болгон.

Апасы Нагима Хамзаевна Айтматова теги татар кызы болгон. Чыңгыздын тайатасы Хамза –кара колдук бай жана айдың татар соодагери болгон.Азыр да кара кол шаарында Хамзанын эки кабат үйү сакталып турат. Нагима жергиликтүу тиатрда актриса богондугу айтылат. Билимдүу, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон.

Чыңгыз 1942-жылы экинчи дуйнөлүк согуштун айынан окуусун убактылуу токтотконго мажбур болот. Ал убакта Чынгыз Айтматов 14 жашта болгон. Шекер эли аны кат сабаттуу болгондугунан аны айыл өкмөттун жардамчы секротары кылып шайлап койгон. Ошол кезде жаштардын арасында крилче кат тааныгандар саналуу гана болгон. Андан кийин ошол эле айыл өкмөттө салык чогултуучу болуп эмгектенген. 1946-жылы согуш аяктаган сон окуусун кайра улантып 8-классты окуп аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык окуу жайга тапшырат.

Залкар жазуучу союз учурунда “Адабий кыргызстан” жана “Инестаранная лиература” журналдарында редактар, СССР дин ири адабий ред коллегиясынын мүчөсү болгон. Бир катар чыгармачылык союздарга жетекчилик да кылып турган. 1952-жылыдан баштап анын “Ашым”, “Гезитчи дзюйо” “Кайракта”, “тунку суугат” жана “Асман көпүрө” аңгемелери жарык көрө баштаган. Чыңгыз Айтматовко анын дүйнөнүн көптөгөн элдеринин тилдерине которулган “Жамиля” повести дүйнөлүк атак даңк алып келген. 1963-жылы “Тоолор жана талаалар” баяны жыйнагы үчүн Айтматов Ленин сыйлыгына татыктуу болгон. Анын чыгармалары боюнча жаралган кино филимдер жана спиктакилдер “Жамиля”, “Саманчынын жолу”, “Биринчи мугалим”, “Фудзиямадагы кадыр түн”, “Кылым каарытар бир күн”, “Кыямат”, чыгармалары Станбул, София, Улан - батор, боршава,Лондон, Токио,Бухарест, Москвада жана башка дүйнөнүн бир катар ири шаарлардын экрандарында жана сахналарында коюлган. “Кылым каарытар бир кун” ,“Касандра тамгасы”, “Тоолор кулаганда”, “Кыямат” романдары маданый маанидеги дүнөлүк окуяга айланып, Чыңгыз Айтматовту ХХ кылымдын аягындагы жана ХХI кылымдын башталышындагы залкар жазуучулардын бири. Рухий турмушту эң татаал көрүнүштө чагылдыра алган жаңы типтеги сүрөткер катары таанытты.

Чыңгыз Айтматовтун чыгармалары 170 тен ашык тилге которулуп 60 милион нуска менен басылып чыккан. Алар коомдо билим берүү, тарбиялоо процессине айланып дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө мектептердин жана унверситеттердин окутуу программасына киргизилген.

Улуу инсандын наамдарына токтоло кетсек. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу ,Кыргыз Республикасынын баатыры, сосиялистик эмгектин баатыры Ленин, Октябрь револитциясы, эл достугу, эмгек кызыл туу, 1-даражадагы “Манас” орденинин дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн жогорку мамлекеттик сыйлыгынын Германия, Индия, Рассия, Туркия, Япония, АКШ, Франциянын эл аралык сыйлыктарынын лаурияты наамдарын алган. 1990-жылдан тарта СССР дин жана Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп эмгектенген. Ч.Айтматов кезегинде СССрдин Люксембургдагы элчиси, Кыргызстандын Европа өлкөлөрүндөгү элчиси болуп эмгектенген. Чынгыз Айтматов 2008-жылы Германиянын нюрберг шаарында узакка созулган оорунун айнан каза болгон.

Айтматовтун артында Ширин, Аскар, Элдар, Санжар аттуу уул кыздары калды.

Чыңгыз Айтматовтун чыгармалары аркылуу дүйнө эли кыргыздын каада –салты, үрп –адаты менен жакындан тааныша алды.Анын каармандарынын кулк мүнөзү, тагдыры көптөгөн окурмандардын жүрөүнөн түнөк тапты. Айтматовтун улам жаныланып басылып чыгып жаткан чыгармаларынын азыр да кыргызстандыктар эле эмес чет элдик окурмандар суусап окуйт. Айтматов өзү бүтпөс тема болсо, анын чыгармалары түбөлүктүулүк сапарында жашап жатат.

Ак кеменин карыдыбы сапары

Ак баралар каңшып уулуп жатабы

Кетти биздин ааламда жок атабыз,

Кеткен менен өлбөй анын атагы.

Чыңгыз Айтматов чыгармалары.

Кыргыз уулу, бул анык кыргыз уулу,

Канында кайнап турган кыргыз уруу.

Кыйкырып бүт дүйнөгө жар саламын

Кыргыздын арасында Чыңгыз улуу.



Көөнөрбөс тарыхында кыргызым

Кылымдаргы өчурбойбуз Чыңгыз ырын

Атадан мурас кылып калтыргандай

Атын да өчүрбойбуз Чыңгызымдын.



Дүйнөгө кыргыз атын ачып берген

Дүңгүрөтүп бүт тарыхты жазып келген

Дегеле кыргызга эмес бүт ааламга

Дүйнөгө мактанамын кыргыз менен.



Балалык күндөрүнө кайра келсек

Башынан өткөрүптүр кыйын кезек

Атасы атылган соң жазуучунун

Алгачкы алган айлык бир жилик эт.





Чыгармалар бүт камтыган

чыркыраган кыргыз тарыхын

Кылымдардан кылдарга

мурастаган кыргыз наркын.



Жамийладай ак сүйүүну даңктап келген

Даниярдай махабатты сактап келген

Чындык үчүн күрөшкөн чыгырмада

Сеит өңдүү бала болсо кана эртен.



Асел менен Илияздын бактысына ,

Кадиче өңдүү талкаласа жакшыбы

Самат өңдүү өзгөнү ата деген

Турмушта оор тура тагдыр ташы.

Кызыл жоолук жалжалын жоготкон сон

Кандай болду Илияздын бул тагдыры .

Жолго аттанат деңиздеги кеме менен

Кеме кетти чалпайган толкун менен

Оргон ата издеп барат махабатын

Айым балык кайдасың деп көл бетинен

Төрттөө кеткен а бирок жалгыз гана

Кирис кайтат аман эсен ал деңизден

Бото көздөй булак барбы жер бетинде

Анархайдай талаа барбы аалам сенде

Сабырдуулук менен жеңген Кемел өңдүү

Жаш уландар барбы айтчы кана бизде



Дүйшөн сымал келечекти ойлогон,

Айткан сөзүн аткарбаса койбогон.

Кара мүртөс Алтынайдын жеңесиндей

Акмактарга баш ийип койбогон.

Жаныбарды атам десе эли журтту

Башты ийбей Саманчы өзү турду

Жаабарсты атпагыла десе болбой

Ага кошуп саман жинди атып тынды

Табиятка кыянат кылгандарын,

Тоолордун кулаганына салыштырды.



Согуш болуп эли жүрсө жерин коргоп

Ысмайыл да ал согушта жүрсө болмок.

Түн ичинде качып келбей жалгыз өзү

Андан көрө жер кучактап өлсө болмок.



Сүйүүнүн махабаттын жалынына

Тирүулөй отко күйсө жаман тура

Бирин бири жандан артык Көруп сүйгөн

Бегимайды Раймалыны айтам мында.



Кызыл алма эх кызыл алма

Көңүлдү алган кеп сенде анда

Каныкейдин тулпарындай сыңары,

Жаныбарым Гулсары.

Согуш болуп ал убакта ал учурда

Аттанышкан айыл эли ал согушка

Он сегизге чыга элек бут жигиттер

Кош айдашып дыйканчылык кылган тура

Султанмурат Мырзагулдөн ажыраткан

Тагдыр таш ушунчалык оор тура

Таятанын айтып берген жомогунан

Аз да болсо мен да насаат алам



Кыргызга кыргын салган душмандары

Ал кыргындан эки чүрпө аман калган

Көбөйүшүп



Кыргыз адабияты кече сабак.

С:темасы. Аалам алпы Чыңгыз Айтматов.

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөр.

Билим беруучулүк; Окуучулар Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгынын уруттуу учурларын билишет.

Окуучулар Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгынын урунттуу учурланын билишсе

Өнүктүрүүчүлук: Окуган чыгармаларын айтып бере алышат. Чыгармадагы каармандар боюнча образ жарата алышат.

Окуган чыгармаларын айтып бере алышса. Чыгармадагы каармандар боюнча образ жарата алышса.

Тарбиялык; Топтор менен иштөөдө бири бирине көмөктөшө алышат.

; Топтор менен иштөөдө бири бирине көмөктөшө алышат.

С;тиби Бышыктоо сабагы.

С;жабдылышы.Ч.Айтматовтун портрети, Каармандардын

Сүрөттөрү, Роза Аманованын ыры.

Сабактын Усул; Интерактивдүү.

Сабактын жүрүшү

Сабактын темасы жана максаты менен келген конокторду жана окуучуларды тааныштыруу.

Жаңы тема

Чыңгыз айтматовтун чыгармалары боюнча жыйынтыктоочу сахна сабак (Окуучулар аткарышат)

Нургазы ( Азизбек) Ох дүрбүчүм таенемден качабыз деп аябай чарчап калдык.

Билесиңби биз бул жерге эмнеге келдик.? Ак кемени көргөнү. Ак кеме көрүнөт бекен?

Таенеси (Асел) Оо, Нургазы, Нургазы дейм. Кайда жүрөсүн (Таенеси колуна чырпык кармап чыгат, жердеги папкени алып аччууланат) Оо акылсыз бала десе, муну карасаН папкени жерге таштап салганын. Бул деген буюм, Буюм кадырын билбеген бала

Нургазы ( Азизбек) Буга сен күнөлүсүүң, дүрбүчүм Сени албаганда минтип таенемден уруш укмак эмесмин. Мейли болор иш болду. Андан көрө мага Авалбек досумду көрсөтчү.

Авалбек ( Адилет) Кино көрүп капыстан атакемди таап алдым

Баатыр экен деп досум, сен да ага таң калдың.

Жээнгүл (Бууракыя) Атадан калган туягын экенинди билбедиң Таттуу кыял ой менен капарына илбедиң.

Авалбек ( Адилет)Ал менин атам! Менин атам баатыр!

Нургазы ( Азизбек) Эй дүрбүчүм Авалбектин атасы чыныгы баатыр эми Султанмураттан кабар алалы.

Султанмурат (Мухаммед садык) Эй эй эй турналар! Турналар тигине турналар ! Быйыл турналар эрте келиптир . Турналардын келиши токчулуктун белгиси. Быйыл түшүм мол болот.

Нургазы ( Азизбек) Балдардын тилегин бере көр.

Эми дүрбүчүм Дүйшөн агай менен Алтынай эжейди көрсөтчү.

Дүйшөн (Актилек) Ыйлаба , Алтынай! Баягы экөөбүз эккен теректерди өзүм багып өстүрөм

Мына эми жөнөйсүң. Кош бол Алтынай! Кош бол чырагым!

Алтынай (Асылкан) Кош биринчи мугалимим!

Кош биринчи мектебим!

Кош балалык чагым!

Кош жер кыртышынын астында көзү калган тунук булак өңдүү эч ким билбеген менин биринчи таза наричте сүйүүм! Жаным курман сага мугалимим!

Нургазы ( Азизбек) Оо дүрбүчүм мына ушундай академикти, Прфессор, доктор, учкуч, президентти да Дүйшөн өңдүү мугалим окутат.

Эми биз Сейде менен Ысмайылдан кабар алалы.

Сейде (Бүүзулайка) Сенби? Сен белең? Ушул жетим жесирдин ырысын кескенче, өзүбүздүн кунажынды союп албайт белең?

Ысмайыл (Фазилидин) Акырын... Жаагынды бас! Ишиң болбосун! Андан көрө чырак жандыр. Келесоо. Замаың бөөрү болсо бөрү бол. Өзүбүздүкүн сойбойсуңбу-деп Өзүбүздүкүн сойсом балага сүттү ким берет. Азыр ачтан өлсөң да эч кимдин иши болбойт. Аскерден ачтан өлүү үчүн качкан эмесмин! Уурдайм! Алам! Жутам!

Нургазы ( Азизбек) Ысмайыл бул дактан сени эч ким арачалап кала албайт.

О-ий дүрбүм Толгонай апам эмне кылып отурат.

Толгонай (Акылай) Амансыңбы куттуу талаам!

Аманчылык толгонай Былтыркыдан да каарый түшүпсүн го. Колуңда таяк

Өмүр өтүп жатпайбы.

Нургазы ( Азизбек) Ох Дүрбүчүм мен да аябай чарчадым Алп таланттын ээси Айтматовтун чыгармаларынын аягыныа чекит коюп болбойт. Турмуш эдигейдин поезди сыяктуу байма-бай каттай бермекчи. Келечекте бизди эмне деген окуялар эмне деген тагдырлар күтүп турат.

Мугалим. Бул суроого мына мен бүгүнкүнүн дүйшөнү жооп берип көрөйүн.

Окуу-күн, окуу-чырак, окуу- күзгү, окуу-бакыт, окуу-жашоого багыт берерин билемин. Ошол үчүн силерге окууну гана тилеймин. Мына эми биз Айтматовтун чыгармаларын аз да болсо эске түшүрүп алдык. Келгиле эми азыркы ролуңарга карата бири бириңерге комплимент айткыла. (балдар бири бирине жакшы жактарын айтышат М; Асел Сен Нургазынын таенеси сыяктуу акылдуу мээнеткеч жансың)

Эми балдар Айтматовтун өмүр жолундагы урунттуу учурларга кайрыла кетсек.

Видио ролик Айтматов жөнүндө (5 мунөт)


Видио роликткен жана буга чейин окуу китептеринен алынган маалыматтарды бышыктоо үчүн төмөндөгү суроолорго жооп бергиле.

Эки топко топтук суроолорду берүү.

  1. Чыңгыз Айтматовтун ата-энеси жөнүндө айтып бергиле?

  2. Ч.Айтматовтун сыйлыктарын атап бергиле.?

  3. Үй бүлөосү жөнүндө айтып бергиле.?

  4. Чыгармалары жөнүндө айтып бергиле.?


Топтогу ар бир катышуучуга жекелик суроо берүү

1)Ч.Айтматовтун алгачкы чыгармасы.(Гезитчи дзю)

2)Эң акыркы чыгармасы кайсы. ? (Тоолор кулаганда)

3)атак данк алып келген чыгармасы.? (Жамиля)

4)Ч.Айтматовтун чыгармамалары канча тилге которулган?. 176

5)канча бир тууган болгон ? (3. Роза Илгиз, Чыңгыз)

6)канча уул-кызы болгон. ? (Ширин, Элдар, Аскар, Санжар)

7)Канчанчы жылы торөлгөн?. (1928-ж 12.12)

8)Канчанчы жылы көз жумган?. (2008-ж. 11.06)

9)кесиби боюча ким болгон. ? (зоотехник)

10)Кайсы эмгеги үчүн ленин сыйлыгын алган?.

(тоолор жана талаалар)

11) өмүрүндө эмнени үйрөнө алган эмес?.

(машина айдаганды, копютер иштеткенди)

12) Айтматов ким болгон.? (жазуучу)


Айтматов айткан учкул кептер боюнча айтышуу

1)Мекенди алып кете албайсын болгону сагынууну гана алып кете аласың. Эгер мекенди мүшөк сыяктуу ташып кете алсак , анын баасы бир тыйын болмок.

2)Эң ириде өзүңдүн киндик кан тамган жерин жөнүндо ойлонгондо жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың.

3)Тил улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт.

4)Канча жер канча мейкиндик жана жарык болсо да, адамга баары бир бир нерсе жетишпейт. Баарынан биринчи –Эркиндик.

5)Өткөндү эстеп келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз.

6)Биз дүйнөнү өзгортүк дүйнө бизди өзгөрттү.

7)Сүйүүдөн аалам жаралган сүйүунүн өзү түбөлүк.

8)Аял бул аял аялдар бат-бат ыйлашат. Ыйлашат, анткени баарын аяшат.

9)Дос кыйынчылыкта билинет дешет, менимче бактылуу кезиңде да билинет.

10)Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүң.

11)Сен дем алып турганда өлүм дайыма сени менен, өлүмдөн кийин өлүм жок.

12)Өткөндү элестеткен ой жашоонун ар бир күнү.

13)Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу.



Жыйынтыктоо

Роза Аманованын Чыңгыз кетти кыргыздан ырын ырдатуу

Баалоо. Ар бир окуучуга берилген упайлардын негизинде баало

Үй тапшырма; Айтматов жөнүндө эссе жазып келүү.

























Чыңгыз Айтматовтун ата-энеси жөнүндө айтып бергиле?



Ч.Айтматовтун сыйлыктарын атап бергиле?



Үй бүлөосү жөнүндө айтып бергиле?



Чыгармалары жөнүндө айтып бергиле?



Ч.Айтматовтун алгачкы чыгармасы?



Эң акыркы чыгармасы кайсы?



Aтак данк алып келген чыгармасы?



Ч.Айтматовтун чыгармамалары канча тилге которулган?



Kанча бир тууган болгон ?



Kанча уул-кызы болгон?



Канчанчы жылы торөлгөн?



Канчанчы жылы көз жумган?



кесиби боюча ким болгон?



Кайсы эмгеги үчүн ленин сыйлыгын алган?



Айтматов өмүрүндө эмнени аткара алган эмес?



Айтматов ким болгон?



























Баткен облусу Баткен району. “Достук” орто мектеби

Аалам

Алпы

Айтматов









Даярдаган; Нуридинова Бегимай Арабидиновна

Балтабаева Нурила Баязидиновна



2019-2020-окуу жылы.



Ак

Кар









КӨК

МУЗ













Сабактын жүрүшү

  1. Сахналаштыруу 3-4-5

  2. Топтук суроо 3-4-5

  3. Жекелик суроо 3-4-5

  4. Учкул кептер 3-4-5



Жыйынтыктоо

























“Филолог”

Усулдук бирикмеси





Чыңгыз Айтматовдун

Туулган күнүнө карата өткөрүлгөн

Адабий кеченин

иштелмеси.

2019-жыл 12-декабрь














Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!