СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аалам алпы Айтматов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Аалам алпы Айтматов»

Токтогул Чолушев атындагы орто мектеби









Аалам алпы Айтматов



















Мугалим:Кенжебек кызы Алина



Сабактын темасы: Аалам алпы Айтматов”

Сабактын максатты:

Билим берүүчүлүк

Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу түшүнүк алышат

Өнүктүрүүчүлүк

Окуучулардын дүйнө таануусун, сүйлө көндүмдөрүн калыптандыруу, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча маалыматтарын кеңейтишет


Тарбиялык

Өз элинин улуу инсандарынын өмүрүнө, чыгармачылык ишмердүүлүгүнөшыктануу сезимин ойготуу. Алардан үлгүү алууга үндөө




Сабактын жүрүшү: Саламдашуу

Өзүмдү таптым дейсиң жаңылышып

Өзөктөгү сен эмес чындык алыс

Ойлор бизди ар кайда алып учуп

Эл көзүнө киргенге тытынабыз

Илим курдук дүйнөнүн чечип сырын

Жадакалса айга да жакындаштык

Улук сапат адамдык кетип бүгүн

Мугалим: “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин”-дегендей кыргыз элинин касиеттүүлүгүн бүтүндөй ааламга тааныткан залкар жазуучу Ч.Айтматовдун урматына арналган “Аалам алпы Айтматов” аттуу сабагыбызды ачык деп жарыялайбыз.

1.Ч.Айтматов жөнүндө маалымат (Слайд аркылуу)

12-декабрь заманыбыздын залкар жазуучусу, кыргыз эл баатыры, көөнөргүс талант, көркөм сөздүн устаты Ч.Айтматовдун туулган күнү. Ааламга аты таанымал бул сыймыктуу мекендешибизди аалам дагы бир жолу эскерип, дагы бир жолу анын талант-таржымалына баа берип турган учур. Аалам жана Айтматов. Бул эки нерсе ар дайым бирин-бири толуктап турат.

2. Ч.Айтматов жөнүндө көркөм окуу.

“Жакшы адамсыз”

Жакшы адамсыз жакшылыкты каалаган

Адамдыкты ар адамдан каалаган

Кара мүртөс көр пенделер болсо да

Бийик туруп жан дүйнөдөн караган

Жакшы адамсыз таза пейил сактаган

Эл урматтап, сыйы менен барктаган

Ушак-айың тушап турса бастырбай

Бийик туруп, кандай жансыз “актаган”

Жакшы адамсыз мээримиңиз төгүлгөн

Айкөлүңүз ар иште көрүнгөн

Сизге карай көрө албастар сөз айтса

Биздин дагы жан-дүйнөбүз өйүгөн

Жакшы адамсыз адилетти үйрөткөн

Жан дүйнөгө абийир сээп бүрдөткөн

Сиз тирүүсүз! Мага ушундай сезилет

Элесиңиз жашообузда күндө өткөн

Алың жетсе айтса Айтматовдой жазгыла

Чындыкты чын чырылдатпай айткыла

Канткенде адам уулу адам болот?

Кылым жообун Айтматовго айткыла

Айтматовду кимдер билбейт дүйнөдө

Жашы дебей, кары дебей сүйгөнгө

Аттиң арман баалай барктай албадык

Чыңгыз агам көзү түрүү кезинде

Сабыр кылып токтоо тартып мүнөзү

Жамандыкты ойлочу эмес бир өзү

Бардыгына жакшылыкты каалаган

Алп агамдын жок эле го күнөсү



3.Ал өзүнүн баа жеткис таланты, талыкпаган эмгеги менен кыргыз элин дүйнөгө тааныткан. Ушундай талант кайсы жерде туулуп өскөн экен?

Хор: “Таласым”

4.Бул окуя алыскы өткөн заманда кыргыздар Эне-Сай көлүн жээктеп жашап жаткан кезде болгон. Каардуу хан элибизге күтүсүздөн кол салып, айылыбызды кызыл кыргынга айланткан. Бир бала менен кыз гана аман калган каардуу хан аксак кемпирге кыргыздын акыркы уулдарын өлтүрүүнү буйруйт. Кемпир бала менен кызды аскалуу көлдүн жээгине алып барып ыргытайын дегенде артынан бир үндүү угат. Балдарды кой бер аларды мага бер. Ал бугу-эне эле. Анын тостойгон көздөрү кайгылуу жана капалуу болуп балдарга боор ооруп карап турат. Бугу өзү аппак периштедей, нурданып келет. Мүйүзү кооз болуп чачыранкы чынар теректин бутактарындай. Кемпир каршы чыга албай балдарды берет. Бугу-эне балдарды ээрчитип узак жол жүрдү. Акыры касиеттүү Ысык-Көлгө алып келди.

(“Бугу-эне жомогунан” үзүндү)

5.Ч.Айтматов айткан учкул сөздөр (Слайд аркылуу чыгып турат окуучулар айтышат)

I.Дос кыйынчылыкта билинет дешет. Менимче бактылуу кезде дагы билинет.

II.Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүң

III.Сүйүүдөн аалам жаралган,сүйүүнүн өзү түбөлүк

IV.Миңдеген адамдардын арасында да жалгызсың. Жалгыз өзүң калганда да жалгызсың.

V.Тил улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт.

VI.Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз.

VII.Биз дүйнөнү өзгөртүк, дүйнө бизди өзгөртү

VIII.Өмүрдүн чыныгы баркы ишенимде, бактысы дагы ишенимде.

IX.Эң ириде өзүңдүн киндик кан тамган жериң туралуу ойлонгондо, жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың.

X.Эгер Ата-Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен кошо алып жүрөр нерсе болсо анын баасы сокур тыйынга татыбас эле.

6.Дүйшөн келет китептерин көтөрүп

“А” тамгасын үйрөтөм деп көгөрүп

Билим берип, тарбиясы оң болду

Академик Алтынайдай муун өнүп

Биринчи мугалим” повестинен үзүндү

7. “Ак кеме” Ч. Айтматовдун бул повести алгач орус тилинде “Новый мир” (1970, № 1) журналында, кыргызчасы (1978) “Ала-Тоо” журналынын № 2 санында жарык көргөн. Чыгарманын “Ак кеме” деп аталып калышы жөнүндө жазуучу мындай дейт: “... Мен повестти “Новый мирге” алып барганымда Твардовский (журналдын ошол кездеги башкы редактору) “Жомоктон кийин” деген ат өтө эле жөн салды, кулакка комсоо угулат экен, андыктан башкачараак эле атабайлыбы деп, “Ак кеме” деген атты сунуш кылды” 

Ак кеме” повестинен үзүндү

8. Жеке номер. Сөзү: Жолдошбек Бузурманкуловдуку

Обону: Жекшен Тагаеваныкы

Көлгө чөккөн махабат (Ильястын ыры)

9. Кыргыз бийи

10.Бул окуя миң жылдары мурун жуаң-жуаңдардын келишинен башталат. Алар кыргыз элине кол салып, кан төгүлүп ый угулуп турчу дешет. Жуаң-жуаңдар кудайга жакпаган амал ойлоп таап, колго түшкөн кулдардын чачын тысырайта алып, башына жаңы союлган төөнүн терисин кийгизип, ээн талага таштап кетчү экен. Тери ысык күнгө кургаган сайын кысып үнү кудайга жетип, тартпаган азапты тартат да, өлгөнү өлүп тынат . Өлбөй калганы ата тегин такыр эстей алгыс маңкурт болуп кала берет.

(“Кылым карытар бир күн” чыгармасынан үзүндү Маңкурт)

11. Бала кетсе энесинен ыраактап

Кантсин эне калат экен зар какшап

Бул дүйнөдо азап тарткан жан барбыы?

Бала ордуна темир жолду кучактап

(“Саманчынын жолу” повестинен үзүндү Толгонайдын маналогу)

12. Жеке номер. ”Махабат дастаны”

13. Кыргыз бийи (Жалын бий)






























































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!