СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аалам алпы Айтматов реферат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Аалам алпы Айтматов реферат»



Киришүү



Кыргыздын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, Коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов 1928 - жылы 12 – декабрда Жалал-Абад шаарында туулган, бирок расмий маалыматтарда Талас облосуна караштуу Кара – Буура районундагы Шекер айылында туулган деп бекемделип калган. Чыңгыз Айтматов дүйнөгө кыргыз улутун ,салт - санаасын ,маданиятын, жаратылышын даназалап кетти.Дүйнө эли кыргыз элин Айтматов менен тааныды.Айтматовдун чыгармалары Экологияны,жаратылышты,жаныбарларды камтыйт.Чыңгыз атабыздын чыгармалары бир гана адабият тарабына эмес кинематография индустриясына театр,музыка ж.б. тармактарга зор салымын кошуп келет. ЮНЕСКОнун билдирүүсү боюнча Ч. Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, бир нече ирет чоң тираж менен (1998-ж. жалпы саны 67,5 млн. экз.) кайталап басылган. "Айтматов таануу" деген илимий атайын дүйнөлүк адабий процессте кеңири колдонулууда. 1989-ж. Бишкекте эл аралык Айтматов клубу (негиздөөчүсү жана президенти окумуштуу А. Акматалиев) түзүлгөн. Анын кыргызстандык жана чет өлкөлүк мүчөлөрү белгилүү илимпоздор, журналисттер, адистер ж.б. Клубдун жобосу, секциялары, адабият, көркөм өнөр жана маданият жагындагы эл аралык сыйлыгы бар. 1992-ж. Бишкекте коомдук Айтматов таануу институту түзүлгөн. Ошондой эле, Бишкекте "Айтматов чыгармаларынын китепканасы", 1993-ж. Эл аралык коомдук айтматовдук Академия уюштурулуп, анын анык, ардактуу академиктери шайланган.







1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.

Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык Кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти, 1953-1956-жж. Кыргыз мал-чарба илимий-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958-1960-жж. "Литературный Киргизстан" журналынын редактору, 1960-1965-жж. "Правда" гезитинин өз кабарчысы, 1965-1986-жж. Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы, 1988-1990-жж. "Иностранная литература" журналынын башкы редактору, СССР Президентинин кеңешчиси, 1991-жылдан элчилик кызматта (1991-жылдан Кыргызстандын Бельгия мамлекетиндеги элчиси) болгон.

Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси "Гезитчи Дзюйдо" деген ат менен 1952-жылы "Киргизстан" альманахында орус тилинде жарыяланган. "Литературная газета", "Новый мир", "Литературный Киргизстан" журналдарынын редколлегия мүчөсү болгон.1956-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.Анын чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде көтөрүп, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлган жана чыгармалары боюнча тартылган кинофильмдер Эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына жана байгелерине татыктуу болгон.

Алгачкы аңгемелери 1952-жылы орус тилинде "Комсомолец Киргизии" газетасына жана "Киргизстан" альманахына жарыяланат. Ал ошол кезде эле В. Катаевдин "Полктун уулу" повестин, М. Бубеновдун "Ак кайың" романын которот, бирок алар басылган эмес. Андан кийин "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" аттуу кыргызча жазылган аңгемелери жарыяланат. Анын чыгармачылык ишиндеги бурулуш 50-жылдардын ортосунда болот. Бул жылдары "Бетме-бет" (1958) жана "Обон" ("Жамийла", 1959) повесттери кыргызча жана орусча жарыкка чыгат. .

"Кызыл жоолук жалжалым" ("Тополёк мой в красной косынке", 1961), "Бото көз булак" ("Верблюжий глаз", 1961), "Биринчи мугалим" (1962), "Саманчынын жолу" (1963) деген повесттеринде жазуучунун нравалык, философиялык изденүүлөрү андан ары тереңдеп, чеберчилиги бийиктен бийикке көтөрүлгөн. Аларды айрыкча "Биринчи мугалим" повестинен ачык көрүүгө болот. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча жаралган кинофильмдер жана спектаклдер көп улуттуу кинематографиянын жана театрдын тарыхында өзүнчө бир жаркын барак болгон: «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Кылым карыткан бир күн», «Кыямат» Стамбулдун, Софиянын, Улан-Батордун, Варшаванын, Бухаресттин, Праганын, Лондондун, Токионун, Москванын, Санкт-Петербургдун. Бишкектин жана дүйнөнүн башка көп өлкөлөрүнүн экрандарында ийгиликтүү көрсөтүлүп, сахналарында коюлуп келе жатат.

Кытай жазуучулары Чыңгыз Айтматов жөнүндө мындай дешкен.

Ваң Мың - Кытайдагы алп жазуучунун бирөө, кезинде, Кытайдын маданият министри да болгон. Ал Айтматовдун чыгармаларынын Кытайдагы таасирин өтө төп баалаган жазуучу болуп, жаңы заман кытай адабиятына таасир эткен дүйнөлүк төрт чоң жазуучу, Хемингуэй, Кафка, Маркес жана Айтматов экенин, кадыресе, ошолордун ичинен эң чоң таасир эткени Айтматов болгонун өзгөчө белгилеген.

Вин Яжүн да Кытайдагы мыкты жазуучунун бирөө. Вин Яжүн Айтматовдун чыгармалары өзүнүн чыгармачылык жаңы жолун таап бергенин мындай жазган: «Мен мурда өз чөйрөмдөгү нерселерди, тар идеянын ичине камап, мокок калем менен жазып жүрчүмүн, кыргыз жазуучусу Айтматовдун чыгармаларын окугандан кийин, кокустан ойгонгондой болдум» - дейт да, «Кылым карытар бир күндүн» таасири менен «Кашатсыз деңиз» аттуу романын, «Ак кемеге» кызыгып «Бөскө тоодогу жомоктор» аттуу чыгармасын жазган.

Айтматовго ашыкча суктанган Кытайдын таанылуу жазуучуларынын бирөө −Жаң Чыңжы. ​Ал Айтматовдун өз чыгармачылыгына тийгизген таасирин мындай дейт: «Кыргыз жазуучусу Айтматов менин чыгармачылыгыма алгылыктуу таасирин тийгизди жана көзүмдү ачты». Жаң Чыңжы Айтматовго баа берип: «Ал абдан бактылуу жазуучу, анткени элин мактанычка бөлөп, теңир тоо падышасы болуп калды» деп, Айтматовго Теңир-Тоо кыркасынын (Тияншандын) падышалык мартабасын ыйгарган. 



 Москвада жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды. Айкелдин ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, КРдын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев, Москванын мэри Сергей Собянин, Россиянын маданият министри Владимир Мединский жана башка расмий өкүлдөр жана кыргызстандыктар катышты.Эстелик Айтматов атындагы скверде жайгашкан. Маданий иш-чара жазуучунун 90 жылдыгына арналган.



























Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев .Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румас, дипломатиялык миссиялардын бир катарөкүлдөрү .Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы парктагы эстелик белгинин ачылыш салтанатына катышышы.





2018 – жылдын 16 – авгусунда Казагыстан республикасынын Астана шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы көчө ачылды ага Кыргызстан,Казагыстандын Премьер – министирлери катышышты.

Түркиянын Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинде жайгашкан Чыӊгыз Айтматов сейил багында улуу жазуучунун эстелиги орнотулду.

Кавказ тоосунун бийик чокуларынын бири - Чыңгыз Айтматов чокусу деп аталды.

Чыңгыз атабыздын ата – бабаларын изилдеген журналист Болотбек Таштаналиевдин эмгегин окусак:

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул тууралуу

көп айтылды, жазылды, жазылып да келатат. Арийне, антсе да

санжыра сүрүштүрүп, улуу калемгердин андан аркы ата-

бабалары тууралуу айткандар аз. Ушул кенемтени толтуруп,

бул жолу жазуучунун бабалары Кончужок, Кимбилди, Айтмат

тууралуу айтсакпы деп турабыз.

Таланты менен дүйнө элдерин таңгалдырган Чыңгыз Айтматов тегин

жерден чыккан эмес, кыргыздын туу көтөргөн уулдары төрөлгөн

кытай уруусунан чыккан. Залкар жазуучунун бир тууганы Роза

Айтматова “Тарыхтын актай барактары” аттуу китебинде: “…

Санжырага таянсак, кыргыздар үч чоң топко бөлүнөт: оң канат, сол

канат жана ичкилик. Оң канат менен сол канаттын негиздөөчүлөрү

Дөлөн бийдин Ак уул жана Куба уул деген эгиздери болгон. Кытай

кыргыздардын Куба уулунан тараган сол канатка кирет. Куба

уулдун чөбөрөсү Каранай бир күнү согуштан чоң жеңиш менен

келет. Бул жолу Каранай душманын көпкө чейин эси-көөнүнөн

чыккыс кылып жеңип, сансыз малын тартып алып, чоң олжо менен

эл-жерине кечке маал кайткан экен. Толукшуп толгон ай жапжарык

болуп, айланага жарыгын чачып туруптур, айылга жакындаганда,

анын алдынан тосуп чыгып, аялынын эркек төрөгөнүн

сүйүнчүлөшөт. Ал өзүнүн жеңишинин урматына Кут төгүлгөн Ай

болду деп ырым кылып, уулунун атын Кытай коёт” – деп кытай

уруусунун аталышы тууралуу кызык маалымат жазганы бар.

Бул окуянын чындыгы бар, акыркы жылдарда көп санжырачылар

жана тарых иликтөөчүлөр да кытай аталышын “Кут” жана “Ай”

деген сөздөрдүн биригишинен келип чыккан деп чечмелеп

жүрүшөт. Мына ошол Каранай баатырдын көрөр көз уулу

Кытайдан — Түлкү. Түлкүдөн – Байтике, Буудай, Бөгөжү.

Байтикеден — Төнтөгөр, Кыйра тукумдары уланат. Төнтөгөрдөн

Шекер. Дүйнөгө Айтматовдун айылы катары таанылган Шекер

айылы ошол улуу адамдын ысымын алып жүрөт. Шекерден —

Кудайназар. Кудайназардан — Кончужок. Кончужоктон —

Кимбилди. Кимбилдиден — Биримкул, Айтмат. Биримкулдан —

Алымкул, Өзүбек, Керимбек. Айтматтан — Төрөкул, Рыскулбек,

Төрөкулдан — Чыңгыз, Ильгиз… Чыңгыздын өз атасы Төрөкулдун

атасы Айтматтын чоң атасы Кончужок келбеттүү, алп денелүү,

келишкен адам болгон экен. Алп денелүү келип, бутуна өтүк чак

келбей, чарык кийип жүргөндүктөн, Кончужок деп аталып,

биротоло Кончужок деп аталып кетиптир. Кончужоктон Кимбилди.

Кимбилди куду жомоктогудай, эки ийнине эки адам отургудай адам

болуптур. Балбаны балбан болгон менен, кокус бирөө-жарымды

катуураак кармап койсом, бир жери сынып же чыгып кетпесин деп,

теңтуштары канча суранса да эр оодарыш, балбан күрөшкө

түшпөптүр.

Кимбилдинин балбандыгы тууралуу эл оозунда айтылып калган

мындай бир аңыз кеп бар. Кимбилди Аксы тарапка соода-сатык

кылып барып, чоң тойдун үстүнөн чыгат. Тойго казактар да атайы

балбанын даярдап келген болот. Эр оодарыш башталганда кыргыз

балбандары казак балбандын дөөдөй кебетесин, буржуйган

булчуңдарын көрүп эле даабай, абдырап туруп калышат. Ат

үстүндө бүркүттөй конуп отурган Кимбилди той ээлеринин баамына

урунуп, “аркалык кыргыздардан окшойт, намыска жарап берер

бекен?” деп, Кимбилдиден оодарышка түшүп, намыс алперүүсүн

суранышат. “Намыс” деген сөздү уккан Кимбилди айласыз макул

болот. Ал мурда-кийин эр оодарышка түшпөсө да, сыр бербей

барып, салт боюнча учурашкандан кийин эле казак балбанын ат

үстүнөн таптак көтөрүп, жерге түшүрүп, аксылык кыргыздардын

намысын алып берет.

Ал өзүнүн күчүнө ишенгендиктен, талаа-түздө жалгыз-жарымдап

жүрчү экен. Бир жолу Маймактан келе жатып, “ат чалдырып алайын”

деген Кимбилди ээрге башын коюп, уктап кетип, бир маалда тамагы

кургап, аба жетишпей баратканынан, ойгонуп кетет да, тиши менен

оозундагы кайыштай немени кырча тиштеп, жерге түкүрүнөт.

Жерге жыландын башы томолонуп түшөт. Өңү, же түшү экенин

түшүнбөй, көзүн ачып-жумган Кимбилди бет алдынан нур жүздүү

карыяны көрөт.

– Балам, билбестик менен жыландардын ордосуна жакын жатып

алган экенсиң. Жыландар кекчил келишет. Сен атыңа мин да,

айылыңа жетип , бала-чакаңды алып, журт которуп, изиңди суут.

Кудай Таалам мени сага тушуктурганын бактың деп бил. Мындан

ары кара чаар кабылан сенин укумтукумуңду колдоп, укум-

тукумуңа өтүп, ырыскы-берекеңе ортоктош болот, — дейт да

тукумуңа өтүп, ырыскы-берекеңе ортоктош болот, — дейт да

көздөн кайым болот. Ошентип, күмүш сакал абышканын айтканын

аткарган Кимбилди бирин-экин малы менен Карабуура капчыгайына

келип туруп калат.

Кимбилди Карабуура капчыгайын мекендеп турганда, ал жерге

календер келген экен. Кимбилди ага сый көргөзүп, үч күн коноктойт.

Кайтаар күнү: “Кимбилди чырагым, сен жыланды караниеттик менен

өлтүрбөдүң. Жылан ордосунун адашкан баласы оозуңа кирип, уйку-

соо чайнап салган экенсиң. Эми журтуңа кайт. Таразда Убайда

деген эшен бар. Ошону алдырып, бир козуну куйкалап бышырып,

жыланды чайнаган жерге алып барып таштап, ак чачкыла, калганын

Убайда бүтүрөт. Силердин урпак эл бийлеген кызматка умтулбасын.

Умтулгандын аягы жаман бүтөт. Уруктукумуңарга илим насип

кылынган. Илимдин артынан түшкөнүңөр бай болосуңар. Силердин

тукумдан жети атаңардын даңкын чыгарган илим менен кудук

казган аалым чыгат. Баланы кудай берет. Насипти да кудай берет.

Мен кайтайын, “Оомин” – деп бата тартып, ак боз атка минип узап

кетет.

Бул окуяны мага боотеректик Курманбек Осмонбеков деген байке

айтып берди эле, өзү болсо 1959-жылы Назарбек чоң атасынан

уккан экен. “Календер айткандын баары жазбай келди го.

Календердин: “илим артынан пайда табасыңар” дегенин эстен

чыгарып, Айтмат уулу Төрөкул бийлик азгырыгына түштү эле, этеги

“элдин душманы” аталып, же сүргүнгө сүрүлгөнү, же атылып

кеткени билинбей дайын-дарексиз кетти го” – деген экен ошондо

Назарбек аксакал шуу үшкүрүп.

Улуу жазуучунун биз сөз кылган бабасы Кимбилди өз заманында

абдан бай, мартабалуу адам болуптур. Колунда бар болгондуктан,

уулдары Биримкул менен Айтматты медреседен окутат. Аны менен

тим болбой, эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат деген элдик

накылды эске алып, ар өнөргө маш кылып өстүрөт. Бири кем дүйнө

демекчи, бирок дүйнөдөн жазмыштын буйругу менен эртерээк өтүп

кетет. Төрөкул Айтматовдун архивден табылган “Кыскача өмүр

баяным” аттуу тарыхый документте: “Менин атамдын атасы

Кимбилди, т.а. менин чоң атам абдан бай болгон дешет. Бирок анын

эки уулу: Биримкул менен Айтмат – атасы эртерээк өтүп кеткенине

байланыштуу ал байлыкты сактай албай калышыптыр. Мен кедей

дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккам”, – деп айтылган жери бар.

Белгилүү дарыгер Оморбай Нарбековдун айтымында, Кимбилдинин

эки уулу комузда кол ойнотуп черте билген, балдарга арналган

тамаша ырларын ырдаган, сөзгө кызып калганда, жамактатып,

бирибири менен айтышып ырдаган ыр жандуу адамдар болушкан.

Чыңгыз Айтматов чоң атасы Айтматтын бычмачылык, тикмечилик,

ээр, комуз чапкан усталык, сөйкө, билерик, чач учтук жасаган

зергерлик, өтүк, маасы ултарган өтүкчүлүк өнөрүн айта келип,

Талас өрөөнүнө: “машинечи Айтмат”, “машинечи аке” атыгып, анан

мурду коңкоюп чоң болгондуктан, келиндери “чоң мурун аке” деп

да тергешкенин эскергени эсибизде.

Азырынча Чыңгыз Айтматовдун ата-бабалары тууралуу биз билген

маалыматтар ушул. Жаңылары табылып калса, сөзсүз улап сөз кылабыз.























Кыргыз болуп жаралып калганым үчүн сыймыктанам. Анткени, кыргыз эли улуу эл. Касиеттүү эл. Ошол үчүн Айтматовдой асыл адам жаралды. Аны далилдеп кереги жок. Кыргыз байыркы эл, баатыр эл, таланттуу эл, кыргыз эли улуу бойдон кала берет.Чынгыз атабыз болсо эл-жеринен түбөлүк кетти, атасынын жанынан “Ата-Бейиттен” түбөлүк орун алды. Менин ойум боюнча 12 – декабрь Чыңгыз Айтматов күнү деп жарыяланып. Республикалык деңгээлде майрамдалышы керектеп ойлойм жана монументалдык эстеликтери “Ата-Бейитке” орнотулса дейм. Дегеним, эл-жерибизге келген меймандар, расмий делегациялар сөзсүз залкар жазуучубуз жаткан жайга барып, зыярат кылары айтпаса да түшүнүктүү. Ошон үчүн Айтматовго айкел тургузсак,аны атка мингизсек кандай болор эле? Жок дегенде эле, Ч.Айтматовго Гүлсаратты жетелетип, ал монументте Айтматовдун каармандары Жамийла менен Даниярдын, дезертир Ысмайыл менен жубайы Сейденин, Танабай менен Бүбүжандын, Эмрайн менен Мылтундун, же энесине жаа кезеген Дөнөнбай маңкурттун элестери бюст-барельеф түрүндө болсо да жасалса деп ойлойм. Мына ошондо бул монументти көргөн адам Айтматовдун дүйнөсүнөкайрадан бир кайрылып келгендей болот. Мындай монумент Айтматовдун чыгармаларындай кылым карытат деген ойдомун. Экинчиден, Ч.Айтматовдун китептери дүйнөнүн көп тилдерине которулду дейбиз. Анда жазуучунун дүйнөнүн тилдерине которулган китептеринин музейин уюштуруу зарыл. Муну Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда, улуттук китепканада, улуттук тарых музейинде, Ата-Бейиттеги музейде, же Таластагы Айтматов борборунда уюштурсак да болот. Ошондой эле Айтматовдун кол башындай бюстун чыгарып, чет элдик туристтерге, мамлекеттик делегацияларга сый иретинде, белек иретинде берсек жарашмак. Мындан тышкары, өлкөнүн бардык китепканаларында Ч.Айтматовдун томдуктары сөзсүз түрдө болушу керек деп эсептейм.



Колдонулган адабияттар



  1. Чыңгыз Айтматов. Сүйөркул Тургунбаев “Биз дүйнөнөнү жаңыртабыз, дүйнөнө бизди жаңыртат” “Кыргызстан” басмасы 1988. 185 – бет.



  1. “Кыргыз Туусу”газетасы №88 2018 жыл 20 ноябрь 11 – бет.



  1. “Дил” газетасы №17 – 18 2018 – ж .1 – бет.



  1. “кыргыз Туусу” газетасы 2019 – жыл 16 декабрь.



  1. “Мугалимдер дүйнөсү” газетасы 2018 – жыл №09 11 – бет.












































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!