Жакындан бери жаңы атеисттер деп аталгандардын көз карашы түшүндүрүлгөн китептер кеңири жайылууда. Ал китептер көптөрдү кызыктырып, далай талаш-тартышты, талкууну жаратып келет. Буга байланыштуу нейробиолог Д. Иглмен: «Кээ бир окурмандар... окумуштуулар баарын билет деп ойлошот»,— деп жазган. Анан: «Бирок чыныгы илим дайыма кеңири көз карашта жана калыс болот, ошондуктан илимдин тарыхы күтүлбөгөн ачылыштарга толгон»,— деп кошумчалаган.
Телескоп колдонуп жаткан астроном
Кылымдар бою не бир таланттуу окумуштуулар табиятка байланышкан баш катырган суроолорго жооп издеп жатып таң калтырарлык ачылыштарды жасашкан. Анткен менен катуу жаңылгандар да болгон. Мисалга улуу окумуштуулардын бири Исаак Ньютонду алалы. Ал гравитациялык күчтүн ааламдагы планеталарды, жылдыздарды жана галактикаларды кандайча бириктирип турарын түшүндүргөн. Ошондой эле учурда компьютерди долбоорлоодо, космоско саякат жасоодо, ядролук физикада колдонулган жана математиканын бир тармагы болуп саналган эсептөөнүн түрүн негиздеген. Бирок ошол эле учурда ал коргошунду жана башка металлдарды алтынга айландыруу максатында астрология жана сыйкырдуу формулалар колдонулган жалган илимдин түрү менен, алхимия менен, иришкен.
Ньютондон 1 500 жылдан ашуун убакыт мурун жашаган грек астроному Птолемей асманды эч кандай шайманы жок изилдеген. Ал түнкү асманга байкоо салып, планеталардын кыймылын аныктаган, ошондой эле мыкты картограф (карта түзүүчү) болгон, бирок Жер планетасын ааламдын борбору деп ишенген. Карл Сэйгэн деген астрофизик Птолемей жөнүндө: «Анын Жер планетасы ааламдын борборунда жайгашкан деген 1 500 жылдай убакыт бою таасирин жоготпогон көз карашы адамдын акыл жөндөмдүүлүгү анын катуу жаңылбай турганына кепил боло албасын эсибизге салып турат»,— деп жазган.