СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ааламдашуу доорунда кыргыз дөөлөттөрүн сактап калуунун айрым маселелери

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ааламдашуу доорунда кыргыз дөөлөттөрүн сактап калуунун айрым маселелери»

ААЛАМДАШУУ ДООРУНДА КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУТТУК ДӨӨЛӨТТӨРҮН САКТООНУН АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕРИ

Бекболотова Алтынай – студент, ОшМУ

E- mail: bekbolotovaaltynai@icloud.com

Айбашова Тазагул Матраимовна- п.и.к., окутуучу

E- mail: tazagul.aibashova1970@mail.ru

Ош мамлекеттик университети

Ош, Кыргыз Республикасы


Аннотация: Макалада улуттун уңгужолунун мазмунундагы актуалдуу маселелер козголуп, ааламдашуу алкагынан артта калбай канткенде мамлекет катары улуттук баалуулуктарды сактап кала алабыз, жаш муундардын келечегин бекемдеп, улуттук нарк менен тарбиялоонун жолдорун табууга болот деген көйгөйдүн чечилишине саресеп салынды. Көйгөйдү чечүүнун бир канча этнопедагогикалык ыкмалары сунушталды. Ушул теманын негизинде долбоор жазуу иши тууралуу пикирлер айтылды.

Ачкыч сөздөр: дөөлөт, баалуулук, мурас, нарк-насил, шамдагай, Z муун, чынчыл.


НЕКОТОРЫЕ ВОПРОСЫ СОХРАНЕНИЯ НАЦИОНАЛЬНЫХ ГОСУДАРСТВ КЫРГЫЗСКОГО НАРОДА В ЭПОХУ ГЛОБАЛИЗАЦИИ


Бекболотова Алтынай – студентка

Ошского государственного университета

Электронная почта: bekbolotovaaltynai@icloud.com

Айбашова Тазагуль Матраимовна – к.п.н., преподаватель

Электронная почта: tazagul.aibashova1970@mail.ru.

Ошский государственный университет

Ош, Кыргызская Республика


Аннотация: В статье поднимаются актуальные вопросы содержания национального пути, рассматривается решение проблемы сохранения национальных ценностей, укрепления будущего подрастающего поколения и поиска путей их воспитания на национальных ценностях, не отставая при этом от глобализационных рамок. Предлагается несколько этнопедагогических методов решения проблемы. Высказываются мнения о работе по написанию проекта на эту тему.

Ключевые слова: государство, ценность, наследие, ценностное поколение, шамдагай, поколение Z, честный.



SOME ISSUES OF PRESERVING THE NATIONAL STATES OF THE KYRGYZ PEOPLE IN THE ERA OF GLOBALIZATION


Bekbolotova Altynay – student of Osh State University

Email: bekbolotovaaltynai@icloud.com

Aibashova Tazagul Matraimovna –candidate of pedagogical sciences, teacher Email: tazagul.aibashova1970@mail.ru.

Osh State University

Osh, Kyrgyz Republic


Abstract: This article addresses current issues concerning the content of the national path, exploring solutions to the problem of preserving national values, strengthening the future generation, and finding ways to educate them in national values ​​while remaining in line with globalization. Several ethnopedagogical approaches to addressing this issue are proposed. Opinions on the work to develop a project on this topic are expressed.

Keywords: state, value, heritage, value-based generation, shamdagai, Generation Z, honest.


Доор өтөт, заман өзгөрөт, муун жаңыланат, жашоонун мыйзам ченеми – ошол. Бүгүн – жашоо, кечээки – тарых, эртеңки – келечек. Доор жаңыланып, адамзат жашоосу нечендеген оош-кыйыш тагдырдын тарыхын баштан кечирип, бирде толуп, бирде кемип, ошондо дагы тарыхын жоготпой, тагдырына каниет кылып, XXI кылымдын биринчи чейрегинде жашоо кечирип турат. Учурда аалам – жаңы, убакыт – өктөм, көз караш – башка. Бул жаңылануу илимий технологиянын өнүгүшүнүн натыйжасында санарип доору өкүм сүрүп, дүйнө жүзүн бир желеге тутумдаштырып, ааламдашуу процессинин шарданы менен түшүндүрүлөт. Илим менен техниканын өнүгүшү коомго таасир этет, адамзаттын ой-кыялын өстүрөт, адамзат жашоосун өзгөртөт. Жаңы муун замандын талабы менен мурункудан айырмаланат, бирок улуттук көз караштагы өнүгүү өз нугунда болуусу, тарыхын унутпай, улуттук баалуулуктарды барктап, келечек муундарга калтыруу – чыныгы атуулдук вазийпа.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу программасы кабыл алынган. Анда: “Тарыхтын белгилүү бир учурларында мамлекеттүүлүгүнөн жазма маданиятынан ажырап калса да, кыргыз эли өзүнүн ички биримдигин, башка элдер менен болгон ырашкерлигин өксүткөн эмес, дүйнөтааным тажрыйбаларын байытып отуруп, жалпы адамзаттык маанидеги оозеки көркөм мурастардын эң бай казынасын жараткан. Кыргыз Республикасы тарыхтын акыркы он жылдыктарында кылымдап тутунуп келген уңгужолдон саамга четтей түштү. Ушундан улам өлкөдө береке качып, ырыскы бөксөрдү, адамдардын ой-санаасына бүлүк түштү, бийликке, мамлекетке, келечекке болгон ишеним азайды», - деп белгилейт.[3] Бул көйгөй - жалпы кыргыз атуулун түйшөлтүп, жаңыча кадам таштоого чакырат.

Ааламдашуу доорунда кыргыздын улуттук дөөлөттөрүн кантип сактап калсак болот? Коомдо жашап, коомдон сырткары болууга мүмкүн эмес. Илимий технологиянын доору, интернет заманы, санариптешүү мезгилинде ааламдашуудан сыртта, өлкөбүздүн экономикалык, маданий, материалдык базасын толуктабай, өзгөрүү киргизбей улуттук дөөлөттөрүбүздү сактап калабыз деш - түркөйлүк. Себеби өлкөбүздү ар тараптан өнүктүрүү үчүн мезгилден артта калбай жаңыланышыбыз керек, дүйнөдөгү ири мамлекеттер менен өнүгүүнүн жолуна түшүп, тең ата аатаандашыбыз зарыл. Ал үчүн көөдөндө улуттук дем, көкүрөктө атуулудук ар-намыс сакталып, билим алуунун заманбап ыкмасы менен улуттук көз караштын багытын жуурулуштура түздөп, ойлогонубуз космос болсо дагы оюбуздан эл тарыхын, менталлитетин, улуттук баалуулуктарды, дөөлөттөрдү сактап, муунга өткөруп берүү вазийпасын сактоону милдетим деп эсептешибиз зарыл. Ошондуктан кыргыздын улуттук байлыгын заманбап түрүн таап, ааламдашуу менен биргеликте сактап калууга аракет кылалы.

Техника өнүгүп, чөнтөк телефондор көбөйгөн заманда, 2000-жылдан кийин төрөлүшкөн балдар Z муун делет. Бул муун интернет айдыңына: көп маалымат, жашоону жеңилдетүү, чексиз ылдамдык сапаттары баары аталган муунга туш келип, аз убакытта көп ишти жасай турган сапатка ээ. Бул муунду психологдор эч нерсеге байланбаган ("эл эмне дейт?"), көп нерседен коркушпаган, ошол эле учурда байлана турган баалуулуктары да жок, өзүнүн мендигин изилдеген эркин, акылдуу муун деп белгилешет. Максаттары – дүйнө элине кызмат кылуу, жаңы нерселерди ачуу, илим-билим алуу, дүйнө кезүү. Сөзсүз үй-бүлө куруш керек деген түшүнүктөр да жок. Төрөлгөндөн эле өздөрү эмне каалаганын билген жана чынчыл муун. Z муундун өкүлдөрүн бир нерсеге мажбурлоо туура эмес. Алар кайсы учурда эмне керек экенин өздөрү биле алгандар [4].

Z муунга, коомубуздун негизи болгон жаштарга, руханий мурасыбызды, улуттук баалуулуктарды, эл тарыхын, тилибизди улуттук уңгужолдун негизинде кандай ыкмаларын кармануу менен таанытуубуз керек:

  • Үй-бүлөлүк тарбиянын элдик педагогиканын заманбап үлгүлөрү менен берилиши;

  • Бакчадан баштап улуттук нарк, адеп-ахлак нормаларына этнопедагогиканын негизинде көнүктүрүү;

  • Мектептен кыргыз тилин, адабий чыгармалардын өзөгүн, салт-санаасын чыныгы жашоонун мисалында терең үйрөтүү;

Акыркы жылдары социалдык тармактар бардык курактагы колдонуучулар үчүн маалымат алмашуунун жана маданий баалуулуктарды жайылтуунун борбордук аянтчасына айланды. Бирок бул платформаларда көбүнчө чет элдик маданияттын мазмуну үстөмдүк кылып, өспүрүмдөрдүн дүйнө таанымына түздөн-түз таасир этүүдө. Мисалы, азыр көпчүлүк өспүрүм курактагылар корей сериалдарын көрүп, ошолордун жашоо стилин кумир тутуп, кийинүү стилине, жашоо шартына, маданиятына, жашоо нормаларына билинбей тартыла башташты.

Учурда бала тарбиялоонун ыкмалары өзгөрдү, балдар тили чыга элек туруп башка тилдеги мултьфильмдерди көрүп, тили эне тилинде чыкпай, кыргызча ойлоно албай, улуттук психологиянын айырмачылыгын сиңире албай, жан дүйнөнүн жардылыгы чектеп койду, дүйнө таанымы улуттук көз карашта калыптанбай, улуттук менталитети, калыбына келтире албай жатышат [2].

Өзүбүз кыргыз тилинде жаш балдарга арнап элибиздин улуттук дөөлөт- баалуулуктарын, нарк-насилин, тарыхый мурасын чагылдырган чыгармалардын негизинде кино тасмаларды, кыскача видеолорду тартып, коомчулукка сунуштасак, балдар жаштайынан улуттук нарк менен тарбияланмак. Азыр жеке кызыкчылыгын көздөп, өзүнүн жеке статистикасы (бизнеси) үчүн башка улут-мамлекеттердин жеңил-желпи, адамды азгырган оюн, тасма, роликтерди жаратып, жаштардын акылын мокотуп, ойлоосун чектеп жатат. Бул көрүнүш коомдогу маданий жоопкерчиликтин төмөндөшүн шарттап жатат.

Кыргыз этномаданий мурасынын негизги компоненттеринин бири катары белгиленген оймо-чиймелерди заманбап бренддик кийимдердин дизайнына интеграциялоо улуттук нукуралуулукту популярдаштыруунун бири болуп саналат. Бул ыкма оймо-чиймелерди жаңы стиль менен айкалыштырып, кыргыз маданиятын заманбап көрүнүштө элге сунуштоого жардам берет. Улуттук элементтерди кийим дизайнында колдонуу жаштардын кызыгуусун арттырып, кыргыз маданиятынын баалуулугун көпчүлүккө жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мисалы, 2023-2024-жылдары оймо түшүрүлгөн атайын чапандар, корсет-кемселдер жаш-карынын баарын өзүнө тарта алды, муну менен бирге кыргыздын улуттук мурастарынын бири кайра калыбына келүүсү жолго коюлду.

Кыргыздын улуттук тамактары - элдин тарыхый мурасы. Дасторконго коюлган ар бир тамак кыргыз элинин жашоо образы, тарыхы жана салттуу түшүнүктөрү, тагдыры менен тыгыз байланышкан. Маданий мурастын сакталышы, кийинки муундарга туура жетиши жана кыргыз элинин өзгөчөлүгүн кеңири таанытуу үчүн алгач кыргыз ашканасынын табыйгыйлыгын, дарылык касиетин, тоюмдуулугун, пайдалуулугун элге туура жайылтуу шарт. Кыргыз улуттук тамактарын даңазалоодо:

  1. Тамактардын салттуу даамын сактоо (рецепттерин өзгөртпөө);

  2. Таза, табыйгый азыктардан даярдоо;

3. ”Улуттук тамактар” күнүн өткөрүү, жарманкелерде кыргыз даамдарын сунуштоо;

4. Туризм аркылуу кыргыз ашканасын дүйнөгө таанытуу (туристтерге улуттук тамактарды сунуштап, алардын маанисин түшүндүрүү) ;

5 .Китеп, журнал жана сайттар, соцтармактар аркылуу жайылтуу;

Кыргыз улуттук оюндары - турмушта көңүл ачууга гана эмес, өспүрүмдөргө туура тарбия берүүгө, физикалык жана акыл-эс көндүмдөрүн туура өнүктүрүүгө, улуттук психологияны, менталитетти, баалуулуктарды үйрөтүүгө багытталган негизги ыкма. Алсак, тогуз коргоол - бул эки адам ойногон логикалык жана стратегиялык оюн, кыргыз шахматы. Ал балдардын ой жүгүртүү, эсептөө, чыдамкайлык жана көрөгөчтүк жөндөмүн өнүктүрөт. Кыргыз эли илгертеден бул оюнду эр балдарды акылга, тактыкка жана сабырдуулукка үйрөтүү үчүн колдонуп келген/

Ордо оюнунда катышуучулар сака (томпой-музоонун ашыгы) колдонуп, белгиленген тегеректин борборундагы чүкөлөрдү атып, ордо чийининен чыгарууга аракет кылышат. Оюн тактыкты, шамдагайлыкты, туура багыттону жана кыймыл кординациясын өнүктүрөт;

Ал эми көк бөрү - ат үстүндө ойноочу улуттук оюн. Командалар улакты талашып-тартышуу үчүн атаандашып, аны атаандаштардын тайказанына таштоого аракет кылышат. Оюн күчтү, ыкчамдыкты, чыдамкайлык, туруктуулукту жана стратегиялык ой-жүгүртүүнү талап кылат жана өнүктүрөт [1].

Биз ушул сыяктуу улуттук оюндарыбызды өркүндөтүп, жаш муунубузга жеткирсек, жаштар намыстуу, эр жүрөк, мекенчил болуп өсүп, улутубуздун маданий дөөлөтүнүн уңгусу сакталат, улуттун келечеги бекемделет.

Демек, майрамдарда, аш-тойлордо, оюн-зоок кечелеринде, фестивалдарда улуттук оюндарды уюштуруп, жаштардын аң-сезимин ойготуп, канын кызытып, ааламдашуунун айры жолунда турган жаштарга оң багыт көрсөтсөк, элибиздин келечеги кеңейип, улутубуздун улуулугу сакталып, дени сак, намысы бийик, акылы тунук жаштар өсүп, мамлекетибиздин эртеңине ишенич артмак. Ар бир кыргыз атуулу колдон келген баалуулуктарды жайылтууга салым кошуп отурса, улутубуздун тарыхый мурастары муундан-муунга өтүп, ааламдашуу алкагында улут улут бойдон өз менталитетин, колоритин сактамак. Эл, улут үчүн, анын ар бир жараны үчүн нарктан өткөн улуу мурас жок. Наркты сактоо бул артка кайтуу эмес, өздүгүбүздү таануу.



Адабияттар

  1. Каразакова З. Улуттук дөөлөттөр. – Ош, 2011. 1-2-китеп.

  2. Касмамбетов С. Ой санат, Жол санат, Нарк куржун – Б.: 2023.



Интернет булактары

  1. https://cbd.minjust.gov.kg/18-11/edition/23328/kg

  2. super.kgмаалымат-маанайшатпорталы https://www.super.kg/article/show/57599