СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ааламдын алпы-Ч.Т Айтматов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Улуу жазуучу Ч.Т Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына  арналып жазылган эскерүү дил баян....

Просмотр содержимого документа
«Ааламдын алпы-Ч.Т Айтматов»



Ааламдын алпы-Ч.Т. Айтматов



Айтматов ким эле? Ал кыргыздан чыккан шер эле

Кыргыз элин тааныткан, жазуучу жана эр эле

Чыгарманы мол жазып, теңеле алат ким эле

Өзү тирүү болгондо, балким, азыр башкача болмок беле?!

Мына ушул төрт сап ыр менен өздил баянымды баштагым келди.

Залкарыбыз бир эле Кыргызстанга эмес, бүтүндөй жер жүзүнө таанымал эле. Дал ушул адамдын артына кыргыз эли башка өлкөлөргө таанылды. Анын чыгырмалары менен биздин, кыргыз элинин аты чыкты.

Дүйнөдө эки Чыңгыз бар. Бири дүйнөнү кылыч менен багындырса , бири калем менен багындырган . Кылыч менен багындырган Чыңгыз да ак булуту менен элдин эсинде. Ал эми калем менен багындырган Айтматов өзү өлсө да, сөзү өлбөдү, чыгармасы оргуштап дүйнө элине башбага берди . эх, анын чыгармалары өзүнчө бир дастан . Көркөмдүүлүгүн айтып бүтө албайсын , ал эми аягы табышмактуубүтүшү канчалаган адамды ойго салып , санаасын санга бөлөт. Мыны ушул генийдин быйыл 90 жылдыгы , ал эми 12-декабрь аны эскерүү күнү катары кабыл алып, концерттик программа менен коштолду. Ар облус,ал эле эмес башка мамлекеттерде эскерүү күнү өткөрүлдү. Эми кандай гана жакшы сөздөр айтылды , кандай гана чыгармаларындагы каармандарына жан кирип, өз ойлорун айтышты.Эми кеп нугун ушул адамдын алпынын өмүр баяны, аны баскан жолуна бурсак.Ал 1928-жылы Талас облусунун Шекер айылынын Күркүрөө суусунун боюнда жарык дүйнөгө келген .Атасы Төрөкул , Апасы Нагима мыны ушул эки асыл адам Чыңгыз Айтматовдун ардактуу ата-энелери. Айрыкча апасы Нагима баласынын жаркын келечеги үчүн жан үрөгөн. Ал эми атасы ак жеринен атылып кетти. Айла канча “ ойлогон ойду кыстаган турмуш” жеңди да. Айтматов атанын тарбиясын көрө албады. Бироу “энелүү жетим эрке жетим,атасыз жетим арсыз жетим”-деген сөз бекеринен айтылбаса керек . Себеби апасы, апанын ордун да , атанын ордун тең ала жүрдү. Айтматовдун чыгарманы жазып калышына, деги эле жазуучу болушуна анын чоң энеси Айымкандын да эмгеги зор. Себеби анын жомоктору Чыңгызга түрткү болду десем жаңылышпайм. Жазуучунун балалык чагы согуш маалына туура келген эле, ал үчүн ал жылдар асманын кара булут каптагандай эле . Маселең , ал согуш учурунда катчы болуп эмгектенген . Ал үчүн катты окуу өзүнчө бир оор түйшүк эле.... Ал жылдардагы өтүп, Чыңгыздын көчөсүндө дагы майрам болду. Эл мурункудай ар кимиси өз иши менен алек.Ушул Чыңгыздын өмүр баянын окуп жатканда мен дайыма ойго чөмүлөм. Мени түйшөлткөн суроо Чыңгыздын чыгармасындагы каармандарынын көпчүлүгү өз сүйгөндөрүнө жете албай калат же “ чыныгы сүйүшкөндөр бир боло алышпайт” деген эл сөзүнө таянып жазганбы ? Мүмкүн ал өз сүйгөнү Бүбүсара Бейшеналиевага жете албаганына өмүр бою өкүттө өткөнбү?! Анткени , ал сүйгөнүнө жете албай, чыгармада да өз тагдырын чагылдыргандай . Эх ушул суроолорума жооп таба алсам гана...

Аалам алпы чыгарманы жазып эле койбостон өзүнүн ойлорун , барак бетине түшүргөн .Ал ойлору азыркы заманга төп келип “ Айтматовдун асыл ойлоруна” айланды . Төмөндөгү асыл ойлор анын калеминен жаралган:

“Адамга эң кыйыны-күн сайын адам болуу»

“Дүйнөнү биз өзгөрттүк . Дүйнө бизди өзгөрттү”

“Дос кыйынчылыкта билинет дешет,

Менимче, бактылуу кезиңде да билинет”.

“Сени тааныгандар жашап жатканда , сен тирүүсүң”

“Сүйүүдөн аалам жаралган.Сүйүүнүн өзү түбөлүк”.

“ Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз”

“Миңдеген адамдардын арасында да сен жалгызсың, жалгыз өзүң калганда да жалгызсың”....

“Кандай гана кыямат шартта калбасын, кандай гана айласыз кырдаалга туш келбесин, ал өзүнүн адамдык бийик наамын сактоого тийиш ал ошон үчүн адам”.

Мына мен Айтматовдун асыл ойлорун эң акыркы адамдык сапатжөнүндөгү оюу менен аяктагым келди.

12-декабрда аалам алпы төрөлсө, акындык акыны, ырларга жакын болгон Алыкул Осмонов бул дүйнө менен кош айтышты . Бул жерде кандайдыр бир байланыш бар.Алыкул Осмонов каза тапса , анын ордун басчу Айтматов бар эле. Бир кыраан каза тапса, анын ордуна чыгаан жаралды .Ошол чыгаанга мен өз калемим менен ыр арнагым келди.

Чыңгыз Айтматов

Айтматовдой аалам алпы дүйнөдө,

Жаралбастыр эл ичинде күнүгө.

Аныкындай укмуш , түрдүү чыгарма,

Ким жаза алат көркөм кылып күнүнө.

Көп чыгарма жазылды көркөмдөлүп

Аны жүрдү алпыбыз көкөлөтүп

Каармандарга өмүр берип , жан киргизди

Жүрөктөгү сүйүүсүн көкөлөтүп

Бири сүйдү, бири күйдү чыгармада

Бири кетти жетелешип алыстарга

Кээ бирөөсү жетпей ошол бактысына

Моюн сунуп кала берди тагдырына

Султаны Мырзагүлдү көрө албады

Толгонай сырын эч айта албады

Кайман эне баласын тапкан кезде

Ойлогон оюн турмуш жеңип алды

Чыгармасы өзгөчө бир башкача

Ой түбүнө жете албайсың кассаң да

Көркөмдөөгө жумшаган ал бар күчүн

Аягы табышмактуу биз үчүн

Көптөгөн чыгарманы жазды Чыңгыз

Аны менен сыймыктанат дайым кыргыз

Убагында “Ленин” сыйлык алып жүргөн

90 го чыкмак эле сыймыгыбыз.

Мына ушундай саптар менен мен кыргыз элинин жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы үчүн эскерүү !....




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!