№ 21 Н.Исанов атындагы орто мектеби 6 а-класс
Кыргыз адабият сабагы
Мугалим: Абдикадырова Айзада
Сабактын темасы:А.Токомбаев.Күүнүн сыры
Негизги компетенттүүлүктөр
Сабактын тиби: Аралаш
1Маалыматтык:
Колдонуу ыкмалары:Айтып берүү,түшүндүрүү,
2 Социалдык-коммуникативдик:
талкулоо,аңгемелешүү,суроо жооп ж.б
3 Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү:
Керектелүүчү каражаттар:Темага байланыштуу таркатмалар,карточкалар,сүрөттөр ж.б
Предмет аралык байланыш:
Сабактын максатттары
1Билим берүүчүлүк: А.Токомбаевдин
Көрсөткүчтөр
«Күүнүн сыры»чыгармасы менен таанышышат.
Чыгарма аркылуу кыргыз элинин байыркы жашоосу, мейман достугу жөнүндө билип алышат.
А,Токомбаевдин «Күүнүн сыры» чыгармасы менен тааанышса .
2 Өнүктүрүүчүлүк:
Чыгарма аркылуу кыргыз элининбайыркы жашоосу,мейман достугу жөнүндө билип алышса.
Ой жугуртүүсү,аң-сезими, кабыл алуусу калыптанат.
Ой жугуртүүсү,аң –сезими, кабыл алуусу калыптанат.Уккандарын өз турмушунда колдоно билет.Топто иштөөдө өз сөзүн эркин айтуу менен башкаларды кунт коюп уга алат.
Уккандарын өз турмушунда колдоно билсе.Топто иштөөдө өз сөзүн эркин айтуу менен башкаларды кунт коюп уга алса
3Тарбиялык:
Окуучулар камкордуулукка,эр жүрөктүүлүккө,
Окуучулар камкордуулукка,эр жүрөктүүлүккө,акылдуулукка, билимдүү болууга, жолдоштору менен туура мамиледе болууга тарбияланышат.
Акылдуулукка, билимдүү болууга, жолдоштору менен туура мамиледе болууга тарбияланышса.
Сабактын жүрүшү
Сабактын этаптары
убактысы
1 Уюштуруу
Мугалимдин ишмердуулуугу
3-минут
Окуучунун ишмердуулугу
Сабактын темасын, максатын айтат жана түшүндүрөт.
Компетенттүүлүгу Баалоо
Окуучулар сабактын темасын. Максатын угат жана түшүнүшөт.
Калыптандыруу
Ө тулгөн темаларды кайталоо
3-5минут
Мугалим окуучуларга өтулгөн темалар боюнча суроо берүү менен кыскача аңгеме жүргүзөт
Окуучулар берилген суроолорго жооп берүү менен өздөрү билгендерин ортого салышат.
Аалы Токомбаев өмүрү чыгармачылыгы
Жаңы тема: 5-7минут
- Аалы Токомбаев (1904-1988-ж.ж)
- Аалы Токомбаев (Балка) 1904-жылы Чүй өрөөнүндөгү Кемин районуна караштуу Кайыңды айылында туулган. Расмий документтерде туулган күнү 7-ноябрь аталып жүрөт. Чынында, жазуучу өз эскерүүлөрүндө жаңы совет доорунун башталышын билдирген бул Октябрь революциясынын күнүн өзүнүн жаңы жашоосунун башталыш белгиси катары туулган күн деп белгилеп алган.
- Аалынын энеси Уулбала сөзмөр, элдик оозеки чыгармаларын, уламыш-жомокторду, кошок-армандарды өтө жакшы айта билген аял болгон. Аалынын адабиятка болгон шыгы дал ошол энесинин айтып берген тγркγн жомок-ырларынын таасири менен калыптанган.
- Жазуучу өзүнүн "Автобиографиялык фрагментинде" энеси жөнүндө мындай эскергени бар: "Кычыраган кыштын узун, суук тγндөрγндө балдардын ортосуна олтуруп алып, жай-баракат гана ушул сыяктуу эчен тγркγн кошок, эчен тγркγн укмуш жомокторду айтуучу. Табышмак, жаңылмачтарды, кыз оюндарда ырдала турган элдик ырларды өзү чыгарып айтар эле".
Чыңгыз Айтматов менен Аалы Токомбаев
«Күүнүн сыры» аңгемеси жөнүндө
- Аалы Токомбаевдин «Күүнүн сыры» аттуу аңгемеси элдик жомоктордун,элдик уламыштардын негизинде жазылган.Аңгеме- кандайдыр бир муңдуу күүгө жана анын тарыхына байланыштуу берилген. Ал эми күүнүн мазмуну өткөндөгү кыргыз элинин кайгылуу турмушунан кабар берет.
- Чыгарманын каармандарынын,айталык «баатырдын» да, кыздын да, ал тургай ушул уламаны эн сонун чеберчилик менен айтып жаткан карыянын да аты аталбайт.Комуздун күүсүн эртели-кеч эрмек кылган абышканын-Зарлыктын гана «бир жолу» аталып көрсөтүлөт.Демек,күүнүн тарыхы-Зарлыктын тарыхы.Күүнүн мазмуну-Зарлыктын ички муңу, ички зары.Анткени чыгармадагы ар кандай татаал окуялар Зарлыктын өмүр жолуна байланыштуу көрсөтүлгөн.
Эзүүчү таптын өкүлдөрү нечен кылымдар бою кедейлерди өтө жакырчылыкта кармап, аеосуз эзип келишкен.Аларды буюм, мал катары колдонушкан. Бул бизге тарыхтан да, элдик оозеки чыгармалардан да белгилүү.Маселен, Зарлыктын балалык чагы, башынан өткөргөн окуялары өтө кайгылуу. Ал кедейдин зарыгып жүрүп көргөн жалгыз баласы.Аны туулуп өскөн өз айылынан, ата-энесинен ажыратып,кызыл буурул күлүк ат, ак чагыр мылтык үчүн, башкача айтканда, алардын куну үчүн башка айылга алып келип таштады.Ушинтип,бай- манаптар кедей –кембагалдарды кул, күң катары жумшап, алардын күч эмгегинен өз эркинче пайдаланышкан.Ошол теңсиз замандагы чектен чыккан ала көөдөк зөөкүрлөрдү жазуучу «баатырдын» образы аркылуу ашкерелеп,аны сынга алып мыскылдап көрсөтөт. Анын наадандыгы жана зулумдугу кызга жана жаш бала Зарлыкка жасаган мамилесинен эле белгилүү. «Баатыр» болсо кыз менен жекеме –жеке беттешүүдө жеңилет Ошондой эле кыздын образы дагы айкыныраак көрүнөт. Ал- байдын кызы. Кыз алгачкы ирет ата салтын колдоп, эски адат, салтка, кара күчкө каршы күрөшкө аттанды. Зарлык менен бирге эркин жашооого умтулду. Ал- акылдуу, кайраттуу, убадага бекем жана эң сонун сяпкер кыз. Ангеме так ушул журттан башталат, анан ушул журттан бутөт, балам,- деп карыя сөзүн созду. Жайлоонун толгон кези, так ушул убак эле. Дайыма кулундарды агыткан кезде жылкыны булакка чейин өзүм айдап барчу элем. Айым мингеним өзүмдүн жайдак кер кунаным болор эле.
Жараланган журөк повести
Мезгил учат повести
Аалы Токомбаевдин сыйлыктары
Мугалим.А токомбаевдин өмүр баяны, чыгармачылыгы менен тааныштырат.
«Күүнүн сыры» чыгармасын ролдоштуруп окушат.
А.Токомбаевдин «Күүнүн сыры»чыгармасы менен таанышышат.
Суроо берүү менен аңгеме жүргүзөт.
Чыгарма аркылуу кыргыз элинин байыркы жашоосу,мейман достугу жөнундө билим алышат.
Топтоо иштөөгө тапшырма берет.
Жаңы сөздөрдүн маанисин чечмелешет.
Сөздүк ишин жүргүзүп,жаңы сөздөрдун маанисин тушундурөт.
Топто иштөөдө ынтымактуулукка
Тарбиялайт.
Талкулоо учун суроолор
10-минут
Аалы Токомбаевдин кыргыз адабиятындагы орду кандай?
1
2
Окуучулар суроолорго жооп берүү менен талкуу жүргүзүшөт.
Карыяны ким туулуп –өскөн жеринен башка айылга алып
3
Кыз Зарлыкка кандай кеңештерди берди?
келип таштады?
Кызды кууп жеткенден кийин баатыр ага эмне деп каарданды?Кыз ага эмне деп эскертти?Акыры баатыр эмне болду?
4
«Түлкү качырган бүркүттүн дуусундай добуш гана угулат»
деген сөздөрдү кандай түшүнүүгө
Болот?
5
Аңгемени угуп отургандар кыз менен Зарлыкты кандай
6
Баалашты?Айрыкча,кыздын эрдиги, чечкиндуулугу эмнеден байкалды?
Сабакты жыйынтыктоо
5-минут
-Кайсы чыгармалары силерге тааныш?
Окуучулар суроолорго жооп берүү
-Жолоочу айылга кантип келип калды?
менен бири-бирине суроо беришет.Аңгеме жүргүзүшөт.
-Кандай шартта келди?
-Карыя эмне үчүн күүсүн кайра –кайра чертет?
-Кыргыз эли чоочун кишилерге кандай мамиле жасашкан?
-Силерге чоочун киши келсе биринчи эмне дейсиңер?
-Карыя аңгемени эмнеден баштады?
-Зарлыкты ким туткундады? Эмне себептен?
Уйгө тапшырма берүү
3-мин
«Баатыр кыздын образы» деген темада дил баян жазып,
Окуучулар дил баян жазып келишет
талкуу уюштургула.