Тема: Аба ырайы
Сабактын максаты: Аба ырайы,аба ырайынын өзгөрүшүнүн себептери,аба ырайынын негизги белгилери,белгилерди аныктоочу приборлор,жандуу жана жансыз барометрлер жөнүндө түшүнүк берүү.
Окуучуларды аба ырайына байкоо жүргүзүүгө үйрөтүү,жыйынтык чыгарууга,талдоо жүргүзүүгө,салыштырууга,жалпылоого көнүктүруу.
Табият менен таттуу мамиледе болууга тарбиялоо.
Сабактын жабдылышы: проектор,слайд,сүрөттөр,плакаттар,таблица.
Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү.
Сабактын методу :Интерактивдуу метод
Сабактын журушу: а)уюштуруу
б)жагымдуу маанай
Саламатсынарбы окуучулар ? Анда эмесе сабак башталардын алдында журоктон журокко каалоо айтабыз.Бирок соз менен эмес каш кабак менен билдиребиз .
Сабактын планы; 1) Аба ырайы деген эмне?
2)Аба ырайынын өзгөрүшүнүн негизги себептери.
3) Жандуу жана жансыз барометрлерди аныктоо.
Мугалимдин созу:Бугун биз байкоочулар,төмөндөгү үч суроонун үстүндө иштеп,Кыргызстандын эң бийик Жениш чокусун багындырабыз.Анда эмесе эки топко болунобуз.
В)Жаны теманы тушундуруу:
1) Аба-ырайы
Биз каш кабагыбызды озгорткондой эле аба-ырайы да озгоруп турат.Аба-ырайынын негизги белгилери температура,нымдуулук,атмосфералык басым буларды аба-ырайын муноздоочу элементтер дейбиз.Алардын абалына бири-бири менен айкалышына жараша тропосферада шамал,булуттар пайда болуп,жаан-чачын жаайт.Тропосферанын төмөнку катмарынын абалы аба-ырайы деп аталат.
Аба ырайын мүнөздөөчү элементтер:
Багыт
Басым
аба
Нымдуулук.
температура
Анда эмесе балдар “Мен билем” чокусуна чыгып ,таблица толтурабыз да ,андан ары жолубузду улайлы.
| Прибор | Сүрөтү | Аткарган функцисы. |
| Барометр | | |
| Гигрометр | | |
| Флюгер | | |
| Термометр | | |
2) Аба ырайынын өзгөрүшүнүн себеби.
Аба ырайынын өзгөрүшүнүн негизги себептеринин бири жер бетинин бирдей жылынбаганынын натыйжасында абанын дайыма бир жерден экинчи жерге которулуп турушу.
Слайд көргөзүлөт:
Жердин бети өзүнүн түрү боюнча тундранын бадалдуу мейкиндиктери,токойлуу зор аймактар,талаалардын,чөлдөрдүн учу кыйрына көз жетпеген зор аймактары болот. Жер бетинин түрү кандай болгонуна жараша тропосферанын жерге жакын бөлүктөрү ар башка касиетке ээ болушат.Мисалы:Арктиканын муз,каркаптаган мейкиндиктеринде аба суук,кургак,таза болот.Атлантика океанынын жылуу сууларынын үстүндө-жылуу жана нымдуу ,ал эми Сахара чөлүнүн үстүндө-купкургак,ысык,чаңдуу болот.Демек аба массалары ар түрдүү багытта которулушат жана алар келген жерде аба массасынын касиетине жараша тийиштүү аба ырайы пайда болот.
Карточкадагы суроолорго жооп берсеңер силер менен аман эсен “биримдик” аскасын багындырып, “Ынтымак” ашуусуна жетебиз.
1 карточка.
Эгерде Арктиканын абасы Евразиянын тигил же бул аймагына которулуп келсе кандай аба ырайын алып келет?
2 карточка.
Атлантиканын абасы батыштан чыгышка которулса кышында жана жайында кандай аба ырайын алып келет?
3 Жаратылыштагы жандуу жана жансыз барометрлер.
Аба ырайынын өзгөрөрүнүн биринчи кабарчысы-бул атмосфералык басымдын жана шамалдын багытынын өзгөрүшү.
Демек басымга байкоо жүргүзүү менен аба ырайын алдын ала айта алабыз.
Мисалы: Канатуулар жаратылыштын жандуу барометрине кирет,эртең менен алар күн бүркөлүп турганына карабай сайрап үндөрү катуу чыкса жамгыр жабайт.
Окуучуларга сүрөттөр берилет, ал сүрөттөрду жандуу жана жансыз барометрлер деп бөлүшөт.
Бышыктоо: 1) Аба ырайын алдын ала билүү зарылчылыгы барбы? Окуучулардын пикирин угуу.
2) Упайлар боюнча жеңуучулөрдү
аныктоо. Жекече жана топту
баалоо.
3) Үй тапшырма.