Сабакка чейин
Сабактын темасы: Аба жана анын составы. Кычкылтектин айланышы
Сабактын методу: көрсөтмөлүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: түшүндүрүү
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Аба жана анын составы, кычкылтектин айланышы, абанын тазалыгын сактоо проблемалары боюнча жалпы түшүнүк алышат. | |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Абанын курамы, булгануу жолдору, алдын алуу, тирүү организмге тийгизген терс таасири боюнча түшүнүгү өнүгөт, айлана-чөйрөгө туура мамиле жасоого тарбияланышат. | Абанын курамы; булгануу жолдору; алдын алуу; тирүү организмге тийгизген терс таасири боюнча айтып бере алышса; айлана-чөйрөнүн булганышы, алдын алуу боюнча айтып бере алышса. |
Күтүлүүчү натыйжа:
Аба жана анын составы;
кычкылтектин айланышы;
абанын тазалыгын сактоо проблемалары боюнча айтып бере алышат;
Абанын курамы;
булгануу жолдору;
алдын алуу;
тирүү организмге тийгизген терс таасири боюнча айтып бере алышат;
айлана-чөйрөнүн булганышы, алдын алуу боюнча айтып бере алышат.
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Аба жана анын составы, кычкылтектин айланышы, абанын тазалыгын сактоо проблемалары , абанын булганышынын тирүү организмге тийгизген терс таасирин, абанын курамындагы уулуу заттар жөнүндө окуп үйрөнүшөт.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Аба, абанын негизги компоненти, абанын булгануу жолдору, абанын тирүү организм үчүн мааниси боюнча түшүнүгү бар.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү:
Арыз жазуу
Мисалы:
А.Молдокулов атындагы
УКГнын химия мугалими
Мусаева Элизатка
Арыз
Мен арыз жазуумдун себеби “эӊ мыкты окуучу” деп таануӊузду суранам.
Арыз ээси:_______________
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
1. Төмөнкү оксиддер алынуучу реакциялар теңдемелерин түзгүлө: СО2, А1О3, LiО, СаО, МgО, РО5, СuО.
2. Эгерде натрий 2,3 массалык бөлүгү кьгчкылтек 0,8 массалык бөлүгү менен кошула тургандыгы белгилүү болсо, анда оксиддин химиялык формуласын жазгыла.
3. Фосфор (V) оксиди менен сууну ысытканда жүрүүчү реакция теңдемесин жазгыла жана реакциялашуучу заттардагы элементтер массаларынын катышын эсептеп чыгаргыла.
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):
Аба — жер атмосферасын түзүүчү газдардын аралашмасы. Негизинен азот (78,09%) менен кычкылтектен (20,95%) турат. Абага гигиеналык баа берүүдө анын хим. курамы, физ. константалары, температурасы, нымдуулугу, кыймылынын ылдамдыгы, барометрлик басымы, ошондой эле аралашмалар (чаң, микроорганизмдер) эске алынат. Жердеги абанын жалпы массасы т. Адам үчүн кычкылтек өтө маанилүү. Жер атм-расында 1,18х гдай кычкылтек болот. Абадагы кычкылтектин запасын өсүмдүктөр бөлүп чыгарып, толуктап турат. Бизди өсүмдүк канчалык көп курчап турса, Аба ошончолук таза жана кычкылтекке бай болот. Адам тынч турганда 12ден 17 лге чейин кычкылтек сарптайт, ал эми иштегенде андан көбөйөт. Кандын кычкылтек менен каныгуусу анын Абадагы проценттик курамына эмес, кычкылтектин парциалдык басымына байланыштуу болот. Кандай гана бийиктикте болбосун А-нын проценттик курамы бирдей, бирок бийиктеген сайын кычкылтектин парциалдык басымы төмөндөйт, ага пропорциялуу барометрлик басым да азаят. Мис., деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикте барометрлик басым 674 мм сым. мам., кычкылтектин парциалдык басымы 141 мм сым. мам., 3000 м бийиктикте барометрлик басым 525,98 жана парциалдык басымы 110 мм сым мам. барабар болот. А-дагы кычкылтектин парциалдык басымынын азайышы организмге таасир этет. Парциалдык басым 140 мм сым. мам. болгондо кычкылтек жетишсиздигинин биринчи белгилери — гипоксия байкалат. Анын 110 мм сым. мам. чейин төмөндөшүнөн түтөктүн белгилери — баш айлануу, булчуң бошоңдошу, дем кыстыгуу, жүрөктүн тез согушу ж. б. функциялык бузулуулар байкалат. Кычкылтектин парциалдык басымынын 55,7— 48,3 мм сым. мам. чейин төмөндөшү (8000—9000 м бийиктикте) адамды өлүмгө учуратышы мүмкүн.
Абанын курамындагы азот инерттүү газдарга кирет. Абада азоттун көбөйүшү андагы кычкылтектин парциалдык басымын төмөндөтөт жана наркотиктик таасир бериши мүмкүн, бирок атмралык А-да мындай кубулуш байкалбайт, анткени андагы азоттун өлчөмү көп өзгөрбөйт. Суучулдарда суу астындагы иштерди аткарууда инженер-тех. жана мед.-биол. эрежелердин бузулушунда азоттун наркотиктик таасири байкалат. Мында көрүү, угуу жана сезүүлөрдү кабыл алуу, эске тутуу начарлайт, тынчсызданып, кыймыл координациялары бузулат.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
1. Атмосфераны булгоочу заттар кайсылар? 2. Атмосфера курамы кандай? | |
Үйгѳ тапшырма:
1. Келечекте экологиялык таза отун катары эмнени колдонсо болот?
2. ТЭЦтен бөлүнүп чыккан газдарды зыянсыздандырууга болобу? Жообун далилдүү мисалдар менен түшүндүргүлө.
Баалоо: