СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Абанын каршылыгы

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

7-класс иш дептери 

Просмотр содержимого документа
«Абанын каршылыгы»

Текшерилди:

ОББ: ____________________________________________

Убактысы: _____________________________________________________

Темасы: § 10.3 Абанын каршылыгы. 10В Тапшырма: Парашют жасоо жана сыноо.

Мектеп: ____________________________________________

Деңгээл: орто

Жери: Класс 7 (Физика каанасы)

Узактыгы: 45 мин

Сабак алдында толтура турган бөлүктөр

IGCSE ресурстары (же колдонулган материалдар)

Окутуунун максаттары (ТК):


1. "Абанын каршылыгы" түшүнүгүнө аныктама берүү (абада кыймылдаган нерсеге каршы багытталган күч).


2. Нерсенин кулашына эки негизги күч: Гравитация (ылдый) жана Абанын каршылыгы (жогору) таасир этээрин түшүндүрүү.


3. 10B тапшырмасын аткаруу менен парашюттун иштөө принцибин (беттин аянты чоң болсо, каршылык күчтүү болот) тажрыйбада далилдөө.


4. Тажрыйбанын жыйынтыгын талдоо (15-21-суроолор).

1. Окуу китеби (СБ) - § 10.3


2. 10B Тапшырма (Лабораториялык иш)


3. Лабораториялык баракча


4. Күчтөр картасы

Көндүмдөр: Байкоо, тажрыйба жасоо (эксперимент), салыштыруу, схеманы талдоо, топто иштөө, жыйынтык чыгаруу.


Алдын ала билим: Окуучулар "күч", "гравитация" жана "ылдамдык" түшүнүктөрүн билишет.

Окуу китеби (СБ)

STEM менен байланышы:


S (Илим): Физика (Динамика, Аэродинамика).


E (Инженерия): Парашюттун жана башка учуучу аппараттардын дизайнын түзүү (мисалы, кагаз учак).


Окутуу стратегиялары: "Кагаз жарышы" демонстрациясы, "Инженердик бюро" (топтордо иштөө), "Сыноо учушу" (тажрыйба), талкуу.


Керектелүүчү материалдар: Окуу китеби, полиэтилен баштык, кагаз, жип, кайчы, скотч, бирдей салмактагы кичинекей жүк (мис., 2 скрепка).

1. СБ окуу китеби


2. 10B Тапшырма

Улуттук нарктуулук: Илимий гипотезаны тажрыйба аркылуу текшерүүгө үйрөнүү, командада иштөө, коопсуздук эрежелерин сактоо.








Сабактын жүрүшү:

Убакыт

Сабакты өнүктүрүү

IGCSE ресурстары (же колдонулган материалдар)

Изилдөө мүнөздөмөсү (ИФ)

5 мин

1Е: Кызыгуу тартуу

Демонстрация:

"Кагаз жарышы"



Демонстрациянын түшүндүрмөсү:

Мугалим эки бирдей А4 кагазын алат.

Бирөөсүн бекем бырыштырып, тоголок шар кылат. Экинчисин ошол бойдон калтырат.



Мугалимдин сөзү:

"Менде эки бирдей кагаз бар. Демек, алардын массалары жана аларга таасир эткен гравитациялык күч бирдей. Эгер мен экөөнү бир бийиктиктен таштасам, кайсынысы биринчи түшөт?" (Окуучулар жооп берет).



Мугалим экөөнү таштайт. Бырышкан кагаз бат түшөт.



Талкуу суроосу: "Эмне үчүн? Экөөнө тең бирдей гравитация таасир этсе, эмне үчүн жалпак кагаз жайыраак түштү? Ага ылдый түшүүгө эмне тоскоол болду?"



Жыйынтык:

"Ага абанын каршылыгы тоскоол болду.

Бүгүн биз ушул күчтү изилдеп, өзүбүздүн парашютубузду жасайбыз."

1. Эки барак кагаз.

15 мин

1С: Түшүнүктү куруу

10.10-сүрөт. Аба каршылыгынын парашютистке тийгизген таасири.

Вакуумда кандай күчтөр болот? Вакуум — бул эч кандай зат, ал тургай аба дагы жок мейкиндик. Абанын көтөрүү күчү жана каршылык күчү объект аба менен байланышкан учурда гана пайда болот. Эгерде аба жок болсо эмне болот? Жерден космоско чыгып, учуп жүргөн космос кемесин элестеткиле (10.11-сүрөт). 6-бөлүмдө бардык заттар майда бөлүкчөлөрдөн түзүлөрүн үйрөндүңөр. Космосто аба дээрлик жок болгондуктан, анда эч кандай бөлүкчө жок, ал вакуум болуп эсептелет. Космос вакуум болгондуктан, анда абанын каршылыгы жок. Ошондой эле көтөрүү күчү дагы жок. Космос кемеси Жердин атмосферасынан сырткары чыккан соң, ага болгону эки күч таасир этет — салмак күчү жана кыймылдаткычтан келип чыккан түртүү күчү (ал кемени алдыга түртөт). Эгерде кыймылдаткыч өчүрүлсө, анда ал ошол эле ылдамдыкта жана багытта алдыга жылууну улантат, анткени космосто ага тоскоол боло турган абанын каршылыгы жок.


Топтордо иштөө: "Инженердик бюро" (10B Тапшырма)


Класс 3 топко бөлүнөт. Бардык топтор 10B тапшырмасынын материалдарын колдонушат.



1-топ: "Полиэтилен командасы"


* Тапшырма: 10B тапшырмасынын 4, 5, 6, 8-кадамдарын аткарып, полиэтилен баштыктан парашют жасагыла. Жүктү (мис., скрепканы) бекем байлагыла.





2-топ: "Кагаз командасы"


* Тапшырма: 10B тапшырмасынын 4, 5, 6, 8-кадамдарын аткарып, кагаздан (же салфеткадан) парашют жасагыла. Жүктү (мис., скрепканы) бекем байлагыла (жүктөр 1-топтуку менен бирдей салмакта болушу шарт).



3-топ: "Теоретиктер" (Талдоочулар)


* Тапшырма: § 10.3 жана Картаны колдонуп, суроолорго жооп бергиле:

1. Абанын каршылыгы деген эмне? Ал кайсы тарапка багытталган?

2. Парашютка таасир эткен эки негизги күчтү атагыла (Гравитация жана Аба каршылыгы).

3. Велосипедчи ылдамдыгын жогорулатуу үчүн абанын каршылыгын кантип азайтат?

1. 10B Тапшырма


2. § 10.3


  1. Карта
















15 мин

2С: Билимдерди бириктирүү

"Сыноо учушу" (Тажрыйба жана талдоо)



1. Сыноо (10B, 10-кадам): 1-топ жана 2-топ бирдей бийиктиктен (мис., столдун үстүнөн) парашюттарын бир убакта коё беришет. Класс кайсынысы жайыраак түшкөнүнө байкоо жүргүзөт.


2. Талкуу (15-суроо): Мугалим 15-суроону окуйт: "Чоңураак парашют кээде гана жерге биринчи жетти. Чоңураак парашют жерге эч качан биринчи болуп жеткен жок." Кайсы сүйлөм силердин тажрыйбаңарга туура келди? (Окуучулар өздөрүнүн байкоосун айтышат).


  1. Жыйынтык (17-суроо):

Класс 17-суроону талкуулайт:


* (а) Бардык объекттер үчүн гравитациялык тартылуу күчү (бирдей / ар түрдүү)?

Жооп: Бирдей (анткени жүктөрү бирдей).


* (б) (Аба каршылыгы / Масса) бир нерсенин жерге түшүү ылдамдыгына таасир этет.

Жооп: Аба каршылыгы.


* (г) Парашюттун түшүү ылдамдыгына таасир этүүчү фактор – (гравитация / аба каршылыгы)?

Жооп: Аба каршылыгы.

1. 10B Тапшырма


2. Иш барагы

10 мин

3С Билимди кеңейтүү

Талкуу: "Экспериментти жакшыртуу"

(16, 21-суроолор)



Мугалим: "Биздин тажрыйбабыз ийгиликтүү болду. Бирок аны дагы да такыраак кылсак болот."





Талкуу суроолору:


1. (16-суроо) "Экспериментти кайра кайталоо керек экенин кантип билесиңер?" (Жооп: Эгер парашют ачылбай калса, экөө бирдей түшүп калса, же жыйынтык так эмес болсо).


2. (21-суроо) "Бул экспериментти кантип жакшыртса болот?" (Жооп: Секундомер менен убакытты ченөө; бийигирээк жерден таштоо; ар кандай формадагы (төрт бурч, тегерек) парашюттарды жасоо; жүктүн массасын өзгөртүү).


3. Эмне үчүн чыныгы парашюттун ортосунда кичинекей тешик болот? (Жооп: Аба ал аркылуу өтүп, парашютту турукташтырат, чайпалтырбайт).

1. Иш барагы


Үй тапшырмасы

1. § 10.3 окуп чыгуу.


2. 18, 19, 20-суроолорго (иш барагы) жазуу түрүндө жооп берүү.


  1. Эмне үчүн жарыш унаалары (Формула-1) жапыз жана жалпак, ал эми жүк ташуучу унаалар бийик жана төрт бурчтуу жасалат?






















Жумушчу барак (ЖБ): Абанын каршылыгы (10B Тапшырма)

Аты-жөнү: ______________________ Класс: _____

1-тапшырма: Аныктамаларды толукта.

  1. Абада кыймылдаган объекттерге каршы багытталган күч ______________ деп аталат.

  2. Парашютту ылдый тарткан күч ______________ деп аталат.

  3. Велосипедчи ылдамыраак жүрүү үчүн абанын каршылыгын ______________ (азайтууга / көбөйтүүгө) аракет кылат.

  4. Парашютчу жайыраак түшүү үчүн абанын каршылыгын ______________ (азайтууга / көбөйтүүгө) аракет кылат.

2-тапшырма: Тажрыйбанын жыйынтыгы (10B Тапшырма)

Төмөнкү суроолорго тажрыйбанын негизинде жооп бергиле:

А) Байкоо (15-суроо):


Силердин тажрыйбаңарда кайсы парашют (кагаз же полиэтилен) жерге жайыраак түштү?

____________________________________________________________________

Б) Талдоо (17-суроо):


Туура жооптун астын сызгыла:

  • (а) Эки парашюттун салмагы (гравитациялык күчү) ( бирдей / ар түрдүү ) болгон.

  • (б) ( Аба каршылыгы / Масса ) нерсенин түшүү ылдамдыгына таасир этти.

  • (г) Парашюттун түшүү ылдамдыгына таасир эткен негизги фактор – бул ( гравитация / аба каршылыгы ).

3-тапшырма: Жыйынтык (18-суроо)

Ушул тажрыйбадан кандай жыйынтык чыгара аласыңар? (Нерсенин бетинин аянты абанын каршылыгына кандай таасир этет?)

____________________________________________________________________

____________________________________________________________________