СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Абдуллаева Женишгул

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Абдуллаева Женишгул»

Аннотация.

Абдуллаева Жеңишгүл Абдимиталиповна 1975-жылдын 9-майында Өзгөн районуна караштуу Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылында туулган.

Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн М.Кулуев атындагы орто мектебине 1-класска кабыл алынып,1992-жылы мектепти ийгиликтүү аяктаган.

1992-жылы Ош педагогикалык окуу жайына тапшырып,аталган окуу жайын 1994-жылы аяктаган.

1994-жылдан 1995-жылга чейин Ош шаарындагы Б.Алыкулов атындагы орто мектебинде башталгыч класс мугалими болуп иштеди. 1996-жылдан 1997-жылга чейин Ак-жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылында Сатыбалдыев Жолдош атындагы орто мектебинде иштеген. 1998-жылдан бери Өзгөн районуна караштуу Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы №37 С.Эшматов атындагы орто мектебинде башталгыч класс мугалими болуп азыркыга чейин эмгектенип келе жатат. Билимин жогорулатуу максатында 2003-жылы ОшТУга тапшырып 2006-жылы аяктаган. Мектепте интерактивдүү усул боюнча сабактарын ар түрдүү активдүү формаларын колдонуу менен окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырып келет. Сабактын активдүү формаларына ылайык окуучу менен мугалимдин биргелешкен ишмердүүлүгүн тузүү деген темасынын үстүндө иштеп келе жатат. Сабактын ар турдүү формаларын пайдалануу менен окуучулардын билимдерин өз алдынча изденүүчүулүгун арттырып жакшы жыйынтыгына жетишүүдө. Сабакка керектүү материалдарды окуучуларга даярдатуу менен туркун оюндарды өткөрүп, окуучулардын кызыгуусун арттырат. Абдуллаева женишгүл ушул мектепке келип иштегенден тартып өзүнун жөндөмдүүлүгун көрсөтүп, окуучулар менен тыгыз байланышып, окуучулар менен жекече иштөөнү принцип кылуу менен өзү окуткан класстагы окуучуларды активдүү тарбиялоодо. Ар бир сабактын иштелмеси, тексти окуучулар менен бирдиктүү чыгармачылык менен даярданат. Окуучуларга жаны сабак жөнундө тапшырмаларды бөлуп берип өз алдынча иштөөгө көнүктүрөт. Сабак учурунда окуучулардын жаш өзгөчөлүгун эске алуу менен түркун оюндар аркылуу терен билим берүүгө аракет кылат. Оюн аркылуу ойлоо сезимдерин өнүктүрүп айрым темаларын ойлоп табуу менен балдарды тапкычтыкка эркин ой жүгуртүүгө жетишти. Окуучуларга курчап турган дүйнө кыргыз жеринин жаратылышы жөнүндө алгачкы түшунүктөрдү алар жөнүндө элестерди бере алды. Абдуллаева Жеңишгүл мунөзү оор, токтоо жана жөндөмдүү жана таланттуу мугалим. Бирге иштеген мугалимдер менен эң жакшы мамиледе. Мектептин коомдук иштерине активдүү катышат.Ошону менен бирге сабактарга ар бир теманы тарбиялык мааниде көңүл бөлүп,окуучулардын сабагына кызыгуусуна ,ата-эне жана дос жолдошту сыйлоого багыттайт.Женишгүл окуучулар менен жана ата-энелер менен тыгыз байланышканга аракет кылып келет.Азыркы учурда окутуп жана жетектеп келе жаткан классы 4-класс. Окуучулары сабактарга активдүү катышып,жакшы окушат.

Мугалим коомдогу жаратуучу.Наполеондун “Империянын тагдыры элдик мугалимдин билими менен аныкталат” деп айткан сөзү калетсиз.Башкы себеби ар бир адам,президент да мугалимдин колунан тарбия билим алган.Алардын акыл эсинин, ички дүйнөсүнүн ,ой-туюмун,кесипкөйлүгүн калыптандырып ,коомду кыймылга келтирип,өнүктүрүүчү милдет адамга жалгыз мугалимге гана тиешелүү.

Мугалим-биринчи кезекте фундаменталдуу билимге эгедер кылуучу адам.Ал жаратуучу –түзүүчүлүк сапатка ээ болуу менен, коомдо өтө жоопкерчиликтүү.



Мектеп директору: Турдукулов Ж.