СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Абдыкадыр Орозбеков

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Абдыкадыр Орозбеков»

Абдыкадыр Орозбеков

Абдыкадыр Орозбеков

Мазмуну   1  Кыскача өмүр таржымакалы 2  Үй-бүлөсү 3  Анын айткан сөздөрүнөн 4  Кошумча маалымат 5  Ал тууралуу адабият 6  Интернеттеги шилтемелер 7  Булактарга шилтемелер

Мазмуну

  • 1 Кыскача өмүр таржымакалы
  • 2 Үй-бүлөсү
  • 3 Анын айткан сөздөрүнөн
  • 4 Кошумча маалымат
  • 5 Ал тууралуу адабият
  • 6 Интернеттеги шилтемелер
  • 7 Булактарга шилтемелер
Кыскача өмүр таржымакалы  Абдыкадыр Орозбеков азыркы Кыргызстанга караштуу Баткен облусундагы Кадамжай районунун Охна кыштагында туулган.  1907-1916-ж наабайчыга жалданып иштеген.  Түркстандагы жумушчу кыймылына катышкан.Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга жана чыңдоо үчүн күрөшкөн, атуулдук (граждандык) согуш мезгилинде катардагы жоокердне отряд командирине жана саясий жетекчиге чейин көтөрүлгөн.

Кыскача өмүр таржымакалы

  • Абдыкадыр Орозбеков азыркы Кыргызстанга караштуу Баткен облусундагы Кадамжай районунун Охна кыштагында туулган.
  • 1907-1916-ж наабайчыга жалданып иштеген.
  • Түркстандагы жумушчу кыймылына катышкан.Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга жана чыңдоо үчүн күрөшкөн, атуулдук (граждандык) согуш мезгилинде катардагы жоокердне отряд командирине жана саясий жетекчиге чейин көтөрүлгөн.
 1920-1923-ж айылдын,болуштун,райондун революциячыл комитеттерин башкарган.  1924-1925-ж Ош округдук эмгекчилер советинин жер бөлүмүнүн башчысы, катчысы болгон.Тоолуу Кара Кыргыз областынын жумушчу,дыйкан жана солдат депутаттар советинин уюштуруу съездине делегат болуп, анда Тоолуу Кара Кыргыз областтык АКнын (Аткаруу Комитетинин) төрагалыгына шайланган.  1925-жылдын 31-мартында Кара Кыргыз автоном облусунун биринчи уюштуруу курултайында Кара Кыргыз автоном облусунун Төрагалыгына депутаттар тарабынан шайланган. Ошентип, бүгүнкү эгемен Кыргыз мамлекетинин биринчи Президенти Абдыкадыр Орозбеков болгон десек акыйкат кеп болот.  1926-жылы Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган.  Жусуп Абдрахмановду Кыргыз АССР Эл комиссарлар Кеңешинин төрагалыгына дайындоо жөнүндөгү токтомго кол койгон.  Кыргыз АССР Конституциясын иштеп чыгууга чоң салым кошкон. Касым Тыныстановду Эл агартуу министри кылып дайындаган. Төрөкул Айтматовду( Чынгыз Айиматовдун атасы) Жалал Абадга аким кылып дайындаган.
  • 1920-1923-ж айылдын,болуштун,райондун революциячыл комитеттерин башкарган.
  • 1924-1925-ж Ош округдук эмгекчилер советинин жер бөлүмүнүн башчысы, катчысы болгон.Тоолуу Кара Кыргыз областынын жумушчу,дыйкан жана солдат депутаттар советинин уюштуруу съездине делегат болуп, анда Тоолуу Кара Кыргыз областтык АКнын (Аткаруу Комитетинин) төрагалыгына шайланган.
  • 1925-жылдын 31-мартында Кара Кыргыз автоном облусунун биринчи уюштуруу курултайында Кара Кыргыз автоном облусунун Төрагалыгына депутаттар тарабынан шайланган. Ошентип, бүгүнкү эгемен Кыргыз мамлекетинин биринчи Президенти Абдыкадыр Орозбеков болгон десек акыйкат кеп болот.
  • 1926-жылы Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган.
  • Жусуп Абдрахмановду Кыргыз АССР Эл комиссарлар Кеңешинин төрагалыгына дайындоо жөнүндөгү токтомго кол койгон.
  • Кыргыз АССР Конституциясын иштеп чыгууга чоң салым кошкон. Касым Тыныстановду Эл агартуу министри кылып дайындаган. Төрөкул Айтматовду( Чынгыз Айиматовдун атасы) Жалал Абадга аким кылып дайындаган.
 1936-ж Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган.  Ошентип, чыгаан инсан Абдыкадыр Орозбеков 1925-жылдан 1937-жылдын октябрь айыны чейин Кыргызстандын мамлекет башчысы, азыркыча айтканда Президенти болуп абийирдүүлүк менен иштеген.  Сталинизм доорунда жалган айып менен камалып, атууга өкүм кылынган. 1938-жылы май айында аттырылган. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө түн жамына башка Кыргыз интеллигенциясы(Жусуп Абдрахманов,Төрөкул Айтматов) менен кошо коюлган.  1956-ж 21-майда партиялык жагынан акталган.
  • 1936-ж Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган.
  • Ошентип, чыгаан инсан Абдыкадыр Орозбеков 1925-жылдан 1937-жылдын октябрь айыны чейин Кыргызстандын мамлекет башчысы, азыркыча айтканда Президенти болуп абийирдүүлүк менен иштеген.
  • Сталинизм доорунда жалган айып менен камалып, атууга өкүм кылынган. 1938-жылы май айында аттырылган. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө түн жамына башка Кыргыз интеллигенциясы(Жусуп Абдрахманов,Төрөкул Айтматов) менен кошо коюлган.
  • 1956-ж 21-майда партиялык жагынан акталган.
Үй-бүлөсү Анын урпактары сталинизм доорунда ал камакка алынган соң куугунтукка учурашкан.

Үй-бүлөсү

  • Анын урпактары сталинизм доорунда ал камакка алынган соң куугунтукка учурашкан.
Анын айткан сөздөрүнөн  Эгемен Кыргызстан маалында Орозбековдун эстелиги ар кыл жерлерде орнотулду. Анын ишмердиги иликтенүүдө. Ал айткан осуят сөздөр кайра таразаланууда.

Анын айткан сөздөрүнөн

  • Эгемен Кыргызстан маалында Орозбековдун эстелиги ар кыл жерлерде орнотулду. Анын ишмердиги иликтенүүдө. Ал айткан осуят сөздөр кайра таразаланууда."Акыйкат акыры жеңет"
  • "Ажал бизди алып кетсе, эл эмгектен эскерет"
  • "Бул дүйнөдө ким карып? Карышкырдан кайыр күткөн кой карып, Каркчыдан кайыр күткөн калк карып"
Кошумча маалымат Кыргыз элинин сан кылымдык тарыхында көзү өткөндөн кийин элеси көп жылдар бою элдин эсинде сакталып калган бөтөнчө адамдар бар... Элдин сүймөнчулүгүнө ээ болуп, сый – урматына арзыган адамдардын арасында татыктуу орун Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөштүн активдүү катышуучусу, Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин биринчи төрагасы Абдыкадыр Орозбековго да таандык. Абдыкадыр Орозбеков 1889 – жылы Кадамжай районундагы Охна кыштагында өмүр бою жалчылык кылып, алакандай жерин иштетип, өлбөстүн күнүн көргөн чайрыкердин үй – бүлөсүндө туулган. Абдыкадыр кабыргасы ката элек чагынан тартып байлардын пахта талааларында маңдай терин агызып, андан соң Фергана, Кокон, Анжиян калааларындагы ишканаларда жумушчу болуп иштеп, жалчылыктын азабын жакшы эле тарткан.

Кошумча маалымат

  • Кыргыз элинин сан кылымдык тарыхында көзү өткөндөн кийин элеси көп жылдар бою элдин эсинде сакталып калган бөтөнчө адамдар бар... Элдин сүймөнчулүгүнө ээ болуп, сый – урматына арзыган адамдардын арасында татыктуу орун Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөштүн активдүү катышуучусу, Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин биринчи төрагасы Абдыкадыр Орозбековго да таандык.
  • Абдыкадыр Орозбеков 1889 – жылы Кадамжай районундагы Охна кыштагында өмүр бою жалчылык кылып, алакандай жерин иштетип, өлбөстүн күнүн көргөн чайрыкердин үй – бүлөсүндө туулган. Абдыкадыр кабыргасы ката элек чагынан тартып байлардын пахта талааларында маңдай терин агызып, андан соң Фергана, Кокон, Анжиян калааларындагы ишканаларда жумушчу болуп иштеп, жалчылыктын азабын жакшы эле тарткан.
Анын саясий көз караштарынын калыптануусу колониялдык режимдин катаал шарттарында майда ишканаларда эмгектенген көп улуттуу жумушчулар арасында жүргөн. 1916–жылы А. Орозбеков администрациянын резервдеги жашы өйдөлөп калган жумушчуларды аскерге алуу жөнүндөгү буйругу менен чакырылган Анжиян шаарындагы иш таштоого катышкан. Ошондо ал биринчи жолу Фергана шаарындагы жандармдардын куугунтугунан качпай, ээн – эркин жүрө алган. Ал эми 1917–жылдын январында ал өзү иш таштоого жетекчилик кылган, анда наабайкананын жумушчулары жеңишке жетишкен эле. А. Орозбеков кожоюнунун жалаасы боюнча камакка алынып, бирок, жумушчулардын кысымы менен абактан тез эле бошонуп чыккан. Февраль революциясынын күндөрүн А. Орозбеков Фергана шаарында өткөргөн. Анда ал наабайчылардын, кол өнөрчүлөрдүн шахтёрлордун ж.б. секцияларын уюштуруу иштери менен алектенчү. Кийин ошол секциялар Чебер жумушчулар жана кызматчылар союзуна биригип, большевиктердин жетекчилиги астында кезектеги саясий күрөштө маанилүү роль ойногон.
  • Анын саясий көз караштарынын калыптануусу колониялдык режимдин катаал шарттарында майда ишканаларда эмгектенген көп улуттуу жумушчулар арасында жүргөн.
  • 1916–жылы А. Орозбеков администрациянын резервдеги жашы өйдөлөп калган жумушчуларды аскерге алуу жөнүндөгү буйругу менен чакырылган Анжиян шаарындагы иш таштоого катышкан. Ошондо ал биринчи жолу Фергана шаарындагы жандармдардын куугунтугунан качпай, ээн – эркин жүрө алган. Ал эми 1917–жылдын январында ал өзү иш таштоого жетекчилик кылган, анда наабайкананын жумушчулары жеңишке жетишкен эле. А. Орозбеков кожоюнунун жалаасы боюнча камакка алынып, бирок, жумушчулардын кысымы менен абактан тез эле бошонуп чыккан.
  • Февраль революциясынын күндөрүн А. Орозбеков Фергана шаарында өткөргөн. Анда ал наабайчылардын, кол өнөрчүлөрдүн шахтёрлордун ж.б. секцияларын уюштуруу иштери менен алектенчү. Кийин ошол секциялар Чебер жумушчулар жана кызматчылар союзуна биригип, большевиктердин жетекчилиги астында кезектеги саясий күрөштө маанилүү роль ойногон.
1917-жылы А. Орозбеков жергиликтүү жумушчулардын айлык акысын көбөйтүү талабын койгон саясий демонстрацияны уюштурууга тикеден-тике жетекчилик кылган. Ошол үчүн шаардын губернатору тарабынан камакка алынган. Жумушчулардын нааразылык менен жасаган кысымынан коркуп, аны камактан чыгарууга губернатор мажбур болгон. Падышанын жергиликтүү элдерди аскер кызматына алуу саясатына каршы күрөшкөндүгү үчүн аны кайрадан куугунтуктай башташат. Ошондо ал коконго кетет. Ал жерде кебек байдын нан заводунда иштейт. Кийин кайра ферганага келип, революцияга катышат.
  • 1917-жылы А. Орозбеков жергиликтүү жумушчулардын айлык акысын көбөйтүү талабын койгон саясий демонстрацияны уюштурууга тикеден-тике жетекчилик кылган. Ошол үчүн шаардын губернатору тарабынан камакка алынган. Жумушчулардын нааразылык менен жасаган кысымынан коркуп, аны камактан чыгарууга губернатор мажбур болгон. Падышанын жергиликтүү элдерди аскер кызматына алуу саясатына каршы күрөшкөндүгү үчүн аны кайрадан куугунтуктай башташат. Ошондо ал коконго кетет. Ал жерде кебек байдын нан заводунда иштейт. Кийин кайра ферганага келип, революцияга катышат.