БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЗАМАНБАП ИНФОРМАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ИНСТИТУТУ
Токтогул кесиптик колледжи
Кыргыз тили жана адабияты
Группа СД 1-21 22.11.2021.Катышкан мугалимдер:3
Студенттер: 18
Ачык сабактын темасы: Грамматикалык тема: Сүйлөм жөнүндө түшүнүк.
Лексикалык тема: Касым Тыныстанов-алгачкы профессор.
Сабактын тиби: практикалык.
Сабактын формасы: презентация
Сабактын максаты:Эне тилди сүйүүгө жана патриоттуулукка тарбиялоо.
Сүйлөм жөнүндө кененирээк түшүнүк берүү. К.Тыныстанов туралуу толук түшүнук алышат.
Теманы окуп билүү менен акыл-эстүүлүккө, билимдүү болууга, эркиндикти сүйө билүүгө тарбияланышат.
Таанып – билүүчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүшөт.
Сабактын жабдылышы: компьютер, проектор,доска,бор,сүрөттөр,карточкалар.
Сабакты өткөн мугалим: Жуматаева Венера Калчороевна
Ачык сабактын темасы: Грамматикалык тема: Сүйлөм жөнүндө түшүнүк.
Лексикалык тема: Касым Тыныстанов-алгачкы профессор.
План:
1.Сүйлөм жөнүндө түшүнүк.
2.Касым Тыныстановдун өмүр баяны
3.Касымдын чыгармачылыгы
4.Эмгектери
Сүйлөм - синтаксистин изилдей жана үйрөтө турган негизги маселелеринин бири.
Ал коомдук турмушта пикир алышуунун, б.а., байланыш, катнаштын эң негизги каражаты болуп эсептелинет.
Сүйлөм ар кандай эле сөздөрдүн жыйындысынан түзүлө бербейт. Ал лексикалык-семантикалык маанилери боюнча жакындыгы бар, ошонун негизинде грамматикалык жактан байланышкан синтаксистик чакан бирдиктерден, б.а. сөз тизмектеринен жана сөздөн түзүлөт. грамматикалык жана интонациялык жактан уюшулган, белгилүү өлчөмдө жыйынтыктуу ойду билдирген сөз же сөздөрдүн тизмеги сүйлөм деп аталат. Бирок кадыресе сөз жана сөздүн айкашынан айырмаланып, сүйлөмдүн өзүнө гана мүнөздүү белгилери бар. Сүйлөмдүн эң негизги белгилеринин бири - предикативдүүлүк, б.а., сүйлөмдүн жалпы мазмунунун чындыкка болгон карым-катышы.
Предикативдүүлүктүн грамматикалык жалпы мааниси модалдуулук, синтаксистик чак жана жак аркылуу берилет. грамматикалык бул категориялардын ажырагыс биримдиги пикир алышуунун эң негизги каражаты болгон Сүйлөмдүн жаралышын шарттайт.
Сүйлөм бизге белгилуу болгон тилдин башка бирдиктеринен, тактап айтканда, сөз, сөз айкашынан айырмасы эмнеде? Эн негизги айырмасы - айрым бир ойду билдирип, байланыш- катнаш каражатынын кызматын аткаргандыгында. Сүйлөм - бул пикир алышуунун кичине бирдиги. Адатта, фонетикада, морфологияда, ар бир сөз да - баары тилдин мыйзамдарына ылайык сүйлөмгө биригишип, коммуникативдүү функцияны аткарууга жардамдашат. Башкача айтканда, биз сүйлөмсүз башкалар мечен өз ара пикир алыша албайбыз, кандайдыр бир ой-пикирди, ар кандай сезимдерди, чындыкка карата болгон мамилелерди, иш-аракеттерди билдирүүгө мүмкүн эмес. Демек, сүйлөм гана коомдо жашаган адамдарды өз ара байланыштыруу кызматын жузеге ашыра алат. Ошентип, жалпы тил илиминде сүйлөм ары татаал, ары көп кырдуу маселе катарында каралат.
Сүйлөмдүн негизги белгилери деп төмөнкүлөрдү эсептөөгө болот: коммуникативдуулук, предикативдуулук, модалдуулук жана интонация. Ушулардын ез ара тыгыз байланышып келишинин натыйжасында гана Сүйлөм уюшулуп, тил өзүнүн пикир алышуу функциясын жүзөгө ашырат.
Сүйлөм мүчөлөрү – бул Сүйлөм мүчөлөрүнүн негизинде гана кандайдыр бир информацияны туюндура алат, т.а., Сүйлөм мүчөлөрүнүн бири-бирине болгон семантикалык айкашуусунун негизинде гана сүйлөм белгилүү бир ой-пикирди, информацияны туюндуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Сүйлөмдүн түзүлүшүндө Сүйлөм мүчөлөрү абдан чоң ролго ээ жана, негизинен, эки чоң топко бөлүнөт. 1. Баш мүчө. 2. Айкындооч мүчө.
Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү - ээ жана баяндооч. Айкындооч мүчөлөрүнө аныктооч, толуктооч, бышыктооч кирет. Баш мүчөлөр сүйлөмдүн негизги структуралык, семантикалык уюткусун түзүп, айкындооч мүчөлөрдү өзүнө семантикалык, грамматикалык жактан баш ийдирип турат.
Айкындооч мүчөлөр – баш мүчөнүн бирине таандык болуп айтылып, алардын ар кандай кырдаалын туюндуруп, баш мүчөгө кошумча маани берип, аларды аныктап, толуктап, бышыктап турган сүйлөм мүчөлөрү. Сүйлөмдү түзүүдө айрыкча баш мүчөлөр чоң роль ойнойт. Анткени сүйлөмдө айтылуучу ойдун негизи баш мүчөлөрдүн жардамында туюндурулат, т.а., сүйлөмдө туюндурулуучу ойдун негизи баш мүчөлөр аркылуу берилет, ал эми ошол айтылуучу негизги ойдун кошумча жагдайлары айкындооч мүчөлөр тарабынан толукталат, аныкталат, бышыкталат, айкындооч мүчөлөр айтылуучу негизги ойду конкреттештирет, деталдаштырат. Мына ушул жагдайлар сүйлөмдүн уюштурулушунун принцибин түзөт. Сүйлөмдүн уюшулушунда ар бир С.М-нүн өз орду, салмагы, үлүшү болот. Баш мүчөлөрдүн экөөнүн тең болушу - эки составдуу жөнөкөй сүйлөмдөрдүн негизги структуралык белгиси. Бир составдуу жөнөкөй сүйлөмдөрдүн структуралык негизин да баш мүчө түзөт. Бирок анда бир гана баш мүчө болот, Мүчөлөнбөс сүйлөмдөрдү (сөз-сүйлөм, атама сүйлөм) эске албаганда, бир составдуу сүйлөмдөрдүн структурасын, грамматикалык борборун, негизинен, баяндооч түзөт.
Сүйлөм мүчөлөрүн аныктоодо анын грамматикалык маанисин жана морфологиялык табиятын эске алуу керек. Сөздүн белгилүү бир сөз түркүмүнө тиешелүүлүгү, башка сөздөр менен граматикалык байланышы структуралык-маанилик жактан биримдиктеги сөз тизмектерин түзөрү белгилүү. Сөз сүйлөм тутумуна киргенде гана жаңы сапатка ээ болот, синтаксистик белгилүү милдет аткарат. Демек, сүйлөм тутумунда анын грамматикалык өзөгүн түзүп, сүйлөмдө синтаксистик милдет аткарып, кандайдыр бир суроого жооп берип, бири-бири менен байланышта турган бирдиктер Сүйлөм мүчөлөрү деп аталат.
Илимге кызыккан бала. Касым Тыныстанов 1901-жылы 10-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Чырпыкты айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ата-энесинин социалдык абалы тууралуу так маалымат жок. Колунда кенедей байлыгы жок кедей дегендер да, мал-жаны бар тектүү жердин тукуму дегендер да кездешет. Кандай болгон күндө да атасы Тыныстан араб тамгасында анча-мынча окуп, кат-сабаты жоюлган адам болгону чын. Ал уулунун окууга болгон дилгирлигин байкап, жашы сегизге жеткенде айылдагы молдодон билим алууга жөнөтөт. Диний мектепте үч жыл арабча тамга тааныган соң Касым Сазановка айылында башталгыч мектепте окуп баштайт. Жаш кезинен эле илим-билимге, адабиятка катуу кызыккан Тыныстанов дароо эле окуучулардын алдыңкысы болуп чыга келет. Тилчини окуучулук кезинен бери жакшы билген окумуштуу Кусейин Карасаев "жаштайынан эле башкалардан айырмаланып турган таланттуу инсан эле" деп эскерген жайы бар. Бирок болочоктогу илимпоз үчүн айыл жергесиндеги жөнөкөй мектептер берген билим жетишсиз эле. Мындан улам 1914-жылы өз мезгилинин эң алдыңкы окуу жайларынын бири болгон Каракол шаарындагы жергиликтүү орус мектебине кабыл алынат. Бул жерде орус тили, география, арифметика жана тарых жаатында сабак алат.
Окуусун таштап Кытайга качкан. Тилекке каршы, Касым Тыныстановдун толук кандуу билим алуусу 1916-жылы үзгүлтүккө учурайт. Бүткүл кыргыздын башын кайгыга бөлөгөн азаптуу Үркγндүн запкысын илимпоз да тартат. Ата-энеси менен бирге дүрбөгөн элге кошулуп Кытайга качат. Бөтөн жерде жергиликтүү байларга жалданып иштеп, эки жыл жүргөн соң, 1918-жылы, өз мекенине кайтып келишет. Тыныстанов билим алууну улантууну каалагандыктан Ысык-Көлдүн Тепке айылындагы таякелеринин жанында калат. Бирок бул жердеги окууга ичи чыкпай, 1919-жылы жөө Алматыга аттанат. Ал мезгилде Ташкенттеги Агартуу институту Борбор Азиядагы эң алдыңкы окуу жайлардын бири эле. Бул жерде элдин сабатын жоюу үчүн заманбап мугалимдер даярдалчу. Мындан улам Тыныстанов да Ташкентке жөнөтүлүп, Агартуу институтунун даярдоо бѳлүмүнѳ кабыл алынат.
Анын илимий ишмердиги жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезинде эле башталат. 1920-жылы казак тилинде чыккан "Жаңа Өрис" гезитине бөлүм башчысы болуп дайындалат. Бирок бул кызматта бир жыл турган соң катуу ооруп, кичи мекени Караколго жөнөөгө аргасыз болот. Өз үйүндө да бош жүрбөй драматург катары талантын сынап көрүүнү чечет. Ошентип Кыргызстандагы алгачкы театр труппасын түзгөн жайы бар. Дартынан айыккан соң окуусун улантуу үчүн кайрадан Ташкентке сапар алып, ал жерде "Ак-Жол" гезитинде, "Жас Кайрат", "Сана" журналдарында иштейт. Аталган басылмаларда кыргыз тилиндеги материалдарды уюштуруп, алардын басмага берилүүсүнө жооптуу болот. Ошол эле кезде Түркстан АССРинин Агартуу комиссариатындагы Кыргыз илимий комиссиясынын мүчөлүгүнө кабыл алынат. Институтту 1924-жылы ийгиликтүү аяктап мекенине кайтат.
Совет доору жаңы гана орноп, сабаттуу инсандар жетишсиз кезде өлкөгө Касым Тыныстановдой адамдар абдан керек болгон. Андыктан 1925-жылы жашы 24кө келгенде Кыргыз автономиялуу облусунун Академиялык Борборунун кыргыз бѳлүмүнүн катчылыгына дайындалат. Алгач Каракол шаарында мугалимдерди даярдоо курстарын өтөт. Андан соң элди агартуунун сапатын дагы да көтөрүү үчүн Кыргыз педагогикалык институтунда мугалим болуп иштеп баштайт. Студенттерге сабак берип жүрүп 1932-жылы доценттик, 1936-жылы профессорлук наамын алат. Ошентип мындай улук даражага жетишкен эң биринчи кыргызга айланат. 1920-жылдардын экинчи жарымын өлкө аймагында жаңы мектептер массалык тγрдѳ ачылып баштаган кез эле. Бирок бул жаатта чечиле элек көйгөйлүү маселелер толтура болчу. Кадрлардын жетишсиздиги, динге басым жасаган эски мектептер жана эне тилиндеги окуу китептеринин жоктугу алардын бир бөлүгү гана эле. Тыныстанов дал ушул маанилүү маселелерди чечүүнү негизги жарандык-атуулдук милдети катары эсептеп, бул жаатта күн-түн дебей иш алып барат. Анын жыйынтыгында мурда саналуу болгон мугалимдердин саны 1933-жылы үч миңден ашат. Революцияга чейин өлкө аймагында 99 мектеп болсо, 1930-жылы саны 990го жетет. Ошондой эле ал азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, тилибиздин тунгуч окуу китептерин, алгачкы грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзөт. Кыргыз тилин алгач араб алфавитине, андан соң латынчага жана акыркы болуп орус тамгаларына ылайыкташтырууга алгачкылардан болуп үндөп, бул жаатта эбегейсиз иштерди жасайт. 1924-жылы "Окуу китебин" түзүп, андан соң "Чоңдор үчүн алиппени", "Эне тилибиз", "Социалдык-экономикалык сѳздүк", "Кыргыз тилинин морфологиясы" жана "Кыргыз тилинин синтаксиси" сыяктуу тилибиздин негизин түзгөн эмгектерди жаратат.
Кыргыз адабиятына негиз салган. Касым Тыныстанов 37 жылдык ѳмүрүнүн кѳп бѳлүгүн мамлекеттик жана илимий жумуштарга арнагандыктан кѳркѳм чыгарма жазууга убактысы аз болгон. Ошентсе да анын кыргыз адабияты үчүн кошкон салымы чоң. Чыгармачылыгы студенттик кезинде гезиттерде иштеп жүрүп казак тилинде жазган бир нече ыры менен башталат. Ал эми кыргыз тилиндеги алгачкы "Ала-Тоо" аттуу ыры 1922-жылы жарыкка чыгат. Ошол эле учурда Тыныстанов кыргыз прозасына негиз салгандардын бири. Анын "Мариям менен көл боюнда" повести кыргыз реалисттик прозасынын алгачкы өрнөгү катары эсептелинет. 1924-жылы "Жас кайрат" журналына чыккан бул чыгармада бири-бирине жетпей калган эки жаштын арманы баяндалган. Ошондой эле 20-кылымдын башындагы оор социалдык көйгөйлөр, кыздардын кордолушу чагылдырылган. Ал эми анын 1919-1924-жылдар аралыгында жазган ырларын камтыган "Касым ырларынын жыйнагы" 1925-жылы Москвада басылган. Жеке чыгармачылык менен гана чектелип калбай, кыргыз элине таандык оозеки эмгектерди, "Манас" эпосун жыйноого зор көңүл бөлүп, бул жаатта бир нече көлөмдүү илимий макалаларды жазган. Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" үчилтигин толук жазып алуунун демилгечиси болгон. Ага кошумча, Тыныстанов тунгуч көркөм котормочу катары да белгилүү. Ал орус жазуучусу Иван Крыловдун тамсилдерин жана Коммунисттик партиянын гимни "Интернационалды" биринчилерден болуп кыргызчага которгон. Ошондой эле орус революциячыл ырларын "Өзгөрүштүн ырлары" деген ат менен которуп, китеп кылып чыгарган.
"Эл душманы" аталуу. Касым Тыныстанов жаш кезинде кургак учук менен ооруп, бул дарты 1930-жылдардын башында кайрадан козголот. Дарыгерлердин сунушу менен бир жылга жакын айылында дарыланып келип, жаңы эле ишке киришкен кезинде ага "эл душманы" деген жалаа жабылат. Буга ошол кездери театрда коюлуп жаткан Тыныстановго таандык "Академиялык кечелер" спектакли негиз болот. 1933-жылдын башында жазуучу Аалы Токомбаев "Кызыл Кыргызстан" гезитине "Академиялык кече тууралуу" жана "Академиялык кеченин тыянагы" деген эки макала жазат. Анда Тыныстановго карата катуу сын айтылып, улутчулдукка, панисламчыл, пантүркчүл идеяларына сугарылган, эски заманды, бай-манаптарды мактаган деген айыптар тагылат. Ошондой эле жаш кезинде "алаш ордочулар" (1917-20-жылдардагы Казакстан менен түндүк Кыргызстандагы саясий кыймыл) менен санаалаш болуп, алардын пикирлерин колдогон деген күнѳѳ да коюлат. Чындыгында кыргыздын мындай эки залкар инсанынын ортосундагы тирештин келип чыгуусунун өз себеби бар. Замандаштарынын эскерүүсүнө караганда, Аалы Токомбаев 1924-жылы "Ленин тууралуу" ырлар жыйнагын жазган. Ошол кезде Илимий комиссияда иштеген Тыныстанов Токомбаевдин чыгармаларын чийки, али бышып-жетиле элек деген сын-пикирин билдирген экен. Экөөнүн арасындагы келишпестик ушундан улам пайда болгон деп айтылат. Тыныстанов 1937-жылы Москвада жүргөн жеринен чакыртылып, эч себепсиз партиядан чыгарылып, камакка алынат. 1938-жылы 5-ноябрда СССР Жогорку Аскер сотунун жабык жыйынында күнөөлүү деп табылып, атууга чечим чыгарылат. Өкүм эки күндөн кийин, 7-ноябрда, аткарылган.
"Кара тизмедеги" илимпоз. Касым Тыныстановдун ысымы атылгандан кийин да ондогон жылдар бою "кара тизмеден" алынбай келген. Аты илимий чөйрөдө эскерилбей, өзү даярдаган бир нече эмгеги жарыкка чыкпай, жасаган эмгектери бааланбай калган. 1957-жылы жубайы жана уулунун кайрылуусунан кийин СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы Тыныстановго карата чыккан өкүмдөрдүн баарын жокко чыгарат. Бирок тилчинин партиялуулугун калыбына келтирүү дале болсо кыйынга турат. Бийликтеги аткаминерлердин бир нече жолку талашып-тартышууларынан кийин гана, 1958-жылы партиялык билети калыбына келтирилет. Тилчи каза болгондон жарым кылымдан кийин гана толугу менен акталат. 1988-жылы партиянын Борбордук комитети илимпозду актап, анын кыргыз илим чөйрөсүндөгү ишмердиктери кайрадан бааланып, адабий мурастары тууралуу тарыхый чындык ордуна келтирилет.
Үй-бүлөсү. Касым Тыныстанов менен жубайы Турдубүбү эки уул, эки кызды тарбиялашкан. Советтик революцияга чын жүрөгүнөн ишенген илимпоз балдарына Теңдик, Эркиндик, кыздарына Бирдик, Кишимжан аттуу ысымдарды берген. Тыныстанов атууга кеткенден кийин жесир калган Турдубүбү апа балдары менен бирге катуу азап тартат. Кай жерге барбасын "эл душманынын үй-бүлөсү" делип, эч жерге батпай, өз элинде бөтөнгө айланат. Ошентсе да эч кимге зар болбой, балдарын билимдүү кылып тарбиялаганга жетишет. Жубайлардын тун уулу Теңдик туугандарынын эскерүүсүнө караганда, атасын тарткан өткүр, зээндүү бала болгон. Ал Улуу Ата Мекендик согуш башталганда кан майданга аттанып, ал жактан башына ок тийип, жарадар болуп келет. Ага карабай дарыгер болууну самап, медициналык окуу жайга тапшырат. Бирок дарт коё бербей, 1947-жылы энесинин колунда кыйналып жатып каза табат. Агасынын жетпей калган кыялын экинчи уулу Эркиндик орундатат. Ал хирургия бөлүмүн ийгиликтүү аяктайт. Коомчулуктун бут тосуусуна, жаман сөзүнө карабай бир нече райондук ооруканаларда башкы дарыгер болуп иштеп, медицина илимдеринин кандидаты, доцент наамдарын алат.
Сабактын этаптары | Сабактын мазмуну(мугалимдин ишмердүүлүгү) | видеокатар | Слайддын № | Бөлүнгөн убакыт |
Киришүү | 1. Саламатсыңарбы, кыздар жана мугалимдер. Бүгун Кыргыз тили жана адабияты сабагын өтүүдө силер менен мен кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими: Жуматаева Венера Калчороевна | Кыргыз тили жана адабияты | №1 | 10 сек. |
| Эми сабакка киришели. Сабак учурунда кээ бир таблица, схема, терминдерди жазып алууга, сурөткө тартып алууга мүмкүнчүлүктөр берилет. Пайдалангыла. | мугалим | | |
Билимдин актуалдуулугу | 2. Сабагыбыздын темасы: Грамматикалык тема: Сүйлөм жөнүндө түшүнүк. Лексикалык тема: Касым Тыныстанов- алгачкы профессор. | | №2 | 10 сек. |
Теманы практика жүзүндө түшүндүрүү | 3. Бүгүнкү сабакта биз: • Сүйлөм жөнүндө жалпы түшүнүк алабыз. • Касым Тыныстановдун өмүр жолу *Касымдын чыгармачылыгы жана анын жасаган эмгектери. | | №3 | 1,30 мин. |
| 4. СҮЙЛӨМ - айрым бир бүткөн ойду билдирүүчү сөз айкашы; синтаксистин изилдей жана үйрөтө турган негизги маселелеринин бири. Ал коомдук турмушта пикир алышуунун, башкача айтканда байланыш, катнаштын эң негизги каражаты болуп эсептелинет. Сүйлөм ар кандай эле сөздөрдүн жыйындысынан курала бербей, лексикалык-семантикалык маанилери боюнча жакындыгы бар, ошонун негизинде грамматикалык жактан байланышкан сөз айкашынан түзүлөт. Сүйлөм айтылыш максатына карай: жай, суроолуу жана илептүү болуп үчкө бөлүнөт. | | №4 | |
| 5. Жай сүйлөм – кандайдыр бир окуяны, кубулушту, ой жүгүртүүнү, билдирүүнү, түшүндүрүүнү баяндап берүү максатында жайынча айтылган сүйлөм (мисалы, Той болду. Жаңы окуу жылы башталды. Ачуу – душман, акыл – дос. Кемчилигиңди айткан адамды жаман көрбө. Наадандык, караңгылык адамдын кендирин кесет жана башка). | | №5 | |
| 6. Бир нерсени сурап билүү үчүн максатында айтылган сүйлөм суроолуу сүйлөм деп аталат, суроолуу сүйлөмдүн аягына суроо белгиси (?) коюлат. Сен кимдин кызы болосуң ? | | №6 | |
| 7. Илептүү сүйлөм - күчтүү эмоцияны билдирип, илептүү интонация менен айтылган сүйлөм. Кыргыз тилинде Илептүү сүйлөм эмоцияны, психикалык абалды билдирүүчү сүйлөм катары жай, суроолуу, буйрук сүйлөмдөрдүн базасында уюшула берет. Мындай сүйлөмдөрдө кабарлоо+эмоция, суроо+эмоция, буйруу+эмоция маанилери биримдикте болот. Илептүү сүйлөмдү аныктоодо интонация маанилүү роль ойнойт. Анын тутумундагы сезимди билдирүүчү сөз өзгөчө көтөрүңкү тон менен, басым коюлуп айтылат: Жер, дүйнөнүн бардык булуң- бурчунда адам баласын баккан жер, сен айткын! Кыргыз тилинде Илептүү сүйлөмдү уюштуруучу лексикалык-грамматикалык каражаттар болуп түрдүү сезимди билдирүүчү сырдык сөздөр, каратма сөздөр, интонация ж.б. эсептелет. Илептүү сүйлөмдүн аякталган чегинде айтылыш максатына ылайык илеп белгиси жана илеп, суроо белгилери катар коюлат. | | №7 | |
| 8. Буйрук сүйлөм – бир нерсени аткарууга карата айтуучунун талабын билдирүүчү сүйлөм (Мисалы, Жакшылыгыңды аябай, жардам берип кой! Китебиңди ала кел!). Буйрук сүйлөм структуралык грамматикалык жактан ар түрдүү келип, анын структурасын түзүүчү негизги элементи болуп баяндооч (этиштик баяндооч) эсептелет да, буйрук маанини буйрук ыңгайдагы этиш туюндурат. | | №8 | |
| 9.Баш мүчөлөрдөн гана түзүлгөн башкача айтканда, ээ менен баяндоочтон гана түзүлгөн сүйлөмдөр жалаң сүйлөм деп аталат. Мисалы:Жамгыр жаады. Кун батты. Баш жана айкындооч мүчөлөрдөн түзүлгөн сүйлөмдөр жайылма сүйлом деп аталат. Мисалы:Биз эртен шаарга барабыз. Биз,барабыз-баш мүчөлөр,эртең,шаарга-айкындооч мүчөлөр. | | №9 анимация | |
| 10. | | №10 | |
| 11. Касым Тыныстанов (1901, азыркы Ысык-Көл району, Чырпыкты кыштагы, - 1938) - кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист,биринчи кыргыз профессору | | №10 анимация | |
| 12. Алгачкы билимди диний мектептен алган, шаардык (Каракол) орус жергиликтүү мектебинде агартуу институтунда окуган. "Эркин Тоо" гезитинин жооптуу редактору болуп иштеген. 1927-30 жж. Кыргыз АССР эл агартуу комиссары. 1928 жылында «Жаңы маданият жолунда» журналды уюштурууга катышып 1931 ж. чейин анын жооптуу редактору болгон. 1931-37 жж. - Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, сектор башчысы, директордун милдетин аткаруучу, ошол эле учурда Кыргыз педагогикалык институтунда окутуучу. Касым Тыныстанов 1938 ж. репрессиялар учурда "Эл душманы" деген наамга коюлуп, атылып өлтүрүлгөн. | | №11 | |
| 12 | | №12 | |
| 13. | | №13 | |
| 14. Тирешүүнүн аягы Ормон хандын өлүмү жана ага жооп кылып Үмөтаалы, Төрөгелди баштаган сарыбагыштардын бугуларга болгон бир нече жолку жортуулу менен аяктаган. Бугу уруусу Каркыра, Текеске чейин чегинет. | | №14 | |
| 15. Ушундай коогалаңдуу шартта кыргындан кутулуунун ылаажысы катары Качыбек Шералы уулу баштаган бугунун элчилиги 1854-жылы 26-сентябрда Батыш Сибирь генерал-губернаторлугуна жөнөйт. 1855-жылы 17-январда Омскидеги ак сарайда өз элинин ыйгарымдуу өкүлү катары К.Шералин орус букаралыгына өтүү тууралуу куран кармап, ант берген. Ысык Көлдүк кыргыздардын Россияга кошулушу расмий түрдө бааланып, Ысык Көлгө орус аскерлеринин гарнизондору отурукташа баштайт. | | №15 | |
| 16. Чүйдү Россияга каратуу үчүн падышалык 19-к. 60-жылдары чечкиндүү кирише баштаган. Муну байкаган Кокон хандыгы да Чүйгө сарбаздарын көп топтогон. Бул эки мамлекет тирешип жатканда, кыргыздар бейтараптыкты сактап жайлоого чыгып кетишкен. Падыша аскери Апполон Эрнестович Циммермандын кол башчылыгы астында 1860-жылы 28-августта Токмок чебин басып алышкан. Ошол эле күнү ага казак-орус кошууну менен Герасим Алексеевич Колпаковский кошулган. Эртеси алар Бишкекке бет алышып, Бишкек чебин ээлешкен. Атабек датка, Алишер датка баштаган 627 сарбаз багынып берген. | | №16 | |
| 17. Орустар менен кокондуктардын дагы бир чоң тирешүүсү 1861-жылы 20-октябрда Узун Агач бекетинде болуп өткөн. Бул салгылашка Алымбек датка өз кошууну менен кирбей койгон. Ал эми Шабдан баатыр кыргыз жигиттерин баштап, орус аскерлерине каршы күрөшкөн. Андан көп өтпөй Шабдандын атасы, сарыбагыштын чоң манабы Жантай Карабек уулу Верныйга барып, Чүй өрөөнүндөгү кеминдик кыргыздар Рссиянын карамагына өтөөрүн билдирген. Ушундан кийин Шабдан да орус бийлигине кызмат өтөөгө киришкен. | | №17 | |
| 18. 1862-жылы Бишкектен Таласка чейинки аймакты ээлеген солто уруусунун манабы Байтик Канай уулу кокондук аким Рахматуллага каршы күрөш баштайт. Рахматулланын көзүн амал менен тазалап, Верныйдагы Герасим Алексеевич Колпаковскийден жардам сураган. 1200 солдаты менен жетип келген Колпаковский Бишкек чебин ээлегенден кийин, андан ары дагы жортуулун уланткан. Байтик баатыр өзүнүн 200 ашык жигити менен орус аскерлерине кошулуп, кокондуктардын Мерке, Олуя Ата, Чимкент чептерин каратууга жардам берген. | | №18 | |
| 19. Ошол эле учурда солто уруусунун Жангарач, Маймыл жана Тынаалы баштаган бир бөлүгү орус бийлигине баш ийүүнү каалабай, Таластын баш жагына көчүп кетишкен. А түгүл каршылык көрсөтүү үчүн кол курашкан. Жангарач манап өлгөндөн кийин гана 1864-жылдары анын уулдары жана Көкүм манап орус төбөлдөрү менен мунасага келе баштаган. Жалпысынан Таласка көчө качкан кыргыздар орустарга 1865-жылдан кийин баш ийишкен. Алар менен бирге Таластагы негизги уруулар: саруу, кушчулар да орустардын бийлигин таанышкан. | | №19 | |
| Демек, Чүй жана Таласты багынтууда падышалык ыктыярдуулук менен катар куралды дагы пайдаланганын тана албайбыз. | | мугалим | |
| 20. Россияга кошулганга чейин Теңир Тоодогу кыргыздардын бир бөлүгүн Кокон хандыгы каратып, мезгил-мезгили менен салык алып турса, экинчи бөлүгү Кашкардагы цин-манжур бийлигинде турган Кытай менен чектешкен. Ошондуктан орус бийлигин кабыл алуу алардын арасында чоң айрымачылыкты жараткан. Теңир Тоолук кыргыздардын Россиянын бийлигин кабыл алышын экрандагы таблицадан бааласаңар болот. Андыктан аны сүрөткө тартып алгыла. | | №20 | |
| 21. 1863-жылы 13-октябрда чериктердин элчилиги Омскиге келип, орус бийлигине өткөндүгү тууралуу ант беришкен. 1864-1865-жылдары Нарындын башын мекендеген бугу, тынымсейит уруусу, Кочкор, Жумгал, Кетмен Төбөнүн саяк уруулары Россиянын курамына кирген. Ал эми Үмөталы баштаган кыргыздар 1867-жылга чейин каршылык көрсөткөн. 1867-жылы 11-июлда Сыр Дарыя жана Жети Суу областтарынан турган Түркстан генерал-губернаторлук түзүлгөн. Анын стратегиялык маанисин эске алып, согуш министрлигинин карамагына беришкен. 1868-жылы Нарын жана Караколдо орус чептери курулуп, аларда туруктуу аскер кошуундары тургандан баштап, Кыргызстандын түндүгүнө Россиянын бийлиги иш жүзүндө орногон. | | №21 видео | |
| 22. Администрациялык башкарууну уюштуруу менен катар эле орус өкмөтү жаңы ээликтерде падышалыкка согуштук-саясий жана социалдык таяныч түзүү үчүн келгин орустарды отурукташтыруу саясатын жүргүзгөн. 1867-жылы Ысык Көлдүн Кара Колунда, Чүйдүн Токмогунда отурукташтыруу пункттары даярдалып, кийинки жылы орустар келе баштаган. Ошентип, 1863-68-жылдары Түндүк Кыргызстанда иш жүзүндө орус бийлиги орногон. 1853-55-жж. соода жана оозеки түрдө, 1855-жыл 17-январь, 1863-жыл 13-октябрындагы ант берүүлөр документалдуу түрүндө аныкталган. 1860-63-жж. Чүй, Теңир Тоо чөлкөмдөрү согуштук-саясий ыкма менен Россияга каратылган. | | №22 | |
| 23. 19-кылымдын 50-жылдарындагы ордодогу баш аламандыктар, козголоңдор, Кокон хандыгынын саясий абалын бошоңдоткон. Мындай абал Россиянын Фергананы, Түштүк Кыргызстанды басып алуусун жеңилдеткен. Бул жылдары деле кыргыз билермандары ордонун ишине мурдагыдай эле активдүү катышып турган. | | №23 | |
| 24. Ошол мезгилдеги Алай билерманы Алымбек датка Кокон ордосунун оюндарына ичкериден катышып, өз ишин тээ Мадалы хандын тушунда эле баштап, алгач Малла ханды тактыга отургузууга, андан кийин Шах Муратты такка отургузууга көмөк көргөзгөн. Ал кызматтары үчүн ордодон “датка” даражасын алып, Анжияндын акимдигинен вазирлик мансапка чейин көтөрүлгөн. Бирок ордо оюндарынын айынан каза болуп, анын ишин уланткан атаандашы, саясий ишмер Алымкул аталык дагы Кокон хандыгын сактап калышка бир топ салым кошкон. | | №24 | |
| 25. 1865-жылы Бухара эмирлиги (Саид Музаффар эмир) менен Кокон хандыгынын ортосундагы согуш стратегиялык маанидеги ири шаар Ташкентти басып алууга орустарга ыңгайлуу кырдаал түзүп берген. Мүмкүнчүлүктү текке кетирбеген генерал Михаил Григорьевич Черняев көп сандуу аскери менен Ташкентке кирген. Анын жолун Алымкул аталык өзү Кокон аскерлеринин башына туруп тоскон. Үч күндө Ташкент багынган, а Алымкул аталык окко учкан. 1867-жылы жайында Түркстан областы Түркстан генерал-губернаторлугу болуп кайра түзүлгөн. Ташкент анын борбору болуп калган. Ак падыша Александр II Түркстандын алгачкы генерал-губернатору кылып Константин Петрович Кауфманды дайындаган. Падыша өкмөтү ага Орто Азия хандары менен өз алдынча дипломатиялык мамилелерди жүргүзүүгө жана согуш жарыялап, тынчтык келишимдерин түзүү сыяктуу чоң укуктарды берген. | | №25 видео | 1,14сек. |
| 26. Кокон хандыгын уратууга ичкериден салым кошкон бул 1А. Кокондун залим, ач көз катары мүнөздөлгөн Кудаяр хан болгон. Кыргыздардын жээни Кудаяр хан алгач таекелерине жан тартып жүргөн, ордо турмушуна көнгөн сайын кыргыз бийлерин кысымга алып, эзүүнү күчөткөнү элетке кадырын кетирген. Натыйжада, ага каршы 1873-жылы Фергана өрөөнүндө кыргыздар башында турган элдик кыймыл башталган. 1875-жылы 22-июлда Кудаяр хан акыркы жолу тактыны таштап, орустардын ээлигиндеги 2А. Ташкенге келген. Орус бийликтери аны үй-бүлөсү, жакындары менен 3А. Оренбург шаарына жөнөтүп жиберишкен. | | №26 | |
| 27. Түштүк Кыргызстандын Россияга каратылышы 1873-76-жж. тарыхта Кокон көтөрүлүшү деген ат менен белгилүү болгон элдик кыймыл менен байланыш. Буга чейин болуп келген 1867-1870-, 1871- жылдардагы чаржайыт көтөрүлүштөрдөн айрымаланып, бул көтөрүлүш чыныгы элдик көтөрүлүш болгон. Кыймыл жазында башталып толук 3 жылга созулган жана анын басылышы Кокон хандыгынын жоюлушуна алып келген. | | 27 | |
| 28. Көтөрүлүштүн себеби - Кокон хандыгынын Россиянын вассалына айланышы кыргыздардын жашоосун оорлоткон. Салыктын түрүнүн да, өлчөмүнүн да көбөйүшү, белгиленген мөөнөтсүз аскер ишин өтөө, хандыкка бекер иштеп берүү, кыргыздарга таандык дыйканчылыкка ылайыктуу жерлерди тартып алуу хандыктын жашоочуларынын нааразылыгын арттырган. | | №28 | |
| 29. 1873-76-жылдардагы көтөрүлүштү эки чоң мезгилге бөлүп кароого болот. 1873-74- жылдарды камтыган биринчи мезгил чар жайыт чыгуулар менен коштолсо да, төмөндөн жогору өнүккөн Кудаяр хандын бийлигине каршы антифеодалдык кыймыл болгон. Бир аз тыныгуудан кийин 1875-1876-жылдардагы көтөрүлүштүн өзүнүн максаты, мүнөзү, масштабы жана улуттук курамы менен айрымаланган экинчи этабы болуп өткөн. | | №29 | |
| 30. Элдик кыймыл 4 аймакта жүргөн. 1. Алайдагы көтөрүлүш. Кудаяр хандын тапшыруусу менен 1873-жылы жазында Абдрахман афтобачы Алайга келип, Шер датка баштаган 40 бийди хан менен сүйлөшүүгө чакырып, өлтүртүп койгон. 2. Аксыдагы көтөрүлүш И.Асан уулунун аты менен байланыш. Айтымдар боюнча Нарбото бийдин баласы Полот көтөрүлүшчүлөргө кошулбай койгондо, анын ат байлаары Исхак Асан уулу Сафид Буланда “Полот хан” деген ат менен хан көтөрүлгөн. 3. Эки Суу аралыгындагы көтөрүлүштү мундуз уруусунун карапайым адамы Мамыр Мерген жетектеген. Ал Түркстан генерал-губернаторлугунун жардамчыларына да колдоо күтүп кат менен кайрылган. 4. Лейлектеги көтөрүлүшкө Мамырбай жетекчилик кылган. Аларды басуу үчүн да Абдрахман афтобачынын отряды жөнөтүлгөн. Көтөрүлүш аёосуз басылган. | | №30 | |
| Көтөрүлүштүн жүрүшү төмөнкү видеоде кыскача айтылат 31. | | №31видео | |
| 32.Балдар, 1873-1876-жылдардагы элдик көтөрүлүштү басуу орус аскерлери үчүн кыйынга турганын алардын өздөрүнүн эле жазгандарынан билсек болот. «Биз мындай күжүрмөн жоокерлер менен биринчи жолу беттешип отурабыз жана калайык –калк менен күрөшүү жергиликтүү хандар менен күрөшкөнгө караганда алда канча оор экенин билдик»,- деп К.П.фон Кауфман жазган болсо, М.Д.Скобелев: «Азиядагы бейкутчулук ал жерде кырылган элдин жана кесилген баштын санына түздөн-түз байланыштуу. Сокку канчалык катуу болсо, душман ошончолук тынч болот»,-деп жазган өз рапортунда. | | №32 | |
| 33. Кокон хандыгы жоюлган кезде Түштүк Кыргызстандын тоолуу аймактары, Алай ж.б. өрөөндөрү Орус мамлекетине кошула элек болчу. Фергана областынын жаңы аскер губернатору М.Д.Скобелев моюн сунбаган кыргыздарды багынтуу үчүн атайын “Алай илимий-согуштук экспедициясын” уюштурган. Экспедицияга аскерлерден тышкары окумуштуулар да кошулган. Алар биометриялык байкоолорду жүргүзүп, зоогеографиялык, топографиялык жана статистикалык маалыматтарды топтомок. Бирок бул экспедиция алайлык кыргыздарды багындырууга арналган кадимки согуштук басып алуу экспедициясы болгон. Экспедицияга М.Д.Скобелев өзү командачылык кылган. | | №33 | |
| 34. Эркиндикти сүйгөн Алай кыргыздарынын башында Алымбек жана Курманжан даткалардын уулдары Абдылдабек, Батырбек, Мамытбек, Асанбектер турушкан. Алай тоолорундагы кармаш кыргыздар үчүн да, орустар үчүн да кыйынга турган. Кыргыздар курал-жарактан артта калышса, орус аскерлери үчүн ыңгайсыз топография, климат кыйынчылык келтирген. Эки тарап тең аянышкан эмес. Балдар, аялдар, кары-картаңдар кыргынга учураган. Экспедицияга Шабдан баатыр нөкөрү Баяке, уулу Байбосун баштаган 40 ашуун жигити менен катышып, орус, кыргыз ортосуна ортомчу болгон. | | №34 видео | |
| 35. Курманжан датка абалды байкап, М.Д.Скобелев менен жолугушууга барат. Генерал М.Д.Скобелев да сый-урмат менен тосуп алат. Курманжандын акылын, ишмердүүлүгүн байкаган генерал Курманжан датканы “Алай ханышасы” деп баа берген. Бул жолугушууда Курманжан датка орус бийликтерине баш ийүүгө мажбур болгон. Бирок даярдалган шартнааманы орус бийлигине да тааныта алган. Ошентсе да, шартнаама бардык учурда эле эки тараптан тең аткарыла бербегендигине тарыхтын кийинки барактары күбө. Натыйжада 17,4 миң түтүн кыргыздар орус букаралыгына киргизилди. Түштүк Кыргызстанды каратуу аяктаган. | | 35 | |
| 36. Кыргызстандын Россияга каратылышынын тарыхый маанилерин санап өтөлү: • Кыргызстанды чет мамлекеттердин басып алуу коркунучу жоюлган; • Уруулар арасындагы кандуу кармаштар токтогон; • Экономиканын өнүгүүсүнө, капиталисттик мамилелердин калыптанышына шарт түзүлгөн; • Калктын отурукташуусу тездеген, айыл-кыштак, шаарлар пайда болуп, рыноктук мамиле өнүккөн; | | №36 | |
Сабакты бышык тоо. | 37. Балдар, бул жерден эми силер менен чогуу иштеп көрөлү. “Кыргызстандын Россияга кошулуусунун оң жана терс жактары” деген таблицаны бүгүнкү алынган маалыматтар боюнча жана андан кийинки окуяларга таянып ойлонуу менен толтурабыз. Чогуу окуйлу, чогуу ойлонолу.... 1.А. Эми өзүңөрдүн оюңарды менин оюм менен салыштырып көргүлөчү? Туура элеби? Дагы өз алдыңарча кошумчаласаңар болот. | | №37 анимация | 30 сек. |
Жыйын тыктоо | 38. Бүгүнкү жаңы темабызды аяктап жатып төмөнкүдөй жыйынтык чыгарсак туура болсо керек. Россия түштүк чек араларын бекемдөөдө жана таасир берүү чөйрөсүн кеңейтүү максатында Түркстан крайы жана Кыргызстан аймактарына активдүү саясат жүргүзгөнүн тактай алдыңар; Кокон хандыгындагы жана кыргыздардагы саясий абал Россиянын пайдасына чечилгенин тарыхый окуялар аркылуу биле алдыңар; Россиянын курамына кирүү менен саясий, экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөргө өз пикириңерди тактай алдыңар деп ойлойм. | | №38 | |
| 39. Сабактагы маалыматтарды толуктап экрандагы адабияттардан жана интернет булактарынын шилтемелелеринен алсаңар болот. | | №39 | |
| Сабагыбыз аягына чыкты. Келээрки көрүшкөнчө жакшы калгыла. | | 10 сек | Экранда мугалим |
Тал
Кыргызстан тарыхы (урунттуу учурлар XIXкылымдын ортосунан бүгүнкү күндөргө чейин) 11-класс, Ө.Ж.Осмонов, А.С.Мырзакматова, Бишкек: “Билим-компьютер”, 2012-жыл.
Тарых сабагы боюнча методикалык колдонмолор.
Эки томдук тандалган чыгармалар, Т. Касымбеков, Ф.,1990-жыл
Сайттардын шилтемелери https://go.mail.ru/search_images?fr=main&frm=main&q
https://youtu.be/rmbwdERKaUg
https://go.mail.ru/redir?type=sr&redir=eJzLKCkpKLbS18_P1k1KLSpJ1Csq1c_Oz81LLMmrTNUtSiwuSc3LrEzUL8tPzctLrEzUTc0uLkhNyUwGCuqmp-alFiXmJOrm6qboFmfnJ6XmpJbBheEi-gwMhmYGppYmFhbGhgx51hFl4fVHp0c-nRexQUq7AQB1Zy_h&src=473505c&via_page=1&user_type=3d&oqid=ede107c2b3743318
Талкуулоо
Директор ИСИТО Субанкулова Мээрим Муратбековна-ачык сабак кызыктуу болду,студенттердин жооп бериши аябай жакшы,мугалимдин суйлоо речи,өзүн алып журушу талаптагыдай
Абдуллаева Зейнеп-мугалим сабакты так,жеткиликтүү тушундуруп берди