Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак 10- класс»
Сабактын темасы: Бир атомдуу чектүү спирттердин түзүлүшү, изомериясы жана номенклатурасы
Бүгүнкү сабакта окуучулар : спирттердин классификациясы, жалпы формуласы, гомологиялык катары, изомериясы жана номенклатурасы боюнча түшүнүк алышат
Тесттик суроолор
1. Алкандардын жалпы формуласы?
а) C n Н 2n+2
б) C n Н 2n
в) C n Н 2n+1 ОН
2. Чексиз углеводороддордун молекуласында кандай байланыш бар?
а) кош жана үчтүк
б) ординардык жана кош
в) жөнөкөй жана үчтүк
3. Алкендердин галоген туундусу?
а) С 2 Н 5 Cl
б) C 2 H 3 Br
в) C 4 H 9 Cl
Кычкылтектүү органикалык бирикмелер
бир атомдуу
көп атомдуу
- Альдегиддер жана кетондор
жөнөкөй
татаал
спирттер
- Молекулаларында суутектин бир же бир нече атомдору гидроксил топтору менен орун алмашкан көмүрсуутектердин туундулары
- Гидроксил тобу ОН спирттердин функциялык тобу
- Функциялык топтор деп, берилген класстагы заттардын мүнөздүү химиялык касиеттерин көрсөткөн атомдордун топторун айтабыз.
Спирттердин жалпы формуласы
C n H 2n+2 чектүү углеводороддордун жалпы формуласы
C n H 2n+1 ОН же R-OH
R- радикал, -OH гидроксо топ
Спирттердин номенклатурасы
Н 3 С- СН 2 - СН 2 - СН 2 – ОН
Бутанол же бутил спирти
Н 3 С- СН 2 - СН 2 - СН 2 –СН 2 – ОН
Пентанол же пентил спирти
Н 3 С - СН 2 – ОН
Этанол же этил спирти
Н 3 С- СН 2 - СН 2 – ОН
Пропанол же пропил спирти
Чектүү углеводороддун атына –ол мүчөсүн улап
же радикалдын атына спирт деген сөздү кошуп атайбыз
Спирттердин функциялык топко карай бөлүнүшү
Бир атомдуу: Н 3 С - СН 2 – ОН этанол
Эки атомдуу: Н О – СН 2 - СН 2 – ОН
1,2- этандиол же этиленгликоль
Үч атомдуу:
1,2,3-пропантриол же глицерин
НО – СН 2 - СН - СН 2 – ОН
ОН
Спирттердин изомериясы
Функциялык топко карай
Н 3 С- СН 2 - СН 2 - СН 2 – ОН
Бутанол-1же биринчилик спирт
Н 3 С- СН 2 - СН - СН 3
ОН
Бутанол-2 же экинчилик
СН 3
Н 3 С- С - СН 3
ОН
2- метилпропанол-1 же үчүнчүлүк спирт
Көмүртек скелетине карай
Н 3 С- СН 2 - СН 2 - СН 2 – ОН
Бутанол -1
Н 3 С- СН - СН 2 – ОН
СН 3
2- метилпропанол- 1
Н 3 С- СН 2 – ОН этанол
Н 3 С- О - СН 3 диметил эфир
С 2 Н 6 О молекулалык формула
Класстар аралык
Өтүлгөн теманы бышыктоо
- 3-метил,4-этилгексанолдун
түзүлүш формулаларын жана аларга туура келген изомерлерин жазгыла