4-класс
Кыргыз тили
4-чейрек 1-сабак
Тема: Сан атооч. Эсептик сан атооч. Бул сабакта кандай компетенттүүлүккө башкача айтканда кандай көндүмдөргө ээ болбуз?
Тилдик компетенттүүлүк - сан атооч боюнча маалымат алабыз; - эсептик сан атооч кайсы экендигин так билебиз. Кептик компетенттүүлүк - өзүбуздүн кебибизге байкоо жүргүзүү аркылуу өз оюбузду кенен жана түшүнүктүү берүүгө үйрөнөбүз; - сан атоочторду,эсептик сан атоочту кебинде колдонобуз. Маданий компетенттүүлүк - кебинин бай жана орундуу болуусуна аракет кылабыз; - сан атоочту жазуу жана сүйлөөдө пайдаланабыз.
Китебиңердин 145-бетин ачып, 1-сабакка көңул бурсаңар!
Бүгункү сабактагы жаңы создөр менен таанышып алалы ачылыш-открытие жибек-шелк байлык-богатство кербен деген эмне эле?
Туура, караван. Сарай-дворец чыгыш өлкөлөр-восточные страны аларга кайсылар кирет?
Сан атооч-имя числительное. Орус тилинен бул теманы өткөнсүңөр. Орусча эрежесин эске түшүрөбүз...
Аты эле айтып тургандай, сандарды атоочу сөздөр. Тагыраак айтканда заттын санын билдирген сөздөр сан атооч болот.
Кайсы сандар бар эле?
Туура, сандар толтура! Бир,беш, отуз,бешинчи,алтынчы,үчөө, бештей, ондой жана башка.
Мына ушул сандарды , деги эле сан катышкан бардык сөздөр сан атооч боло алат.
Сан менен эмне кылабыз? Эмнеге сандарды колдонобуз?
Ооба, нерселерди, заттарды саноо, эсептөө, иреттөө, болжолдуу санын, бөлүгүн билүү үчүн колдонобуз.
Анда, сан атоочко кандай эреже туура келет? Ойлонолучу!..
Заттын санын,эсебин, иретин,чамасын, болжолун билдирген сөздөр сан атооч деп аталат.
Заттын санын билүүүчүн кайсы суроону колдонобуз?
Албетте, канча, канчанчы деген сыяктуу суроолорду колдонобуз. Китебиңердин эсиңе тут! деген жерин окусаңар...
Сан атооч боюнча бир азбилип алдык. Эми китебиңердин 145-бетиндеги картаны каргылачы! Картада канча өлкө бар экен?
Мен өлкөнүн санын билүү үчун кайсы суроону колдондум?
Туура, сан атоочтун канча деген суроосун колдондум.
Биздин заманга чейин-до нашей эры. 2-кылымда Улуу Жибек Жолу болгон экен. Канчанчы кылымда? Экинчи .
Биз сандарды атаган создөрдү турдүү максатта , мааниде колдонобуз. Мисалы: иретин билүү үчүн, сандын болжолун билүү үчүн, эсебин билүү үчүн.
Мына ушуга карата сан атооч сөздөрдү алты мааниге бөлөбүз 1.Эсептик сан атооч 2. Иреттик сан атооч 3.Жамдама сан атооч 4.Чамалама сан атооч 5.Топ сан атооч 6.Бөлчөк сан атооч
Биз бүгүн көңүл бура турган сан атооч-эсептик сан атооч. Эсептик сан атоочту заттарды эсептөөдө, саноодо колдонобуз. Эсептик сан атоочко мүчө уланбайт. Бир, эки, миң, миллион жана башка.
Демек, заттын санын, эсебин билдирген жана канча , нече деген суроого жооп берген сан атоочтор эсептик сан атоочтор деп аталат экен.
Дагы бир жолу кайталап коелу!!! Заттын санын, эсебин билдирген жана канча , нече деген суроого жооп берген сан атоочтор эсептик сан атоочтор деп аталат .
Китебиңердин 147-бетиндеги 7-таблицаны биз үйрөнгөн жаңы сөздөр жана сан атоочтордун жардамы менен толтургула!
Таблицаны толтургандан кийин бул слайддарды кайра бир кайталап көрүп коюну сунуштайм. Эрежелерди жаттап алуу керек! САЛАМАТТА КАЛГЫЛА!