СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ачык сабак Айтматов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак Айтматов»

Сабактын темасы: Дүйнонү дүңгүрөткөн – Айтматов.

Сабактын максаты:

а) Кыргыз элинин залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы менен таанышышат. Чыгармалардын маани-мазмунун түшүнүшөт.

Б) Сөз байлыгы кеңейип, көркөм айтууга такшалат.

В) Турмуш чындыгын билүүгө адептүү жүрүш-турушка тарбияланат.

Сабактан колдонулуучу дидактикалык материалдар Ч.Айтматовго арналган газеталар, учкул сөздөр, улуттук кийимдер, слайд, уктурулуучу ырлар: Таласым, Илястын ыры, “Манкурт”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар” боюнча видео сюжеттер.

Сабактын жүрүшү: Мугалимдин сөзү:

Чыңгыз атам дүңгүрөтүп ааламды,

Калем иши эң жогорку бааланды.

Ай-ааламга аты кетти даңктана,

Кыргыз жүрөт Чыңгызына мактана.

Демекчи: Саламатсыздарбы урматтуу бүгүнкү салтанаттуу кеченин коноктору. Ааламыбыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматов агайыбыздын 90 жылдыгына карата өткөрүлүүчү “Аалам алпы - Айтматов” деген аталыштагы тарбиялык саатыбызды ачык деп жарыялайбыз.Элибизди эл кылып, улут катары тааныткан улуу белгибиз бул – эне тилибиз, кыргыз тили. Эне тилибиз көрөңгөлүү, кунарлуу тил. Бул тилде Манас атабыз ураан чакырып, эли жерин коргоп келсе, Чыңгыз атабыз алакандай кыргыз элин дүйнө жүзүнө тааныткан. Бул тилде Каныкей эне бешик ырын ырдаса, Бакай атабыз накыл кептерин айткан. Андыктан эне тилибиздин улуулугу менен сулуулугун даңазалап, көзүбүздүн карегиндей кастарлап муундан- муунга өткөрүп берүү биздин ыйык милдетибиз. Демек, эгемен элибиздин эне тили болгон кыргыз тилин сыйлаган, туулган жерин, Ата Журтун чексиз сүйгөн, элинин кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору койгон инсан, заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматов жөнүндө сөз башынан болсун.

Видео сюжет Ч.Айтматов “Кылым сыймыгы”

Муг.сөзү: Ч.Айтматовдун өмүр баяны.

XX к.к. гениалдуу жазуучусу залкар жазуучубуз.

Ч.Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас обл. караштуу, Киров районунда (азыркы Кара-Буура) Шекер айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.

Атасы Төрөкул Айтматов энеси Нагима Айтматова өз мезгилинин мыкты инсандары болгон. Ч.Айтматов жаш кезинде көп кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Ал 9 жашка чыкканда атасы Төрөкул күнөөсүз жерден репрессияланып “Пантуркис” катары атылып кеткен. Апасы Нагима Чынгыздай уулду тарбиялоодо зор салым кошкон. Айтматовдун жазуучу болуп калышына Айымкан энесинин салымы зор. Анын эскерүүсүндө:

“Чыңгыз жомокту кунт коюп угар эле. Жомок түгөнүп калган күндөрү бир аз уктап туруп көргөн түштөрүм жомок кылып айтып берер элем! Айтматовдун чыгармалар:

Жамийла, Кызыл алма, (Акбаранын көз жашы) Кыямат, Фудз. Кадыр түн, Биринчи мугалим, Ак кеме, “Кылым карытаар бир күн”, “Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт”, “Кызыл жолук жалжалым”, “Кассандра тамгасы”, Эрте жаздагы турналар, “Бетме бет” ж.б. элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Алтынай

  • Алп жазуучунун ааламы Шекер айылынан кайталангыс кооз жаратылышынан, карапайым адамдарынан, Айымкан чоң апасы менен Нагима эненин чексиз энелик мээриминен башталган.

Айтунук

  • 9 жашында атасынан ажыраган сезимтал бала, эне сүйүүсүнүн, туулган жердин жана уруу ынтымагынын күчүн ошол кыйын мезгилде терең сезген.

Айжаркын

  • Чынгыз Айтматов 20-кылымдын гениалдуу жазуучусу катары, адамзаттын көркөм маданиятына түбөлүк өчпөс из калтырды.

Кадырбек

  • Манас бабабыздын улуу руху жашаган кутман жердин кулуну Чыңгыз агабыз, алакандай элибизди алп таланттын күчү менен ааламга тааныткан.

Айчүрөк

  • Айтматовдун чыгармасы боюнча 300дөн ашуун спектаклдер жаралып сахнага коюлган.

Бекзат

  • Кыргыз эли үчүн Манас, Ысык-Көл, жана Чыңгыз Теңирим берген теңдешсиз баалулук экенин мезгил аныктады.

Алымбек

  • Кыргыз десем Чыңгыз келет эсиме,

Чыңгыз десем кыргыз келет эсиме.

Кыргызым деп, Чыңгызым деп эргисем,

Кубангандан жаш кылгырат көзүмө.


Видео сюжет. “Эрте жаздагы турналар”, “Ак кеме”

Мугалимдин сөзү: кыскача корутунду.


“Эрте жаздагы турналар” повестинде согуш мезгилинде аталарыбыз согушка кеткенде өспүрүм уландар айылдын оор жүгүн көтөрүп, жеңиш күнүнө зор салым кошушкан.

“Ак кеме” баланын үч жомогу болгон. Бүгүн биз “Бугу эне” жомогу боюнча кеңири токтолобуз.

Тарых барактарына кайрылсак дүйнө эли Чыңгыз аттуу эки адамды жакшы билет. Бири ааламды кылычы менен багындырган Чыңгызхан болсо, бири ааламды калеми менен багындырган, адабият айдыңынын аалымы, мекендешибиз, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атабыз болгон.

Мугалимдин сөзү: “Кылым карытаар бир күн” романынан окуучулар көрүнүш аткарышат.

С.Бейшекеевдин аткарган ыры уктурулат. “Маңкурт”.

  • Жоломан уулум. Уулум менин...

Мени тааныдыңбы? Мен сенин энеңмин. Сенин атың Жоломан. Атаңдын аты Дөнөнбай.

Эстечи, атаң сага жаа атканды үйрөтпөдү беле?

  • Атыңды айтчы?

  • Маңкурт.

Сени азыр ошентип аташат.

Сен келгенде күн беле, же түн беле?

  • Билбейм.

  • Эмне менен сүйлөшкүн келет?

  • Ай менен.

  • Эмнени каалайсың?

  • Кожоюндун төбөсүндөгү айдар чачты.

  • Келчи чачыңды көрөйүн.

  • Оо кудай, башты алса алсын, жерди алсын, мал-мүлктү алсын, акыл эсти алат деген эмне шумдук?

Кимдин акылына сыйды, кимдин колунан келди.

Канимет Чыңгыз атам дүңгүрөтүп ааламды,

Калем иши эң жогорку бааланды.

Ай-ааламга аты кетти даңктана,

Кыргыз жүрөт Чыңгызына мактана.

РабигаЧыңгыздын чыгармасы гүлдөн бүткөн,

Гүл жыттуу ар барагы бүктөн-бүктөн.

Жамийла,Сейде жана Толгонайлар,

Турмушта сени туура жолго түрткөн

Ырыс

Адинай ыр айтышат

Айгерим: көркөм окуу.

Ак кеме чыгармасынан көрүнүш

“Ак кеме” повестинен үзүндү окуучулар аткарышат.

  • Балээ баскыр. Муну кара.

Нургазы оо-ууй Нургазы!

Сениби, сени сени сениби! Үйгө келесиң шашпа. Келерсиң үйгө! Аай алдагы Орозкулдун дүрбүсүн талкалап бүтүрмөй болдуң го.Оо, балакет. Орозкул сени соёт, оо соёт. Оой Гүлжамал, оо сени кудай урдуго бала менен бала болуп. Желмогуздай болгон сетер.

  • Эжекем эми үйгө кантип барат. Мени менен ойнойм деп келип, эми тил уга турган болду. Сен дагы дүрбү күнөлүүсүң. Дайыма эле көлдү карайбыз дей бересиң.

(Дүрбү менен карайт).

  • Ак кеме! Ак кеме!

Эээй, эй ак кеме!

  • Орозкул ава, мени кечириңиз!

Дүрбүңүздү сурабай алдым эле.

  • Аа, дүрбүбү?

Оо кудай, өз баламды өзүмдүн алдынан чуркатып чыгарбадың? Башкалардан эмнеге кем кылдың? Мени куу баш кылгандай эмнеден жаздым?!


Илястын ыры уктурулат:

Делбирим”

Нечен-нечен чыгармалар жаратып,

Дүйнө элине белек кылып таратып.

Асел менен Илясты эскерем,

Долон деген белди ашып баратып.

Биринчи мугалим

Султанмурат сүйгөн кызы Мырзагүл,

Согуш апаат күндөрүндө иштеген.

Жаш болсо да ойлонгону орундуу,

Жашап кетти жакшынакай иш менен.

Ак кеме

Тууган жер, туу көтөрүп дем берип,

Толкун ойноп, үйлөп улам жер көрүп.

Салкын жели, сылап саамай чачтарын,

Кетип барат Ак кемедей термелип.

Кызыл алма.

Күз мезгили кечээги,

Калың бактын этеги.

Кимге буйруйт дегенсийт,

Кызыл алма тээтиги.

Жалын бий – кыздар бийлешет.

Эрте жаздагы турналардан” көрүнүш

“Эрте жаздагы турналар” повестинен үзүндү.

4-класстын окуучуларынын аткаруусунда:

  • Бул менен атамдын аты го.

  • Туура айтат. Бекбайдын Чоң торусу ошол. Түгөйү болсо тээтиги чабдар.

  • Азамат! Атаңдын аттарын тааныдыңбы,? Анда бул экөөн өзүң бак, дагы өзүңө жаккан эки ат тандап ал. Эмесе балдар, ар кимиңер төрттөн ат алып багасыңар. Бери келгиле.

  • Эмне турасыңар? Эсиңер ооп калдыбы? Же силерге тулпарларды таптап турат дедиңер беле? Четинен ала бергиле, жөө калбайсыңар.

  • Анан дагы балдар, десант дегендин командири болуш керек. Командирликке Султанмуратты көрсөтөм.

Кандай дейсиңер?

  • Ушул командирби? Тапкан экенсиңер!

  • Командирликтин кереги жок! Мен суранып жаткансып.

  • Жусуп агай, Анатайдын ичи күйүп жатат.

Анатай Султанмуратты көрө албайт.

  • Анатай болсун командир, бул күчтүү.

Бою кичине болгону менен жашы улуу.

  • Командирликке Султанмурат жарайт.

  • Токтоткула, катарга тизилгиле!

Менин буйругум мындай. Командир Султанмурат, ага орун басар Анатай. Азыркы учурдагы эң негизги милдет:

“Тартипти чындоо жана достукту бузбоо”

  • Балдар араңарда үчөөңөрдүн атаңар согушта. Экөөңөрдүн атаңар согушта окко учту. Ошондуктан силер үчүн мен керт башым менен жооп берем.

Султан Садралиев “Кыргыз бийи” балдар, кыздар бийлешет.

Сыймык Бейшекеевдин аткаруусунда “Жамийла” ыры уктурулат.

Ч.Айматовдун чыгармалары 170тен ашуун тилдерге которулган. 60 миллион окурмандын жүрөгүнөн түнөк тапкан. Ч.Айтматовдун учкул сөздөрү


Жыйынтыктоо: Тарбиялык саатыбызды жыйынтыктап жатып эмне айткыбыз келет?

Аалам алпы – Айтматов кыргыз элине өлбөс, өчпөс из калтырды. Айтматовдун талантына таазим кылып, жүрөгүбүзгө бек сактайбыз. Анын чыгармалары, муундан-муунга, атадан-балага белек болуп кала бермекчи.












Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!