Асан Шеркулов атындагы №28жалпы билим берүүчү орто мектеби5-класс кыргыз адабияты.docx
Тема: Аалам алпы -Айтматов.
Сабактын темасы : Аалам алпы- Айтматов.
Сөз өстүрүү сабагы
Сабактын максаты: А) билим берүүчүлүк :
Ч.Айтматов жөнүндө маалымат алышат.
Б) өнүктүрүүчүлүк :
Окуучулар ой-жүгүртүүсүн, сөз байлыгын өстүрүшөт.
В) тарбия берүүчүлүк :
Сабактын жүрүшүндө берилген маалыматтар
аркылуу окуучуларды улуу адамдан үлгү алууга
тарбиялоо.
Сабактын тиби : Жаңы билим берүүчүлүк.
Сабактын формасы :
Интерактивдүү
Топ менен
Жеке ишмердүүлүк
Сабак аралык байланыш : адабият, тарых география.
Сабактын жабдылышы :
Ч.Айтматовдун сүрөттөрү
Интерактивдүү такта
А4 баракчаларына жазылган тегерекчедеги сөздөр
Суроо- жооп жазылган түстүү кагаздар
Ромашка түрүндөгү түстүү кагаздардагы тапшырмалар
Түстүү кагаздагы манжалардагы жазылган сөздөр
Сабактын структурасы :
Уюштуруу
Саламдашуу
Гимнди ырдоо
Кана балдар, маанайыбыз кандай? Анда эмесе сабагыбызды баштасак.
Силердин көңүлүңөрдү төмөнкү ырга бурмакчымын.баарыбыз чогуу окуйбуз.
Ч.Айтматовдун сүрөтү слайддан көрсөтүлөт.
Кана балдар, бул кимдин сүрөтү?
Кайдан билесиңер?
Бул киши жөнүндө эмнелерди билесиңер?
Эмесе бүгүнкү сабагыбыздын темасы :
Аалам алпы-Айтматов
Азыр силердин көңүлүңөрдү доскадагы текстке бурмакчымын.
кадам : Текстти өзүм окуп берем, ар бир сүйлөмдү түшүндүрөм.
кадам : жалпы, чогуу окуйбуз.
тапшырма :
Тексттеги кээ бир сөздөр түшүрүлүп берилет.
тапшырма:
Төмөнкү сөздөрдөн сүйлөмдөрдү түзгүлө.
1-топко берилет:
тартылган, Бул, кинотасмалар, боюнча, чыгармалары.
Арналган, «Ак кеме» чыгармасы, деген, балдарга.
Таласта, айылында, туулган, Ч.Айтматов, Шекер.
чыгармалары, тилге, Анын, 170, которулган.
3-тапшырма:
Төмөнкү фильворддон сөздөрдү таап, доскага жазгыла.
белгилүү
Шекер
жазуучу
согуш
кыргыз
Талас
4-тапшырма : Суроо-жооп
(жуп-жубу менен иштешет)
1-жуп: Ч.Айтматов кайсы жерде торолгон?
2-жуп: Ч.Айтматов Таласта Шекер айылында туулган.
1-жуп: Балдарга арналган кандай чыгармалары бар?
2-жуп: Балдарга арналган «Ак кеме», «Атадан калган туяк» деген чыгармалары бар.
1-жуп: Анын чыгармалары канча тилге которулган?
2-жуп: Анын чыгармалары 170 тилге которулган.
5-тапшырма:
6- тапшырма : Келечекте …
Колдун манжаларына жазылган каалоо-тилектер
Мен Ч.Айтматовдун чыгармаларын окугум келет.
Мен Ч.Айтматовдун кинотасмаларын көргүм келет.
Биз Ч.Айтматов менен ар дайым сыймыктанабыз.
Мен Ч.Айтматовдой атактуу болгум келет.
Улуу жазуучуну эч качан унутпашыбыз керек.
Жыйынтыктоо : Балдар, биз бүгүн сабакта ким жөнүндө билдик?
Келгиле,эмесе бүгүнкү үйрөнгөнүбүздү жыйынтыктап айталы. Билгениңерди бири-бириңерди улап айтып көргүлө.
Келечекте силерден дагы кыргыз элин дүйнөгө тааныткан улан- кыздар чыгат деп ишенем, ал үчүн жакшы окуп, терең билим алышыңар керек.
Үйгө тапшырма:
Чыңгыз Айтматов боюнча кластер түзүү. Баалоо : Сабакта активдүү иштегендерге жакшы бааларды коёбуз. (Филипити менен баалайм )
Даярдаган: Бактыбек кызы Айтурган