Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак Австралия»
Ачык сабак
География мугалими: Тогузбай кызы Майрамкүл
Тема: Австралия
Австралия Бирлиги англ. Commonwealth of Australia
Гимн : « Advance Australia Fair ( Алга, кереметтүү Австралия)»
Вставьте карту своей страны.
Сабактын максаты:
Сабактын максаттары
Көрсөткүчтөр
Билим беруучулук: Австралиянын физикалык географиялык абалы жана рельефи боюнча терен тушунук алабыз.
Эгерде окуучулар: Австралиянын физикалык географиялык абалы,ачылыш тарыхы,релефи жөнүндө түшүнүктөрүн сүйлөп бере алышса.
Онуктуруучулук: Австралиянын жайгашкан ордун аныктоо менен окуучулардын ой жугуртуусун остуруп,оз оюн айтканга онугушот.
Эгерде окуучулар: Австралияны физикалык картадан жайгашуусун аныктай алышса.
Берилген тапшырма боюнча суроолорду топтордо иштоодо же аткарууда бирин-бири угуп,конул бура алышса.
Тарбия беруучулук:Топ менен иштоого жана бирин-бири сыйлоого тарбияланышат.
Физикалык жана Географиялык абалы
- Австралия Бирлиги — Түштүк жарым шарда жайгашкан, аянты 7,692,024 км 2 болгон мамлекет. Австралия жер бетинин болжол менен 5% ээлеген Орусия, Канада, Кытай, АКШ жана Бразилиядан кийинки дүйнөдөгү аянты боюнча алтынчы орунда турган мамлекет. Ошондой эле толугу менен түштүк жарым шарда жайгашкан аянты боюнча эң чоң мамлекет. Курамына кирген аймактар: аянты 7,659,861 км 2 түзгөн Австралия материги (Тасмания аралы менен бирген) жана аянты 32,163 км 2 түзгөн жээктен алыс эмес жайгашкан аралдар.
Вставьте изображение какого-либо географического объекта вашей страны.
Абел Тасман , 1644.
- Түндүк жана чыгыш жээктерин Тынч океанынын Арафура, Коралл, Тасман деңиздеринин жана Инди океанынын Тимор деңизинин суулары чулгап турат; батыш жана түштүк жээктерин Инди океанынын суулары чулгап турат.
- Австралиянын жанында Жаңы Гвинея жана Тасмания ири аралдары жайгашкан. Австралиянын түндүк-чыгыш жээгин бойлой дүйнөдөгү эң чоң коралл рифи – Чоң Тоскоол рифи жайгашкан жана анын узундугу 2000 чакырымдан ашат
- Австралия батыштан чыгы.шка дээрлик 4000 чакырымга, түндүктөн түштүккө болжол менен 3860 чакырымга созулут жатат.
- Материктин эң четки чекиттери
- Түндүк — Йорк тумшугу (10° түштүк кеңдик)
- Түштүк — Саут-Ист-Кейп тумшугу (43° түштүк кеңдик)
- Батыш — Стип-Пойнт тумшугу (114° чыгыш узундук)
- Чыгыш — Байрон тумшугу (154° чыгыш узундук)
- Австралиянын жээк тилкесинин узундугу 59 736 км (анын ичинен материктик бөлүгү — 35 877 км, аралдарыныкы — 23 859 км), ал эми өзгөчө экономикалык аймагынын аянты — 8 148 250 км².
Климаты
- Австралиянын климаты океан агымдарынын таасири астында түзүлөт, анын ичинде Инди океанынын диполу жана Эль-Ниньо агымы олуттуу таасир этет жана алар мезгил-мезгили менен кургакчылыкты жана Австралиянын түндүгүндө циклондордун пайда болушуна алып келген мезгилдүү тропикалык төмөн басымды жаратат. Бул факторлор жаан-чачындын жылдан жылга байкалаарлык өзгөрүүсүн шарттайт. Өлкөнүн түндүгүнүн көпчүлүк бөлүгү жайкысын көп жааган жаан-чачын менен тропикалык климаттуу.
- Австралиянын дээрлик төрттөн үч бөлүгүн чөлдөр жана жарым чөлдөр ээлейт. Өлкөнүн түштүк-батыш бөлүгүндө жер ортолук деңиздик климат басымдуурак келет. Өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө (Тасманияны кошкондо) климат мелүүн келет.
- Австралиянын кургакчыл келген аймактарына Батыш Австралия муздак агымы таасир этет жана циклондун пайда болуусун шарттайт.
Вставьте изображение времени года в вашей стране.
Жаныбарлар дүйнөсү
- Австралиянын жана ага таандык аралдардын жаныбарлар дүйнөсүнүн кайталангыс өзгөчөлүгү өзгөчө Австралиялык зоогеографиялык аймакты белгилөөгө мүмкүндүк берет. Бул континентте жана ага таандык аралдарда жашаган сүт эмүүчүлөрдүн 379 түрү, канаттуулар — 974, сойлоп жүрүүчүлөр — 420, жана амфибиялардын 120 түрү белгилүү. Сүт эмүүчүлөрдүн 83%, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 89%, балыктардын жана курт-кумурскалардын 90% жана амфибиялардын (жерде-сууда жашоочулардын) 93% Австралия үчүн эндемикалык болуп саналат [57]
Сүт эмүүчүлөр
Австралиянын фаунасы 379 сүт эмүүчүлөр түрүн, анын ичинде 159 баштыкчалуулар, 76 кол канаттуулар жана 69 кемирүүчүлөрдү камтыйт. Материк үчүн эндемикалуу деп саналган бир нече түркүм жана тукумдар бар:
- Баштыкчалуу момолой түркүмү (Notoryctemorphia, 1 тукум, 1 уруу жана 2 түр);
- Жырткыч баштыкчалуу түркүм (Dasyuromorphia);
- Жалгыз тешиктүүлөр түркүмү (Monotremata). Өрдөк тумшуктуулар жана эхидналар;
- Баштыкчалуу карышкырлар түркүмү (Thylacinidae). 1 түр — баштыкчалуу карышкыр же тилпцин (Thylacinus cynocephalus). Тасмания аралы;
- Баштыкчалуу кумурска жегичтер түркүмү (Myrmecobiidae) 1 түр Австралияда;
- Вомбат түркүмү (Vombatidae);
- Баштыкчалуу аюуулар түркүмү (Phascolarctidae). Коала, же баштыкчалуу аюу (Phascolarctos cinereus).
Австралиянын символу болуп калган баштыкчалуу кенгуру жаныбары.
Вставьте изображение животного или растения в вашей стране.
Дини
- Австралия көп диндүү өлкө жана расмий түрдө мыйзам менен бекитилген дини жок. Австралиялыктардын басымдуу христиан динин карманышат.
Вставьте изображение обычая или традиции.
Административдик аймактары
№
Аталышы
1
2
Түрү
Борбору
аймак
3
Калкы, адам. (2023) [25]
штат
4
Аянты, км² [25]
5
штат
454 499
штат
6 503 491
Картасы
2358
6
227 444
2 660 026
штат
7
2 527 013
аймак
5 156 138
8
1 729 742
штат
Жалпы саны
8 072 163
232 605
801 150
штат
1 347 791
557 571
1 781 516
68 401
984 321
25 422 788
7 688 220
Вставьте изображение главы своей страны.
Сабакты жыйынтыктоо
- Теманы окуп түшүнүк айтуу
- Контур картаны толтуруп келүү