“Мисс биология” конкурс-сабак. 9а,б класстар
“Мисс биология” конкурсуна кош келиниздер.
Сабактын максаты:
1) Катышуучулар сабактан сырткаркыучурда да биология сабагы боюнча билимдерин, жөндөдөрүн пайдаланышат
2) Биология сабагына болгон кызыгуулары артат. Эске тутуу жөндөмдүүлүктөрү калыптанат.
3) Биология сабагынан алган билимдерин турмушта пайдалана билүүгө тарбияланышат. Ыкчам ой жүгүртүүгө, баамчылдыкка тарбияланышат.
Биз бүгүн 9-класстын кыздарынан “Мисс биологияны” тандайбыз. Саламатсыздарбы катышуучулар, азыр бирден гүлдүн желекчелерин алып, катышуу номурларынарды аныктап алалы.
1-конкурс: “Мен киммин? Мен эмнемин?” ар бир катышуучу өзү жөнүндө (аты, классы, кызыгуусу ж.б.) жана органикалык дүйнөдөгү орду тууралуу айтышат.
2-конкурс: “Ким ылдам? Ким акылдуу?” Бул конкурста ар бир катышуучуга күтүлбөгон суроолор берилет. Туура жоопко 1 балл, ойлонууга 30 секунд. Жалпы 30 суроо. Суроолор 9-класстын биология курсунан.
Тиричиликтин түзүлүшүнүн канча денгээли бар? (алты)
Тиричиликтин органикалык эмес компоненттери (суу жана минералдык туздар)
Адамда йоддун жетишсиздиги кайсы ооруга алып келет? (зоб ( богок))
Белок, май, углевод. Булар кандай заттар? (органикалык заттар)
Белоктун мономери (аминокислота)
Тукум куучу маалыматты сактаган нуклеин кислотасын ата (ДНК0
Түзүлүш өзгөчөлүгүн жана жашоо-тиричилигинин укумдан-тукумга өткөрүп берүүчү организмдердин касиети (тукум-куучулук)
Модификациялык өзгөргүчтүк-бул кандай өзгөргүчтүк? (тукум куубаган)
Хромосомалык оорулар кайсы өзгөргүчтүктүн негизинде келип чыгат? (мутациялык)
Клетка кайсы жылы, ким тарабынан ачылган? (1665-ж Роберт Гук табият таануучу)
Биз колдонгон микроскоп, микроскоптун кайсы түрү? (жарык микроскобу)
Даяр органикалык азык заттар менен азыктанган организмдерди ата (адам, жаныбар)
Афтотрофтук организмдер-деп кандай организмдерди айтабыз? (органикалык эмес заттардан органикалык заттарды түзүшөт)
Күндүн жарыгынын таасири астында органикалык эмес заттардан, органикалык заттарды синтездөө процесси (фотосинтез)
Митоз канча фазадан турат? (төрт)
Жашоонун клеткасыз формалары (вирустар)
Организмдин жекече өнүгүүсү (онтогенез)
Организмдердин тукум куучулугу жана өзгөргүчтүк закон ченемдүүлүгү жөнүндөгү илим (генетика)
Доминанттык белги кандай белги? (үстөмдүк кылган)
Мендель өзүнүн тажрыйбасына колдонгон өсүмдүк (буурчак)
Тиричиликтин өрчүшүнүн табигый процесси (эволюция)
Түрдүн морфологиялык критерийинин мүнөздөмөсү
Популяцияда көбөйүүгө жөндөмдүүлүгүн жоготкон организм басымдуулук кылса, ал кандай популяцияны түзөт? (азайып бараткан популяция)
Эволюциянын негизги кыймылдаткыч күчтөрүн ата (табигый тандалуу, обочолонуу, мутациялык процесс, популяциялык толкундар)
Түрдүн популяциясынын хобдорунун генотибинин жыйындысы (генофонд)
Доминанттуу гомозиготалык генотип (ВВ)
Жаны белгилерди пайда кылуучу организмдердин жалпы касиети, бул-... (өзгөргүчтүк)
Гибридологиялык ыкма ким тарабынан иштелип чыккан? (Мендель)
Клеткада О С N Н канча процентти түзөт? (98%)
Өөрчүүгө, өсүүгө, көбөйүүгө жөндөмдүү эн жөнөкөй тирүү система (клетка).
3-конкурс: “Өсүмдүктөрдүн өз тобун табуу”. Ар бир катышуучуга өсүмдүктүн аттары бар конверт берилет. Аларды төмөнкү схемага ылайык жайгаштырышат:
Өсүмдүктөр:
Козу карындар Балырлар Жыланач уруктуулар Жабык уруктуулар
алча хладимонада ит мурун
карагай шампиньон алма
буурчак тюльпан ламинария
жалган лисичка опята сморчок
ачыткытар улотрикс кара көсөө
трутовик пихта литвенница
арча георгин
4-конкурс: “Кожойкелер” угут өндүрөбүз. Төмөнкү таблицаны толтурабыз. Ар бир катышуучуга уруктун өнүү шарттарын аныктоо боюнча таблица таратылат, катышуучулар толтурушат.
Учур | Шарттар | Жыйынтык |
1 | Урук суу менен нымдалган | Аба менен камсыз болгон | Жылуу жерге коюлган | |
2 | Урук суу менен нымдалган | Аба менен камсыз болгон | Муздак жерге коюлган | |
3 | Урук суу менен нымдалган | Аба кирген эмес | Жылуу жерге коюлган | |
4 | Урук кургак | Аба менен камсыз болгон | Жылуу жерге коюлган | |
5-конкурс: “Жаныбарлардын органдарын белгилеп жазуу”. Ар бир катышуучуга иттин ички түзүлүшүнүн сүрөтү берилет. Берилген убакытта органдарын белгилеп жазып беришет.
6-конкурс: “Күйөрмандардын конкурсу”. Адамдын органын айткан учурда көрүүчүлөр кайсы системага тиешелүү экендигин айтышат. Туура жоопко 1 балл алышып, өздөрү каалаган катышуучуга беришет.
Сөөк
Нерв
Булчун
Муун
Сездиргич нейрон
Сүйрү мээ
Жүрөк
Өпкө
Жүлүн
Кашка жилик
Плазма
Артерия
Мурун
Ооз
Ашказан
Боор
Өт
Бөйрөк
7-конкурс: “Чебер колдор”. Катышуучулар ар кандай материалдан буюм жасап, жактап, бири-бирине тартуулашат.
Оюндун жүрүшү тууралуу ар бир катышуучу өз ойлорун айтышат.
Калыстар тобу жыйынтык чыгарып, конкурстун женүүчүлөрүн аныктап, төмөндөгүдөй наамдарды ыйгарышат:
1-орун: “Мисс биология”
2-орун: “Мисс ботаника”
3-орун: “Мисс зоология”
4-орун: “Мисс анатомия” (көрүүчулөрдүн симпатиясына ээ болгон катышуучу).
Калган катышуучулар активдүү катышкандыгы үчүн кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушат.
Ушуну менен бүгүнкү конкурс-сабагыбыз сонуна чыкты келип катышып, колдоп бергениниздер үчун чон рахмат!
Тиричиликтин түзүлүшүнүн канча денгээли бар? (алты)
Тиричиликтин органикалык эмес компоненттери (суу жана минералдык туздар)
Адамда йоддун жетишсиздиги кайсы ооруга алып келет? (зоб ( богок))
Белок, май, углевод. Булар кандай заттар? (органикалык заттар)
Белоктун мономери (аминокислота)
Тукум куучу маалыматты сактаган нуклеин кислотасын ата (ДНК0
Түзүлүш өзгөчөлүгүн жана жашоо-тиричилигинин укумдан-тукумга өткөрүп берүүчү организмдердин касиети (тукум-куучулук)
Модификациялык өзгөргүчтүк-бул кандай өзгөргүчтүк? (тукум куубаган)
Хромосомалык оорулар кайсы өзгөргүчтүктүн негизинде келип чыгат? (мутациялык)
Клетка кайсы жылы, ким тарабынан ачылган? (1665-ж Роберт Гук табият таануучу)
Биз колдонгон микроскоп, микроскоптун кайсы түрү? (жарык микроскобу)