Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак куз мезгили»
29.10.19. Шейшемби
Сабактын темасы: Берекелүү алтын күз
Сабактын максаты: Балдарды күзгү табият менен тааныштырам жана табиятка байкоо жүргүзүү.Балдарга күзгү таалаа иштерин таанытып, балдарды эмгети баалай билүүгө багыт берем. Күз мезгили тууралуу ырлар, табышмактардан айтып берем. Балдарды табиятка аяр мамиледе болууга тарбиялоо.
Сабактын жабдылышы: Күзгү жалбырактар, Сүрөттөр, дан өсүмдүктөрү, жемиштер
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу: Балдарды сабака даярдоо. Балдар менен биргеликте “Күз келди” ырын ырдоо.
“Күз келди”
Күз келди, күз келди
Бышты коон, дарбыз
Алып келет атабыз
Аны жейбиз баарыбыз
Таттуу , таттуу
Келгиле, келгиле
Силер дагы жегиле
Аны баккан кишиге
Алкыш, алкыш дегиле
Шаттуу, шаттуу
Келгиле балдар айлана чөйрөгө баарыбыз байкоо салып карап көрөлүчү!
Бак дарактар кандай түстө экен? Бак даррактардын жалбырактары сапсары түскө боёлуптур ээ. Балдардын колдоруна күзгү жалбырактардан ар бирине таратып чыгуу. Бул балдар күзгү жалбырактар. Күз мезгилини биз ушул жалбырактар аркылуу сап сары жана кызыл түскө боёлгон кезде билебиз.
Бул мезгилди биз “Берекелүү алтын күз” деп атап коёбуз. Себеби балдар күз мезгилинде мөмө жемиштер, жашылчалар, дан өсүмдүктөр бышкан болот. Күз мезгилинде аба ырайы салкындап, жамгырлар жаайт. Дарактардын жалбырактары акырындык менен жерге түшө баштайт. Адамдар жылуу кийимдерин кийишет. Күз мезгилинде бышкан мөмө жемиштерди, жашылчаларды, дан өсүмдүктөрүн дыйкандар акырындык менен жыйнап алат. Себеби кыш мезгилине даярдык көрөт. Мен силерге күз мезгили тууралуу ыр айтып берем.
“Баба дыйкан”
Сары талаа түзүндө,
Буудай бышат күзүндө.
Жер ширеси данында,
Күн иреңи жүзүндө.
Ал буудайга эгедер,
Баба дыйкан дегендер.
Ардакташат аларды
Ак нанынан жегендер.
Бул дүйнөдө жер улук,
Жерди иштеткен эл улук.
Элин баккан нан менен
Баба дыйкан эр улук.
Бул дан өсүмдүгү буудай болот. Буудайды жаз мезгилинде адамдар тракторлор менен жерге эгип айдашат. Жай бою суугарып отоп карайт, бышкандан кийин комбайындар менен оруп алат. Орулган буудайларды кырманга алып барып тазалашат. Андан соң тегерменге алып барып ун кылат. Ундан нан, ар кандай таттуулар бышырылып, тамак жасалат. Балдарга нандан ооз таттырып көрүү. Мына түшүм ушундай эмгекти талап кылат. Азыркы учурда мына ушундай талаа иштерин техниканын жардамы менен кылууга болот. Илгерки техниканын жок болгон мезгилинде адамдар талаа иштерин колдо аткарып чыккан.
Балдарды эс алдыруу:
Жардам бердик,алма тердик,
Чоң атамдын багынан
Жаңгак кагып күнгө жайып
Койдук дагы жаңыдан.
Жардам бердик, жүзүм тердик
Корзиналар толгуча
Кесип салып чарчабадык
Тегиз жыйнап болгуча.
Балдар менен биргеликте мөмө жемиштердин аттарын атап чыгуу. Андан соң жашылчалардын аттарын атап чыгуу.
Сабакты бышыктоо: Мен силерге жемиштер тууралуу ыр айтып бышыктап кетмекчимин. Андан сырткары алма, жүзүмдөрдөн балдар ооз татып көрөт.
Алма.
Мен кыпкызыл алмамын,
Кана балдар кармагын.
Топтоголок ичиме,
Шире жайып алганмын.
Жүзүм
Шиңгил жүзүм түйүлүп,
Гүл чатырга илинип
Денесине маңызы
Тамырынан сиңирип
Табышмак
Айлана бүт алтын түс
Айтчы билсең? Ал ( алтын күз)
Чылбыры бар,жүгөнү жок,
Жетелеп адам жүргөнү жок
Эти семиз,жону жок,
Териси калың жүнү жок. (Коон).
Баалоо: Балдардын жалпысын алакан чабуу аркылуу баалоо.