СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ачык сабак кыргыз тили Суйлөм

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак кыргыз тили Суйлөм»

Сабактын темасы : Сүйлөм , анын негизги белгилери Сабактын максаты: Билим берүүчүлук : окуучулар суйлөм,анын негизги белгилери жөнүндө түшүнүк алышат.

Өнүктүрүүчүлүк : ар бир сүйлөм өзүнчө интонация менен айтыларын жана тыныш белгилерин үйрөнүшөт. Тарбия берүүчүлүк: топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп ,өз ара сыйлоого жана достукка тарбияланышат.

Сабактын тиби : жаңы билимди берүү сабагы.

Сабактын методу:айтып берүүчүлүк-түшүндүрүүчүлүк метод.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2 . Өтүлгөн теманы кайталоо.

1) Сүйлөм деген эмне?

2) Сүйлөм эмнелерден куралат ?

3) Каалаган эле сөздөрдүн топтому сүйлөм боло алабы?

4) Сүйлөмгө кандай тышыш белгилер коюлат ? Жаңы тема: Сүйлөм толук маанилүү бир ойду билдирет. Анын тутумундагы сөздөр жана сөз айкаштары бири-бири менен дайыма байланышта болот. Каалаган эле сөздөрдү жана сөз айкаштарды топтосок сүйлөм боло албайт,себеби ал толук мааниге ээ эмес.Ар бир сүйлөм өзүнчө интонация (тыным) менен айтылып, араларына чекит коюлат. Сүйлөм айтылыш максатына жана берген маанисине карай жай, суроолуу буйрук жана илептүү деп бөлүнөт. Окуу китебиндеги 108- 109 –көнүгүүдө берилген тексттер топтор тарабынан аткарылат да, сүйлөмдүн бүткөн чегин аныктап, интонацияга ылайык тыныш белгисин коюшат.2-топ “Кандай адам кейикчээл”деген текстти көркөм окуп ,андагы интонацияга көңүл бурушат. 3-топ “Биле жүр “деген текстти окуп,кандай сүйлөм экендигин ажыратышат. 110-көнүгүү жазуу жүзүндө аткарылып,берилген сөздөрдү жана сөз айкаштарын катыштырып сүйлөм түзүшөт.Андан баш мүчөлөрүн аныкташат. Сабактын кийинки бөлүгүндө 1-топ 111- көнүгүүнү окуп,интонациясына көңүл буруу менен, нандын улуулугун даңазалап беришет. 2-топ 112- көнүгүүдө берилген сүйлөмдөрдү маанисине карап,тиешелүү сөздөрдү пайдалануу менен толукташат.Ошол эле учурда улуттар аралык достук,ынтымак тууралуу өз ойлорун талкуулашат. 3- топ 113-көнүгүүдө берилген таблица боюнча үлгүдө көрсөтүлгөндөй мисалдарды келтирип ,сүйлөм жана сөз айкашынын айырмачылыгын талкуулашат. Окуучунун билим көрсөткүчтөрү аркылуу баалоо: - эрежени билип,аны пайдалана алышы, - сүйлөмдү бири-биринен айырмалашы , - жоопторунун так жана тууралыгы, - тиешелүү тыныш белгилерин кое билиши, Үйгө тапшырма: 114-көнүгүүдө берилген мисалдардын негизинде сөз ,сөз айкашы жана сүйлөмдүн бири-биринен болгон айырмачылыгын түшүндүрүп беришет.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!