СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 28.05.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ачык сабак тарых сабагы боюнча

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Декадада өтүлдү жаны социалдык тармактардын жардамы менен

Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак тарых сабагы боюнча»

Б Е К И Т Е М И Н

ОКУУ – ТАРБИЯ ИШТЕРИ БОЮНЧА ДИРЕКТОРДУН ОРУН БАСАРЫ

___________________ Ж. Ө М Ү Р А Л И Е В А

10-ФЕВРАЛЬ, 2020-ЖЫЛ



ПРЕДМЕТ: Кыргызстандын тарыхы

КЛАСС: 9-класс

ӨТҮЛҮҮЧҮ МӨӨНӨТҮ: III ЧЕЙРЕК 10-февраль, 2020-жыл.

САБАКТЫ ТЕМАСЫ: § 16-17 Кыргызстан хрущёвдук жылдарда (1953-1964-жылдар)

САБАКТЫН ТИБИ: Жаңы билимди өздөштүрүү сабагы

КОЛДОНУЛУУЧУ УСУЛДАР: Талкулоо, баяндоо, суроо-жооп, тест.

КОЛДОНУНУЛУУЧУ БААЛОО УСУЛДАРЫ: Топтордо баалоо, жекече баалоо

КОЛДОНУЛУУЧУ КАРАЖАТТАР: Ноудбук, проектор, таркатмалар, батман, маркер, көрсөтмө куралдар

ПРЕДМЕТ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШ: адабият, география



Сабактын максаттары:

Көрсөткүчтөр:

Окуучулар Кыргызстандын 1953-64-жылдардагы өзгөртүлгөн реформалары тууралуу үйрөнүшөт.

Окуучулар Кыргызстандын 1953-64-жылдардагы өзгөртүлгөн реформалары тууралуу үйрөнүшсө.


Хрущёвдук мезгилдеги Кыргызстандын эл чарбасынын өзгөрүшүн, билим берүүсүнүнүн жана маданиятынын абалдарын анализдеп, талдашат.

Хрущёвдук мезгилдеги Кыргызстандын эл чарбасынын өзгөрүшүн, билим берүүсүнүнүн жана маданиятынын абалдарын анализдеп, талдашса.

Бири-бириңер менен иштеп, топто иштөөгө, убакытты туура пайдаланууга көнүгүшөт.

Бири-бириңер менен иштеп, топто иштөөгө, убакытты туура пайдаланууга көнүгүшсө.



САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ

УБАКТЫСЫ

Сабакты уюштуруу:

Окуучулар менен саламдашуу: саламдашуу презентацияда берилген.

Топторго бөлүп окуучуларды жайгаштыруу; Окуучулар эки топко бөлүнүшөт. Уюлдук телефондун үлгүлөрүн тандашат. Үлгү аркылуу эки топ болуп, орундуктарга жайгашат. Эки топтун аталышы “Фейсбукчулар” жана “Инстаграмчылар”.

Жагымдуу маанай презентацияда берилген: Ватсаптан балдарга билдирүү келиптир. Билдирүүдө: Эгер башкаларга лайк басып, жылмайсаңыз анда бүгүн сөзсүз сабактан ийгиликтерге жетесиз, бул билдирүүнү досторуңа тарат. Окуучулар бири-бирине жылмайып, колдору менен лайк көрсөтүшөт.

Алын эреже: Мугалим бүгүн биз өз статусубузга эрежелерди коёлу, келгиле чогу биргелешип иштейли. Ватсаптын статусуна жакшы алтын эрежелер коюлат.

  • Адам сөзүнөн таанылат – ар дайым туура сүйлөйлү, ашыкча сөздөрдүн кереги жок.

  • Адамдын көркү адеп – адептүү болуп тынчтыкты сактайлы.

  • Ырыс алды ынтымак – ынтымактуу бирдиктүү бололу.

  • Ойноп сүйлөсөң да ойлонуп сүйлө – берилген суроолорго жакшылап ойлонуп, туура, так жооп бергенге аракет кылалы.

  • Акылдуу бир сөздөн түшүнөт – активдүү болуп берилген тапшырмаларды жакшы аткаралы.

  • Ийри отуруп түз кеңеш – бири-бирибиз менен биргелешип иштейли.

Баалоо критерийлерин кабыл алуу быйтыкчалар колдонулат (Лайк, жаман быйтыкча)

Үйгө берилген тапшырмаларды кайталоо: Окуучуларга электронный почтадан кат келет, келген катты ачсак тапшырма келиптир.Тапшыра телефон аркылуу ачылат. Окуучулар өз тайпалары менен биргелешип, уюлдук телефон аркылуу тест тапшырышат. Тестке “Google формы” программасы жана “Сканер QR код” программасы колдонулат.

http://haa.su/UPW/






Жаңы тема: Жаңы тема фейсбук аркылуу ачылат. Тема: Кыргызстан хрушёвдук жылдарда. (1953-64-жылдар)

Акыл чабуулу: Сталин каза болгондон кийин ким СССРдин башчысы болуп ким шайланган? Раззаковдун кандай учкул сөзү бар?

Максатына кайрылуу

Сабактын жүрүшү. Мугалимдин түшүндүрмөсү

Ак жеринен жазага тартылгандарды актоонун башталышы. 1953-ж. сентябрда Н. С. Хрущёв КПСС БКнын биринчи катчысы болуп шайланган. Анын демилгеси жана түздөнтүз жетекчилиги менен атайын лагерлердин башкармасы, соттон тышкаркы органдар, өзгөчө кенешмелер, «үчтүктөр», ички иштер министрлигинин аскердик трибуналдары жоюлган. Күнөөсүз жазаланган адамдардын ишин караган ата­йын комиссия иштей баштаган. Кыргызстандан да күнөөсүз жазаланган, камакта жаткан миндеген адамдар акталган. Алардын арасында өткөндөгү көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер: А. Орозбеков, И. Айдарбеков, Б. Исакеев, М. Л. Белоцкий, М. К. Аммосов, М. Салихов, Ж. Саадаев, Т. Айтматов, О. Алиев жана башкалар бар эле. Түрмөлөрдө жана лагерлерде камалып жаткандардын тирүү калгандары бошотулуп, алардын бардык укуктары калыбына келтирилген. Мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге коюлган саясий айыптоолор жалган жалаа болуп чыккан. Бирок бул иш ал жылдарда аягына чыкпай, 60-жылдардын башында иш жүзүндө токтоп калган.

Согуш жылдарында Кыргызстандын аймагына күч ме­нен көчүрүлүп келинген карачай, балкар, чечен элдери өз мекенине кайтып кетишкен. Алардын өз мекенине уюшкандык менен кайтып кетишине республикалык жетекчилик да көмөк көрсөткөн. Ал эми айрымдары Кыргызстанды мекендеп калышты.

Видео материал көрсөтүлөт.

Исхак Раззаков 1910-ж. азыркы Лейлек районундагы Коросон кыштагында туулган. 1918-жылдан Хоженттеги балдар үйүндө тарбияланган. 1931-ж. Ташкендеги педагогика техникумун, 1936-ж. Москвадагы пландоо институтун бүтүргөн. 1936-1938-жж. Озбек ССР мамлекеттик-пландоо комитетинде экономист, төраганын орун басары, төрага, 1946-1950-жж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин терагасы, 1950 1961-жж. Кыр­гызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.

Аудио жазуу уктурулат.

1961-жылы Турдакун Усубалиев Кыр­гызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп шайланып, Раззаковдун жолун улаган.

Н.С.Хрущев качан шайланган?

1953-жылы, сентябрда.

Согуш маалында көчүрүлүп келген башка жлдерди абалы кандай болгон?

Көпчүлүгү уюшкандыкта көчүп кетишкен, айрымдары отурукташып жашап калган.

Исхак Раззаков кайсы жылы кайсы жерде төрөлгөн?

1910-ж. азыркы Лейлек районундагы Коросон кыштагында туулган.

Текст менен иштөө:

Эл чарбасындагы реформалардын башталышы. 50-жылдардын башында эл чарба проблемаларынын ичинен, айыл чарба өндүрүшүнүн проблемалары биринчи орунда турду. Айыл чарбасынын өнүгүү темпи өнөр жайынын өнүгүшүнөн кескин төмөндөгөн. Айыл чарба өндүрүшү калкты азык-түлүк продуктулары, тамак-аш жана женил өнөр жайын сырьё менен жеткиликтүү деңгээлде камсыз кыла албады. Айыл чарбасынын башкы тармактарынын бири болгон мал чарбачылыгы өзгөчө артта калды. Талаачылыктагы абал да начар эле. Кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү согушка чейинки деңгээлден эки эсе, ошондой эле, эгиндин, пахтанын түшүмдүүлүгү да кыйла төмөндөп, картошка, жашылча өстүрүүнүн көлөмү кыскарган.

Согуштан кийинки жылдарда айыл чарбасын техника менен жабдуу жакшыргандыгына карабастан алга жылыш болбоду. Айыл чарба өндүрүшө жумшалган капиталдык салымдардын кайтарымы төмөн болду. Жетекчиликтин буйрукчул - акимчил системасы колхоз-совхоздордун ишине майдa - чүйдөсүнө чейин кийлигишүү, айыл-кыштактардагы башкаруунун демократиялык нормаларын бузуу, материалдык кызыктыруунун принциптеринин бузулушу айыл чарбасынын өнүгүшүнө тоскоол болду.

Айыл чарбасынын абалы жана бул тармактагы өтө курчуп кеткен маселелер 1953-ж. сентябрь айындагы КПСС БКнын Пленумунда талкууланган. Анда Н. С. Хрущёв ошол мезгил үчүн чоң мааниге ээ болгон сунуштарды киргизген. Айыл чарба продукцияларынын мамлекеттик сатып алуу баасы жогорулаган. Мурдагыга салыштырганда эттин баасы - 5,5 эсеге, сүт менен май - 2 эсеге, дан эгиндери - 50 пайызга көбөйгөн. Бул чаралар айыл чарбасын толук кыйроодон сактап калган. Сатып алуу баасын жогорулатуу ме­нен катар эле колхозчулар өздүк чарбаларынан милдеттүү тапшыруулардын, айыл чарба салыгынын өлчөмү азайтылып, өздүк чарбалардан алынуучу салыктардан өткөн жыл­дарда жыйналбай калгандары толугу менен алынып таш- талган. Эми колхозчу дыйкандар өздүк чарбаларынан алынган айыл чарба продукцияларын базарда эркин сатууга укуктуу болушкан. Колхоздордун мамлекетке карыздарынан куткарылган.

Колхозчулардын эмгегин ай сайын же квартал сайын авансалоо жана колхоздогу эмгеги учун кошумча акы төлөө киргизилген. Буга чейин аларга жылына бир жолу гана акы төлөнүүчү. Бул чаралардын натыйжасында колхозчулардын кирешелери өсүп ал 1957-1958-жж. чейин уланган.

Хрушёвдун демилгеси менен дың жана кептен бери айдалбай жаткан жерлерди өздөштүрүү башталган. Ал дан эгиндеринин жалпы дүң жыйымын тезирээк көбөйтүү максатын көздөгөн. Бул өнүгүүнүн экстенсивдүү жолу болгон. Агротехниканы өркүндөтүү жолу менен талаалардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу сыяктуу интенсивдештирүүнүн багытына жеткиликтүү маани берилген эмес. Ошондой болсо да, дың жерлерди өздөштүрүү калкты азык-түлүк продуктулары менен камсыз кылууда маанилүү роль ойногон.

Биздин республикада дагы 140 мин гектардан ашык дың жана көптөн бери айдалбай жаткан жерлер өздөштүрүлгөн. Сан- Таш, Кенес-Анархай, Суусамыр, Арпа, Ак-Сай жайлоолорунда тоют топтолуп, 700дей турмуштук-маданий жана өндүрүштүк имараттар курулган. Ушул жылдарда Отуз-Адыр, Чоң-Чүй каналы сыяктуу ири сугат системаларынын курулушу бүткөрүлгөн.

Сын-пикирди ачабыз (коментарий)?

50 жылдарда эл чарба проблемаларынын ичинен кайсы чарба биринчи орунда болгон ?

Айыл чарбасы

Айыл чарбасынын абалы согушка чейинки мезгилге караганда кандай абалда болгон ?

Төмөндөгөн абалда болгон

Айыл чарба продукцияларынын баасы кандай абалда болгон ?

Сатып алуу баасы жогорулаган

Колхозчулардын эмгегинин акысын төлөөдө кандай өзгөртүү киргизилген ?

Ай сайын, квартал сайын авансалоо, жана эмгектери үчүн кошумча акы киргизилген.

Хрущевдун демилгеси менен кандай жерлер иштетилген жана биздин Республикада канча га иштетилген ?

Дың жана көптөн бери айдалбаган жерлерди иштетүү демилгеси көтөрүлгөн, бизде 140миң га жер иштетилген

Мугалимдин түшүндүрмөсү:

Экономикалык башкарууда көп реформалар жүргүзүлгөн, Хрущёвдун сунушу боюнча СССРдин жогрку Советинин эл чарбасы түзүү жана 10 өнөр жай министрлиги жоюу боюнча чечим кабыл алынган. Ишкана фирмалар бири-бирине бириктирилген. М: Жыгачты кайра иштетүү ишканалары бириктирилип «Кыргызмебель» фирмасы болгон.

Айыл чарбадагы реформалар колхозчулардын ишке болгон кызыгуусун арттырган. Айылчарбадагы чоң реформалардын бири 1958-жылы болгон. Ал машина-трактор станциясын (МТС) жоюп, ага караштуу айылчарба машиналарын колхоздорга сатылган. 1960-жылдары 706 колхоз ирелештирилип 304 колхоз түзүлгөн. Дагы көптөгөн реформалар жүргүзүлгөн.

Топ менен биргелешип иштейбиз.

Статуска сурөттөрдү жайгаштырат.

Окуучулар презентация кылышат.

Бышыктоо:

Каментарий аркылуу

Хрущёвдун мезгилинде биздин өлкөнү ким жетектеген ?

Исхак Раззаков

Раззаков Кыргызстан Компартиясынын БКнын биринчи катчысы болуп кайсы жылдары иштеген?

1950-1961-жылдар

Сугат иштери үчүн кандай каналдар салынган?

Отуз – Адыр, Чүй каналдары

Кыргызстанда биринчи тартылган кино?

«Салтанат»

Мектептерде берилген ысык тамакты ким биринчи уюштурган ?

Исхак Раззаков

И.Раззаковдон кийин ким ордуна шайланган ?

Турдакун Усубалиев


Сабактын максатына кайрылабыз, бир сыйра анализдөө.


Эки тайпанын упайын чыгарып чоң лайк берүү.


Үйгө тапшырма § 16-17, 138-бет




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!

Закрыть через 5 секунд
Комплекты для работы учителя