Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак. Темасы: Электр тогу. Электр чынжырынын бөлүктөрү»
Сабактын темасы: « Электр тогу. Электр чынжыры жана анын бөлүктөрү»
Сабактын максаттары:
1.Билим берүүчүлүк:
Электр тогунун пайда болуу шарттарын билишет.
Электр тогунун булактары жѳнүндѳ билишет.
Электр чынжыры жана анын бѳлүктѳрү менен таанышышат.
2. θнүктүрүүчүлүк:
Жѳнѳкѳй электр чынжырын чогулта алышат. (Электр чынжырынын чиймедеги белгилениши боюнча )
3. Тарбия берүүчүлүк:
Кѳңүл бурууга, куралдар менен иштѳѳдѳ этият, тыкан болууга үйрѳнүшѳт.
Патриоттуулукка тарбияланышат.
Негизги компетенттүүлүктѳр | Калыптандыруучу компетенттүүлүктөр | Предметтик компетенттүүлүктѳр | Күтүлүүчү натыйжа |
Маалыматтык компетенттүүлүк | Таанып билүү жана илимий суроолорду коюу | 1. Физикалык кубулуштарды жана алар менен байланышкан фактыларды таанып билүү жана илимий суроолорду коё билүү. | Окуучу: окуп-үйрѳнѳ турган кырдаалдарды аныктайт; - илимий маалыматтарды издөө үчүн ѳзѳктүү терминдерди аныктайт |
Социалдык коммуникативдик компетенттүүлүк | Кубулуштарды илимий түшүндүрүү; | 2. Физикалык кубулуштарды илимий негизде түшүндүрүү | Окуучу: 2.1. Алган билимин белгилүү жагдайларда колдонот; 2.2. Физикалык кубулуштарды илимий жактан негиздөөнү же интерпретациялоону, өзгөрүүлөрдү алдын ала айтууну ишке ашырат |
Өзүн-өзү уюштуруу жана проблемаларды чечүү компетенттүүлүгү | Илимий далилдерди пайдалануу | 3. Ѳздѳштүрүлгѳн жана илимий жактан далилденген физикалык билимдерди пайдалана, колдоно билүү | Окуучу: 3.1. Илимий фактыларды, алынган маалыматтарды интерпретациялайт жана тыянактарды формулировкалайт |
Сабактын жүрүшү:
Жагымдуу маанай: «Балдар, силер билесиңерби? Электр куралдары , уюлдук телефондор энергияны электр тогунан алышат, а биз адамдар жакшы сөздөрдөн, жакшы каалоо-тилектерден алабыз. Ар дайым бири-бирибизге жакшы каалоо-тилектерди айтып, энергия берип жүрөлү. Мен да силерге окуудагы ийгиликтерди, бекем ден-соолук, ачык маанай каалайм! Эмесе биздин бүгүнкү темабыз электр тогу, электр тогун алуу жөнүндө болмокчу.
Үй тапшырмасын кайталоо:
Электр сыйымдуулугу деген эмне?
Электр сыйымдуулугунун бирдиктери кандай?
Конденсаторлор деген эмне?
Конденсатордун сыйымдуулугу эмнеден көз каранды?
Электр сыйымдуулугунун жана конденсатордун сыйымдуулугунун формуласы кандай?
Жаңы теманы түшүндүрүү:
Θткѳргүчтѳрдөгү электр талаасынын таасири астында заряддалган бөлүкчөлөрдүн ирээттелген кыймылы электр тогу деп аталат.
Θткѳргүчтѳгү электр талаасы электр тогунунун булагы аркылуу түзүлѳт.
Электр тогунун булактары:
Электрофордук машина: механикалык энергияны электр энергиясына айландыруучу курал
Термоэлементтер: жылуулук энергиясын электр энергиясына айландыруучу куралдар.
Гальваникалык элементтер:
Химиялык реакциянын натыйжасында пайда болуучу жылуулук энергиясын электр энергиясына айландыруучу куралдар.
Электр чынжырынын бѳлүктѳрү:
Ток булагы
ϴткөргүчтөр
Керектөөчүлөр
Ачкыч же ажыраткычтар
Жѳнѳкѳй электр чынжыры:
Бышыктоо:
1-тапшырма: электр чынжырын чогулткула:
2-тапшырма: чынжырдын бөлүктөрүн атагыла:
4-тапшырма:
Батареядан, ɵткɵргүчтɵрдɵн, коңгуроодон жана ажыраткычтан турган электр чынжырынын схемасын чиӣгиле.
5.Жыйынтыктоо:
--Θткѳргүчтѳрдөгү электр талаасынын таасири астында заряддалган бөлүкчөлөрдүн ирээттелген кыймылы ..................... деп аталат.
--Θткѳргүчтѳгү электр талаасы……….. аркылуу түзүлѳт.
--Электр тогунун булактары:………………….?
--Электр чынжынын негизги бɵлүктɵрү :…………………?
Баалоо: «жылдызчалар» менен баалоо
7. Үйгө тапшырма:§47,48 окуп, суроолоруна жооп берүү