Саактын максаты | Көрсөткүчтөр |
* « Ууру үкү” жомогунун маазмуну менен таанышышат *”Ууру үкү” жомогундагы каармандардын аттарын билишет. * Текстти шар,түшүнүп окуп , ролдоштуруп аткара алышат | *Ууру үкү» жомогунун мазмуну менен таанышышса. * «Ууру үкү» жомогунун каармандарынын аттарын билишсе. * Текстти түшүнүп окуй алышса, ролдорду аткара алышса. |
* Кепке жатыгуу жөндөмдүүлүгү артат *өз оюн эркин айта алат жана суроолорго далилдүү жооп бере алат. | *Кепке жатыгуу жөндөмдүүлүгү артса *Өз оюн эркин айтып, о Суроолорго далилдүү жооп бере алса. |
*Жаныбарларды коргоого *Жаратылышты сүйүүгө тарбияланышат. | *Жаныбарларды коргой алышса *Жаратылышты сүйүшсө . |
№ | Сабактын баскычтары (убактысы) | Мугалимдин ишмердиги | Окуучунун ишмердиги | Компетенттүү лүктөр | Баалоо. |
Негизги (НК) | ПредметтиК (ПК) |
1 | Уюштуруу(1мүнөт) | Мугалим окуучуларды сабакка даярдап, жагымдуу маанай түзөт.Кутучанын ичиндеги каалоолор жазылган түрдүү кагаздарды тандап алып, көңүлүн көтөрө турган сөздөрдү окушат. | Окуучулар жагымдуу маанай түзүүгө катышышат, ага жардам беришет. | НК2 | | |
2 | Үй тапшырманы суроо(3мүнөт) | Бир түйүнчөк акча жөнүндө түшүнүктөрун айтып берүүсүнө көңүл бурат. | Окуучулар чыгарманы окуп,түшүнүктөрүн айтып беришет. | НК1 НК2 НК3 | ПК4 ПК3 | |
3 | Теманын күтүлүүчү натыйжасын кабарлоо | Сабактын максатын айтат. Баалоо критерийлерин кабарлайт.Ким эң мыкты жооп берсе- эки бармактуу быйтыкча.Аракет кылып жакшы жооп бергендерге –бир бармактуу быйтыкча.Сабакка пассивдүү катышкан окуучуларга таарынган быйтыкча берилет. | - Ой жүгүртөт -түшүнөт | НК1 | ПК3 | Өзүн өзү баалоо |
3 | Тема боюнча маалымат берүү. (5мүнөт) | Ууру укү деген жомоктун мазмуну менен тааныштырып,жомокту окуп берип түшүндүрөт. | Китептерин ачып “Ууру үкү” деген жомокту окуп чыгышат. | НК2 НК1 | ПК1 ПК2 | |
4 | Жалпы класс менен иштөө(3мүнөт) | Окуучулар текст менен таанышкандан кийин хор менен көркөм окутат | Окуучулар бири-биринен калбай чогуу көркөм окушат. | НК2 НК3 | ПК3 ПК2 | |
| Эс алуу мүнөтү(3мүн) | Экрандагы тыйын чычканды көрүп, көнүгүүлөрдү көрсөтүп жасатат. | Көнүгүүнү көрүп,кайталап жасашат. | НК2 | | |
5 | Практиклык иш (7мүнөт) | А.окуу дептери менен иштөөгө убакытты белгилеп берет | Өз алдынча дептерлери менен иштешет. | | | |
| Практикалык иш (7мүнөт) | Сөздүк : тааныш эмес сөздөр менен иштетилет.Бөжөк, боору ооруп,сокур, Сайран,Жабалактап, Бөктөрүнүп –деген сөздөргө түшүндүрмө берилет. | Дептерлерине тааныш эмес сөздөрдун түшүндүрмөсүн жазып алышат. | НК1 НК2 | ПК3 ПК2 ПК1 | |
6 | Бышыктоо | Текст менен иштөөдө жаңы маалыматты тереңирээк өздөштүрүүсү үчун мугалим окуучулардан үкү деген сөзгө синквейн түздүртүү менен өздук билимдерин жана тажрыйбаларын активдештирүүсүн өтүнөт. | 1.Үкү 2.Үкү учат 3.Үкү канаттуу куш 4.Үкү абдан кооз жаныбар 5.Канаттуу | | ПК3 ПК2 ПК1 | |
7 | Окуучулардын билимин баалоо(3мүн) | чогулткан быйтыкчалары боюнча санап баалайт. | Быйтыкчаларды санайт. | | | Өзүн өзү баалоо |
8 | Жыйынтыктоо:( 2мүнөт) | Мөмөлөр ,гүлдор,жашыл,сары, жалбырактар таркатылат. Мөмө-жемиштүү болду. Гүл- ийгиликтүү болду. Жашыл жалбырак- мен аракеттендим. Сары жалбырак-Тапшырманы аткара албай койдум. | Доскада тартылган даракка өз тандоосу боюнча өз билимин баалап илишет. | НК3 | ПК3 | Кол менен белги берүү ыкмасы, суроолорду берүү. |
9 | Тапшырма берүү (3мүнөт) | Жомокту чагылдырып сүрөтүн тартып, Үкүнү оң каарман катары чагылдырып жомок түзүп келүүгө багыт берүү. Дептердеги макалдарда калтырылган сөздөрдү толуктап жазууга багыт берүү. | Үй тапшырманы белгилешет. | НК1 НК3 | ПК3 ПК2 ПК1 | Балоо критерийи берилет |