9а-класс Информатика предмети
Мугалим: Таалайбек кызы Кымбатгүл
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын темасы: Маалыматтык коом
Сабактагы колдонулучу усулдар жана ыкмалар: Интерактивдүү
Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: Проектор,
Ватман, маркер, сүрөттөр, крассворд, карточкалар ж.б.
Сабактын максаттары | Күтүлүүчү натыйжалар |
Билим берүүчүлүк | Маалыматтык коомдун бизге келип жетиши жөнүндө жөнүндө кеңири түшүнүк берүү, | Жооп берүүдө далилдүү сүйлөп, алган маалыматтарын турмуш менен байланыштыра алса |
Өнүктүрүүчүлүк | Маалыматтык коом жөнүндо билим билгичтиктерин , аң-сезимин, сүйлөө речин онүктүрүшөт | Өз билимин көрсөтүүдө маалыматтык коом боюнча билимдерин көрсөтө алса |
Тарбиялык | Маалыматтык коомдо окуучулар топтор менен иштей билүгө, тазалыка, сабырдуулукка, достука тарбияланышат | Бири-биринин пикирин урматтаса, өз ойлорун так, даана ачып бере алышса, коюлган маселелерди чечүүнүн жолдорун табышса сабак максатына жетет |
Негизги компанентүүлүктөр: Предметтик компетенттүүлүктөр:
Маалыматтык компетенттүүлүктөр (НК1) 1. Тема боюнча саалымат алышат. (ПК1)
Социалдык коммуникативдик комп (НК2) 2. Алган билимин турмушта пайдаланышат.(ПК2)
“Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү”(НК3) 3. Өз ойлорун эркин айтышат (ПК3)
Сабактын жүрүшү:
Сабактын этаптары | Убак | Мугалимдин иш аракети | Окуучулардын иш аракети | Окууч калып комп-р | Баалоо |
Негизги | Пред |
1 Мотивация уюштуруу шыктандыруу | 2-3 | 1 Сабакты уюштуруу жана жагымдуу маанай тартуулоо 2 Шыктандыруу | 1 Мугалим менен бирдикте жагымдуу маанай түзүүгө катышат | НК3 | ПК1 ПК2 | “Азаматсыңар” дагы эмнени билесиңер деген сыяктуу сыпаттама |
2 Теманы жана күтүлгөн окуунатыйжаларын жарыялоо | 2-3 | 1 Тема жана максат менен таанышышат 2 Доскага илинген плакаттардан кыска түшүндүрмө берилет 3 Окуучулар менен бирдикте талкууланат | 1 Көргөзмө боюнча ойлорун ортого салышат. 2 Мугалим менен бирдикте теманы коюшат | НК1 НК2 | ПК1 ПК2 ПК3 ПК4 | Дагы кимиңер кандай ойлорду айта аласынар? |
3 Тема боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү | 4-5 | Жаңы тема боюнча фактыларды аргументтештирип айтат | 1 Жаңы маалыматты окуучулар кабыл алышат. 2 Окуучулар өз ойлорун ортого салышат | НК1 НК2 | ПК1 ПК3 ПК4 | Окуучаларга сыпаттама баалар берилет |
Эс алуу мүнөтү | 1 | Разминка | Разминка | НК2 | | |
4 Интерактивдүү көнүгүүлөр сабактын борбордук бөлүгү | 25-27 | | | НК1 НК2 НК3 | ПК1 ПК2 ПК3 ПК4 | Мугалимдин алкыш сөзү. Азамат, Бали, Рахмат ж.б |
Сабактын жыйынтыктарын чыгаруу, натыйжаларын баалоо | 5-6 | 1 Теманы бышыктоо үчүн суроолор берилет 2 Талкуу 3 Баалоо 4 Үй таршырма берилет | Окуучулар өз жөндөмдүүлүктөрү менен жазган иштерин жактап беришет | НК1 НК2 НК3 | ПК1 ПК2 ПК3 | Мугалимдин алкышы ар бир окуучуну өзүнчө сыпаттама баалар менен баалайт. |
Жаны тема
Маалыматтык коомго өтүү. 70-жылдарда болгон маалыматтык революциясы адам цивилизациясын
XXI жүз жылдыктын башында индустриялык фазасынан маалыматтык фазасы өтө ала турган абалга
алып келди. Азыркы кездеги коомду маалыматтык коом деп айтышат, себеби
андагы айланып жүргөн маалыматтын ролу жана саны, ошондой эле аларды сактоо, таратуу, колдонуу
үчүн керек бардык каражаттар да күндөн-күнгө өтө тездик менен өсүп жатат. Керектөөчүлөргө маалымат
оңой жана ылдам жетип, аларга көндум болгон калыпта сунушталат.
Маалыматты колдонуу масштабдары коомдун өнүгүүсүүнүн негизги белгиси. Маалымат – маанилүү өндүрүштүк фактор, ошондуктан албайлыктын жана бийликтин башкы рычагдарынын бири болуп калды.
Жаңы технологиянын жана автоматташтыруунун негизинде эми товарды сырьёнун, энергиянын жана эмгектин сарпталышынын минималдуу санын пайдалануу менен чыгарууга мүмкүн болуп калды.
Маалыматтык коом – бул иштеген адамдардын көпчүлүгүї маалыматты
Өндүрүп чыгаруу, сактоо, кайра иштетїї, сатуу жана алмашуу
мененалектенгенкоомдеп түшүнсө болот.
Маалыматтык коомдо жалгыз адамдын да, жамааттын дагы ишмердүүлүктөрү алардын маалыматка канчалык ээ экендигине жана болгон маалыматты натыйжалуу пайдалана билүү жөндөмдүүлүгүнө кєз
каранды болот. Кандайдыр бир ишти аткаруудан мурун маалыматты чогултуу жана иштетїї, аны түшүнүү жана анализдєє иштерин жүргүзүп, андан кийин туура чечим чыгаруу зарыл. Бул үчүн чоң көлөмдөгү маалыматтарды иштетүү талап кылынат, ал үчүн техникалыккаражаттарды колдонбосо, адамдарга зор кыйынчылык туулат.
Маалыматтык коомдо адам ишмердүүлүгүнүн бардык чөйрөлөрүндө компьютерлерди колдонуу маалыматтын ишенимүү булактарына жетүүнү камсыз кылат, адамдарды тажатма оор жумуштардан куткарат, оптималдуу чечимдерди кабыл алууну тездетет, маалыматты иштет автоматташтырат. Натыйжада коомдун өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчү материалдык эмес, маалымат продуктуларын өндүрүү болуп калышы керек. Ал эми материалдык продуктунун «маалыматтыксыйымдуулугу» жогорулайт жана анын наркы структурасына кошулганинновацияларга, дизайндык чечилиштерге, маркетингдин сапатына
абданбайланыштуу болот.Маалыматтыккоомдунматериалдык-техникалыкнегизикомпьютердик
техниканынжанакомпьютердиктармактардын, маалыматтехнологияларынын,телекоммуникациялыкбайланыштардынбазасындагыар түрдүү системаларболупкалат.
Маалыматтык коомдун негизги белгилери. Маалыматтык коом андагы
негизгиөндүрүшпродуктусубилимболгондугуменен мүнөздөлөт.
Маалыматтыккоомдунбашкыайырмалоочубелгилериболуп төмөндөгүлөрэсептелет:
Булкоомдун ар бир мүчөсү сутканынкайсыучурундаболбосун, өлкөнүнкайсыжериндеболбосун
Керектүү маалыматка кыйынчылыксызжете алат.
2. Коом өзүнүн ар бир мүчөсүн маалымат технологиясы (компьютерлер менен да, байланыш каражаттары менен да) менен камсыз кылууга жөндөмдүү.
3. Коом өзүнүн жашоо ишмердиги үчүн зарыл маалыматты өзү өндүрүп чыгарууга жөндөмдүү.
Мына ушул бардык шарттар бир убакытта аткарылганда гана тиги же бул коомду маалыматтык коом деп айтууга болот.
Маалыматтык коомду калыптандыруунун негизги мыйзам ченемдүүлүктөрү.
Маалыматтык коомду калыптандыруу алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдө татаал социологиялык-технологиялык процесстин – глобалдыкмаалыматташтыруунун натыйжасында жүрөт.
ХХ кылымдын экинчи жарымынан башталган коомду маалыматташтыруунун
бирденбирсебебииндустриялыккоомго мүноздүү массалык
стандартташтырууданжанасоциалдыктурпатташтыруудан (унификациялоодон)
баштартууреакциясыболупэсептелет.Калктын товарларга жана кызмат көрсөтүүгө карата улам өсүп турган
таламдарын камсыз кылууга умтулуп, индустриялык коом алардымассалык өндүрүүнү жана массалык бөлүштүрүүнү камсыз кылды. Бул болсо коом маданиятынын көпчүлүк элементтеринин сөзсүз стандартташуусуна,
адамдардагы индивидуалдуулуктун көрүнүшүнүн олуттуу чектелишине, коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө тажатмалуулуктун, бир типтүүлүктүн арбышына алып келди. Индустриялык өлкөлөрдөгү миллиондогон адамдар окшош үйлөрдө жашоого, «ширпотреб» деп аталган турпатташтырылган (унификацияланган)
бирдей кийимдерди кийип жүрүугө , бирдей тамактарды ичүүгө , бирдей музыканы угууга, бир фильмди баары көрүугө мажбур болушат. Мына ушул бардыгын турпатташтыруу (унификациялоо)
тенденциясыөзүнө карама-каршылыкты – адамдын психологиялык табиятына шайкеш келүүчү бир түрдүүлүккө жана индивидуалдуулукка умтулууну пайда кылды. Бул тенденция коомдун индустриялык коомго чейинки денгээлге кайра кайтуусунун эң маанилүү психологиялык факторлорунун бири болуп калды. Бирок бул кайтуу жаңы технологиялык деңгээлде жүрүп коомдун жогорку технологиялашуу нарк-насилин сактоо менен, коомдук
өндүрүштүн продуктуларына да, зарыл болгон көп түрдүүлүк жана индивидуалдуулук мүнөз берүугө жөндөмдүү болуп чыкты. Бул максатка жетүүдөгү эң башкы жана жогорку натыйжалуу каражаттар
– информатиканын каражаттары жана жаңы маалымат технологиялары болуп калды.
Ошондуктан ХХ кылымдын экинчи жарымында дүйнөнүн өнүккөн индустриялык өлкөлөрүндөгү экономика жана өнөр жайөндүрүшү принципиалдуу жаңы мүнөзгө ээ боло баштады. Коомдо ар кылтүрдөгү кызмат көрсөтүулөр улам көбүрөөк маани жана суроо-талап ала башташты.
Ушуга ылайык калктын иш менен камсыз болуу структурасы тез өзгөрдү. Ошентип, индустриялык коомдон кийинки коом – ХХI кылымдын башында өнүккөн өлкөлөрдө өзүнүн өнүгүүсүн гүлдөгөн мезгилине жеткен кызмат көрсөтүүчү жана керектөөчү коом түзулө баштады.
Ошентсе дагы, ушуну менен катар товарлардын, кызмат жана технологиялардын ар түрдүүлугүнүн көбөйүшүнүн натыйжасында өндүрүштүн борборлоштурулушу бузулган жана татаалдашуусу
жүргөн, эмгектин адистештирилиши бөлүнүүлөргө дуушарланган,
өндүрүштү башкаруунун, продукциянысатуунууюштуруунунформалары
татаалданган. Ишмердүүлүктүн жаңы түрлөрүжарнама, маркетингжана менеджмент пайдаболду. Коомдогуайланып жүргөн маалыматтын
көлөмүнүн ыкчамөнүгүшү ушулнатыйжагаалыпкелди.
Маалыматтыккоомгоөнүгүүнүнкритерийлери. Постиндустриялыккоомдонмаалыматтыккоомго өтүү процессиадамкоомуүчүн революциялыкмаанигеээ, себебижаңы өндүрүштүк жанатурмуштукмамилелер
жанаруханийдеңгээлдердин жаңы системасытүзүлөт.Тигил же булөлкөнүн маалыматтык коомду калыптандыруу стадиясына
өтүшүндө сандык көрсөткүчтөр, критерийлер катары эмнелер кызмат
кылышы мүмкүн? Бүгүнкү күндө мындай көрсөткүчтөрдүн үч тобун
көргөзүүгө болот:
коомдун маалымат чөйрөсүндө түзүлүүчү өлкөнүн улуттук дүңпродуктусунун үлүшүн мүнөздөөчү экономикалык критерийлер. Эгербул үлүш 50%тен ашса, анда бул өлкөдө маалыматтык коомго өтүү башталды деп эсептелет;
социалдык критерий, маалымат продуктусу, маалыматташтыруу
каражаттарын өндүрүү жана маалыматтык кызмат көрсөтүү менен эмгектенген
калктын үлүшү анын сандык туюнтулушу боло алат;
коомдун маалыматтык-технологиялыкчөйрөсүндөгү маалыматтык
потенциалынын өнүгүү деңгээлин аныктоочу критерийлер.