Просмотр содержимого документа
«Ачык-Суу айылынын тарыхы»
Ачык –Суу айылынын кыскача тарыхы.
Ачык-суу аймагы Чон-Алай ороонундогу эн бийик жер.Дениз дэнгеелинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан.Бул жерге эн алгачкылардан болуп найман уруулары жайгашкан.Алар Фрунзе районунун Марказ,Кара-Жыгач,Кызыл-Кыя, аймагынан ооп келишкен.Мындан II кылым илгери келишкен деп айыл аксакалдары болжошкон.
Ачык-Суу ,Чон-Така,Ылай-Суу,Куур-Булак аймагында 20-30 дай уй-було жайгашкан.
Тал-терек ,бадал оспойт.Жер бетин жалан годоо чоп каптап турат.Бул жердеги элдин негизги кесипчилиги мал чарбасы болгон ,анча-мынча гана дыйканчылык менен иш алып барышкан.
Жердин шарты оор , кышы узакка созулат. Копчулук убакта кургакчылык окум сурот. Тоолорунда аюу карышкыр, тоо кийиктери ,буркут жана башка канаттуулар жашашат.
Бул аймака Совет бийлиги женгенден кийин эле эркиндик келе баштады.Чон –Алай Району 1932-жылы негизделип ага Ачык-Суу аймагы бутундой кошулган.Бул жерде «Кенеш -Алай» колхозу уюшулат.Калган кокту-колоттогу колхоздор биригип Сары-Таш селолук советине кирген.Бул жердеги эл согушка чейин башкача айтканда 1939-жылга чейин жашап турушкан. 1939-жылы колхоздорду ирилештируу максатында Кара-Шыбак участкасына кочурулуп , анда М.И.Калинин атындагы колхоз уюштурулган.
Ачык-Суу аймагынын жайлоолору коп жылдык моонот менен пайдаланууга Озбек Республикасына берилет.Бир аз жерине гана Чон-Алай совхозунун малы жайгаштырылат.
1958-жылы май айында «Чон-Алай» совхозу уюшулуп ,анын экономикасы тез темп менен онуго баштайт.Бул аймакта жаны мал чарба мекемелерин тузууго мумкунчулук берет.Натыйжада Кашка-Суу МЖСи андан кийин «Кашка- Суу» асыл тукум кой чарба совхозу уюштурулат.Ачык-Суу аймагы «Чон-Алай» совхозунун № 5 болумунун бир участкасы , болуп калат.1964-жылга чейин болумдун башкаруучусу Кожобеков Мизам ал эми болумдун бухгальтери Нажиев Абдилазиз иштеген.Ушул мезгилдерде бул аймака шибе айлынан Кошоев Азимбай бригадир болуп,Айдаров Масай сугатчы катары жана повар катары келип кышташкан.Ошентип бара –бара бул аянттарда дан ондуруло баштаган.Совхозду жем менен камсыз кылып турган.Айдоо аянттарын сугаруу суу менен камсыз кылуу боюнча Ош областынын суу чарба техникаларынын жардамы менен Ачык-Суу он кол жээктерин ,Сынар –Жар он жак жээктерине каналдар салынган.Бул иштерди аткарууда Алай райондук партиясынын биринчи секретары Умаров Ибраимдин салымы чон болгон.Ошентип 1975-76-жылдары Ачык-Суу аймагы «Кашка-Суу» совхозунун озунчо бир болуму болуп калат.Ачык-Суу айылына Нажиев Азиз болум башчы болуп дайындалган.Ошол мезгилде Чон-Алай совхозунан Кара-Шыбак айылы Ачык-Сууга кочуп келишти.1975-76-жылдан баштап бул жерге эл отурукташа баштайт .Совхоздун директору болуп Сарытаев Абдыкайым болгон .Ушул жылы Ж.Боконбаев атындагы 8 жылдык мектеп ачылат.Анда 80 окуучу ,10 мугалим болгон .Бул жерге кайрадан Кара-Шыбактан эл бут кочурулуп келген.Кыштак жаны типте салынып кочолор курулат.Кыштактын эли Чон –Алайдын бардык жеринен кочуп келген жаш уй-булолор менен толуктала баштайт Азыркы учурда Ачык-Сууда найман,теит,кыпчак,гыдырыша урууларынын окулдору жашайт.1989-жылдары совхоздун экономикасы которулуп Чон-Алайда биринчилерден болуп эки кабаттуу оорукана,270 орундуу клуб,спорт зал жана чайкана салынган.Анын ачылышына Алай райондук бийлик окулдору чарбанын жетекчилери катышкан.Элди маданий массалык жактан тейлоо жакшы жолго коюлган.А.Сарытаевден кийин директор болуп Зия Каримбеков эмгектенген.Андан кийин Муса Тороев иштеген.Союз мезгилинин акыркы жылдарында Кызыл-Суу совхозун Турдумамат Жакыпов жетектеген.Союз таркагандан кийин чарбанын болгон малын улушко болуп алышкан оз алдынча дыйкан чарбаларды тузушкон.Бирок 3 жыл аралыгында ун ,куйуучу май тартыштыгы элди кыйнаган.Айрым дыйкан чарбалар сызга отуруп калышкан.Коптогон уй булоолор Чуй тарапка кочуп кете баштаган. 1992-жылы февраль айында Чон-Алай району кайрадан негизделген.Райондун акими болуп Азимов Курбанали, Райсоветтин торагасы болуп Маматкаримов Пайзилла шайланган.Элге билим беруу болуму болуп Туйгунов Насиридин иштеп турган.Азыркы мезгилде ар бир уй –булоо озун-озу тейлоону тушунуп бир аз жакшы жылыштар пайда боло баштады.
Азыркы кундо Ачык-Суу айылында элдин саны 2000 ден ашты.Ж.Боконбаев мектеби орто мектепке айланып ,анда 50 мугалим эмгектенип,377 окуучу билим алууда .Айылда оорукана , балдар бакчасы,спорт зал,айылдык китепкана иштеп жатат.