СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адабий окуу 2-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Адабий окуу 2-класс»


Сабактын аты : Адабий окуу Өтүлгөн күнү

Классы: 2

Сабактын темасы: Бөлүм боюнча кайталоо

Негизги компетенттүүлүктөр

1

Маалыматтык

Окуучулар өтүлгөн темалар жөнүндө маалымат алышат.

2

Социалдык-коммуникациялык

Бөлүм боюнча өтүлгөн чыгармалар тууралуу бири-бири менен ой бөлүшө алат.

3

Өз алдынча уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү

Түшүнбөгөн суроолорун беришип, талкуу уюштурушат.



Предметтик компетенттүүлүк

К1

Тыбыш жана тамга менен иштей билүү

К2

Окуй алуу / ырды көркөм окуйт

К3

Сөз байлыгы менен иштей алуу/текстти укканы, окуганы боюнча түшүнүгүн айтат.

К4

Тамга сөз сүйлөм менен иштей алуу

К5

Аң сезимдүү окуп, адабий сөздөр менен иштей алуу /чынжыр менен окуйт





Сабактын максаты

Күтүлүүчү натыйжа

Билим берүүчүлүк :

Окуучулар бөлүм боюнча өтүлгөндөрдү кайталап бышыкташат.

Окуучулар бөлүм боюнча өтүлгөн темаларды кайталап бышыктай алышса

Өнүктүрүүчүлүк :

Окуучулардын окуп түшүнүүсү, сөз байлыгы таанып билүүсү, ой жүгүртүүсү, шар окуусу өстүрүлөт.

Окуучулар китептен окуганын же укканын өз сөзүндө айтып бере алышса жана иштей алса.

Тарбия берүүчүлүк:

Адабий тилде сүйлөөгө, ынтымактуулукка, бирин-бири уга билүүгө тарбияланышат.

  1. Окуучулар топто биримдикте иштей алышса,

  2. Адабий тилде сүйлөй алышса.

  3. Сабакка активдүү катышып, алтын эрежени сактаса



Сабактын тиби: бышыктоо

Сабакта колдонулган ыкма: суроо жооп, топто иштөө, жекече иштөө, интерактивдүү ыкма

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, ватман, маркер, кырдаалга карата сүрөттөр, слайд, балдар адабияты



Сабактын этабы

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети


1.Шыктандыруу

Саламдашуу

Сабакка даярдануу

Жагымдуу маанай түзүү






Алтын эреже:

  1. С-сабакка

  2. А-аракеттенип

  3. Б-баарыбыз

  4. А-активдүү

  5. К-катышабыз



Үй тапшырманы бышыктоо:

“Сүйлөмдөрдү толуктоо” көнүгүүсү.



Окуучулар окуу куралдарын толукташат.

Маанайыбыз эң жакшы,

Андан кийин беш жакшы.

Кайгы капа билбейли,

Жалкоолукту тилдейли,

Окуп билим алууга,

Биз баарыбыз бирдейбиз.

Окуучулар алтын эрежени кайталашат.







Окуучулар “Ынтымак” ыры карата түзүлгөн “Сүйлөмдөрдү толуктоо” көнүгүүсү менен иштешет.

1-топ:

Ынтымагы бар элдин,

Калага _____ болот.

Ынтымагы жок элдер,

Бирине-бири____________.

2-топ:

Ынтымагы бар элдин,

__________ болот улугу.

Ынтымагы жок элдин,

Ичинен чыгат ___________.

3-топ:

Ынтымактуу биригет,

Ынтымаксыз ______________.

Ынтымак ____элдин баркы бар,

Бири-бирине ________ бар.

К1

2. Теманын күтүлгөн окуу натыйжаларын жарыялоо

Балдар силер ушул “Бабалардан калган сөз” бөлүмүндө кандай чыгармалар менен тааныштыңар? Сабактын максаты жана күтүлүүчү натыйжа айтылат.

Баалоо критерийлерин коюп алышат.


Окуучулар өз ойлорун айтышат, эч кимдин оюнун тууралыгы же ката экендиги белгиленбейт. Окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу артат.

Баалоо критерийлери:

  1. Үй тапшырманы аткардым

  2. Мугалимдин суроосуна так жооп бере алдым.

  3. Топтук ишке активдүү катыштым.

  4. Алтын эрежени сактадым.

К2

3. Тема боюнча маалыматтарды берүү

Балдар анда силерге кошумча балдар адабиятынан жаратылышка саякатка барып Э.Шүкүровдун , “Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү жапайы жаныбарлар” жөнүндө бөлүм боюнча өтүлгөн

“Карышкыр менен түлкү” деп аталган элдик жомоктогу каармандар түлкү менен каррышкыр жөнүндө кызыктуу маалымат айтамын.

Окуучулар түлкү жана карышкыр тууралуу кызыктуу маалыматтар жана факттарды чынжырча түрүндө окушат.


К3

4. Интерактивдүү көнүгүүлөр

Топторго тапшырма:

1-топ: Окшоштуктар

2-топ: Кроссворд

3-топ: Макалдырды толуктоо

Окуучулар берилген тапшырмалар топто ынтымакты сактап туура өз ойлорун эркин айтып аткарышат.

К4

5. Сабактын жыйынтыктарын чыгаруу натыйжаларын баалоо

Бышыктоо: Суроо-жооп аркылуу:

  1. Бул бөлүм силерди эмнеге тарбиялады?

  2. Бул бөлүмдө кайсы чыгарма силерди абдан таасирлентти. Ал тууралуу айтып бергиле?

Үй тапшырма: Макал, жаңылмач жаттоо.

Баалоо:


Окуучулар өз ойлорун айтышып суроолорго жооп беришет.




Топтор аткарган иш-аракеттерине карата түстүү смайликтер берилет.

К5