СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адабий окуу 4- класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Адабий окуу 4- класс»

Сабактын темасы: КУМУРСКАЛАР КООМУ

Сабактын максаттары:

билим берүүчүлүк: «Кумурскалар коому» жомогунун мазмунун окуп, тал­дап түшүнүшөт. Ал эми кумурсканын эмгекчилдиги, жоопкерчиликтүүлүгү, ын­тымактуулугу, адилеттүүлүгү, боорукердиги сыяктуу мыкты сапаттарын чеч­мелеп, ой бөлүшөт.

өнүктүрүүчүлүк: өз алдынча ой жүгүртүүгө, өз оюн эркин, так айтууга көнүгүшөт. Сөз байлыгын өстүрүп, кепке жатыгуу жөндөмдүүлүктөрү артат, эс тутумдары бекемделет.

тарбия берүүчүлүк: эмгекчилдикке, жоопкерчиликтүүлүккө, ынтымактуу­лукка, бирин-бири уга билгенге, сыйлоого үйрөнүшөт.

Көрсөткүчтөр:

Жогорудагы максаттар ишке ашат, эгерде:

• чыгарманын мазмунун түшүнсө; чыгарманы өз сөзү менен айтып бере алса;

• тартипти бекем сактоонун маанисин түшүнсө; чыгарманы талдай алса;

• текст менен иштөөдө эне кумурсканын кеңешин таап, көркөм окуп талдай алса;

• тексттеги каармандардын кылык-жоруктарын мүнөздөй алса; тексттин автору ким, буга чейин кандай чыгармаларын окуганын айтып берсе;

• чыгарманын мазмунуна жараша эмгекчилдикке бирин-бири уга билгенге, сыйлоого үйрөнсө;

• кумурскалардан үлгү алар жакшы сапаттарды үйрөнсө.

Сабактын тиби: аралаш

Колдонулган ыкма: башкарып окутуу

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, түстүү сүрөттөр,

Сабактын жабдылышы: (Мугалим кпассты уюштурат, жагымдуу жагдай түзөт.)

Үйгө тапшырманы суроолор менен текшерип бышыктайт.

Жаңы теманы түшүндүрүүгө өтөт.

Сабакта өтүлүүчү теманын аталышы «Кумурскалар коому»

Мугалим: «Акыл чабуулу» ыкмасын колдонуп, балдарга кайрылат:

- Балдар кумурскалар жөнүндө эмнени билесиңер?

- Кумурскалар кичинекей.

- Эмгекчил.

- Алар ары-бери тынбай кыймылда болушат ж.б.51

Мугалим:

- Туура айтсаңар, балдар, силер кумурскалардын эмне үчүн ары-бери тыным­сыз кыймылда болуп калганын билесиңерби?

- Анда эмесе, бүгүн силер менен кумурскалар коому тууралуу жомокту окуй­буз. Көңүл коюп уккула.

Мугалим чыгарманы бир нече бөлүктөргө бөлүп берет. Окуучулар бири экин­чисин улай көркөм окушат. Улам суроолорду берип отуруу менен окуучулардын чыгарманы талдап, түшүнүүсүнө шарт түзөт.

Чыгарма окулганга чейин, же окуп баратканда мугалим балдар үчүн түшүнүксүз бопгон сөздөрдү доскага жазып, алардын маанисин түшүндүрүп отурат.

Жаңы сөздөр кездешкен чыгармаларды өтүүдө мугалим сөздүк жумушта- рын жүргүзүүнү унутта калтырбашы керек. Окуучулар өзүлөрү чечмелей алган сөздөрдү өздөрүнө, ал эми айрымдары мугалим өзү жардамдашып, чечмелеп бе­риши зарыл. Сөздүк дептерлерди түздүрүп, өздөштүргөн сөздөрдү жаздырып ту­руу балдардын үйдөн да кайталоосуна, эсте сактап калуусуна жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Антпесе, жаңы сөздөр сабактан сыртка чыкканда эле унутулуп калып, бал­дардын сөздүк запасынан чыгып калат.

Мисапы: өтүлүп жаткан «Кумурскалар коому»деген жомокто бир нече жаңы сөздөр кездешет. Атап айтканда: мөңгү, маңызын, балдызы, бөлөсү, кекире.

Элдин ой-тилеги, келечектен күткөн үмүтү, турмуштагы жат көрүнүштөргө кар­шы күрөшү, асыл сапаттарды арттыруу үчүн жүргүзгөн аракеттери бүтүндөй анын сөз өнөрү аркылуу даңазаланып, улам кийинки муундар тарабынан байып жүрүп отурган. Ушундай сөз өнөрүнүн эң алгачкы пайда болгондорунун бири - жомоктор. Эл өз кыялын, фантазиялуу ой жүгүртүүсүн ошол жомок аркылуу билдиришкен.

Адамды курчаган жаратылыш, айбанаттар, канаттуулар жомоктордун турук­туу каармандары катары ооздон-оозго көчүп, айтылып келген.

Мисалы: жылкынын, иттин адамга жан жолдош катары кызмат өтөп келгени буга күбө болот. Ал эми кумурсканын эмгекчилдиги, жоопкерчиликтүүлүгү, ын­тымактуулугу, адилеттүүлүгү, боорукердиги сыяктуу мыкты сапаттары көкөлөтө даңазаланат.

1-бөлүк

Анда эмесе, достор, сөз акын Муса Жангазиев атаңардын «Кумурскалар коо­му» аттуу жомогу жөнүндө болмокчу.

Баса турган жолу бар,

Башкаруучу чоңу бар.

Канышасы, каны бар,

Баардыгына таанымал.

Жылуу-жумшак үйү бар,

Жыпар жыттуу гүлү бар.

Жайы-кышы көңүл ток, 52

Жатып ичер аңкоо жок.

Кумурсканын турмушун,

Кызыккандар, билип ал.

Балбаны бар, дөөсү бар,

Ат минбеген жөөсү бар.

Жигити бар, чалы бар,

Сүйүп алган жары бар.

Байбичелер баркы бар,

Таманында калы бар.

Эшигинин алдында,

Эр көкүрөк сакчы бар,

Пенсияга чыгышпайт,

Кумурсканын чалдары.

Атасы менен энеси,

Агасы менен жеңеси,

Сиңди менен эжеси,

Жашайт баары бир үйдө,

Иниси менен келини,

Балдызы менен бөлөсү.

Кумурсканын турмушун,

Байкаштырып көрөлү.

Сыйлашат дейт баарысы,

Жашы менен карысы,

Камкордук көргөн энени.

Кызык экен билгенге,

Кумурсканын өнөрү.

Эмгек менен тазалык,

Каныша менен канына,

Эң биринчи белеги.

Күн чыккандан батканча,

Турмуш-күрөш тынбаган,

Аралап жаңы аңызды,

Коё бербей намысты,

Кекиренин гүлүнөн,

Зыгыр, зире түрүнөн,

Көк беденин бүрүнөн,

Жалбырагын жалбыздын,

Данегинен дарбыздын,

Ар бир данын жикинин,

Болгонунча күчүнүн,

Буудай, арпа, таруудан,

Колдон келсе жыйнаган.

Таразалап көрүшкөн,

Тактыкка алар көнүшкөн


Кампачыга өткөрүп,

Карыз болбой беришкен.

Күүгүм кирип, күн батса,

Кошуналар бүт жатса,

Таза даяр бөлмөдө,

Бирин-бири кучактап,

Эс алышат, укташат.

Жамандашып бирөөнү,

Сөз айтышпайт ушактап.


Таң менен эрте турушуп,

Ченеп тамак ичишип,

Бузулбас буйрук күтүшүп,

Жумушуна барышат,

Эмгектен баар табышат.

Кечкурун үйгө келгенде,

Оюн-шоогу башталат.

Кечки тамак бүткөндө,

Кеңеш айтып падыша,

Эне болуп каныша,

Эртеңки иш такталат.



Мугалим бапдарды талкууга тартуу максатында суроо менен кайрылат:

1. Кумурсканын турмушун кандай бааладыңар? Айтып бергиле.

2. Алардын да туугандык мамилелери адамдардыкындай бекен?

Мугалим кайра суроолорду берүү менен талкууну улантат.

1. Кумурскалар эмгектенип жана эс алганы жомокто кандай сүрөттөлүптүр?

2. Кумурскалардан үлгү алар жакшы сапаттары деп кайсыларды эсептейсиңер?

Көрдүңөрбү, достор, кумурскаларда бекем тартип, ар биринин өзүнө тийиштүү милдеттери бар бекен? Өз милдетин аткарбаган, тартипти сактабагандарга алар­дын арасында орун жок. Камкор эненин орду бийик, кары-жашы дебей аны урмат­тап, сыйлашат экен.

Ооба, алар эмгектенүү менен бирге эс алууну да билишет экен. Эртеңки мил­деттерин да унутушпайт экен. Табияттын дагы бир перзенти болгон кумурскалар­дын мындай кызыктуу турмушун биле жүрүү кызык эмеспи.

Жомокту андан ары окуйлу.

2-бөлүк

Кумурсканын балдары,

Үйүнө уктап калганы.

Бирин-бири ойготуп,

Узун жолго болжошуп,

Убагында жайнады.

Эки миңдин энеси,

Эп келишкен денеси.

Мындай айткан кеңеши:

- Саякатка баргыла,

Көңүл ачып алгыла,

Илгертеден досубуз,

Ийнеликтин айлына.

Чоң дарыя боюнда,

Арашандын оюнда,

Дагы миңи кошулсун,

Күлүктөрү озунсун.

Баштап барсын Сарала,

Мээримдүү өзү балага.

Мен жасайын кутуча,

Мээр чөптөн салгыла.

Кутучабыз толгондо,

Оозубуз жап болгондо,

Биз телефон чалабыз,

Кыш бүткөндө барабыз,

Бир жума өтпөй арадан.

Таңыркап ар ким караган,

Узун буттуу Сарала,

Тырмактай болгон кутуча,

Кооздугун көр бир укмуш,

Булар үчүн чемодан.

Толтурушту мээр чөпкө,

Жетет экен бул көпкө.

Муну билип каныша,

Алкыш айтты баарына,

Узун буттуу Сарыны

Чакырып алып жанына:

- Адам жүргөн айылда,

Мен илгери болгонмун.

Силердей бала чагымда,

Кой-Таш деген сайында,

Калың токой бар экен.

3-бөлүк

Чыгыш жагы кыпкызыл,

Чыга албай турган жар экен.

Тоолору бийик мөңгүнүн,

Чокулары күмүштөй,

Жалтылдаган кар экен.

Калпак кийип алгандай,

Жайы-кышы ак экен.

Күү чертип, ойноп бийледик,

Чайыттай көңүл ачылып,

Чарчаганды билбедик.

Тоолорунан токойдон,

Түрдүүсүн жедик жемиштин,

Маңызын ичип өрүктүн,

Тартипти бекем сактадык.

Конгула деп суранды,

Келгенибизге кубанды,

Ийнелик эне башкарып.

-Үйүбүзгө кетелик,

Күн батканда жетелик,

Ыракмат айтып мактадык,

Белек кылып аларга,

Жети баштык зыгырдан,

Былтыр күздө жыйылган,

Оокаттардан таштадык.

Мугалим балдарды талкууга тартуу максатында суроо менен кайрылат:

1-бөлүктүн суроосу:

1. Эне кумурсканын берген кеңешин, балдарына берген тапшырмаларын айтып бергиле.

2. Ийнелик, көпөлөк, эл кайда көчөттөрдү эне кумурска кандай сүрөттөдү?

2-бөлүктүн суроосу:

1. Ийнелик, эл кайда көчөттөр аларды кандай тосуп алышты? Жаратылыштын кооздугу жомокто кандай сүрөттөгөн?

2. «Тартипти бекем сактадык» дегенди кандай түшүнөсүң?

3. Бул жомоктон силерге пайдалуу эмнени үйрөндүк деп эсептейсиңер?

Суроо-жооптор аркылуу балдардын жаңы теманы канчалык кабыл алгандыгы текшерилет, түшүнүктөрү бекемделет жана чыгарманы аягында берилген накыл сөздөрдүн маанисин чечмелешет жана жаттап алышат.

Макалдардын маанисин жомокко карата чечмелегипе:

• Жазда жаныңды айдабай, кышта казаның кайнабайт.

• Эринчээктин жаздыгы, жамбашында.

• Эмгекчил убакыт издейт, жалкоо шылтоо издейт.

Үйгө тапшырма катары төмөнкүлөр берилет:

1. Жомокту кайрадан окуп, мазмунун айтып берүүгө машыккыла.

2. Жаңылмачты жаңылбай бат-бат айткыла.

Ишти жаз башынан башташыбыз керек,

Жаз башынан баштабасак ташташыбыз керек.

Кулубай кумалак чертсе,

Кулун куйругун серпти.

Кулубай кулунду куйруктан алса,

Кулун Кулубайды бир тепти.