СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адабий окуу 4-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Куурчак  жана бала жонундо окуп тушунуу

Просмотр содержимого документа
«Адабий окуу 4-класс»

Куурчак жана бала

Илгери-илгери бир падыша болуптур.Күндөрдүн биринде ал өзүнө коңшу мамлекеттин падышасын сынамакчы болду да, зергер- усталарына алтындан үч окшош куурчак жасатып, чабармандан берип жиберди.Чабарманга:«Бул куурчактар өңү-түсү, салмагы, чоң-кичинелиги жагынан бирдей, бирок баасы ар кандай: бири арзан, экинчиси андан кымбат, үчүнчүсү андан да кымбат. Мына ошонун сырын чечип берсин»,- деп эскертти.

Падыша куурчактарды карап көрүп,алардан эч бир айырманы таппай зор убара болду. Көптү билген,көзү канык карыялардан,чебер усталардан,вазир- леринен сурады. Алар ары карап, бери карап, акыры «бул куурчактарда эч айырма жок» деген бүтүмгө келишти.

Акыры бул куурчактардын кабары жер-жерлерге тарады. Чоң-кичине дебей үч куурчак жөнүндө сүйлөшүп жатты.Муну молдонун теспесин тепсеп кеткен- диги үчүн зынданга түшкөн жетим бала укту да, кароолчуга:

-Эгер ошол куурчактарды мага көрсөтүшсө, алардын айырмасын айтып берер элем. Ал үчүн көптү сурабайм. Зындандан чыгарса болду,- деди.

Муну падышага айтышты.Баланы ордого алып келишти. Бала куурчактарды карап отуруп, алардын кулактары көсөлүү экендигин байкады. Анан ал ичке зымды алып,биринчи куурчактын кулагынан өткөрдү эле,зымдын учу анын оозунан чыкты. Экинчисинен өткөргөндө зымдын учу берки кулагынан чыкты Үчүнчү куурчактын кулагынан өткөргөн зым анын ичинде калды. Бардыгы буга аң-таң болушту.

Ошондо бала мындай деди:

-Урматтуу падышам! Куурчактар да адамга окшош экен. Биринчи куурчак бирөөдөн укканын ошол замат элге айтып салчу оозу боштор сыяктуу. Ошон- дуктан, мунун баасы арзан. Экинчи куурчак оң кулагы менен укканын сол кулагынан чыгарып жиберген,өзүнөн башканы укпаган,кеңешке келбеген,кеп жебес адамдарга окшош экен.Үчүнчү куурчак кандай гана сөз болбосун сырт- ка чыгарбаган, аны өзүнчө ылгап талдаган, оор басырык адам сыяктуу. Ошондуктан мунун баасы кымбат.

Бул табышмактын сыры чечилгенге бардыгы ыраазы болушту.Балага алкыш айтышты да, куурчактардын кайсынысы арзан-кымбат экенин жазып,баягы падышага жөнөтүштү. Жетим баланы болсо зындандан чыгарып, падыша өзүнө увазир кылып алган экен.






Скачать

© 2024, 21 0

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!