| 1-этап: Уюштуруу учуру | 3 мин | *Жагымдуу маанай түзүү *Алтын эрежеге кайрылуу *Ой көнүл графигин эске салуу *Окуучулардын сабакка даярдыгын текшерет. *Окуучуларды журналга жоктойт. | Жагымдуу маанай түзүлөт. АЭМдин элементи аркылуу Алтын эреже түзүлөт. Окуучулардын сабакка даярдыгы текшерилип, сабакта жоктор жоктолот. | суроо жооптор | |
| 2-этап: Өтүлгөндү кайталоо | 5 мин | 1.Балдар силер менен өткөн сабакта эмне деген теманы өттүк? 2.Кандай адамды китептин душманы дейбиз? 3.Акын эмне үчүн китеп жырткан адамды “наалат алсын” деп жатат? 4.Китептин душманы болуу жакшы адатпы? Кандай ойлойсуңар? | Окуучулар берилген суроолорго жоопторун айтышат. Бири-бирин толуктап жооп беришет. Жумушчу дептериндеги тапшырмаларына көңүл бурушат. | өзүн-өзү баалоо | К 3 |
| 3-этап: Жаны сабакка өбөлгө түзүү | 2 мин | Балдар, Ата –Журт деген сөздөрдүн маанисин айтып бергилечи? Эмнени түшүндүрөт? Доскага число, тема жазылат. | Балдар суроолорго ойлонуу менен жооп беришет. Числону айтышат. Доскага число тема жазылат. | сурамжы лоо | |
| 4-этап: Тема боюнча маалымат берүү китеп менен иштөө сөздүк менен иштөө | 25 мин | Сабактын максаты, көрсөткүчтөрү тааныштырылат. Темага киришүү жүргүзүлөт. Окуу көндүмдөрү: 1.Мугалим көркөм окуп берүүсү 2.Чынжырча түрүндө окутуу 3.Түшүнүксүз сөздөр менен иштөө 4.жумушчу дептер менен иш жүргүзүшөт. | Окуучулар сабактын максаты, көрсөткүчү менен таанышып, максатка жетүү үчүн өз ойлорун айтышат. Окуу көндүмдөрү боюнча окушат. 1.Мугалимдин окуганын угуп, талкуулашат. 2.Чынжырча түрүндө окушат. 3. сөздүк менен иштешет. Күлүн көккө сапырган – жеңген, талкалаган. Көздүн карегиндей сактап- этиятап, сактап деген мааниде Күңгөй – күн тийген тарап 4. Жумушчу дептер менен иштешет. | сурамжы лоо байкоо жүрүзүү | К 2, 3, 5 |
| 5-этап: Жыйынтык тоо: | 5 мин | 1. Бүгүнкү адабий окуу сабагынан эмне деген теманы өттүк? 2. Ата-Журт, ата конуш деген сөздүн маанисин кандай түшүндүңөр? 3.Манас баатыр тууралуу эмнелерди билесиңер? 4.Өлкөбүздүн кандай улуттук белгилери бар? 5. Ата-Журтубуз эмне үчүн Ала-Тоо деп аталып калыптыр? | Окуучулар берилген суроолорго жооп берет. Текстти окуп мазмунуна түшүнүшөт. Ата-Журтубуз эмне үчүн Ала-Тоо деп алып калгандыгы тууралуу өз ойлорун айтышат.бири-бирин толуктап турушат. | суроо жооптор | К 3,5 |