СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адабият 6-класс Барпы Алыкулов

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Адабият 6-класс Барпы Алыкулов»

Сабактын темасы: “Иттин доолдай тиктирем дегени”. Сабактын максаты: билим берүүчүлүк: тамсилдин мазмунун түшүнөт жана түшүнүгүн айтып берет; каарманга мүнөздөмө берип , адам турмушунан окшош мисал келтирет ; тамсил жөнүндө түшүнүк алат. өнүктүрүүчүлүк: сынчыл ой жүгүртүп, каарманга өз баасын бере алат; сөз байлыгы өсөт. тарбия берүүчүлүк : жалкоолук , куру убада берүү, убада берип аткарбай коюу уят,жаман адат экенин,, турмушта мындай адамдар ийгиликке жетпесин түшүнөт. Сабактын тиби: Жаңы теманы түшүндүрүү. Сабактын ыкмасы: талкуу, кластер Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, ватман,маркер Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.Өтүлгөн материалды эске түшүнүү үчүн суроолор берилет: .. “Алкы жаман карышкыр “тамсилинде карышкырдын тагдыры эмне менен аяктады? ..“Кулкуну жаманга жакшылык кылба “ деген кептин маанисин кандай түшүнөсүңөр ? ...”Алкы бузук, жакшылыкка жамандык кылгын адам сый-урматка ээ боло алабы? Силер кандай ойлойсуңар?

“Иттин доолдай тиктирем дегени” тамсили

-Кыш чилдеде курудум,

Үнүм баспай улудум.

Бул жүргөнүм кеп эмес,

Бул иш мага эп эмес.

Жадырап жайнап жаз болсо,

Байга жалчы жүрөйүн.

Байдын коюн кайтарып ,

Бир доолдай чепкен кийейин .

Жакшыраак байга барайын,

Акымды бүтүн алайын.

Доолдай кийип жасанып,

Оокаттын жайын карайын.

Саратан өтүп кыш болду,

Жаткан жерим муз болду.

Бул жоркка көнбөйүн,

Музда жатып өлбөйүн.



Ал аңгача кыш өттү,

Жадырап жайнап жаз өттү.

Ит унутту айтканын ,

Кышында музда жатканын.

Тилин салып акактап,

Көлөкө жерди качырат.

Доолдай чыккан эсинен,

Көлөкөгө жашынат.

Түлкү итке кеп айтат,

Түшүнсүн деп бек айтат.

Кышында айткан доолдай,

Бүттүбү, итим?- деп айтат.

-Түлкүм ,мага жүн гана?

Чыга турган үн гана?

Ал чепкенди кылгын деп,

Айта турган тил гана?

Чепкен чыгып эсинен,

Керилип жатып алыптыр .

Жалкоонун жайы ушундай,

Жайкалып уйку салыптыр. Тамсилдин мазмуну менен таанышып чыккандан кийин , окуучулардын жалпы түшүнүктөрүн текшерүү жана баалоо үчүн төмөнкү суроолор берилет: 1.Кыш чилдеде үшүгөн ит эмнелер жөнүндө ойлоду? Тексттен ошол жерин үн чыгарып окугула. 2.Эмне үчүн жайкы саратанда өзүнүн убадаларын унутуп койду? 3.Иттин бул кылганы туурабы? Силер кандай ойлойсунар? Тамсилдин тарбиялык маанисин терең жеткирүү жана окуучулардын сынчыл ойломун өстүрүү максатында талкуу үчүн суроолор берилет (1-2 –суроого карата кластер түзүшөт): 1. Балдар , адамдагы кайсы сапаттарды жакшы деп эсептөөгө болот? Эмне үчүн мындай деп ойлойсуңар? 2. Ал эми кандай сапаттар жаман болушу мүмкүн? Өз оюнарды далилдүү айтып көргүлөчү. 3. Жалкоо иттин образы аркылуу эл кандай адамдарды мыскылдап жатат? 4. Силердин өзүңөргө жакпаган кандай сапаттарыңар бар? Аны кантип оңдосо болот деп ойлойсуңар?

К/№

Багыттоочу суроолор

Окуучунун жооптору

1

Чыгарманын башкы каарманы ким же эмне?


2

Окуя кайсы мезгилднрде болду эле?


3

Кандай көйгөй болду?


4

Жыйынтыгы кандай аяктады?


5

Каарманга же окуяга сен кандай баа бересиң?


6

Сенде кандай сезимдер пайда болду?


7

Чыгарма эмнеге үйрөттү?


Убадасына

турбайт

Абдан сак

ит

Үйдү коруйт

Жалкоо

Тамсил ,биринчиден , адамдардан кулк- мүнөзүн , кылык жоругун каймана түрдө чагылдырат. Экинчиден ,аны сатиралык планда жалпылаштырат. Үчунчүдөн , тамсилдин башында же аягында адамдарга ыймандык жактан таалим- тарбия





















Үйгө тапшырма

1.Тамсилди окуп чыгуу, талдоо

2.Ит менен түлкүнүн айткандарын ролдор боюнча көркөм окууга машыккыла. Сабактын аягында окуучулардын билимин баалоо.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!