СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адабият боюнча тесттик тапшырмалар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Адабият боюнча тесттик тапшырмалар

Просмотр содержимого документа
«Адабият боюнча тесттик тапшырмалар»



1.”Биз жаратылыштан ырайым күтүп отура албайбыз, биздин максат – аны багынтып, тартып алуу”,- деп ким айткан?

А)Кожожаш

Б)Мичурин И.В.

В) Тумаш мерген

2. «Кожожаш» эпосунда Кожожаш мергендин кайберендерди атканы келгендигин Алабашка ким кабарлайт?

А)башка мергенчилер б)Кожожаштын атасы Карыпбай

В)Кожожаштын аялы Зулайка г)Сур эчкинин эки улагы

3. «Эр табылды» эпосунда кыргыздын жылкысын тийип кеткендиги жөнүндө Табылдыга ким кабарлайт?

А)Табылдынын эмчектеш досу Элдияр

Б)Табылдынын дагы бир досу Эрмек

В)Табылдынын аталаш тууганы КудайназарГ)Чалкалмактын өзү

4.Токтогул санат,насыят ырында эр жигитти кандай адам болууга чакырат?

А)жоокер болууга б)ач көз, соодагер болууга

В)адам бетин тик карабаган жалтак болууга

г)эринбей иштеген эмгекчил болууга

5.Жеңижок менен болгон айтышта «дарактын мөмөсү, арактын шишеси,санаттын сабагы,жылкынын асылы» -деп Эсенаман кимди айтат?

А)Калыгулду б)Арстанбекти в)Токтогулду г)Эсенаман өзүн -өзү

д) Жеңижокту

6.Молдо Кылычтын «Чүй баяны» поэмасы кандай окуяларды сүрөттөө менен башталат?

А)өткөн кылымдагы Кокон бийлигинин учурундагы окуяларды сүрөттөө менен

Б)тээ байыркы турмушту сүрөттөө менен

В)Октябрь революциясына байланыштуу окуяларды сүрөттөө менен

Г)орустардын келүүсу менен өзгөргөн кылым башындагы окуяларды сүрөттөө менен

7.Калык Акы уулунун «Баскан жол» деген китебинде окуялар кандай ыкмада баяндалып берилип жана кимдин өмүр тагдыры сүрөттөлгөн?

А) жалаң кара сөз түрүндө: Токтогулдун өмүр тагдыры

Б)жалаң ыр түрүндө; Тоголок Молдонун өмүр тагдыры

В)сахналык чыгарма түрундө;Осмонкулдун өмүр тагдыры

Г)ыр жана кара соз түрүндө; Калыктын өзүнүн өмүр тагдыры жөнүндө

8.Калык Акы уулунун «Баскан жол» деген китеби жанрдык жактан кандай чыгарма болуп эсептелинет?

А)тарыхый б) фантастикалык в)лирикалык г)мемуардык

9. «Бир тыйынга экиден

Алмалардын сарысы.

Арабада коону,

Алты тыйын, беш тыйын

Дарбызынын жоону» -делип Молдо Кылычтын «Чүй баяны» поэмасында кайсы мезгилдеги, кайсы шаардын базары сүрөттөлүп жатат?

А)өткөн кылымдагы Кокон базары

б)өткөн кылымдын соңундагы Анжиян базары

в)үстүбүздөгү кылымдын башындагы Токмок шаары

г)элүүнчү жылдардагы Фрунзе базары



10. «Эр Табылды» жанрдык жактан кандай эпос?

А)баатырдык б)турмуш-тиричиликтик

в)лиро-эпикалык г) архаикалык

11.Кыргыз тилинде китеп болуп чыккан биринчи көркөм чыгарма?

А)”Кысса-и-зилзала” Б)”Шаңдан жүрөк” В) “Алиппе”

12.Мемуардык чыгарма деген эмне?

А) эскерүү деген мааниде

Б)ойдон чыгарылган чыгармалар

В)фантазиялуу, кереметтүү

13.Коргол Досу уулу. “Токтогулдун баласынын өлгөнүн угузганы. (Баласынын аты)

А) Топчубай Б) Бабажан В) Тотуя

14. Мейизден жеген жем болуп

Аттардын качып ашканы

Алты адыр, бел болуп

Аябай чуркап жаныбар

Калган экен тер болуп. (Сөз кайсыл жаныбар жөнүндө?)

А)Аккула Б) Сурэчки В ) Арчатору