СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адабият пендечиликтен кантип арылат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Адабият пендечиликтен кантип арылат»

РИЗВАН ИСМАИЛОВА: АДАБИЯТ  ПЕНДЕЧИЛИКТЕН  КАНТИП  АРЫЛАТ?



Соңку кездери  “РухЭш” сайтынын тегерегинде  калемгерлердин  башын  бириктирүү, адабияттын  ар кыл маселелери боюнча ой-пикирлерди, жанрлар боюнча конкурстарды уюштуруу, коомдук-саясий окуяларга,  турмуштук көрүнүштөргө карата  акын-жазуучулардын дегеле  улуттук   интеллигенциянын  мамилеси,  көз караштарынын  берилип  жатышы  жаман эмес.

Биз союз кезиндеги  адабияттын турмушун канчалык айтып-дебейли, аны артына кайрып  алалбайбыз. Капитализм  доору  өкүм  сүрүп , акын-жазуучулар жалооруган жалтак мүнөз баладай   бийликтин көзүн карап, материалдык  жана  моралдык кедейчиликтин заарын тартып турганда, коомдун, айрыкча  адабияттын  көйгөйлүү маселесин  ар тараптуу чагылдырып, талашып-тартышуу (полемика)  мындай турсун,  чындыкты бетке айтуудан тайсалдаган  кул мүнөз күчөгөн  кез.

Учурда адабият арабөк  абалда, жарым жан кишидей “өлбө жаным, өлбө…” күнүн баштан кечирүүдө.  Союз кезинде   коммунисттик партиянын камкордугуна бөлөнүп, саясий куралга айланган адабияттын доору бүткөндөн кийин, Жазуучулар союзу же биротоло тарап кетпей, же шымаланып ишке киришпей, эки жаатка бөлүнө калышып, кайра биригип, кыскасы, коомдогу ордунун  бары да, жогу да билинбей турганда,  анын төрагалыгына жаш акын  Нурлан  Калыбековдун  келиши  жоголгон үмүттү жандырып  жиберчүдөй  болуп турат…

Бир кишинин колунан эч нерсе келбеси бештен  белгилүү, андыктан  союздун мүчөлөрүнүн биримдиги, ынтымагы жана адабий процесс үчүн жалпы кызыкчылыктары  биригип кетсе,  алдыга  жылуу,  жандануу, жаңы ачылыштар, бийиктиктерди багындырып,  ордунан  озот же  болбосо  эски адатына,  көнгөн мүнөзүнө, ырынан  чыры көп турмушуна кайтат. Эгемендүүлүккө жеткенден  кийин  демократияга  түшүнүп-түшүнбөй эле, ата-бабаларыбыз  өзүнүн төл  сөзүндө  алмуздактан бери  пайдаланып  келатканына  маани бербей, аталышына  аңыраңдап,  АКШнын качанкы Президенти  Авраам Линкольн: “Менин кул да,  кожоюн да  болгум келбейт. Демократияны  мен  ушундайча түшүнөм” деген сөзүнө каяша   кылгансыйбыз…

Демократияга жамынган  өзүм билемдик  кулк-мүнөз,  жеке амбициялардын   кагылышы, калемгерлердин ортосундагы тилектештиктин жоктугу, “сенден мен кыйынмын” деген  ашынган  эгоизм, айрыкча трайбализм, жердешчилик оорусунун күчөшү,  партиядан  калган  бюрократиянын  канга сиңген илдеттеринен  кол үзө албай турганда жаңы кадамдарга, жаңы чектерге  барышы кыйынга турат.

Оболу тартип менен Уставдын талаптарын так аткарууга көндүрүү,  улуттук  адабияттын келечегине балта  чабуу сезиминен  чочулоо,  сестенип туруу инстинкти  чыйралышы, темирдей  бекемделиши  абзел.

Адабияттын босогосун  жаңыдан аттаган жаш калемгерлерге  катуу  талаптарды коюу менен бирге камкордук көрүү да зарыл. Адабият жөнүндөгү  илимди  практикада окутуп-үйрөтүп,  ага  таандык форма, ыкма, стиль, көркөм усул  ж.б. тажрыйбаларды бөлүшүү,  көркөм  чыгарманын  жаралыш тарыхын (жаратмандардын ) аттуу-баштуу  акын-жазуучулардын өз оозунан угузуу, пикир алышуу, адабий  сындын  объектисине   алынган  чыгармаларга териси тарып, ичтен ириген  көрпендечиликтин  айынан эмес,   кара кылды как жарган  калыстык менен эки тарапты тең  таразалаган адилеттүүлүк,  илим-билимдүү,  интеллектуалдык, профессионализмдин  деңгээлинде  мамиле  жасоо зарыл.

Калеми али такшала элек жаштарга, айрыкча  кургак  мактоо менен   курулай атак-даңкка  талгак болгон кыйынмын  деп төш каккандарга  жең учунан берилген коммерциялык мамиледеги “Алтын калем”, Ардак грамота” жана  башка  сыйлыктарды  социалисттик мелдештин жеңүүчүсүндөй таратууну  токтотуу зарыл.

Ал эми “Кыргыз маданиятына эмгек  сиңирген ишмер”, “Эл акыны”, “Эл жазуучусу” деген наамдарды жана Мамлекеттик сыйлыктарды  ыйгаруу да  биринчи кезекте автордун кадыр-баркына, кызматына, статусуна эмес, чыгармасына ар тараптуу, калыс баа берилсе, анын  улуттук адабиятка эмне жаңылык  алып келди же жаңы адабий агымды негиздеди, жаңы тенденция, эксперимент  ачты, эмнеси менен мурун-соңку тажрыйба-усулдардан айырмаланды, ошол жаңы  табылга, бийиктик, алкактар, эстетикалык  табити менен дүйнөлүк  казынага  тырнактын агындай  болсо да  пайда алып келеби? Бул деген башка тилдерге  которулушунун  башкы  критерийи  катары каралат.

Биз  рынок экономикасынын  руханий  баалуулуктарга (адабият, маданият, искусство) болгон мамилесинин  заарын да, каарын да сезип жатабыз. Жазуучулар союзу  ушул сыноо менен кыйынчылыктан  тайманбай  өтүп, коомдогу ордун аныктай алса, бийлик, коомчулук, коомдун ар кыл  тармактары менен өзүн эсептештире алса (күнкорлуктан  кутулса), баш көтөрүп, өз алдынча  жашап кетет.  Ушерге айтылуу  фразага айланып кеткен, сөз баккан улуу  устаттардын сиздерге тааныш  кебин  кыстара кетейин.

Көлдөгү Тилекмат аке тамашалап:

Усталардан дат калат, молдолордон кат калат, силер эмне өлүп эле тим  болосуңарбы?- десе, Сарт аке айткан экен:

Усталардан дат  калса, молдолордон кат калса, бизден кийинки муундагыларга  айтылып калчу Сөз калат.

Анын сынарындай,  улуттук  адабияттын алтын казынасына кирген чыгармачыл  инсандардын аты-заты өчпөйт. Акын же жазуучунун чыгармачылыгынын өсүп-өнүгүшүнө түздөн- түз таасир берген объективдүү  жана  субъективдүү факторлордун ролунда Устаттын  орду өлчөөсүз. Ал устат өзүнүн замандашыбы же  кылымдардын кыйырын  карытып келаткан адабий мурастагы жакшы көргөн кумириби, ким, кайсы улуттун   өкүлү, чоң  планетанын кайсы жердеги жаратманы болбосун,  жаш  калемгердин, такшалган  акын-жазуучунун да   адабий процесстеги  ийгилигине  тике да, кыйыр да  тийгизген  таасирин  унуткан оңбойт.

Азыр мурунку заманга салыштырмалуу  биз жаш кездеги кол  жеткис  классиктердин  китептерин  табуу жеңил. Улуттук кыртышты  танбай, дүйнөлүк адабияттын  корифейлеринин  чыгармаларын, алар  жашап өткөн  ар кайсы мезгил-доордогу  адабияттын  өнүгүшүнүн  эволюциялык  этабын   аныктаган, кыскасы,  Батыш менен Чыгышты жуурулуштуруп  синтездештирген,  өсүп-байышына  түрткү  болгон  адабий-теориялык  билимдердин корун,   агым, багыт, класс, топторго ж.б. тиешелүү  классицизм,  романтизм,  академизм,  сюрреализм, сынчыл реализм, импрессионизм   сыяктуу  ж. б. бир катар  адабият,  искусствого  күргүштөп  кирген, өз  изин, нугун,  сабагын  калтырган  чыгармачыл личносттордун  чыгармалары  менен таанышуу артыкбаш болбойт.

Өзүңүздөр да макул болсоңуздар  керек, кыргыз адабияттын жаңы тепкичке көтөрө алган  акын-жазуучулар Москвадагы  адабият  институтунан  билим алган чыгармачыл  инсандар: Ч.Айтматов, С.Эралиев, Ж.Мамытов (улуу, орто  жана жаш  муундагылар  ирети менен  аталбай  калса  айып этпесин) жана  башка  бир нече калемгерлер  адабий  билимдин, чөйрөнүн, дүйнөлүк  адабияттын   таасирин өзгөчө белгилеп  келишкен.

Адабият таануу илиминде  баарыбызга  тааныш “Манас таануу”, “Айтматов таануу” тарыхынан  башка  дагы көптөгөн  сүрөткерлер; “Тыныстанов таануу”, “Сыдыкбеков таануу”, “Касымбеков таануу”,  “Осмонов таануу”,  “Гапаров таануу” сыяктуу  адабияттын  өсүү-өнүгүү  этаптарында  ат  көтөргүс эмгек  кылышкан   көркөм сөз  чеберлерин  мүмкүн  болушунча толук ачып берүүгө  мезгил  жетти.

Ал эми сынчылар М.Догдуров, Т.Жолдошев, Ө.Жакишев, С.Карачевдерден   баштап,  этап-этап боюнча  К.Артыкбаев, К.Бобулов,  С.Жигитов,  К.Укаев,  К.Даутов. К.Асаналиев  ж.б.  сын  майданынын  көрүнүктүү  өкүлдөрүнүн   адабий  бейнесин,  табиятынан оор, түйшүктүү, машакаттуу жанрдагы  опол тоодой  эмгектеринин  нарк-баасын  таразага  тартуу жоопкерчилиги  турат.

Азыркыдай  устат жана  шакирт  маселеси  “чайлашуу, тил табышуу, жердешчилик, өң  тааныш, жаштарга боло берет” деген мамиле менен чектелсе, адабиятка  адашып келгендер,  түбөлүктүү тематиканын  талаптарына сокурдай карап теңсинбегендер,  фольклордон, жазма акындардан  калган  (көркөм  чеберлеринин изин) табылга, саамалыктарды  байытуунун ордуна, алардын таасиринен чыга албай, кайталоо, көнүмүш, шаблондуу, тажатма, менчик “мени” бар саптардын тушоосунан чыга албай,  поэзиянын көз  чендебес  мухити  мындай турсун, босогосунан өтө албай, араң жан, нымжан, тарпы  чыккан   ырлардын селинен башы чыкпай калаары  белгилүү.

Жаштарды, дегеле акындарды такшалдыруунун адабий мектептери айрымдарынын көзү  тирүүсүндө, кээ бириники  көзү өткөндөн  кийин (Алыкул, Рамис, Турар, Жолон,  Кожогелдинин  мектеби  ж.б.)  ыр  жаратуунун  усул-тажрыйбаларынан сабак алуу,  үйрөнүү-үйрөтүү  өнөктүгү күч алган мезгилдер болгон.  Мына ушуларды   кайрадан  жандандырып,  ыр ышкыбоздоруна  сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө, адабий-теориялык  жана адабий-практикалык  жардамдарды берүү колго алынса,  жакшы  болор эле.

Менимче “Кыргыз совет  антологиясын” кайрадан  түзүү зарылчылыгы  турат. Адабият  тарыхында  1960-70-80-90-жылдарда  жылдызы  “жарк” этип жанып, турмуштук  кырдаалдан, жеке тагдырдын  жазмышынан   өзүн  толук  ача албай кеткен  акындардын  мыкты чыгармаларын  иргеп-тандап, алардын  ысымдарына татыктуу орун берүү маселеси.

Талант  деген  шыбаганын  ырахат,  барк-баасын  албай  кетишкен  Т. Эргешов,  К. Сабыров, К. Калдыбаев, М. Казакбаев,  Ч. Толубаев, Ж. Молдалиев,  Т. Турдалиев,  Б. Сартов, Т. Муканов сыяктуу  таланттуу калемгерлердин   тагдырына  кейип-кепчип эскерген  көп кырдуу  акын Эрнис  Турсуновдун “Үзөнгүлөш  жолдоштон  уланган сөз” деген  макаласын  “Кыргызстан  маданияты” (1994-жыл) жумалыгынан  окуганым бар. Биз билген, биз билбеген, биз  али да биле элек,  мезгилдердин  көз  ирмеминде  бүлбүлдөгөн  ак  жарык  сыяктуу багы ачылбаган  канча  мыкты  чыгармалар бардыр?….

Улуттук адабиятка   өнөр, тил,  талант, чеберчилик менен  шыктын  туундусунан  жаралган  көркөм  сөз чеберлеринин  катарын толуктоо, изин калтыруу, улуттун  мурасын  байытуу максатын тилек кылган   калемгерлерден башка эч ким күйбөйт, жардам да бербейт, анын  маселелерине  башы да оорубайт.

Андыктан   адабиятыбыздын   канча  жыл-мезгилдерден  бери көөнөрбөй  келаткан   көркөм  усул-салттарын,  табылга, саамалык, олжо,  ооматтын,  этаптык  өнүгүүсүндөгү  бийиктиктерин    татыктуу  улантуу үчүн  жалпы адамзатка таандык баалуулуктарын сактап, өнүктүрүүгө салым  кошо  ала  турган  Ата-Мекендин, улуттун,  эне тилдин,   адабияттын  келечегине  жан  күйгүзгөн  чыныгы  чыгармачыл  инсандар  гана  белсенип   киришет   деген  аруу тилек жашайт.

Ризван ИСМАИЛОВА, Филология  илимдеринин  кандидаты, жазуучу жана  журналист.









деп ырчылык өнөрдүн сырларын үйрөтө баштаган. Бул эки балага да атты өзү Каракунан, Сарыкунан деп койгон. Сарыкунан алым сабак үйрөткөнүн төмөндөгүдөй эскертет:
Мисалы, Калык: "Балам, атагын чыкты Сарыкунан"- десе, "Ой аман бол, Жумгал көп тууган",- деп айтам, "Балам, арзып келдиң эле Жумгалга",- деп Калык айтса, "Мен аягы Мерке, Ак-Суудан",- дейм "Ой мен Сарыкунан жаш бала",- деп улантып турчумун дейт.
Кыргыз жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиев да өзүнүн эскерүүсүндө Токтогулдай уста, Калыктай шакирт жөнүндө, Калыктын Сарыкунанды ырчылыктын "алиппесинен" батап, жөнөкөй жөө жомокторду, элдик сүйүү ырларын кулакка куюп, алым сабак айтышы менен жамактатып ырдоого көнүктүргөнүн баса белгилеген.
Ал эми Белек Осмонкуловдун эскерүүсүндө Калык түштүк жакка гастролдоп барат, ал жердин Жаңы–Жол районунун Тегене айылында клуб башчысы болуп иштеген Токтосун Тыныбековду таап келгенде "Осмонкул, мен олжо менен кайттым, мени куттуктап койсоң болот, олжом ырчы балалуу болуп келдим»,- дейт. Калык менен Токтосун кезигишкенинде Калык Токтосунга мындай деген:

«Эңсеген Калык мен келдим

Ээчисең ээрчи жаш-тайым

Элестеп кетти менин да

Эзелки бала жаш чагым.

Ээрчитип алып жүрөйүн

Эрмек кылып жаныма.

Жүгүрүп даңкың чыга албайт

Жүрө берсең айылда

Чаалыгып чарчап баратсаң

Чабайын камчы саныңа

Этиң калса ачышып

Ээ балам мага таарынба»,-

деп ырчылык татаал кесипти үйрөтө баштаган.
Ал өзүнүн шакирттерин кылдаттык менен таптаган. Аларды чоң чабыштарга алып чыгуудан мурда, аларды өзү мурда угуп, андан кийин 2-3 кишиге, кемпир-чалдарга ырдатып көрүп, андан кийин гана чоң аш тойлорго, аудиторияга алып чыккан.
Калык төкмө акын болсо дагы, калемди жашы 45терге келип калгандан кийин кармап, чыгармаларынын жана элдик оозеки чыгармалардын өзү билген баардык үлгүлөрүнүн элге керектүүлүгүн сезип, тарбиялык, педагогикалык маанисин эске алып, кагаз бетине түшүрө баштаган. Өзгөчө Токтогул Сатылганов, Жеңижок, Эшмамбет сыяктуу өткөн кылымдын залкар ырчыларынын жазылбай калган мурастарын кагаз бетине түшүрүүдө тоодой эмгек кылган.
Алтургай Эстебес Турсуналиевдин айтуусунда акындар гастролго чыккан мезгилде көпчүлүк ырлардын тексттин жазган, ал ырларга Жумамүдүн Шералиев обон чыгарган. Ошол мезгилдеги кат тааныбаган аксакалдарга кат таныткан да Калык болгон.