Просмотр содержимого документа
«Адабияттык материалдар»
Нарын облусундагы Кочкор районунун Кайып Темиров атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими
Иманова Кенжегүл Абдыкадыровна
Кыргыз адабияты 5-класс
- Сабактын темасы:
- Мидин Алыбаевдин «Ала-Тоо», «Соң-Көл», «Тянь-Шань» ырлары
Сабактын максаты:
- Мидин Алыбаевдин өмүрү-чыгармачылыгы тууралуу кыскача маалымат алышат;
- «Ала-Тоо», «Соң-Көл», «Тянь-Шань» ырларын көркөм окуп, мазмунун түшүнүшөт;
- Туулган жердин көркөмдүгүн баалап,ага болгон сүйүүсү артат.
Жагымдуу маанай жаратуу
- Анда эмесе,балдар, келгиле төмөнкү табышмакты табууга аракет кылып көрөлүчү:
- Бул эң сонун дары,
- Аны досуңа берсең кубанат,
- Душманыңа берсең өкүнөт,
- Апаңа берсең өмүрү узарат,
- Тааныштарыңа берсең мээрими күчөйт
- . Бул эмне? Ким табат?
Албетте, жылмаюу.
- Кана эмесе,жылмаюу менен сабагыбызды баштайбыз.
Мидин Алыбаев (1917-1959) Мидин Алыбаев 1917-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек кыштагында туулган. Айылдагы жети жылдык мектепте 1931-жылга чейин окуп, кийин Фрунзедеги педтехникумга кирет. Мидин Алыбаевдин 1934-жылдары башталган чыгармачылык турмушу көп кырдуу болгон. Ошентсе да,акын көпчүлүк күч жөндө-мүн поэзияга берген. Мидиндин ырлары бир жагынан терең лирикага толуп турса, бир жагынан сатиралык курч мазмунга ээ.Акын салттык сөз ыргактары менен ошол кезде жа-ңы калыптанып келе жаткан жаңы поэзиялык агымдардын ыкмаларын чеберчилик менен айкалыштыра билген. . Ал лирикалык ырларында тууган жерге сүйүүсүн, жаратылыш көркүн берилип ырдаган.
Ала-Тоого Кереметтүү сен атасың- энесиң, Салыштырып сага ким жер теңесин. Көңүл толкуйт,көркөмүңдү көргөндө Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң. Ырым менин сенин демиң эмеспи Шыктанамын, минип кыял кемесин. Карааныңдан кагылайын Ала-Тоо, Калкып жаткан кандай сонун немемиң?! Качан жүрөк калышынан танганда, Бир тартылып өтүп кетээр элесиң Өс, Ала-Тоо! Өзүм өскөн турагым, Уяң болбо улуу жолуң улагын, Жымың-жымың жылдыз болуп жылжысың Канга дары кашка,тунук булагың Ай-ааламдын мунарасы болуп кал, Аз калса да асманга тийтурбаганын! Ээрчий берсең бир соңунда жетесиң, Улуу орусту Волга менен Уралын. Улуу орустун Волга менен Уралын…
Соң-Көл Шарпылдап шаңы чыгып толкуп Ташкан, Жээгине жайкай түшүп көбүк чачкан. Ай Соң-Көл! Кызыгыңды унутамбы? Калдайган колхоз малы баш адашкан. Тамшанткан тамашаңдан чыккым келбей Тарыхта тагы калган Тулпар таштан. Жээгиңде турдум,Соң-Көл,болдум сынап, Көйкөлүп Көлкүп жаткан сен бир сымап Сөөлөтүң,сулуулугуң кубандырды Эзилтип жүрөгүмдү кытыгылап. Берилип,куштар болуп, жедеп сага, Кээде шат, кээде мени алат санаа. Кайгысыз, ойсуз, муңсуз кайкып учкан, Кап,чиркин,, каз-өрдөгүң болсом гана.. Кош, Соң-Көл, сен турасың кылым санап, Мелтиреп кадимкидей көктү карап, Кош, Соң-Көл! Же келермин, же келбесин, Болжошту айтыш кыйын атаганат… Мени өлүп, сени экинчи көрбөсөм да, Эскирген сары кагазда ырым калат. Тынчыбай ойго кеттим удургудум, Калкыган үстүңдөгү булутуңдай, Элесиң эске түшсө,элжиретсе, Канткенде Кайрат кылам улутунбай
Бышыктоо үчүн суроолор:
- Ала-Тоо – кыргыз элинин байлыгы экенин далилдеп берүүгө аракет кылгыла
- Соң-Көл, анын өзгөчөлүктөрүн өзүңөр изилдеп,сүрөт тарткыла
- Макалдар менен жаңылмачтарды китебиңерден жаттагыла,маанисин чечип көргүлө
Үй тапшырмасы:
- Жогорудагы ырлардан үзүндү жаттап,көркөм айтып көргүлө
- Ала-Тоо,Соң-Көл тууралуу фотолору жыйнап,альбом түзгүлө
Бир ырды алып, анын негизинде кара сөз түрүндө аңгеме же эссе жазгыла
Жыйынтыктоо
Ден соолукта болуңуздар!
- Көңүл бургандыгыңыздар үчүн
- чоң рахмат!