Просмотр содержимого документа
«Адам сатуу боюнча доклат»
Адам сатуу боюнча 2011-2017-жылдары 66, ал эми 2018-жылдын төрт айында 1 кылмыш иши козголгон
14-05-2018 10:22
Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Ош шаарында көчмө жыйын өткөрүүдө. Анын күн тартибиндеги биринчи маселе Адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү үчүн аларды аныктоо, идентификациялоо жана кайра жолдоо боюнча улуттук механизмдердин долбоору. Иш чараны ачкан тармактык комитеттин төрайыма Гүлкан Молдобекова бул ирет жумушчу топтун жыйынтыктары караларын айтты.
Депутат Евгения Строкова аталган маселенин демилгечиси катары буга чейинки аткарылган иштерге токтолду. Эл өкүлүнүн айтымында, ушундай эле көчмө жыйын 2016-жылдын 15-мартында да Ош шаарында өткөрүлгөн. Тиешелүү мыйзам болгону менен идентицикация маселеси жолго салына электигин айтып, эл өкүлү бул жааттагы иштер нукка салынууга тийиштигин билдирди. Ошондой эле адам сатууга каршы аракеттерди көрүүдө эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын ролу зор экендигин белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин криминалдык кызматынын 1-башкармалыгынын башчысы Марлис Джумабаев да жыйында баяндама жасап, XXI кылымдын эң оор кылмышы – дал ушул адам сатуу иштерине байланышкандыгын билдирди. "Мамлекеттер ортосундагы визасы жок режимдин колдонулушу жакшы. Бирок, айрым учурда ал, айлык акынын аздыгы, жумушсуздук да адам сатуу иштерине себеп болчу факторлордун катарында саналууда", - дейт ИИМ өкүлү.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Кылмыш кодексинин 124 – беренеси боюнча 2011 – 2017 – жылдар аралыгында 66, ал эми 2018 - жылдын алгачкы төрт айында 1 кылмыш иши козголгон.
Чүй областынын укук коргоо органдарынын адистери адам сатууга каршы аракеттенүү боюнча тренингден өтүшкөн. Эми Нарын областынын адистери үчүн да ушундай окутуулар уюштурулмакчы, - дейт М.Джумабаев.
Көчмө жыйындын жүрүшүнө депутаттар А.Алтыбаева, А.Самигуллина, С.Шер-Нияз, Ж.Акаев катышууда.
Депутат Ж.Акаев "Бир койго сатылган Азамат" аттуу материалдын мазмунуна кайрылып, ошол жарандын эмдигиче жеке өздүк документке ээ эместигин айтты. Ушундай ички шарттагы кулчулука сатылгандар боюнча эмнеге кылмыш иштери козголбой жаткандыгын да тактады.
Кыз - келиндердин, жаш балдардын адам сатуу туткунуна кабылып калып жаткандыгы өтө өкүнүчтүү , - дейт депутат А.Алтыбаева. Ошондой эле ал жогорудагы айтылган статистикалык маалыматтар толук эместигин белгилеп, көпчүлүк жабырлануучулар объективдүү, субъективдүү себептерден улам укук коргоо органдарына кайрылбай жаткандыгын да айтты.
Депутат Альфия Самигуллина дүйнөдө адам сатуу көйгөйү курч турганда, өлкөнүн каржы министрлиги тиелешүү каражаттарды карап, укук коргоо органдарынын айлыгын да жогорулатууга көнүл бурушу керектигин билдирди.Ошондой эле психолог адистердин да ишке тартылышы да орчундуу экендигин кошумчалады.
Депутат Садык Шер - Нияз 2016 - жылдагы адам сатуу маселесине арналган иш чарада белгиленген иштердин 80%га жакыны аткарылбагандыгын сынга алып, жыйынтыгы жок эле жыйындарга чогулуунун канчалык зарылчылыгы бар? - деген суроону койду.
Тармактык комитеттин бул жолку көчмө жыйынын өткөрүүгө “Адам сатууга каршы техникалык базаны жана укуктук – нормативдик актыларды бекемдөө багытында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көмөк көрсөтүү боюнча” Эл аралык миграция уюмунун долбоору колдоо көрсөттү.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы