СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адам сатуунун курмандыгы болбо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Адам сатуунун курмандыгы болбо»

ВОЕННО-АНТОНОВКА  ОКУУ-ТАРБИЯ  КОМПЛЕКС-ГИМНАЗИЯСЫ

ВОЕННО-АНТОНОВКА ОКУУ-ТАРБИЯ КОМПЛЕКС-ГИМНАЗИЯСЫ

Долбоордун темасы: Адам сатуу кылмыш

Долбоордун темасы:

Адам сатуу кылмыш

Долбоордун максаты: Адам сатуу деген эмне? “ Тирүү товарларды” кайсы тармактарда пайдаланышат? Эмнеге сатып алышат? Адам сатуунун курмандыктарына көрсөтүлүүчү жардам АДАМ САТУУДАН ЖАБЫРКАГАНДАР ЖАРДАМ СУРАП КАЙДА КАЙРЫЛСА БОЛОТ?

Долбоордун максаты:

  • Адам сатуу деген эмне?
  • Тирүү товарларды” кайсы тармактарда пайдаланышат?
  • Эмнеге сатып алышат?
  • Адам сатуунун курмандыктарына көрсөтүлүүчү жардам
  • АДАМ САТУУДАН ЖАБЫРКАГАНДАР ЖАРДАМ СУРАП КАЙДА КАЙРЫЛСА БОЛОТ?
Долбоордун актуалдуулугу: Адам сатуунун курмандыгы болуп калба! Сактан!

Долбоордун актуалдуулугу:

  • Адам сатуунун курмандыгы болуп калба!
  • Сактан!
Адам сатуу- бул адамдын аброюна,  абийирине,  укугуна шек келтирген кылмыш болуп эсептелинет.  Адам сатуу-бул азыркы күндө глобалдуу маселе. Адам сатуу деген түшүнүк биздин мамлекет өз алдынча болгон жылдардан тарта келди.

Адам сатуу- бул адамдын аброюна,  абийирине,  укугуна шек келтирген кылмыш болуп эсептелинет. 

Адам сатуу-бул азыркы күндө глобалдуу маселе.

Адам сатуу деген түшүнүк биздин мамлекет өз алдынча болгон жылдардан тарта келди.

Адам сатуу ?  Азыркы учурдабы?   Жылына 600 миңден - 800миң адам эл аралык адам сатуунун курмандыктары болушат, алардын 80%ын аялдар жана балдар түзөт, мунун ичинен 70%ын башка өлкөлөргө сексуалдык эксплуатациялоо максатында сатышат. Эксплуатация - адамды сексуалдык жактан пайдаланууну көздөгөн сойкулукту, сексуалдык пайдалануунун дагы башка түрлөрүн, мажбурлап иштетүүнү жана кулчулук кызматтарды же кулчулукка кирептер кылуучу адаттарды, эрксиздикти жана органдарды алууну өз ичине камтыйт. (Палерма Протокол у 3 а статья)

Адам сатуу ? Азыркы учурдабы?

  • Жылына 600 миңден - 800миң адам эл аралык адам сатуунун курмандыктары болушат, алардын 80%ын аялдар жана балдар түзөт, мунун ичинен 70%ын башка өлкөлөргө сексуалдык эксплуатациялоо максатында сатышат.
  • Эксплуатация - адамды сексуалдык жактан пайдаланууну көздөгөн сойкулукту, сексуалдык пайдалануунун дагы башка түрлөрүн, мажбурлап иштетүүнү жана кулчулук кызматтарды же кулчулукка кирептер кылуучу адаттарды, эрксиздикти жана органдарды алууну өз ичине камтыйт. (Палерма Протокол у 3 а статья)
Адам сатуу деген эмне?  Өз кызыкчылыгына пайдалануу максатында адамдарды азгырып, алып кетип, жашырып, колдон колго өткөрүп, коркутуп, күчтөп же мажбурлоонун башка түрлөрүн колдонуп : уурдап кетип, шылуундук менен алдап, үстөмдүккө салып, же кыйчалыш кырдаалда калганынан пайдаланып сатып алуу же аларды көзөмөлдөп тургандардын макулдугун алыш үчүн аларга кун төлөп берип сатып алуу дегенди билдирет. (БУУнун 2000-жылдагы адам сатуу, айрыкча аялдарды жана балдарды сатууга тыюу салуу, алдын алуу, ал боюнча жаза чектөө боюнча Протоколунун 3-статьясы)

Адам сатуу деген эмне?

  • Өз кызыкчылыгына пайдалануу максатында адамдарды азгырып, алып кетип, жашырып, колдон колго өткөрүп, коркутуп, күчтөп же мажбурлоонун башка түрлөрүн колдонуп : уурдап кетип, шылуундук менен алдап, үстөмдүккө салып, же кыйчалыш кырдаалда калганынан пайдаланып сатып алуу же аларды көзөмөлдөп тургандардын макулдугун алыш үчүн аларга кун төлөп берип сатып алуу дегенди билдирет. (БУУнун 2000-жылдагы адам сатуу, айрыкча аялдарды жана балдарды сатууга тыюу салуу, алдын алуу, ал боюнча жаза чектөө боюнча Протоколунун 3-статьясы)
АДАМ САТУУ – ЖЕКЕ АДАМГА ЖАНА АНЫН НЕГИЗГИ УКУКТАРЫНА КАРШЫ ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШ
  • АДАМ САТУУ – ЖЕКЕ АДАМГА ЖАНА АНЫН НЕГИЗГИ УКУКТАРЫНА КАРШЫ ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШ
“ Тирүү товарларды” кайсы тармактарда пайдаланышат?    - токтоосуз, тынымсыз иштеген өндүрүштө ;  - мыйзамсыз жана көмүскө экономикада;  - жашыруун жана контрафакт өнүмдөрдү чыгара турган өндүрүштөрдө;  - үй чарбасында (үйдөгү кулчулук); - балдардын эмгеги (машина жуу, талаа жумуштары) ж. б.

Тирүү товарларды” кайсы тармактарда пайдаланышат?

  • - токтоосуз, тынымсыз иштеген өндүрүштө ;
  • - мыйзамсыз жана көмүскө экономикада;
  • - жашыруун жана контрафакт өнүмдөрдү чыгара турган өндүрүштөрдө;
  • - үй чарбасында (үйдөгү кулчулук);
  • - балдардын эмгеги (машина жуу, талаа жумуштары) ж. б.
Эмнеге сатып алышат? Органын жана тканын трансплантациялоо; Мыйзамсыз бала асыроо;  Куралдуу түзүмдөрдү топтоодо пайдалануу ж.б. максаттарда .

Эмнеге сатып алышат?

  • Органын жана тканын трансплантациялоо;
  • Мыйзамсыз бала асыроо;
  • Куралдуу түзүмдөрдү топтоодо пайдалануу ж.б. максаттарда .
Аялдарды жана балдарды сексуалдык жактан пайдалануу үчүн:  согуш болуп жаткан жерлерде жана аскерлер жайгашкан жерлерде;  секс-туризмди уюштурууда;  порнография өндүрүшүндө (бул максатта балдар да, кыздар да) пайдаланылышы ыктымал).

Аялдарды жана балдарды сексуалдык жактан пайдалануу үчүн:

  • согуш болуп жаткан жерлерде жана аскерлер жайгашкан жерлерде;
  • секс-туризмди уюштурууда;
  • порнография өндүрүшүндө (бул максатта балдар да, кыздар да) пайдаланылышы ыктымал).
Кайырчылык кылуу жана жеке кызыкчылык үчүн : - балдарды , майыптарды кайырчылык менен акча табууга мажбурлоо,  - кайырчылык кылуу үчүн ымыркайларды «арендага» алуу,  - пайдалануу үчүн никеге туруу ( анын ичинде “почта аркылуу колукту”): - үй чарбачылыгында (үй кызматчысы ж.б..)  - баланы бойдо көтөртүү жана төрөтүү үчүн  - оорулуу жана карыган туугандарын, балдарды бактырууга ж.б.пайдалануу кулчулуктун түрлөрүнө кирет

Кайырчылык кылуу жана жеке кызыкчылык үчүн :

  • - балдарды , майыптарды кайырчылык менен акча табууга мажбурлоо,
  • - кайырчылык кылуу үчүн ымыркайларды «арендага» алуу,
  • - пайдалануу үчүн никеге туруу ( анын ичинде “почта аркылуу колукту”):
  • - үй чарбачылыгында (үй кызматчысы ж.б..)
  • - баланы бойдо көтөртүү жана төрөтүү үчүн
  • - оорулуу жана карыган туугандарын, балдарды бактырууга ж.б.пайдалануу кулчулуктун түрлөрүнө кирет
Шылуундар адамды кантип торго илишет? - адамдын эркиндигин чектешет;  - документин алып, бербей коюшат;  - карызга батырып же иштеп тапкан акчасын алып коюшат;  - уруп-сабап же зөөкүрдүк менен коркутушат;  - психологиялык жактан басмырлашат.

Шылуундар адамды кантип торго илишет?

  • - адамдын эркиндигин чектешет; - документин алып, бербей коюшат; - карызга батырып же иштеп тапкан акчасын алып коюшат; - уруп-сабап же зөөкүрдүк менен коркутушат; - психологиялык жактан басмырлашат.

- шантаж кылышат ( мисалы, мыйзамсыз мигранттарды депортация менен коркутушат , курмандыктын жакындарын коркутушат, купуя маалыматты ачыкка чыгарам деп коркутушат , мисалы, сойкулук ж.б. тууралуу);  - эркин жүрүүгө, жакындары менен жолугууга тыюу салышат ;  - алдап, акысыз же качан акы берилээри бүдөмүк болгон жумушта иштөөгө мажбурлашат;  - эмгек келишимин түзүүдөн баш тартышат;  - иштеп тапкан акысын бербей коюшат;  - иштен мыйзамсыз бошотпой коюшат ж.б.у.с .
  • - шантаж кылышат ( мисалы, мыйзамсыз мигранттарды депортация менен коркутушат , курмандыктын жакындарын коркутушат, купуя маалыматты ачыкка чыгарам деп коркутушат , мисалы, сойкулук ж.б. тууралуу); - эркин жүрүүгө, жакындары менен жолугууга тыюу салышат ; - алдап, акысыз же качан акы берилээри бүдөмүк болгон жумушта иштөөгө мажбурлашат; - эмгек келишимин түзүүдөн баш тартышат; - иштеп тапкан акысын бербей коюшат; - иштен мыйзамсыз бошотпой коюшат ж.б.у.с .
АДАМДЫ КАНЧАЛЫК УЗАК ПАЙДАЛАНЫШСА ШЫЛУУНДАР ОШОНЧО КӨП ПАЙДА КӨРҮШӨТ.
  • АДАМДЫ КАНЧАЛЫК УЗАК ПАЙДАЛАНЫШСА ШЫЛУУНДАР ОШОНЧО КӨП ПАЙДА КӨРҮШӨТ.
Адамдарды азгыруу   Басма сөздө, радио, телевидениеде же Интернетте чет өлкөдө жумуш иштөөгө чакырган, мисалы, окууну, жумушту , чет тилин үйрөнүүнү же саякаттоону сунуш кылган митайым жарыялар берилет. Айрым келин кыздар жактырып калган сыяктанып жакындап, ишенимине кирип, алдап сатып жиберүүгө ниеттенген эркектердин азгырыгына жетеленишет. Адам сатуу менен шугулданган эркектер да, аялдар да өздөрүнүн торуна түшүрүш үчүн көздөгөн адамдын ичи-койнуна кирип, кыжалат кырдаалдан, мисалы каражаттан каржалып турганда же үй бүлөсүндө кыйынчылык болуп турганда ажаат ачып, жардам берүүгө ниеттенген сыяктанып да жакындашат, мындай кыйын кырдаалдан чыгуунун “оңой жолу” бар экенине ишендиришет. “Жакшы ишке” азгыргандар жумуштун шарты, эмгек акысы тууралуу жалган маалыматтарды берип, же жашоонун кулчулукка тете шарттарын , эмгек акынын жарыбаган өлчөмүн же такыр эле төлөнбөстүгүн жашырып коюшу ыктымал.

Адамдарды азгыруу

  • Басма сөздө, радио, телевидениеде же Интернетте чет өлкөдө жумуш иштөөгө чакырган, мисалы, окууну, жумушту , чет тилин үйрөнүүнү же саякаттоону сунуш кылган митайым жарыялар берилет. Айрым келин кыздар жактырып калган сыяктанып жакындап, ишенимине кирип, алдап сатып жиберүүгө ниеттенген эркектердин азгырыгына жетеленишет. Адам сатуу менен шугулданган эркектер да, аялдар да өздөрүнүн торуна түшүрүш үчүн көздөгөн адамдын ичи-койнуна кирип, кыжалат кырдаалдан, мисалы каражаттан каржалып турганда же үй бүлөсүндө кыйынчылык болуп турганда ажаат ачып, жардам берүүгө ниеттенген сыяктанып да жакындашат, мындай кыйын кырдаалдан чыгуунун “оңой жолу” бар экенине ишендиришет. “Жакшы ишке” азгыргандар жумуштун шарты, эмгек акысы тууралуу жалган маалыматтарды берип, же жашоонун кулчулукка тете шарттарын , эмгек акынын жарыбаган өлчөмүн же такыр эле төлөнбөстүгүн жашырып коюшу ыктымал.
Чек арадан өтүү    Адам сатуучуларга азгырылгандарды айрымдарын чек арадан жашыруун өткөрүшөт, азгыргандардын көрсөтмөсү боюнча жөө жалаңдап, же жүк ташыган унаага жашынып кетишет, көбү өз документтери менен эле өтүшөт, бирок андагы коюлган виза жасалма да болушу ыктымал. Айрым учурда уурдалган же жасалма документтерди пайдаланууга мажбурлашат. Мигранттарды чек арадан мыйзамсыз өткөн учурдагы чыгымдарды алып бараткан адам төлөйт, аны менен мигранттарды көп суммадагы карызга кирептер кылат, ал “карыз “ мигранттын көз каранды абалда калуусуна себеп болот.

Чек арадан өтүү

  • Адам сатуучуларга азгырылгандарды айрымдарын чек арадан жашыруун өткөрүшөт, азгыргандардын көрсөтмөсү боюнча жөө жалаңдап, же жүк ташыган унаага жашынып кетишет, көбү өз документтери менен эле өтүшөт, бирок андагы коюлган виза жасалма да болушу ыктымал. Айрым учурда уурдалган же жасалма документтерди пайдаланууга мажбурлашат.
  • Мигранттарды чек арадан мыйзамсыз өткөн учурдагы чыгымдарды алып бараткан адам төлөйт, аны менен мигранттарды көп суммадагы карызга кирептер кылат, ал “карыз “ мигранттын көз каранды абалда калуусуна себеп болот.
Айрым учурда жаштарды , айрыкча балдарды уурдап кетишет. Уурдап кетүү адам сатуунун бирден бир белгиси болуп саналат.

Айрым учурда жаштарды ,

айрыкча балдарды уурдап кетишет. Уурдап кетүү адам сатуунун бирден бир белгиси болуп саналат.

Психотроптук каражаттар Адатта адам сатуучулар өз курмандыктарын уурдаган же көз каранды абалга кирептер кылган учурда банги заттарын же алкоголду пайдаланышат. Муну менен алар курмандыктардын оңой башкарылышын, бир чети адам сатуучуларды өздөрү көз каранды болуп көнүп алган заттарды берип турчу “зарыл” адамдардай ээрчип калышын көздөшөт.  Банги заттарын зордоп же ыктыярдуу түрдө, курмандыктын көбүрөөк иштешин, оор жумуштарды аткарууга, (мисалы сойкулук кылган учурда көбүрөөк кардарды тейлөөгө) мүмкүнчүлүгү болушу, же жашоонун оор шарттарына, ыплас, басмарлай турган абалды туйдурбаш үчүн беришет.

Психотроптук каражаттар

  • Адатта адам сатуучулар өз курмандыктарын уурдаган же көз каранды абалга кирептер кылган учурда банги заттарын же алкоголду пайдаланышат. Муну менен алар курмандыктардын оңой башкарылышын, бир чети адам сатуучуларды өздөрү көз каранды болуп көнүп алган заттарды берип турчу “зарыл” адамдардай ээрчип калышын көздөшөт.
  • Банги заттарын зордоп же ыктыярдуу түрдө, курмандыктын көбүрөөк иштешин, оор жумуштарды аткарууга, (мисалы сойкулук кылган учурда көбүрөөк кардарды тейлөөгө) мүмкүнчүлүгү болушу, же жашоонун оор шарттарына, ыплас, басмарлай турган абалды туйдурбаш үчүн беришет.
Адам сатуунун курмандыктарына көрсөтүлүүчү жардам   Адам сатууга дуушар болгондор бул багытта атайын түзүлгөн тармак боюнча өз ичине социалдык жана медициналык тейлөө, укуктук кенеш, юридикалык кызматтарды,коргоону уюштуруу сыяктуу зарыл колдоолорду камтыган жардамдарды алууга укуктуу. Буга жоголгон документтерди калыбына келтирүү,бейөкмөт уюмдардын катышуусу менен Бишкекте жана Ошто коопсуз жайдын кызматы,адам сатуунун курмандыктарын аэропортто тосуп алуу жана унаа менен башка багытта коштоп жүрүү сыяктуу жардамдар кирет. Миграция боюнча эл аралык Уюмдун реабилитация жана реинтеграция программасынын колдоосу менен өнөктөш бейөкмөт уюмдар аркылуу жабыркагандарга убактылуу баш калкалоочу коопсуз жайлардын акысыз кызматы, социалдык,юридикалык, медициналык жана психологиялык консультациялар сунуш кылынат.Каалоочулар кесиптик билим, окуп жаткан мезгилде реинтеграциялык стипендия алууга андан ары иш табууга мүмкүндүк алышат.

Адам сатуунун курмандыктарына көрсөтүлүүчү жардам

  • Адам сатууга дуушар болгондор бул багытта атайын түзүлгөн тармак боюнча өз ичине социалдык жана медициналык тейлөө, укуктук кенеш, юридикалык кызматтарды,коргоону уюштуруу сыяктуу зарыл колдоолорду камтыган жардамдарды алууга укуктуу. Буга жоголгон документтерди калыбына келтирүү,бейөкмөт уюмдардын катышуусу менен Бишкекте жана Ошто коопсуз жайдын кызматы,адам сатуунун курмандыктарын аэропортто тосуп алуу жана унаа менен башка багытта коштоп жүрүү сыяктуу жардамдар кирет. Миграция боюнча эл аралык Уюмдун реабилитация жана реинтеграция программасынын колдоосу менен өнөктөш бейөкмөт уюмдар аркылуу жабыркагандарга убактылуу баш калкалоочу коопсуз жайлардын акысыз кызматы, социалдык,юридикалык, медициналык жана психологиялык консультациялар сунуш кылынат.Каалоочулар кесиптик билим, окуп жаткан мезгилде реинтеграциялык стипендия алууга андан ары иш табууга мүмкүндүк алышат.
Жардам берүүчү уюмдар депортация процессине катышпайт, айып санкцияларын, карыз доо төлөшпөйт.

Жардам берүүчү уюмдар депортация процессине катышпайт, айып санкцияларын, карыз доо төлөшпөйт.

Адам сатуунун курмандыктарына берилүүчү бардык жардамдар жабырлануучуга толук маалымдоонун жана анын макулдугунун негизинде көрсөтүлөт. Медициналык отчеттордон алынган бардык маалыматтар (илдеттин таржымалынын, изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын, лабораториялык анализдердин, рентген сүрөттөрүнүн, дарылоо багыттамаларынын купуялыгы бекем сакталат, алар укук коргоо органдарына адам сатуудан жабырлангандын уруксааты менен гана берилет.
  • Адам сатуунун курмандыктарына берилүүчү бардык жардамдар жабырлануучуга толук маалымдоонун жана анын макулдугунун негизинде көрсөтүлөт. Медициналык отчеттордон алынган бардык маалыматтар (илдеттин таржымалынын, изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын, лабораториялык анализдердин, рентген сүрөттөрүнүн, дарылоо багыттамаларынын купуялыгы бекем сакталат, алар укук коргоо органдарына адам сатуудан жабырлангандын уруксааты менен гана берилет.
 Коопсуздук   Токтоосуз түрдө, укук коргоо органдары менен жолуккандан тартып адам сатуунун курмандыктарынын коопсуздугуна кам көрүлүшү керек; Жабыркагандар укук коргоо органдарына маалымат берип, далилдерди келтиришпесе адам сатуу менен шугулданган кылмышкерлердин жолун бууп, адам сатууга каршы күрөшүү кыйын болот. Жабырлануучу кылмышты күбөлөндүрүүчү маалыматтарды берүүнү канчалык кечеңдетсе адам сатуучуну табуу ошончолук кыйындайт, анткени шылуундар өздөрүнүн курмандыгы тордон бошонуп кетээр замат из жашыруунун камын көрүшөт.

Коопсуздук

  • Токтоосуз түрдө, укук коргоо органдары менен жолуккандан тартып адам сатуунун курмандыктарынын коопсуздугуна кам көрүлүшү керек;
  • Жабыркагандар укук коргоо органдарына маалымат берип, далилдерди келтиришпесе адам сатуу менен шугулданган кылмышкерлердин жолун бууп, адам сатууга каршы күрөшүү кыйын болот. Жабырлануучу кылмышты күбөлөндүрүүчү маалыматтарды берүүнү канчалык кечеңдетсе адам сатуучуну табуу ошончолук кыйындайт, анткени шылуундар өздөрүнүн курмандыгы тордон бошонуп кетээр замат из жашыруунун камын көрүшөт.
АДАМ САТУУДАН ЖАБЫРКАГАНДАР ЖАРДАМ СУРАП КАЙДА КАЙРЫЛСА БОЛОТ?

АДАМ САТУУДАН ЖАБЫРКАГАНДАР ЖАРДАМ СУРАП КАЙДА КАЙРЫЛСА БОЛОТ?

 Бишкек шаары Миграция боюнча эл аралык Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 189 жана 0800 0000 189 Тез байланышы (республиканын бардык жеринен акысыз чалынат),  Тез байланыштын шаардык туруктуу телефондору: - +(996-312) 64-13-34, 64-13-42, 64-15 -19, (чет өлкөлөрдөн чалууга болот.)  Кыргызстандыктардын жана Мекендештердин “Замандаш” эл аралык Конгресси Фрунзе көч, 543 тел./факс: +996 312 32-16-36 эл. дареги: i.association.k@gmail.com “ Сезим” борборунун күнү-түнү иштөөчү Ишеним телефону (0312) 51-26-40
  • Бишкек шаары Миграция боюнча эл аралык Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 189 жана 0800 0000 189 Тез байланышы (республиканын бардык жеринен акысыз чалынат),
  • Тез байланыштын шаардык туруктуу телефондору: - +(996-312) 64-13-34, 64-13-42, 64-15 -19, (чет өлкөлөрдөн чалууга болот.)
  • Кыргызстандыктардын жана Мекендештердин “Замандаш” эл аралык Конгресси Фрунзе көч, 543 тел./факс: +996 312 32-16-36 эл. дареги: [email protected]
  • Сезим” борборунун күнү-түнү иштөөчү Ишеним телефону (0312) 51-26-40
Долбоорду иштеп чыккан Военно-Антоновка окуу-тарбия комплекс - гимназиясынын тарых мугалими Тюлемишева Жаныл Жумадиловна
  • Долбоорду иштеп чыккан

Военно-Антоновка окуу-тарбия комплекс - гимназиясынын тарых мугалими

Тюлемишева Жаныл Жумадиловна