СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адам укугу ыйык

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Адам укугу ыйык»

5


Адам укугу деген эмне?

 



Сабактын максаты:   

  1. Адам укугунун декларациясы жонундо тушунукко ээ болот.

  2. Өз укугун коргой билуу, оз укугу учун курошуу зарыл экендигин  тушунот.

  3. Өзунун кругозорун остурууго умтулуусуна комок берет. Патриоттуулукка тарбияланат.


Сабактын жабдылышы: «Баланын укугунун конвенциясы», «Адам укугунун жалпы декларациясы» боюнча маалыматтар, суроттор.
 

 


С а б а к т ы н     ж у р у ш у :


І.Киришуу:
- Укук деген созду кандай тушуносунор?
- Адам укугу жонундо эмне айта аласынар?
- Силер азыр эмнеге укуктуумун  деп ойлойсунар?
- Укук менен милдет жонундо оюнарды айтып бергиле.
-«Баланын укугунун конвенциясы» боюнча отулгон сабактан эсинерде калгандарын айтып бергиле.


ІІ. Жаны тема :
Мугалим : Балдар, адегенде биз томонку материал менен таанышалы.
Адам укугунун жалпы декларациясы
1948-жылы 10-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Генеральный ассамблеясы тарабынан кабыл алынган. Ал кириш бөлүмдөн жана 30 статьядан турат. Декларация  Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын (расасы, жынысы, дини, тилине карабай адам укуктарын, эркиндигин урматтоо, сыйлоо керек деп көрсөтүлгөн) өнүктүрүлүшү жана конкреттештирилиши болуп саналат. Экинчи дүйнөлүк согушта  фашисттерге каршы күчтөрдүн жеңишинен улам түзүлгөн  дүйнөлүк коомдук өнүгүүнүн өзгөчөлугу, адам укугун коргоо боюнча эл аралык масштабда иш жургузууго мумкунчулук ачып, эл аралык мамилелердин тарыхында биринчи жолу бардык мамлекеттер сактоого тийиш болгон, адам эркиндиги менен негизги укук маселелеринин чөйрөсү аныкталды. Фашизмдин  согуш убагындагы адамзат мурда билбеген жырткычтыгы, адам укугун сактоо жана урматтоо тынчтыктын шарттарында гана мүмкүн болорун көрсөттү. Декларацияда «ар бир адамдын кадыр-баркын, теңдигин, укугун таануу, эркиндик, адилеттиктин жана бүткүл дүйнөдөгү  тынчтыктын негизи болот» деп жарыяланган. Декларацияга ылайык адамдын укук чөйрөсүнө инсандын элементардык укугун, граждандык, саясий, ошондой эле социалдык- экономикалык укуктарын жалпы урматтоо, сактоо кирет. Декларацияда инсандын элементардык  укуктарынын ичинен эң оболу ар бир адамдын жашоого, эркиндикке, керт башына эч кимдин тийбестиги (3-ст.)  көрсөтүлүп, алар анын жоболорунда да толукталган. Атап айтканда, эч ким кулчулукта же эрксиз абалда болбоого (4-ст.), эч ким бирөө тарабынан кыйноого же адамдык беделди кемсинтүүчү ырайымсыз, катаал мамилеге, жазага кириптер кылынбоого (5-ст.), эч ким зомбулук менен кармалбоого, куугунтукталбоого (9-ст.) тийиш. Инсандын  элементардык  укугуна, ошондой эле адамдын жеке жана үй-бүлөлүк турмушуна, турак жайына, эч кимдин тийүүгө укугу жок, ар бир адам ар-намысы менен беделин коргоого (12-ст.) укуктуу жана ал адилдик соту тарабынан корголууга тийиш.

ІІІ. Талдоо : Суроолорго жооп беруу:
Бул декларация боюнча бизде канчалык тушунук , ой-пикирлер калганын билуу максатында томонку суроолорго жооп берип королу.                                                                      - Адам укугунун декларациясы качан жана ким тарабынан кабыл алынган экен?                    - Бул декларациянын кабыл алынышынан мурда кандай дуйнолук масштабдагы укук бузуулар болгон?
- Инсандын элементардык укуктары кайсылар?
- Азыркы учурда адамдын укугун бузуулар кандай денгээлде деп ойлойсунар?
- Адамдын укугунун корголуусунун денгээли кандай мамлекеттерде томон болот?
- Бироонун укугун тебелегенден (бузгандан) озунду кылмышкер деп ойлойсунбу?
- Мектепте, кочодо же уйдо инсандын элементардык укуктары бузулган учурларына кубо болгонсунарбы?
- Укугун бузулган кезде эмне кылуу керек?
Демек, укук бузулган учурда тиешелуу тартип сакчыларына кайрылуу керек. Эн алгач жергиликтуу органдарга , мектепте болсо мектеп жетекчилигине кайрылуу керек. Оз алдынча териштируу, чара коруу, оч алуу менен озу да укук бузуучуга (кылмышкерге) айланып калуусу мумкун. 


ІV. Жыйынтыктоо:
Ар бир адам оз укугун коргоо учун курошуусу зарыл. Ал учун ал адам озу эмнелерге укуктуу экендигин билуусу керек. Мектепте укук боюнча  отулгон сабактарга конул буруп уйронуу жана кошумча материалдарды окуу-уйронуу менен озунун эмнеге укуктуу экендигин билип алган келечек жашоого пайдалуу. Адам озунун укугун билуу менен бирге башка адам да ошол эле укуктарга ээ экендигин унутпашы керек. Ал эми башка адамдын укугун бузуу менен ал озу законду бузуп, адилет сот алдында жооп берээрин дайыма эсинде сакташы керек.
   Озунун укугун билуу менен бирге коом алдындагы милдеттерин да билуусу керек. Эн биринчи атуулдук милдеттеринин бири законго баш ийуучулук. Кайсы мамлекетте жашасан ошол мамлекеттин мыйзамдарын сыйлап, баш ийууго милдетттуусун.
«Адам адамга дос жана бир тууган» дегендей адамга адам кордук корсотпоосу, тескерисинче сый-урмат корсотуусу керек экендиги боюнча элибизде эзелтен айтылып келе жаткан макал-лакап накыл создор бар. Азыр алардан  айтып коргуло.


Окуучулар:
* Чопту кордосон да козго зыян.
* Бычакты алгач озуно сай, оорутпаса бироого сай.
* Улууга урмат , кичууго ызат.
* Улуу болсон, кичик бол.
* Бироого ор казсан, озун тушосун. Ж.б.


V. Уйго тапшырма беруу:
Мен эмнеге укуктуумун? Озунордун укуктарынарды тизмелеп жазып келгиле.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!