СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Адам жана коом 9-11-класстар үчүн тесттик тапшырмалар жыйнагы
Акча жана банктар
1. Акча – бул:
а) өтүмдүүлүгү жогору товар;
б) товар жана тейлөө кызматын сатып алуу үчүн төлөм каражаты;
в) баалуулук камы, эсеп бирдиги, төлөм каражаты жана жүгүртүү каражаты.
г) Жооптордун баары туура.
д) Туура жооп жок.
2. Бартер – бул:
а) товар жана тейлөө кызматы үчүн төлөм катары кабыл алганга мүмкүн нерселердин баары;
б) товарларды, тейлөө кызматтарын башка товарларга, тейлөө кызматтарына түз алмаштыруу;
в) чек эсебиндеги акча;
г) мамлекет чыгарган кагаз акча жана теңге.
3. Нарк чени катары акчанын иш-милдети – бул:
а) товардын акчалай туюнтулган баасы;
б) товар өндүрүүдөгү эмгектин баасы;
в) товар өндүрүүдөгү чийки зат менен жабдуунун баасы;
г) товар жана тейлөө кызматынын баалуулугунун эквиваленти.
4. Жаңы компьютер сатып алганда ал үчүн 800 долл. төлөсөңүз, анда акча … милдетин аткарат.
а) жүгүртүү каражаты;
б) баалуулук камы;
в) эсеп бирдиги;
г) төлөм каражаты.
5. Эң эле өтүмдүүсү:
а) 1000 сомдук акча;
б) «Кыргызэнерго» акциясы;
в) банктагы кыска мөнөттүү аманат;
г) «Шоро» ЖЧК облигациясы.
6. Банк акчаларына төмөнкүлөрдүн биринен башка баары кирет:
а) чек;
б) банкноттор;
в) жол чеги;
г) пластик картачалар.
7. Кыргызстан Дүйнөлүк банктан насыя алса, бул насыянын кайсы түрү болот?
а) банктык;
б) керектөөчүлүк;
в) коммерциялык;
г) эл аралык.
8. Борбордук банк төмөнкүлөрдүн биринен башка бардык иш-милдеттерди аткарат:
а) акча эмиссиялоо;
б) коммерциялык банктарга насыя берүү;
в) кагаз акчаны алтынга алмаштыруу;
г) өлкөнүн алтын валюталык резервдерин сактоо.
9. Банктардын ар түрдүү техниканы, өндүрүш курумаларын узак мөөнөт менен ижарага берүү иши … деп аталат.
а) лизинг;
б) факторинг;
в) траст;
г) консалтинг.
10. Факторинг – бул:
а) банктын ишканалардан карыз алышы;
б) банктын ар түрдүү маалымат-талдоо кызматтарын көрсөтүшү;
в) бирөөнүн менчигин банктын башкаруусуна ишеним кат боюнча өткөрүп берүү макулдугу;
г) ар түрдүү техниканы, өндүрүш курумаларын узак мөөнөткө ижарага берүү.
11. Азыркы коммерциялык банктар төмөнкүлөрдүн биринен башка бардык иш-аракеттерди аткарат:
а) баалуу кагаздарды сактоо;
б) аманаттарды тартуу;
в) банкнотторду чыгаруу;
г) бири-бирине насыя берүү;
д) кардардын атынан каржылык иш-аракеттерди жүргүзүү.
12. Баалуу кагаздарды сатып алуучуларга карыз берүүгө адистешкен коммерциялык банктар … деп аталат.
а) биржалык;
б) инвестициялык;
в) ипотекалык;
г) инновациялык.
13. Пассивдүү коммерциялык банктарга төмөнкүлөрдүн биринен башка баары кирет:
а) шашылыш эсептер;
б) сурап алма депозиттер банкы;
в) кардарлар насыялары;
г) депозиттик сертификаттар.
14. Сурап алма аманаттар категориясына … кирет.
а) сактык аманат;
б) супер-НАУ эсеп;
в) эсептешүү эсеби;
г) депозиттик сертификат.
15. Аманаттарды тартып келгендиги үчүн банк … белгилейт.
а) депозиттик пайыз;
б) карыздык пайыз;
в) эсептик коюм;
г) резерв ченемин.
16. Жөнөкөй пайыз:
а) карыздын баштапкы суммасына жана анын өсүшүнө кошуп эсептелет;
б) карыздын баштапкы суммасына гана кошуп эсептелет;
в) коммерциялык банктарга тиешеси жок;
г) Туура жооп жок.
17. Жаңы иш ачыш үчүн ишкер банктан жылына 12 % менен 10000 долл. Насыя алды, бир жылдан соң ал банкка … кайтарып бериши керек.
а) 10000 долл.;
б) 11200 долл.;
в) 12000 долл.;
г) 12200 долл.
18. Банк үчүн резервдик талаптар ченеми … белгиленген пайыз болуп саналат.
а) активдерден;
б) насыялардан;
в) депозиттерден;
г) облигациялардан.
19. Банктык резервдештирүүнүн 100 %дык тутумунда, эгер банк 900 миң сом жаңы депозит алса:
а) банктын активдери 900 миң сомго азаят;
б) банктын милдеттенмелери 900 миң сомго азаят;
в) насыялар нөлдөн чоң болот;
г) банктын насыялары нөлгө барабар болот.
20. Эгер милдеттүү резервдердин ченеми 15 %ды түзсө, ал эми банктын милдеттүү резервдеринин чоңдугу 54 миң сомго барабар болсо, анда депозиттердин чоңдугу … барабар.
а) 950 миң сомго;
б) 750 миң сомго;
в) 360 миң сомго;
г) 225 миң сомго.
21. Эгер банктын милдеттүү резервдери 125 миң сомду түзсө, ал эми
депозиттери 1000 миң сом болсо, анда милдеттүү резервдердин ченеми …
барабар.
а) 8%;
б) 10%;
в) 12,5%;
г) 20%;
д) 25%.
22. Эсептик коюм:
а) – бул коммерциялык банктар кайталап насыя берген пайыз коюму;
б) жеке адамдарга салыштырмалуу коммерциялык банктар үчүн жогору;
в) борбордук банк тарабынан ар бир конкреттүү коммерциялык банк үчүн анын активдеринин чоңдугуна тикелей катышта аныкталат;
г) – бул борбордук банк коммерциялык банктарга насыя бергендеги пайыз коюму.
Жооптор:
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 |
г | б | г | а | а | б | г | в | а | а | в | б | в | а | а | б | б | в | г | в | в | г |
Мамлекеттин экономикадагы ролу
1. Базардын «кудуретсиздик» учурларына төмөндөгүдөй жүрүмдөр кирет:
а) коомдук товарларды жана тейлөө кызматтарын өндүрүү;
б) терс натыйжалар
в) өздүк кирешелерди бөлүштүрүүдөгү теңдешсиздик;
г) жооптордун баары туура.
2. Мамлекеттин базар механизмине кийлигишүүсү төмөндөгүдөй зарылдык менен байланышкан:
а) салык жыйнап, кирешелерди кайра бөлүштүрүү;
б) антимонополиялык саясат жүргүзүү;
в) коомдук байгерчиликти өндүрүү;
г) жооптордун баары туура.
3. Коомдук товарлар жана кызматтар:
а) жекече керектелиши чектелбейт;
б) экономиканын мамлекеттик секторунда өндүрүлөт;
в) мамлекеттик ишканалар жана уюмдар тарабынан керектелет;
г) жооптордун баары туура эмес.
4. Накта коомдук байгерчиликтер төмөнкү касиеттерге ээ:
а) атаандашсыз жана жокко чыгарылышы мүмкүн;
б) атаандаш жана жокко чыгарылышы мүмкүн;
в) атаандашсыз жана жокко чыгарылышы мүмкүн;
г) атаандашсыз жана жокко чыгарылышы мүмкүн эмес.
5. Төмөндөгүлөрдөн кайсынысы накта байгерчилик болуп саналат?
а) улуттук коргонуу;
б) саламаттык сактоо тутуму;
в) автожолдор тутуму;
г) көчөлөрдү жарыктандыруу.
6. Терс тышкы натыйжа … болот:
а) товар баасында өндүрүүдөгү коомдун бардык чыгашалары чагылдырылбай калганда;
б) товар баасында аны өндүрүүдгү коомдун бардык пайдалары чагылдырылбай калганда;
в) дача кыштагыңардагы көлмөнү тазалаганыңарда;
г) жооптордун баары туура.
7. Ысык-Көлдүн жээгинде цемент комбинатын куруунун айынан төмөндөгүлөрдүн биринен башка бардык терс натыйжалар келип чыкты:
а) туризмден түшүүчү кирешенин азайышы;
б) Кыргызстанда цемент өндүрүшүнүн өсүшү;
в) көл жээгинин көркүнүн өзгөрүшү;
г) Ысык-Көлдө балык чарбасынын кирешесинин азайышы.
8. Төмөндө саналгандардан кайсынысы оң тышкы натыйжага мисал болот?
а) көчөлөрдө жарнамалардын азайышы;
б) айлана чөйрөнүн булганышына каршы күрөш;
в) илимий-техникалык прогресс;
г) ишкананын кызматчыларын медициналык камсыздандыруу.
9. Төмөндө саналгандардан кайсынысы тышкы терс натыйжага мисал болот?
а) фабриканын түтүнүнөн кыжаалат болуу;
б) мунайдын агып чыгышынан суунун ууланышы;
в) кенди ачык түрдө казып алуудан жердин көркүнүн бузулушу;
г) жооптордун баары туура.
10. Мамлекеттин базар экономикасындагы иш-милдеттерине төмөндөгүлөрдүн биринен башка баары кирет:
а) мыйзам чыгаруу ишмердиги;
б) атаандаш чөйрөнү колдоп туруу;
в) жеке сектордун продукцисынын баасын аныктоо;
г) экономикалык туруктуулукту сактоо.
11. Тике салыктар – бул:
а) кирешенин бардык түрлөрүнөн алынуучу салыктар;
б) товарларды сатуудан алынуучу салыктар;
в) товарларды алып сатуудан алынуучу салыктар;
г) жооптордун баары туура эмес.
12. Төмөндө саналгандардын ичинен кайсынысы тике салык эмес?
а) кошумча нарк салыгы;
б) эмгек акы салыгы;
в) ишкананын пайда салыгы;
г) жооптордун баары туура.
13. Товарга салык коюму товар бирдигинин баасынын 10 %ды түзөт. Товар бирдигинин баасы 10 сом. Товардын жаңы баасы:
а) 9 сом;
б) 10,5 сом;
в) 10 сом;
г) 11 сом.
14. Төмөндө саналгандардан кайсынысы товардык (кыйыр) эмес?
а) акциз;
б) пайда салыгы;
в) бажы алымы;
г) кошумча нарк салыгы.
15. Эгер орточо салык коюмунун чоңдугу …, колдонулуп жаткан салыктарды регрессивдүү дегенге болот.
а) кирешенин өсүшүнө жараша өсүп жатса;
б) киреше өзгөргөндө өзгөрүүсүз кала берсе;
в) кирешенин өсүшүнө жараша кыскарып жатса;
г) жооптордун баары туура эмес.
16. Эгер орточо салык коюмунун чоңдугу …, колдонулуп жаткан салыктарды катыштык (пропорциялуу) дегенге болот.
а) киреше өскөндө өзгөрүүсүз кала берсе;
б) киреше азайганда өзгөрүүсүз кала берсе;
в) киреше кандай өзгөрсө да, өзгөрүүсүз кала берсе;
г) кирешенин өзгөрүшүнө жараша өзгөрүлүп турса.
17. Мамлекеттик бюджет – бул:
а) мамлекеттин кирешелери менен чыгымдарынын эсеби;
б) мамлекеттик кирешелердин бардык булактары;
в) мамлекеттик чыгымдардын бардык беренелери;
г) жооптордун баары туура эмес.
18. Профициттик бюджет … келип чыгат.
а) мамлекеттик чыгымдар көбөйгөндө;
б) салыктар азайганда;
в) мамлекеттин кирешелери чыгымдарынан ашып түшкөндө;
г) мамлекеттин чыгымдары кирешелеринен ашып түшкөндө.
19. Төмөндө саналган беренелерден кайсылары мамлекеттик бюджеттин чыгымдарына кирбейт?
а) мамлекеттик карыздарды төлөө;
б) мамлекеттин менчигинен түшкөн кирешелер;
в) административдик-башкаруу чыгымдары;
г) чет мамлекеттерге карыз жана жардам берүү.
20. Мамлекеттик бюджет тартыштыгы … эсебинен каржыланышы мүмкүн:
а) менчик укугун кайра бөлүштүрүүнүн;
б) алтын-валюта резервдерин сатуунун;
в) акчаны жана мамлекеттик баалуу кагаздарды эмиссиялоонун;
г) жооптордун баары туура эмес.
21. Салык коюму менен мамлекеттик бюджетке түшүүчү салык чоңдугунун ортосундагы өз ара байланыш … менен чагылдырылат:
а) Лаффер ийреги;
б) Лоренц ийреги;
в) Оукен ийреги;
г) Филлипс ийреги.
22. Мамлекеттик карыз – бул:
а) калктын, фирмалардын жана чет мамлекеттердин тийиштүү өлкөнүн өкмөтүнө карызы;
б) өкмөттүн өлкө калкына карызы;
в) тийиштүү өлкөнүн өкмөтүнүн чет мамлекеттерге карызы;
г) өкмөттүн тийиштүү өлкөдөгү да, чет өлкөлүк да бардык чарба субъектилерине карызы.
23. Төмөндө саналгандардан кайсынысы жарандардын өздүк кирешесинин айырмаланышына себеп болот?
а) байлыкка ээлик кылуу;
б) эмгек базарындагы басмырлоо;
в) кээ бир адамдардын өзгөчө таланттуулугу;
г) жооптордун баары туура.
24. Жакырчылык жөнүндө төмөндө айтылгандардын кайсынысы туура эмес:
а) жакырчылык түшүнүгү белгилүү даражада салыштырмалуу кабылданат;
б) Кыргызстандагы жакырлардын көпчүлүгү улуттук азчылыктардан;
в) жакырчылык чегинин сандык мааниси мезгил өткөн сайын өзгөрүлүп турат;
г) кишини жакырлар категориясына кошууга үй-бүлөнүн жан башына эсептелүүчү орточо кирешеси негиз болот.
25. Төмөндө айтылгандардын кайсынысы туура?
а) Лоренц ийреги диагонал сызыкка канчалык жакын болсо, киреше бөлүштүрүүдөгү теңсиздик даражасы ошончолук чоң болот;
б) Лоренц ийреги кирешени бөлүштүрүүдөгү толугу менен теңдикти чагылдырат
в) Лоренц ийреги диагонал сызыкка канчалык жакын болсо, киреше бөлүштүрүүдөгү бирдей эместик даражасы ошончолук чоң болот;
г) Лоренц ийреги фирманын чыгашаларына байланышкан.
26. Кирешелерди кайра бөлүштүрүү чараларынын кайсыларын өкмөт жакырчылык деңгээлин төмөндөтүү үчүн көбүнчө колдонот:
а) кесиптик окутуу;
б) кирешелерди индекстештирүү;
в) эмгек акыны өзгөртүүсүз калтыруу;
г) прогрессивдүү салык салуу.
Жооптор:
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 |
г | г | г | г | б | а | б | в | г | в | а | а | г | б | в | в | а | в | б | в | а | г | г | б | в | г |
“Улуттук эсептер тутуму” тести
1-вариант
1. Үй чарбалары базарда … камдап берүүчү болот.
а) керектөө байгерликтери менен ресурстарын;
б) салыктар менен инвестицияларды;
в) ресурстар менен салыктарды
г) эмгек акы менен ресурстарды.
2. Макроэкономика иликтеБЕй турган маселелерге … кирет.
а) экономикалык өсүш;
б) жумушсуздук;
в) жыйынды суроо-талап;
г) монополиялык атаандаштык.
3. Өзүнчө турган фирма үчүн кошумча нарк сатыктан түшкөн пайдадан … кемиткенге барабар:
а) амортизацияны;
б) аралык товарлардын наркын;
в) эмгек акыны;
г) бардык чыгашаларды.
4. Кездеме өндүрүүчү компания эмерек фабрикасына 200 миң сомго гобелен сатты, ал эми жыгач иштетүүчү комбинат диван жасоочуматериалдарды 600 миң сомго сатты. Даярдалган дивандар 1200 миң сомго сатылды. Натыйжада УДП … өсөт.
а) 400 миң сомго;
б) 1200 миң сомго минус эмерек фабрикасынын пайдасы;
в) 1200 миң сомго;
г) 2000 миң сомго.
5. УДП – бул:
а) бардык соңку товарлар менен тейлөө кызматтарынын суммасы;
б) сатылган товарлар менен тейлөө кызматтарынын сумма;
в) бардык өндүрүлгөн товарлар менен тейлөө кызматтарынын суммасы;
г) өндүрүлгөн өнүм суммасы менен соодадагы кам (запас).
6. Коомдук өнүм номиналдык мааниде … менен өлчөнөт.
а) дүйнөлүк баалар;
б) экспорт баалары;
в) эмгек акы;
г) базар баалары.
7. Россиялык фирма кыргыз базарында иштейт, анын соңку өнүмүнүн наркы … көрсөткүчүнө кирет.
а) Россиянын УДПсына жана Кыргызстандын ИДПсына;
б) Россиянын УДПсына гана;
в) Кыргызстандын УДПсына гана;
г) Россиянын ИДПсына жана Кыргызстандын УДПсына.
8. УДПга … башка баары кирет.
а) адамдын ошол жылы куруп саткан үйүнөн алган кирешесинен;
б) пенсия төлөө менен алектенген мамлекеттик кызматкердин кирешесинен;
в) алкоголь ичимдиктерин сатуудан алынуучу кирешеден;
г) автомеханиктин жумуштан бош убагында кошунасынын машинесин оңдоп бергендиги үчүн алган кирешесинен.
9. УДП наркына … кирБЕйт.
а) фирмалардын төлөм пайыздары;
б) трансферттик төлөмдөр;
в) шаардык унаа үчүн мамлекеттин жаңы автобустарды сатып алгандыгы;
г) Бишкектеги биргелешкен ишкананын чет өлкөлүк шериктеш ээсинин кирешеси.
10. Трансферттик төлөмдөргө … кирет.
а) студенттердин стипендиялары;
б) мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы;
в) мамлекеттиу товарлар менен тейлөө кызматтарынын акысы;
г) бул жерде санап көрсөтүлгөндөрдүн баары туура эмес.
11. Киреше усулу боюнча эсептелип чыккан УДПга кирүүчү көрсөткүчтөр туура санап берилген жооп вариантын аныктагыла:
а) эмгек акы, үнөмдөп сакталган акча, инвестициялар
б) керектөө чыгымдары, салыктар, амортизация
в) үнөмдөп сакталган акча, аманат пайыздары, киреше
г) мамлекеттик сатып алуулар, ижара акы, салыктар
12. Өлкөнүн экономикасында УДП 5360 млн. долл., керектөө чыгымдары 3750 млн. долл., инвестицилар 1100 млн. долл., товарлар менен тейлөө кызматтарын мамлекеттик сатып алуулар 600 млн. долл., салыктар 700 млн.
долл., трансферттер 150 млн. долл., ал эми импорт 120 млн. долл. түзөт. Экспорт … барабар.
а) 30 млн. долл.
б) 240 млн. долл.
в) 340 млн. долл.
г) 440 млн. долл.
13. УНП УДПдан … чоңдугу менен айырмаланат.
а) таза экспорттун;
б) трансферттик төлөмдөрдүн жана кыйыр салыктардын;
в) дүң инвестициялардын;
г) амортизациянын.
14. УК (НД) чоңдугун аныктоо үчүн … керек.
а) УДПдан кыйыр салыктарды жана амортизацияны кемитүү;
б) УДПдан кыйыр салыктарды кемитүү;
в) УДПдан негизги фондулардын эскиришин кемитүү;
г) УДПга мамлекеттик трансферттик төлөмдөр суммасын кошуу.
15. Факторлордун ээлеринин кирешесин чагылдырган көрсөткүч – бул:
а) улуттук накта продукт
б) улуттук киреше;
в) карамактагы өздүк киреше;
г) өздүк киреше.
16. Карамактагы өздүк киреше – бул:
а) УП плюс трансферттик төлөмдөр;
б) УП минус фирмалардын пайда салыгы;
в) өздүк кирешелер суммасы минус өздүк киреше салыктар;
г) туура жооп жок.
17. Номиналдык УДП – бул товарлар менен тейлөө кызматтарынын … менен туюнтулган наркы.
а) чыныгы баалар
б) утурумдук баалар;
в) базалык мезгилдеги баалар;
г) азыркыдан мурунку мезгилдеги баалар.
18. Быйыл өткөн жылдагыга салыштырмалуу өлкөнүн номиналдык УДПсы 400 млрд. доллардан 480 млрд. долларга чейин, ал эми УДПнын дефлятору 125тен 150 %га чейин өстү. Демек, реалдуу УДП:
а) көбөйдү;
б) азайды;
в) өзгөргөн жок;
г) маалымат жетишсиз.
19. Өсүмдүк майынын баасы өсүп, сүт азыктарынын баасы төмөндөсө, … чоңдугунун өсүшүнө алып келет.
а) УДП дефляторунун;
б) керектөө бааларынын индексинин;
в) өндүрүшчүлөр койгон баалар индексинин;
г) так айтуу мүмкүн эмес.
20. Керектөө бааларынын индекси … катышы катары эсептеп чыгарылат.
а) ошол жылдагы керектөө баштыгынын наркынын базалык жылдагы керектөө баштыгынын наркына карата;
б) базалык жылдагы керектөө баштыгынын наркынын ошол жылдагы керектөө баштыгынын наркына карата;
в) номиналдык ИДПнын ИДП дефляторуна карата;
г) чыныгы ИДПнын номиналдык ИДПга карата.
21. УДП дефляторун … катары кароого болот.
а) номиналдык УДП + реалдуу УДП
б) номиналдык УДП - реалдуу УДП
в) номиналдык УДП: реалдуу УДП
г) номиналдык УДП × реалдуу УДП
22. Улуттун бакыбаттык деңгээлин баалоо үчүн эң алгылыктуу көрсөткүч – бул … чоңдугу.
а) номиналдык ИДПнын в) чыныгы ИДПнын
б) калктын жан башына эсептелген номиналдык ИДПнын;
г) калктын жан башына эсептелген реалдуу ИДПнын
д) калктын жан башына эсептелген улуттук кирешенин.
Жооптор:
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 |
в | г | б | в | а | г | а | г | б | а | в | а | г | а | г | в | б | в | г | а | в | г |
2-вариант
1. Базардагы фирмалар … керектөөчүлөрү болуп саналышат.
а) салыктардын жана дотациялардын;
б) насыялардын, инвестициялардын, ресурстардын;
в) акча агымынын, эмгек акынын;
г) ресурстардын жана керектөө байгерликтеринин.
2. Макроэкономикалык базарларга … кирБЕйт.
а) акча базары;
б) эмгек базары;
в) валюта базары;
г) унаа базары.
3. Кошумча нарктардын суммасы … барабар.
а) соңку өндүрүмдүн наркына;
б) пайдага;
в) узак мөөнөттүү мезгилдеги нөлгө;
г) түшкөн пайдага.
4. Болот эритүүчү завод муздаткыч чыгаруучу фирмага болотту 300 долларга сатты, бул болот кийин ортомчуга (дилерге) 1200 долларга сатылган муздаткыч өндүрүүдө пайдаланылды. Ортомчу муздаткычты үй-бүлөгө 1400 долларга сатты, ал эми үй-бүлө бул муздаткычты 1500 долларга сатты. Бул жагдайда УДП … өстү.
а) 800 долларга
б) 1200 долларга
в) 1400 долларга
г) 1500 долларга.
5. УДП – бул … базар наркы.
а) өндүрүлгөн товарлар менен тейлөө кызматтарынын;
б) сатылган товарлар менен тейлөө кызматтарынын;
в) соңку товарлар менен тейлөө кызматтарынын;
г) даяр товарлар менен тейлөө кызматтарынын.
6. УДПнын ИДПдан айырмасы:
а) УДПга соңку продукт гана, ал эми ИДПга өндүрүлгөн продукциянын баары камтылат;
б) УДП чыныгы баалар, ал эми ИЛП номиналдык баалар менен өлчөнөт;
в) УДПда өлкө ичиндеги жана анын чегинен тышкарыдагы, ал эми ИДПда өлкө ичиндеги гана өндүрүм эске алынат;
г) УДП – бул бардык соңку продуктулардын суммасы, ал эми ИДП – аралык жана соңку продуктулардын суммасы.
7. Америкалык фирма Японияда жайгашкан. Анын кирешеси:
а) АКШнын ИДПсына кирет;
б) АКШнын УДПсына кирбейт;
в) Япониянын УДПсына кирет;
г) туура жооп жок
8. УДПны эсептегенде … эске алынБАйт:
а) коомдук тартипти сактоого жумшалуучу чыгымдар;
б) компаниянын камдарынын өсүшү;
в) баңгизат сатуудан түшкөн киреше;
г) унааны ижаралоо акысы.
9. УДПга кирүүчү кирешенин түрү:
а) «Эль-Вест» фирмасынын акцияларын сатуудан түшүүчү киреше;
б) «Эль-Вест» фирмасынын акциялары боюнча дивиденддер;
в) адвокаттын эмгек акысы;
г) туура жооп жок
10. Төмөндө айтылгандардын кайсынысы товарлар менен тейлөө кызматтарын мамлекеттик сатып алууларга кирбейт?
а) мамлекеттик кызматкерге пенсия төлөө;
б) жаңы плотина куруу;
в) жаңы тикучак сатып алуу;
г) жаңы милиционерди жумушка кабыл алуу.
11. Киреше усулу боюнча эсептеп чыгарылган УДПнын курамына … башка бардык көрсөткүчтөр кирет.
а) кыйыр салыктардан;
б) ошол өлкөнүн аймагында жайгашкан чет өлкөлүк фирмалардын пайдасы;
в) ошол өлкөнүн аймагында жайгашкан чет өлкөлүктөрдүн эмгек акысы;
г) ошол өлкөнүн чет өлкөлүк фирмаларда акциялары бап тургундары алган дивиденддер.
12. Өлкөнүн экономикасында УДП 3580 млн. долл., керектөө чыгымдары 1900 млн. долл., товарлар менен тейлөө кызматтарын мамлекеттик сатып алуулар 1000 млн. долл., амортизация 450 млн. долл., кыйыр салыктар 50 млн. долл. түзөт. Инвестициялар … барабар.
а) 180 млн. долл.
б) 230 млн. долл.
в) 520 млн. долл.
г) 680 млн. долл.
13. УНП төмөндөгүдөй эсептеп чыгарылат:
а) УДПдан негизги фондулардын эскирүү наркы кемитилет;
б) УДПда кыйыр салыктар кемитилет;
в) улуттук кирешеге амортизация кошулат;
г) УДПдан инвестициялар кемитилет.
14. УК УНПдан … чоңдугу менен айырмаланат.
а) амортизациянын;
б) трансферттик төлөмдөрдүн жана кыйыр салыктардын;
в) кыйыр салыктардын;
г) корпорациялардын пайда салыгынан.
15. Өндүрүш факторлорунун ээлери алган кирешени чагылдыруучу көрсөткүч – бул:
а) улуттук накта продукт;
б) улуттук киреше
в) карамактагы өздүк киреше
г) өздүк киреше
16. Карамактагы киреше – бул:
а) эмгек акыны, кирешени жана капитал пайызын толугу менен камтыган сумма;
б) өздүк киреше минус жекече салыктар;
в) эмгек акц плюс капитал пайызы минус жекече салыктар;
г) жооптордун баары туура эмес.
17. Кондитердик буюмдардын баасынын өсүшү … чоңдугуна таасир этет.
а) керектөө бааларынын индексинин;
б) УДП дефляторунун;
в) өндүрүшчүлөр койгон баанын индексинин;
г) жооптордун баары туура.
18. Чыныгы ИДП – бул:
а) утурумдук баалар менен көрсөтүлгөн ИДП;
б) базалык жылдагы баалар менен көрсөтүлгөн ИДП;
в) өлчөөнүн натуралай бирдиктери менен көрсөтүлгөн ИДП;
г) ИДПнын пландык деңгээли.
19. Быйыл өлкөнүн номиналдык УДПсы 5000 млрдю долл. барабар. УДП дефлятору (базалык жыл 100%) 125 %га барабар. Быйыл чыныгы УДП … барабар.
а) 4000 млрд. долл.
б) 5000 млрд. долл.
в) 6250 млрд. долл.
г) маалымат жетишсиз.
20. Керектөө баалаырнын индексин … катары кароого болот.
а) номиналдык УДП × чыныгы УДП;
б) номиналдык УДП / чыныгы УДП;
в) номиналдык УДП + чыныгы УДП;
г) номиналдык УДП - чыныгы УДП.
21. УДП дефлятору … катышы болуп саналат.
а) базалык жылдын реалдуу УДП сынын ушул жылдын чыныгы УДПсына;
б) быйылкы номиналдык ИДПнын ушул жылдын чыныгы УДПсына;
в) базалык жылдагы баалардын быйылкы бааларга;
г) быйылкы баалардын базалык жылдагы бааларга.
22. Өлкөнүн экономикалык дареметин өлчөө үчүн эң ылайыктуу көрсөткүч – бул … чоңдугу.
а) калктын жан башына эсептелген номиналдык ИДПнын;
б) калктын жан башына эсептелген реалдуу ИДПнын;
в) номиналдык ИДПнын;
г) чыныгы ИДПнын;
д) калктын жан башына эсептелген улуттук кирешеден.
Жооптор:
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 |
б | г | а | б | в | в | г | в | в | а | г | г | а | в | г | б | а | б | а | б | б | г |
Суроо-талап жана сунуш
1-вариант
1. Товарга суроо-талап – бул:
а) сатылган товарлардын саны;
б) кишинин товарды сатып алууну каалагандыгы;
в) керектөөчүлөрдүн товарлар менен тейлөө кызматтарын сатып алууну каалагандыгы жана мүмкүнчүлүгү;
г) керектөөчүлөрдүн кандайдыр бир товарга муктаждыгы.
2. Суроо-талап мыйзамы кайсы көз карандылыкты чагылдырат?
а) сатып алынуучу товардын санынын анын баасына тикелей көз карандылыгын;
б) сатып алынуучу товардын санынын анын баасына тескери көз карандылыгын;
в) Товардын баасынын сапатынан тикелей көз карандылыгын;
г) Товардын көлөмүнүн анын баасынан тескери көз карандылыгын.
3. «Гиффен парадоксу» байкалганда:
а) товарга суроо-талап анын баасы өскөндө чоңоёт;
б) товарга суроо-талап анын баасы түшкөндө азаят;
в) товарга суроо-талап анын баасы өскөндө азаят;
г) товарга суроо-талап анын баасы түшкөндө чоңоёт;
4. Айрым товарга суроо-талаптын көлөмү … өзгөрөт.
а) керектөөчүлөрдүн табитинин таасири менен;
б) товардын сапаты жакшырганда;
в) бул товардын баасы өзгөргөндө;
г) өз ара толуктоочу товарлардын баасы өзгөргөндө.
5. Кайсы сүйлөмдө «суроо-талап» сөзүн «суроо-талаптын чоңдугу» деген сөз айкашы менен алмаштыруу керек?
а) Сатып алуучулардын кирешеси көбөйдү да, тиричилик техникасына суроо- талап өстү.
б) Сүттүн баасы төмөндөгөндө, ага болгон суроо-талап өстү.
в) Канттын баасы көтөрүлөт деген божомол ага болгон суроо-талаптын чоңоюшуна алып келди.
г) Бензиндин баасы жогорулап, унаага суроо-талап төмөндөдү.
6. Толуктама (комплемент) товарлар – бул:
а) биринин баасы көтөрүлгөндө, экинчисине суроо-талап төмөндөй турган жуп товарлар;
б) эң зарыл товарлар;
в) биринин баасы көтөрүлгөндө, экинчисине суроо-талап өсө турган жуп товарлар;
г) биринин баасы өзгөргөндө экинчисине суроо-талап көлөмү кери өзгөрө турган товарлар.
7. Төмөндө саналган товарлардын кайсылары алмаштырма товарлар болуп саналат?
а) ширеңке жана тутанткыч;
б) окуу китептер жана дептерлер;
в) кроссовка жана футболка.
г) ашкана комбайны жана кир жуугуч машина.
8. Х товарына суроо-талап ийреги …, оңго карай жогору жылат.
а) керектөөчүлөрдүн кирешеси көбөйгөндө;
б) алмаштырма товарга өткөндө;
в) салыктар жогорулаганда;
г) сатып алуучулардын саны азайганда.
9. Эгер табигый ширенин баасы жогоруласа, газдалган ичимдиктерге суроо-талап кандайча өзгөрөт?
а) Суроо-талап төмөндөйт.
б) Суроо-талап өзгөрбөйт.
в) газдалган ичимдиктерге суроо-талап өсөт.
г) газдалган ичимдиктерге суроо-талап көлөмү өсөт.
10. Эгер …., шаардык транспорттун кызматына суроо-талап өсөт.
а) калктын кирешеси жогоруласа;
б) такси кызматынын баасы жогоруласа;
в) автомобилдердин баасы жогоруласа;
г) жогоруда көрсөтүлгөн себептердин баары болсо.
11. Кайсы бир товардын сунушу – бул:
а) өндүрүшчүлөрдүн кандайдыр бир товарды өндүрүүнү каалагандыгы;
б) өндүрүшчүлөрдүн товарды белгилүү баада сатууга даярдыгы;
в) өндүрүшчүлөр белгилүү баада сатууга даяр турган товардын саны;
г) өлкөдө бир жыл ичинде өндүрүлгөн бардык товарлар.
12. Сунуш мыйзамына ылайык:
а) суроо-талап жана сунуш өз ара байланыштуу;
б) товар сунушунун жогорулашы анын баасынын төмөндөөсүнө алып келет;
в) калктын кирешесинин өсүшү сунуштун жогорулашына алып келет;
г) башка шарттар тең болгондо, товар баасынын өсүшү анын сунушунун көлөмүнүн чоңоюшуна алып келет.
13. Эгер …., товар сунушунун көлөмү өзгөрөт.
а) товардын баасы өзгөрсө;
б) калктын кирешеси өзгөрсө;
в) товарды сатуу пайдасына салынуучу салык жогоруласа;
г) товарды өндүрүү технологиясы өзгөрсө.
14. Кайсы сүйлөмдө «сунуш» сөзүн «сунуш чоңдугу» деген сөз айкашы менен алмаштыруу керек?
а) Кефирдин баасы жогорулаганда, ошол эле заводдо чыгарылуучу быштактын сунушу төмөндөдү.
б) Электр энергиясынын баасы өскөндө, шаардагы күнөсканаларда өстүрүлүүчү бадыраңдын сунушу азайды.
в) Каучуктун баасы жогорулайт деген божомол анын сунушунун убактылуу азафышына алып келди.
г) Косметикалык салондордун кызматынын баасы жогорулаганда, бул кызматтардын сунушу өстү.
15. Товар сунушунун ийрегинин сол жакка карай жогору жылгандыгын эмне менен түшүндүрүүгө болот?
а) жаңы технологиялардын киргизилиши;
б) дотациялардын киргизилиши;
в) баштапкы ресурстардын баасынын чоңоюшу;
г) өндүрүшчүлөрдүн санынын чоңоюшу.
16. Төмөндө саналгандардан кайсынысы апельсин сунушунун кыскарышына алып келет?
а) апельсиндин баасынын төмөндөшү;
б) мандарин сунушунун кыскарышы;
в) апельсиндин түшүмүнүн жок болушу;
г) апельсинди телекөрсөтүүдөн жарнамалоонун кыскарышы.
17. Товар базарындагы теңдеш баа – бул:
а) керектөөчүлөргө эң пайдалуу баа;
б) суроо-талап көлөмү сунуш көлөмүнө барабар болгондогу баа;
в) өндүрүшчүлөрдүн товар өндүрүүгө жумшаган чыгымдарын актаган баа;
г) өндүрүшчүлөр өз товарын эң көп сата алгыдай баа.
18. Эгер базарда баалар теңдеш баадан төмөн коюлса, анда:
а) базарда товар тартыш болуп калат;
б) базарда товар ашыкча болуп кетет;
в) товар сунушу кыскарат;
г) товарга суроо-талап көбөйөт.
19. Сунуштун өсүшү … алып келет.
а) базарда товардын ашыкча болуп калышына;
б) теңдеш көлөмдүн кыскарып, теңдеш баанын жогорулашына;
в) теңдеш көлөмдүн жана теңдеш баанын өсүшүнө;
г) теңдеш көлөмдүн өсүшүнө, теңдеш баанын төмөндөшүнө.
20. Суроо-талаптын кыскарышы … алып келет.
а) теңдеш көлөмдүн төмөндөп, теңдеш баанын төмөндөшүнө;
б) теңдеш көлөмдүн төмөндөп, теңдеш баанын өсүшүнө;
в) базарда товардын ашыкча болуп калышына;
г) базарда товардын тартыштыгына.
21. Х товарына болгон суроо-талаптын функциясынын теңдемеси: Q d ө 8 - 2Р жана сунуштун функциясынын теңдемеси: Q s ө -7 + 3Р. Бул товардын теңдеш баасы...
а) 2 миң акча бирд.
б) 3 миң акча бирд.
в) 5 миң акча бирд.
г) 9 миң акча бирд.
22. Баанын төмөнкү деңгээли – бул:
а) теңдеш баадан мыйзамдуу түрдө жогору белгиленген баа;
б) теңдеш баадан мыйзамдуу түрдө төмөн белгиленген баа;
в) сунуш баасынан мыйзамдуу түрдө жогору белгиленген баа;
г) суроо-талап баасынан мыйзамдуу түрдө төмөн белгиленген баа.
Жооптор:
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 |
в | б | а | в | б | а | а | а | в | г | б | г | а | г | в | в | б | а | г | а | б | а |
2-вариант
1. Базардагы сатып алуучулар:
а) товар сунушташат;
б) товарга суроо-талап түзүшөт;
в) бааларды аныкташат;
г) жооптордун баары туура.
2. Сатып алуучулар алууга даяр турган товар саны менен ошол товардын баасынын ортосундагы кери көз карандылык … мазмунун чагылдырат.
а) суроо-талап мыйзамынын;
б) кемүүдөгү чегиде жеткен кайтарым (отдачи) мыйзамы;
б) сунуш мыйзамы;
г) кемүүдөгү чегиде жеткен пайдалуулук мыйзамы.
3. «Веблен эффекти» байкалганда:
а) товарга суроо-талап көлөмү ошол товардын баасы өскөндө чоңоёт;
б) товарга суроо-талап көлөмү ошол товардын баасы түшкөндө азаят;
в) товарга суроо-талап көлөмү ошол товардын баасы өскөндө азаят;
г) товарга суроо-талап көлөмү ошол товардын баасы түшкөндө чоңоёт;
4. Эгер …, товарга суроо-талап көлөмү жогорулайт.
а) керектөөчүлөрдүн табити өзгөрсө;
б) ошол товардын баасы өзгөрсө;
в) товардын сапаты жакшырса;
г) өз ара толуктоочу товарлардын баалары өзгөрсө.
5. Кайсы сүйлөмдө «суроо-талап» сөзүн «суроо-талап чоңдугу» деген сөз айкашы менен алмаштыруу керек?
а) Йогурттун баасы жогорулагандыктан, ага болгон суроо-талап кыскарды.
б) Ундун баасы жогорулайт деген божомол ага болгон суроо-талаптын чоңоюшуна алып келди.
в) Керектөөчүлөрдүн кирешелери жогорулап, жаңы үлгүдөгү кир жуугуч машиналарга суроо-талап жогорулады.
г) Фотопленканын баасы төмөндөп, фотоаппаратка суроо-талап жогорулады.
6. Субтитут товарлар – бул:
а) биринин баасы өскөндө, экинчисине суроо-талап төмөндөй турган жуп товарлар;
б) эң зарыл товарлар;
в) биринин баасы өскөндө, экинчисине суроо-талап өсө турган жуп товарлар;
г) биринин баасы өзгөргөндө, экинчисине болгон суроо-талаптын көлөмүнө таасир этпей турган жуп товарлар.
7. Төмөндө саналган товарлардан кайсынысы толуктама товарлар болуп саналат?
а) Китептер жана нота дептерлер.
б) Кефир жана простокваша.
в) Телевизор жана магнитофон.
г) Обой жана обой клей.
8. Х товарына суроо-талап … сол жакка карай төмөнгө жылат.
а) керектөөчүлөрдүн кирешеси көбөйгөндө;
б) баалар жогорулайт деп күтүлгөндө;
в) салыктар азайганда;
г) сатып алуучулардын саны азайганда.
9. Эгер кофенин баасы жогоруласа, чайга суроо-талап кандай өзгөрөт?
а) суроо-талап кыскарат;
б) суроо-талап өзгөрбөйт;
в) чайга суроо-талап чоңоёт;
г) чайга суроо-талаптын көлөмү чоңоёт.
10. Эгер …, товарга суроо-талап төмөндөшү көбүрөөк ыктымал.
а) бул товарга суроо-талап чоңоёт;
б) бул товардын жаңы алмаштыргычтары пайда болот;
в) сатып алуучулар баалардын өсүшүн күтөт;
г) телекөрсөтүүдөгү жарнаманын наркы төмөндөйт.
11. Кандайдыр бир товардын сунушу – бул:
а) өндүрүшчүлөрдүн кандайдыр бир товарды өндүрүүнү каалагандыгы;
б) өлкөдө бир жыл ичинде өндүрүлгөн товарлардын баары;
в) өндүрүшчүлөрдүн товарды белгилүү баада сатууга даярдыгы;
г) өндүрүшчүлөр белгилүү баада сатууга даяр турган товардын саны.
12. Сунуш мыйзамы (башка шарттар теңдеш болгондо) … билдирет.
а) товардын баасы канчалык жогору болсо, сатуучулар аны ошончолук көп санда сатууга даяр болорун;
б) товардын баасы канчалык жогору болсо, аны сатып алуучулар ошончолук аз алууга даяр болорун;
в) товардын баасы канчалык жогору болсо, аны өндүргөн өндүрүшчүлөрдүн пайдасы ошончолук чоң болорун;
г) товар бирдигин өндүрүүнүн өздүк наркы канчалык төмөн болсо, анын баасы ошончолук төмөн болорун.
13. Эгер …, товар сунушунун көлөмү өзгөрөт.
а) товарды сатуудан пайдага салынуучу салык жогорулайса,
б) калктын кирешеси өзгөрсө;
в) товардын баасы өзгөрсө;
г) товарды өндүрүү технологиясы өзгөрсө.
14. Кайсы сүйлөмдө «сунуш» сөзүн «сунуш чоңдугу» сөз айкашы менен алмаштыруу керек?
а) Кездеменин баасы төмөндөгөндө, даяр кийимдин сунушу жогорулады.
б) такси кызматынын баасы төмөндөгөндө, бул кызматтын сунушу төмөндөдү.
в) Буудайдын баасы жогорулат деген божомол анын сунушунун кыскарышыа алып келди.
г) Өндүрүштө жаңы технологиянын колдонулушу продукцияны чыгарууну көбөйттү.
15. Товар сунушунун ийрегинин оң жакка карай төмөн жылышын эмне менен түшүндүрүүгө болот?
а) жаңы технологиянын киргизилиши;
б) дотациялардын киргизилиши;
в) баштапкы ресурстардын баасынын төмөндөшү;
г) жогоруда белгиленген себептердин баары.
16. Балдын баасы түшүп кетти, ошондуктан сатылып жаткан балдын саны да азайды. Буга … себеп болушу мүмкүн.
а) бал өндүрүүгө салыктын төмөндөшү;
б) сатып алуучулардын кирешесинин жогорулашы;
в) балдын баасынын төмөндөшү;
г) бал өндүрүүчүлөрдүн эмгек акысынын жогорулашы.
17. Базардагы суроо-талап көлөмү менен сунуш көлөмү барабар болгондогу баа … деп аталат.
а) суроо-талап баасы;
б) теңдеш баа;
в) сунуш баасы;
г) теңдештирилген баа.
18. Эгер базарда баа теңдеш баадан жогору деңгээлде коюлса, анда:
а) базарда товарлар тартыш болуп калат;
б) базарда товарлар ашыкча болуп кетет;
в) товар сунушу кыскарат;
г) товарга суроо-талап чоңоёт.
19. Сунуштун төмөндөшү … алып келет.
а) базарда товардын ашыкча болуп калышына;
б) теңдеш көлөмдүн кыскарышына жана теңдеш баанын жогорулашына;
в) теңдеш көлөмдүн жана теңдеш баанын өсүшүнө;
г) теңдеш көлөмдүн өсүшүнө жана теңдеш баанын төмөндөшүнө.
20. Суроо-талаптын жогорулашы … алып келет.
а) теңдеш көлөмдүн төмөндөшүнө жана теңдеш баанын төмөндөшүнө;
б) теңдеш көлөмдүн өсүшүнө жана теңдеш баанын өсүшүнө;
в) базарда товардын ашыкча болуп калышына;
г) базарда товардын тартыштыгына.
21. Х товарына суроо-талап функциясынын теңдемеси: Qd ө 9 - 4Р жана сунуш функциясынын теңдемеси: Qs ө -9 + 5Р. Бул товардын теңдеш баасы...
а) 2 миң акча бирд.
б) 3 миң акча бирд.
в) 5 миң акча бирд.
г) 9 миң акча бирд.
22. Баалардын «эң бийик чеги» – бул:
а) теңдеш баадан мыйзамдуу түрдө жогору коюлган баа;
б) теңдеш баадан мыйзамдуу түрдө төмөн коюлган баа;
в) сунуш баасынан мыйзамдуу түрдө жогору коюлган баа;
г) суроо-талап баасынан мыйзамдуу түрдө төмөн коюлган баа.
Жооптор:
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 |
б | а | г | б | а | в | г | г | в | б | в | а | в | б | г | в | б | б | б | б | а | б |
Экономикалык өсүш, түрмөк, жумушсуздук, инфляция
1. Экономикалык өсүш – бул:
а) номиналдык УДПнын мурунку жылдагыга салыштырмалуу чоңоюшу;
б) реалдуу УДПнын мурунку жылдагыга салыштырмалуу чоңоюшу;
в) номиналдык УДПнын 10 жыл катары менен чоңоюшу;
г) туура жооп жок.
2. Экономикалык өсүштүн экстенсивдүү факторлоруна … кирет.
а) эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашы;
б) өндүрүштө жаңы технологиялардын колдонулушу;
в) өндүрүштө алектенген кызматчылардын санынын чоңоюшу;
г) жооптордун баары туура эмес.
3. Интенсивдүү экономикалык өсүштүн булагы … болушу мүмкүн.
а) робот станоктордун олоп табылышы;
б) Фергана өрөөнүндө мунай менен газдын жаңы кендеринин ачылышы;
в) тоо беттерин тектирлөө аркылуу айыл чарба жерлерин кеңейтүү;
г) жумуш жумасынын узартылышы.
4. Экономикалык өсүш … жылышты билдирет.
а) КПВ ичиндеги чекиттен КПВда жаткан чекитке;
б) КПВ бир чекитинен ошол эле ийректеги башка чекитке;
в) бир КПВда жаткан чекиттен башка, кыйла жогору КПВда жаткан чекитке;
г) КПВ сыртындагы бир чекиттен башкасына.
5. Стагнация абалында экономикалык өсүш:
а) болбойт;
б) кичине эле болот;
в) кыйла чоң болот;
г) Жооптордун баары туура эмес.
6. Байгерлик абалынын деңгээлин баалоо үчүн эң алгылыктуу көрсөткүч – бул … чоңдугу:
а) номиналдык УДПнын;
б) калктын жан башына эсептегендеги номиналдык УДПнын;
в) реалдуу УДПнын;
г) калктын жан башына эсептегендеги реалдуу УДПнын;
д) калктын жан башына эсептегендеги номиналдык УДПнын өсүү темпинин.
7. «70тин эрежесин» колдонгондо, сиздин номиналдык кирешеңиз жылына 7 %дан өскөн шартта … жылдан кийин эки эсе көбөйөт.
а) 7;
б) 10;
в) 70;
г) 100.;
д) Маалымат жетишсиз.
8. Экономикалык өсүштүн башкы максаты – бул … көбөйтүү.
а) экономикадагы капитал камын;
б) өлкөнүн экономикалык дареметин;
в) адамдардын жашоосун жакшыртуу;
г) Жооптордун баары туура.
9. Экономиканын өнүгүшүнүн түрмөктүк мүнөзү … көрүнөт.
а) мезгил-мезгили менен болуучу экономикалык коньюнктуранын олку-солкулануусунан;
б) ишкерликтеги жигердүүлүктүн мезгил-мезгили менен басаңдап турушунан;
в) ишкерликтеги жигердүүлүктүн мезгил-мезгили менен көтөрүлүп турушунан;
г) туура жооп жок.
10. Өнөр жай түрмөгүнүн фазалары – бул:
а) айгай (бум), оожалуу жана экономикалык өсүш;
б) чүнчүү, ылдыйлоо, ишкердиктеги жигердүүлүктүн басаңдашы;
в) чоку, ылдыйлоо, чүнчүү, экспансия;
г) жандануу, оожалуу, кризис, ылдыйлоо.
11. Оожалуу мезгилинде:
а) жумуштуулук деңгээли төмөндөйт;
б) узак мезигл бою пайдаланылуучу товарларга керектөөчүлүк чыгымдары азаят;
в) негизги капиталга инвестиция төмөндөйт;
г) салыктан түшүүчү каражат азаят.
12. Өндүрүш кризиске кабылып, төмөндөгөн мезгилде:
а) жумуштуулук деңгээли жогорулайт;
б) жумушсуздук көбөйөт;
в) жумуштуулук деңгээли өзгөрбөйт;
г) жумушсуздук көбөйүшү да, азайышы да мүмкүн.
13. Товарлар менен тейлөө кызматтарын өндүрүү көлөмү эки же андан ашуун чейрек катары менен төмөндөгөндөгү ылдыйлоо … деп аталат.
а) экспансия;
б) стагфляция;
в) рецессия;
г) депрессия.
14. Жумушсуздар категориясына … кирет.
а) кыш мезгилинде бош калган куруучу;
б) иштегиси келбей калган автомеханик;
в) ден соолугуна байланыштуу иштей албай калган мугалим;
г) камволь-нооту комбинатынын толук эмес жумуш апта режимине котрулган жумушчусу.
15. Экономикадагы ылдыйлоонун айынан жумушсуз калган адам … категориясына кирет.
а) фрикциялык жумушсуздар;
б) түрмөктүк жумушсуздар;
в) түзүмдүк жумушсуздар;
г) ыктыярдуу жумушсуздар.
16. Фрикциялык жумушсуздук … байкалат.
а) экономикада түзүмдүк жылыштар болгондо;
б) экономикадагы рецессияга байланыштуу жумушчу бошотулганда;
в) киши өз ыктыяры менен жумуштан кетип, иштебей калганда;
г) жаңы жумуш ордун табыш үчүн жумушчулар өз жумуштарынан кеткенде.
17. Жумушка орноштуруу бюросу бухгалтердик курска жиберген медайым … курамына кирет.
а) фрикциялык жумушсуздардын;
б) түзүмдүк жумушсуздардын;
в) түрмөктүк жумушсуздардын;
г) жумуш күчүнүн санына кирбейт.
18. Экономика үчүн ченемдүү деп эсептелген жумушсуздук деңгээлли – бул:
а) жумушсуздуктун табигый деңгээли;
б) жумушсуздуктун ченемдүү деңгээли;
в) эмгек акынын аздыгы менен шартталган жумушсуздук;
г) ресурстардын кымбатташы менен шартталган жумушсуздук.
19. Оукен мыйзамы … ортосундагы катышты сыпаттайт.
а) иш жүзүндөгү жумушсуздук деңгээли менен ыктымал ИДПдан иш жүзүндөгү ИДПнын пайыздык четтөөсүнүн;
б) табигый жумушсуздук деңгээли менен ыктымал ИДПдан иш жүзүндөгү ИДПнын пайыздык четтөөсүнүн;
в) түрмөктүк жумушсуздук деңгээли менен ыктымал ИДПдан иш жүзүндөгү ИДПнын пайыздык четтөөсүнүн;
г) фрикциялык жумушсуздук деңгээли менен ыктымал ИДПдан иш жүзүндөгү ИДПнын пайыздык четтөөсүнүн.
20. Оукен мыйзамына ылайык, иш жүзүндөгү жумушсуздук деңгээли табигый жумушсуздук деңгээлинен 3 %га жогору болсо, анда иш жүзүндөгү ИДПнын ыктымал ИДПдан артта калуусу … болот.
а) 3 %дан көп;
б) 3 %дан аз;
в) 3 %га барабар.
г) так айтуу мүмкүн эмес.
21. Инфляция деңгээлин аныктоо үчүн демейде … колдонушат.
а) тышкы соода бааларынын индексин;
б) валюта курсун;
в) жүгүртүүдөгү акчанын санын;
г) керектөөчүлүк баалардын индексин.
22. Эгер инфляция деңгээли жылына 10 %ды түзсө, анда мындай инфляция … деп аталат.
а) орточо;
б) ченемдеги;
в) жорткон;
г) гиперинфляция.
23. Басылган инфляция … менен мүнөздөлөт.
а) акча наркынын сакталышы;
б) товарлардын жок болушу;
в) баалардын көпкө чейин өсүшү;
г) акырын жүргөнү.
24. Суроо-талап инфляциясы … менен шартталышы мүмкүн.
а) энергия ташыгычтардын баасынын өсүшүн;
б) салыктардын өсүшү;
в) керектөө чыгымдарынын көбөйүшү;
г) жумушсуздук деңгээлинин өсүшү.
25. Чыгаша инфляциясы … өсүшүнө алып келет.
а) чыгаруу көлөмүнүн;
б) калктын кирешесинин;
в) жумушсуздук деңгээлинин;
г) эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн.
26. Эгер номиналдык киреше 7 %га, ал эми баалардын деңгээли 12 %га чейин көтөрүлсө, анда реалдуу киреше:
а) 5 %га чоңоёт;
б) 12 %га чоңоёт;
в) 7 %га төмөндөйт;
г) 12 %га төмөндөйт;
д) 5 %га төмөндөйт.
27. Күтүүсүз инфляциядан пайда көрө турган экономикалык агент – бул:
а) мамлекет;
б) үй чарбалары;
в) фирмалар;
г) туура жооп жок.
28. Күтүүсүз инфляция … менен коштолот:
а) экономиканын натыйжалуулугунун төмөндөшү;
б) кирешелердин жана байлыктын кайра бөлүштүрүлүшү;
в) жашоо деңгээлинин төмөндөшү;
г) жооптордун баары туура.
Жооптор:
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 |
г | в | а | в | а | г | б | в | а | в | а | б | в | а | б | г | б | а | в | а | г | а | б | в | в | д | а | г |
“Экономикалык тандоо”
1. Тандоо маселесинин чыгуу себеби:
а) өндүрүш жүрүмү бар;
б) муктаждыктар чексиз, ресурстар чектелүү;
в) адамдарга өндүрүлгөн өнүмдөрдү керектөө зарыл;
г) муктаждыктар чектелүү, ресурстар чексиз.
2. Кайсы бир байгерчиликти тандаганда баш тартууга туура келген пайда (колдон кеткен пайда) … деп аталат.
а) чектелгендик;
б) компромисстик тандоо;
в) альтернативдуу нарк;
г) рационалдуулук.
3. Товардын альтернативдүү наркы … менен өлчөнөт.
а) ошол товарды өндүрүүгө чыгымдалган ресурстар;
б) ошол товарды өндүрүүгө чыгымдалган жумуш убактысы;
в) ошол товарды өндүрүүгө чыгымдалган акча саны;
г) ошол товарды өндүрүү үчүн баш тартууга туура келген башка товардын саны.
4. Русландын үч байгерликтен: футбол тобу, кроссовка же спорттук костюмдан – бирөөн гана сатып алууга жеткидей акчасы бар. Ал кроссовка спорттук костюмга караганда зарылыраак деп эсептейт, бирок баарынан да футбол тобун алгысы келет. Ошентип, ал футбол тобун сатып алды. Анын тандоосунун альтернативдүү наркы кайсы?
а) Кроссовка.
б) Спорттук костюм.
в) Кроссовка жана спорттук костюм.
г) Альтернативдүү наркты аныктоо мүмкүн эмес, анткени бул буюмдардын баасы белгисиз.
5. Асель мектепти бүтүргөндөн кийин жумушка чыгып, айына 10000 сомдон иштеп тапса болот. Бирок ал институтка кирип, окуусуна ай сайын 2000 сомдон төлөп жатат. Анын институтта окуусунун альтернативдүү наркы канча?
а) 0 сов;
б) 2000 сом;
в) 10000 сом;
г) 12000 сом.
6. Рационалдуу жүрүм-турум деп … умтулуу менен байланышкан чечимди кабыл алууну айтабыз.
а) кандай болсо да кирешеңизди гана арттырууга;
б) чыгымдардан мүмкүн болушунча көп пайда алууга;
в) максатка эң аз чыгым менен жетүүгө;
г) бир нече альтернативадан эң пайдалуусун тандоого.
7. Өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөр ийрегинин үлгүсү төмөндө айтылгандардын биринен башка баарын чагылдырат:
а) тандоо зарылдыгы;
б) товарлар менен тейлөө кызматтарынын баалары;
в) чектелгендик маселелери;
г) альтернативдүү нарк.
8. Өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөр ийреги … көрсөтөт.
а) ресурстары чектелген коомдо кайсы товарларды өндүргөн пайдалуу экенин;
б) колдогу ресурстардын баарын колдонгондо, эки товарды өндүрүүнүн эң чоң көлөмү канча болорун;
в) коомдогу ресурстардын баарын эле колдонуу мүмкүн эместигин;
г) эки товарды өндүрүүдө кайсы технологияларды колдонуу керектигин.
9. Өкмөт жаңы дүр-дүйнө дүкөнүн куруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тандоонун баасы … менен аныкталат.
а) курулушта колдонулуучу экономикалык ресурстардын баасы;
б) курулушка ажыратылган акча суммасы;
в) жаңы дүр-дүйнө дүкөнүн куруу үчүн шаарга сатып алынышынан баш тартылган жаңы автобустардын келбей калгандыгы;
г) жумшалган эмгек, капитал жана табигый ресурстар.
Жооптор:
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
б | в | г | а | г | г | б | б | в |
Экономика, байгерликтер, чектелүүлүк, ресурстар
1-вариант
1. Бүгүнкү экономика илиминин мааниси:
а) ал ишкерлердин ишин ийгиликтүү жүргүзүшүнө жардам берет;
б) окумуштуулардын жөндөмүн көрсөтүшүнө мүмкүндүк берет;
в) адамдардын муктаждыктарын канааттандыруу жагынан коомдук түзлүштү эң жакшы уюштуруу жолдорун көрсөтөт;
г) адамга анын жүрүм-турумунун чыныгы мүдөөлөрүн ачык көрсөтөт.
2. Натыйжалары кайсы жаатта колдонуларына карай экономика илиминин … деген түрлөрү айырмаланат.
а) экономикалык теория жана колдонмо экономика;
б) ченемдик жана позитив экономика, болжолдоо;
в) микроэкономика, макроэкономика, мегаэкономика;
г) болжолдоо жана экономикалык талдоо.
3. Микроэкономика … окуп-үйрөнөт.
а) экономикалык айрым бирдиктерди;
б) аймактык экономиканы;
в) бүтүндөй дүйнөлүк экономиканы;
г) бүтүндөй улуттук экономиканы.
4. Мегаэкономика … окуп-үйрөнөт.
а) экономикалык өсүштү;
б) ресурстардын жайгаштырылышын;
в) өлкөнүн экономикасы;
г) дүйнөлүк чарбаны.
5. Позитивдүү экономика … деген суроого жооп берет.
а) кандай болууга тийиш;
б) кандай болушу мүмкүн эле;
в) кандай болду;
г) кандай болот.
6. Адамдардын жашоо деңгээлин көтөрүү үчүн салыктарды төмөндөтүү керек. Бул ырастоо:
а) ченемдик болуп саналат жана «микроэкономика» бөлүмүнө кирет;
б) позитивдүү болуп саналат жана «микроэкономика» бөлүмүнө кирет;
в) ченемдик болуп саналат жана «макроэкономика» бөлүмүнө кирет;
г) позитивдүү болуп саналат жана «макроэкономика» бөлүмүнө кирет.
7. Экономикалык үлгүлөр аркылуу:
а) экономиканын жөнөкөйлөштүрүлгөн сүрөттөмөлөрүн берет;
б) экономикалык жүрүмдөрдүн талдоо жана божомолдоодо колдонулат;
в) логикалык жана математикалык усулдар колдонулат;
г) жогоруда айтылгандардын баары жасалат.
8. Муктаждыктардын негизги касиети:
а) өтө ар түрдүүлүк;
б) чектелбегендик;
в) түгөнүүчүлүк;
г) чектелгендик.
9. Эркин байгерликтер – бул … байгерликтер.
а) өндүрүлүшү керек, бирок адамга бекер бериле турган;
б) учурда өндүрүштө колдонулбаган;
в) муктаждыктарга салыштырмалуу ашып-ташып жаткан;
г) чектелүү ресурстарыңыз менен деле сатып алсаңыз боло турган.
10. Тейлөө кызматы – бул:
а) капиталды пайдалануу акысы;
б) белгилүү баалуулугу бар, көзгө көрүнбөгөн, сезилбеген нерсе;
в) белгилүү баалуулугу бар, көзгө көрүнгөн, сезилген нерсе;
г) адам акысыз өндүргөн нерселердин баары.
11. Чектелгендик – бул:
а) бардык адамдардын жана коомдордун маселеси;
б) кедей адамдардын гана маселеси;
в) кедей өлкөлөрдө гана бар маселе;
г) бай адамдар эч качан туш келбей турган маселе.
12. Эгер …, чектелгендик маселесин чечүүгө болот.
а) адамдар муктаждыктарын чектесе;
б) адамдар ресурстарды үнөмдөсө;
в) келечекте, илимий-техникалык прогресс товарлар менен тейлөө кызматтарын өндүрүүнү кыйла көбөйткөн кезде гана;
г) бул маселени чечүү мүмкүн эмес.
13. Төмөндө саналган табигый ресурстардын кайсынысы эң так эмес?
а) электр кубаты, дарыя, пайдалуу казылмалар;
б) таш көмүр, мунай, табигый газ;
в) кыртыш, токой, жаныбарлар дүйнөсү;
г) аба, күн нуру, океандар.
14. Жер, эмгек жана капитал өндүрүшүнүн үч фактору тең мисал келтирилген жоопту тандаңыз:
а) кен, геолог, домна меши;
в) оорукана, врач, медайым;
б) акча, банкир, кеңсе;
г) дүкөн, товар, сатып алуучу.
15. Капиталды пайдалануу акысы – бул:
а) киреше;
б) рента;
в) пайыз;
г) пайда.
16. Эмгек үчүн төлөө:
а) пайда;
б) пайыз;
в) түшкөн пайда;
г) эмгек акы.
Жооптор:
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 |
в | б | а | г | в | б | г | б | в | б | а | г | а | а | в | г |
2-вариант
1. Экономиканы көбүнчө... окуп-үйрөнүүчү илим катары аныктаса болот.
а) өндүрүштү туура уюштуруу жолдорун;
б) адамдарды өнүмдүүрөөк иштегенге мажбурлоону;
в) коомдо өндүрүлгөн товарлар менен тейлөө кызматтарын жакшыраак бөлүштүрүү жолдорун;
г) товарлар менен тейлөө кызматтарын өндүрүүгө чектелген ресурстарды жакшыраак пайдалануу жолдорун.
2. Экономика теориясынын предметинде окуп-үйрөнүлгөн факторлордун, предметтердин жана көрүнүштөрдүн жалпылануу даражасына карай … белгилешет.
а) экономикалык теория жана колдонмо экономиканы;
б) ченемдик жана позитивдүү экономиканы;
в) микроэкономика, макроэкономика жана мегаэкономиканы
г) болжолдоо жана экономикалык талдоону.
3. Макроэкономика … окуп-үйрөнүү менен алектенет.
а) инфляциянын, жумушсуздуктун себептерин жана бүтүндөй экономиканын абалын;
б) атаандаштык жана кирешелерди бөлүштүрүү маселелерин;
в) ресурстардын пайдаланылышын жана айрым базарлардагы баалардын түзүлүшүн;
г) айрым керектөөчүлөр менен өндүрүшчүлөрдүн жүрүм-турумун.
4. Мегаэкономика … окуп-үйрөнөт.
а) өлкө экономикасын бирдиктүү бүтүндүк катары;
в) өлкө ичиндеги экономикалык саясатты;
б) айрым экономикалык бирдиктерди;
г) эл аралык экономикалык мамилелерди.
5. Ченемдик экономика:
а) экономикалык ишмердиктин оң натыйжаларын окуп-үйрөнөт;
б) өлкөнүн экономикасына тийгизген мыйзамдардын таасирин окуп-үйрөнөт;
в) экономиканын абалын жакшыртуу сунуштарын берет;
г) ишмердиктин мыйзамсыз түрлөрүнө тыюу салат.
6. Кыргызстанда жайында бензин баасы кыйла көтөрүлүп кетти. Бул ырастоо:
а) ченемдик болуп саналат жана «микроэкономика» бөлүмүнө тиешелүү;
б) позитив болуп саналат жана «микроэкономика» бөлүмүнө тиешелүү;
в) ченемдик болуп саналат жана «макроэкономика» бөлүмүнө тиешелүү;
г) позитив болуп саналат жана «макроэкономика» бөлүмүнө тиешелүү.
7. Илимий абстракциялоо усулу … үчүн колдонулат.
а) фактылардан теорияларды алып чыгуу;
б) илимий түшүнүктөрдү пайдалануу;
в) көрүнүштөрдүн пайда болуш жана өнүгүш шарттарын аныктоо;
г) тутумдагы экономикалык жүрүмдөрдү жана көрүнүштөрдү үйрөнүү
8. Баштапкы муктаждыктарга … кирбейт.
а) тамак-аш;
б) кийим;
в) билим алуу;
г) турак жай
9. Экономикалык байгерликтер:
а) адамдын кийлигишүүсүз, табият аркылуу жаралат;
б) бул адамдардын табигый ресурстарга, капиталга, эмгекке болгон муктаждыктары;
в) бул адамдын өндүрүш эсебинен канааттандыра турган муктаждыктары;
г) бул адам өзүнүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн өндүрө турган товарлар менен тейлөө кызматтары.
10. Товар – бул:
а) жеке керектелүүчү нерсе;
б) алмашуу жана муктаждыктарды канааттандыруу үчүн чыгарылган эмгек өнүмү;
в) муктаждыктарды канааттандыра турган материалдык эмес нерсе;
г) пайдалуу сапаттары бар нерсе.
11. Адамга биологиялык муктаждыктарын канааттандырууга бир пальто жетиштүү. Көпчүлүк адамдар бир нече пальтого ээ экенин кандайча түшүндүрсө болот?
а) адамдардын каалоосу чектелбеген;
б) адамдар зулум келет;
в) ашыкча акчаны сарптоо зарыл;
г) башка нерселерди сатып алуу мүмкүн эмес.
12. Экономикадагы чектелгендиктин себеби:
а) калк өндүрүшкө салыштырмалуу тезирээк өсүп баратат;
б) ресурс канчалык аз болсо, ошончолук сейрек болот;
в) адамдар өндүрүлгөн продуктуну туура бөлүштүргөндү үйрөнүшө элек;
г) адам каалоолорунун чеги жок, дайыма өсүүдө, ал эми ресурстар чектелүү.
13. Өндүрүш факторлорунун төмөнкү тизмелеринин кайсынысы эң так?
а) жер, эмгек, капитал, жумуш күчү, башкаруу;
б) ресурстар, технология, ишкердик;
в) жер, эмгек, капитал, ишкердик, маалымат;
г) жер, эмгек, өндүрүш каражаттары, технология, ишкердик, башкаруу.
14. Капиталдык ресурс – бул:
а) акча;
б) такси;
в) өндүрүш жабдуулары;
г) тиричиликтеги электротехника.
15. Ишкерлердин кирешеси:
а) пайда;
б) пайыз;
в) түшкөн пайда;
г) эмгек акы.
16. Жер менчикчилеринин кирешеси:
а) киреше;
б) рента;
в) пайыз;
г) пайда.
Жооптор:
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 |
г | в | а | г | в | в | б | в | г | б | а | г | в | в | а | б |
Терминдер (кырг.) Терминдердин аныктамалары
Автономия — өзүн-өзү башкаруу, мамлекеттин кайсы бир бөлүгүнүн ички маселелерди өз алдынча чечүү укугу. Ошондой эле коомдогу катмарларга, корпорацияларга ыйгарылуучу белгилүү чектөөлөрдүн ичинде өз ченемдерин, эрежелерин колдонуу укугу.
Адам укуктары – Адам менен мамлекеттин өз ара мамилелерин жөнгө салуучу жана белгилүү социалдык жыргалчылыктарды камсыздоочу принциптер менен ченемдердин тутуму.
Адамдын табигый укуктары – Адам туулгандан тартып эле ээ болгон укуктар (жашоо укугу жана адамдын физиологиялык муктаждыктарын камсыз кылуучу укуктар).
Адамдын ээ болгон укуктары – Адамдын коомдогу иш-аракеттерин жөнгө салуучу укуктар (экономикалык, саясий жана жарандык укуктар).
Кадрлар – Кайсы бир ишкананын, мекеменин, уюмдун даярдалган кызматчыларынын негизги курамы.
Айылдын жыйыны – Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын (ЖӨОнун – айыл өкмөтүнүн, аймактык кеңештин) жогорку органы, айыл жарандарынын жалпы жыйыны. Бул жыйынды ЖӨО же калктын демилгечи тобу чакырат. Анда жергиликтүү коомдоштуктун маселелери талкууланып, чечимдер жыйындын бардык катышуучулары тарабынан кабыл алынат.
Активдер – Экономикада ишканага, фирмага, компанияга таандык мүлктүн жана акча каражаттарынын жыйындысы.
Акча – Башка бардык товарлардын наркын туюндуруп, жалпы эквивалент катары пайдаланылуучу универсалдуу товардын өзгөчө түрү. Акча алмашуу, төлөм, наркты өлчөө, байлык топтоо каражатынын иш-милдетин аткаруучу товар болуп эсептелет.
Анархия – Мамлекеттин бийлиги жоюлган коомдогу абал.
Аңдап-билүү – Белгилүү практикалык, теориялык, маданий, инсаний ж.б.у.с. шарт-жагдайлардагы чындыкты таанып билүү.
Симуляция – Кайсы бир кыймыл-аракетти окшоштуруу, тууроо.
Арбитраждык сот – Уюмдардын, ишканалардын ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды карап, алар боюнча чечим чыгаруучу дайыма иштей турган мамлекеттик расмий бейтарап сот. Арбитраждык сот, негизинен, келишим мамилелерине жана келишимден келип чыккан милдеттенмелерди сактоого байланышкан талаш-тартыштарды карайт. Арбитраждык соттор мындан тышкары тышкы соода сыяктуу эл аралык экономикалык байланыштарды да карайт.
Аргасыз журт которуучу – Зомбулуктан же куугунтуктан жан сактап, жашаган жеринен кеткен жаран. Качкындар да ошол эле себептер менен туулган жеринен качышат, бирок, аргасыз журт которуучулардан айырмаланып, алар чет эл жарандары болуп эсептелет.
Ижара – Турак-жайдын, кайсы бир мүлктүн келишим негизинде пайдаланууга убактылуу берилиши.
Аристократия – Грекче aristos - «чыгаан» жана...«кратия», бийлик тектүү төбөлдөрдүн өкүлдөрүнө таандык болгон мамлекеттик башкаруу формасы.
Артыкчылык – Кимдир бирөөгө берилген, башкаларда жок өзгөчө укук.
Атаандаштык – Товар өндүрүүдөгү, аны сатып алуу жана сатуудагы абалын жакшыртуу үчүн базар экономикасынын катышуучулары ортосундагы атаандашуучулук.
Аудитория — лекцияларды, баяндамаларды, чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн (анын ичинде класста да) угуучулар. Угуп, көрүп же окуп жаткан кишилер. Көбүнесе окуучуларга аткарылышын мугалимден бөлөк эч ким укпагыдай тапшырмаларды берилет. Мунун айынан окуучулардын кызыгуусу басаңдайт.
Аудит – (бухгалтердик китептерди, документтер менен отчетторду текшерүү) жана фирмалардын, ишканалардын, акционердик коомдордун каржылык-чарбалык иштери менен алектенүүчү жана бухгалтердик эсепти тартипке келтирүү менен байланышкан ишмердик боюнча кеп-кеңеш берүүчү адам.
Аудитор – Атайын уруксат кагазы (лицензиясы) бар кесипкөйлөр, адистер жана аудиторлук кызматтардын, фирмалардын кызматчылары.
Ачык суроо – Алдын ала аныкталган туура жообу, же ооба\жок деген бир маанилүү жообу же жалгыз туура жообу жок, ар түрдүү жооптору болушу ыктымал суроо. Жабык суроонун каршысы.
Бир товарды экинчисине акчасыз эле түз алмаштыруу. Бартер
Нарктын акчалай туюндурулушу. Баа
Чек ара аркылуу кирген жана чыккан товарларга көз салып,
бажы алымын, жыйымдарды жана башка салыктарды алып
туруучу мамлекеттик кызмат.
Бажы
Расалык, улуттук, мамлекеттик белгилери, мүлктүк абалы,
саясий же диний ишенимдери ж.б. боюнча кайсы бир
кишилердин, уюмдардын же мамлекеттердин укуктарынын,
артыкчылыктарынын атайын чектелиши же алып салынышы.
Дискриминация
Тигил же бул өлкөдөн баш паанек сурап кайрылган адам. Баш
паанек алган кишилер андан ары баш паанек издөөчүлөр
болушпайт: алар же качкын болуп таанылат же олуттуу
гуманитардык себептерден улам өлкөдө калууга уруксат
алышат.
Баш паанек издөөчү
Класстагы иштешүүнүн мүнөзүн көзөмөлдөө жана тескөө үчүн
пайдаланыла турган ар кандай ыкмалар.
Башкаруу ыкмасы
Киреше алууга багытталган экономикалык иш-аракет. Бизнес (ишкердик)
Кеңири мааниде: белгилүү мезгил аралыгындагы бизнестин
абалын мүнөздөгөн бир катар көрсөткүчтөрү бар документ.
Ошентип, бизнес-пландоо – бул ишкананын ишиндеги
берилүүчү чек-ченемдерге жараша ушул көрсөткүчтөрдү
эсептеп чыгаруу процесси.
Бизнес-план
509
Бийлик Кандайдыр бир максатка жетүү үчүн кишилердин жүрүм-
турумуна жана ишине таасир этүү мүмкүнчүлүгү жана
жөндөмдүүлүгү.
долбоору Билим берүү жаатындагы долбоор айрым өтө орчундуу,
реалдуу маселелерди чечүү жана тигил же бул ыкма менен
таризделген практикалык жакшы натыйжаларды алуу үчүн
кызматташуу (окуучулар, мугалимдер, коомдоштуктардын
өкүлдөрү менен) ишине багытталган.
Биржа Биржа – бул баалуу кагаздарды жана башка инвестициялык
таянычтарды сатууну уюштуруучу. Биржада ири көлөмдөгү
товарларды сатып алуу-сатуу боюнча бүтүм түзүлөт. Анын
мындай түрлөрү бар: материалдык байлыктар менен соода
кылуучу товардык биржалар; баалуу кагаздар менен соода
кылуучу фонд биржалары; валюта менен соода кылуучу
валюта биржалары; ар кандай товарлар менен соода
кылуучу универсал биржалар; эмгек биржалары. Булар
жумушсуздардын же башка ишке өтүүнү каалагандардын
жумушка орношуусуна көмөктөшөт.
Биржа оюну Киреше алуу максаты менен биржада баалуу кагаздарды,
биржа соодасынын дагы башка объектилерин арзан сатып алуу
жана кымбат сатуу жолу менен чайкоочулук операцияларды
жүргүзүү. Мунун эң жөнөкөй түрү ар кандай базарларда коюлган
ар түрдүү коддорду жана курстарды орду менен пайдаланууда
турат; оюнчулар биржа товарларын кайсы базарларда
арзаныраак болсо, ошол базарлардан сатып алышат да, дароо
эле кайсы базарда кымбат болсо, ошол базардан кымбат сатып
жиберишет.
Бюджет Экономикалык субъектинин белгилүү бир мезгил, адатта бир
жыл үчүн түзүлгөн, расмий күчкө эгедер болгон кирешелери
менен чыгымдарынын тизмеси. Көбүнчө бюджет колдо бар
жана чыгымдалып жаткан акча каражаттарынын эсебин жана
алардын бири-бирине шайкеш келишин эсепке алуу үчүн
түзүлөт.
Бюджеттик угуу Келерки жылга кабыл алынып жаткан бюджетти талкуулоого
жергиликтүү жарандардын ачык катышуусу. Мында коомчулук
бюджеттик каражаттарды сарптоо боюнча өзүнүн сунуштарын
айтууга укугу бар. Бюджеттик угууда жергиликтүү өзүн-
өзү башкаруу органдары (айыл өкмөтү) даярдалып жаткан
чечимдер тууралуу калкты кабарлайт, ал эми жарандар бул
маселелер боюнча пикирлерин айтып, бюджет долбоорлоруна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуш беришет. Конституция
жарандардын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди
түзүүгө катышуу, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө
сарпталып жаткан каражаттар жөнүндө кабардар болуу укугун
бекемдейт.
Бюллетень Талапкерлердин фамилиясын белгилеп добуш берүү үчүн
колдонулуучу документ.
Валюта 1. Мамлекеттин акча тутумунун негизин түзгөн акча бирдиги.
2. Бир өлкөнүн акча белгилерине карата эл аралык алыш-
бериште колдонулуучу чет мамлекеттин акча белгилери.
510
Валютанын эркин өзгөрүлүп туруучу курсу; ал базардагы
конъюнктурага, суроо-талапка жана сунушка жана башка
факторлорго жараша болот.
Валютанын эркин
курсу
Мамлекеттик кайсы бир ишмердик же эл чарбасы
тармагында ыйгарым укуктарга ээ болгон мамлекеттик
башкаруу же өзүн-өзү башкаруу органы.
Ведомство
Маалыматты оозеки, сөз жүзүндө берүү ыкмасын
билдирүүчү термин (лат. verbalis – сөз жүзүндө).
Вербалдык
Биз өзүбүздүн оюбузду кеп же кат менен эле эмес, башка
ар түрдүү жолдор менен да билдиребиз. Мисалы, көз
карашыбыз, кийген киймибиз, кантип отурганыбыз ж.б.
Вербалдык эмес
баарлашуу
Атайын ыйгарым укугу бар орган же бир адам тарабынан
кандайдыр бир чечимге тыюу салуу (мамлекеттик же эл
аралык укукта).
Вето
Изилдөө же баяндоодо жеке жоболорду жалпыдан алып
чыгуу ыгы. Мисалы, гравитация мыйзамдарына таянуу
менен, ыргытылган таш эмне үчүн жерге түшкөнүн
түшүндүрүүгө болот.
Дедуктивдүү окуп-
үйрөнүү
Өз алдынча жигердүү иш-аракеттерге жөндөмдүүлүк;
идиректүүлүк.
Демилге
Мамлекеттик чек ара тилкелерин аныктоо жана белгилөө. Демаркация
Элдин бийлиги. Бул термин эл мамлекеттик бийликти
түзүүгө, ага катышууга, таасир этүүгө жана көзөмөлдөөгө
мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттик тутумду мүнөздөө үчүн
колдонулат. Демократия тике да, кыйыр да болот.
Демократия
Бир мамлекеттин экинчи бир мамлекетке өз ара түзүлгөн
келишимди, макулдашууну ж.б. бузуу тууралу кабар
бериши (эл аралык укукта).
Денонсация
Насыя мекемелерине (банктарга, нотариалдык кеңселерге
ж.б.) сактап, салган кишиге келишимде белгиленген
мөөнөттө кайтарып берилүүчү акча каражаттары же
баалуу кагаздар.
Депозит
Кайсы бир нерсенин жетишпестиги, тартыштыгы. Өтө
чектелүү санда тана калган нерсе.
Дефицит,
таңсыктык
Экономикада акча жүгүртүүнүн муктаждыгына
салыштырганда артыкбаш болгон кагаз акчаларды атайын
алып коюу жолу менен акча массасынын жүгүртүүдөн
азайтылышы (карама-каршысы – инфляция).
Дефляция
Борбордук бийлик органдарынын башкаруу функцияларын
жергиликтүү органдарга өткөрүп бериши. Жогорку
бийлик органдарынын эсебинен төмөн турган башкаруу
органдарынын ыйгарым чөйрөсүн кеңейтүү.
Децентрализация,
борбордон
оолакташтыруу
Бир гана киши же кишилердин бир тобу чексиз бийликке
ээ болгон саясий режим.
Диктатура
Кайсы бир көрүнүштүн, процесстин кыймыл абалы,
өнүгүшүнүн жүрүшү.
Динамика
511
Дистрибьютор Маркетингдик жана ортомчулук кызмат көрсөтүп,
товарлардын сатып алуу жана сатуу бааларынын
эсебинен киреше алуучу дүң соода фирмасы. Сатып
алынган өнүмдү сактоочу кампалары бар жана өнөр
жай фирмалары менен узак мөөнөттүү келишимдердин
негизинде иштеген ири ишкана.
Долбоор Талкуулоого, бекитүүгө сунуш кылынуучу кандайдыр бир
документтин алдын ала даярдалган текстти.
Жалпылоо Кайсы бир жалпы белгиси боюнча окшош, кайталануучу
же жалпы касиетин табуу аркылуу көптөгөн нерселерди же
кубулуштарды бириктирүүчү тыянак.
Персонал-
даштыруу
(лат. Persona – киши …фикация) 1) табигый кубулуштарды,
кишинин касиеттерин, абстрактуу түшүнүктөрдү адамдын
бейнесинде элестетүү; 2) өзүнүн жүрүм-турумун үлгүлөө
аркылуу окуучу иликтенип жаткан маселенин чордонуна
коюлуучу усул.
Жаран Өзүн саясий коомдук толук укуктуу мүчөсүмүн деп
билген, анын иштерине активдүү жана жоопкерчилик
менен катышкан, өкмөттү көзөмөлдөөгө жөндөмдүү,
өз мамлекетинин жыргалчылыгы үчүн кам көргөн
мамлекеттин эркин, толук укуктуу мүчөсү.
Жарандык Адам менен мамлекеттин ортосундагы өз ара укуктарды
жана милдеттерди жаратуучу укуктук байланыш.
Жарандык коом Мамлекеттин ишмердигинен тышкары турган атайын
кызыкчылыктары (экономикалык, этникалык, маданий
таламдары) боюнча бириккен социалдык түзүлүштөрдүн
(топтордун, жамааттардын) жыйындысы.
Жарандык укук 1. Мүлк мамилелерине катышуучулардын теңчилигине
негизделген, ошондой эле мүлк менен байланышкан
мүлктүк эмес жеке мамилелерге негизделген, товар-акча
мамилелерин жөнгө салуучу укуктун бир тармагы. Жөнгө
салынуучу жарандык укуктук мамилелерге катышуучулар
болуп жарандар (жеке тараптар), юридикалык тараптар,
мамлекеттер, ошондой эле автономиялуу жана
административдик-аймактык түзүлүштөр эсептелет.
Жарандык укук бардык жарандык мамилелер үчүн
мааниси бар жалпы жоболорду (мисалы, доонун эскириши
тууралуу), ошондой эле менчик укугу, милдеттенме укугу,
автордук укук, ойлоп табуу укугу, мураскорлук укугу
тууралуу ченемдерди камтыйт.
2. Жалпы же прецеденттик укуктардан айырмаланган,
калыпка салынып, мыйзам жыйнактарына жазылган,
укуктарга негизделген кодекс укугу, юридикалык салт.
Жарнама Белгилүү товар сатыла тургандыгы же кызмат көрсөтүлө
тургандыгы тууралуу керектөөчүлөргө маалымат берүү;
ушундай маалыматтын өзү.
Купуя Сыр катары айтылган, жашыруун.
512
Жарандын же юридикалык жактын мыйзам тарабынан
корголуучу конкреттүү мүлккө (жерге, башка козголуучу
жана козголбос мүлктөргө) ээлик кылууга абсолюттук
укугун билдирген менчиктик бир формасы.
Жеке менчик
Белгилүү бир аймактын маселелерин чечүүгө жоопкер
бийлик органы.
Жергиликтүү өз
алдынча башкаруу
Сот тутумун башкаруучу мамлекеттин жогорку сот органы.
Өтө маанилүү сот иштерин карайт да, мамлекеттин башка
бардык соттору үчүн эң жогорку инстанция болуп саналат.
Кээ бир өлкөлөрдө (маселен, АКШда) Конституциялык
соттун да функциясын аткарат.
Жогорку сот
Эки окуучу бир көнүгүүнү аткарган ишти уюштуруу. Жуптарда иштөө
Бир тарап (зайым берүүчү) экинчи тарапка (зайымчыга)
жеке менчикке акча же белгилүү белгилери – саны,
салмагы, өлчөмү – бар нерселерди (мисалы, дан) берип,
ал эми зайымчы ошондой эле суммадагы акчаны же тең
көлөмдөгү ошондой эле түрдөгү же сапаттагы нерселерди
кайтарып берүүгө милдеттүү болгон жарандык укуктагы
келишим.
Карыз
Кайсы бир социалдык топтун, таптын, саясий партиянын,
коомдун, социалдык-саясий жана башка жагдайга карата
көз карашын мүнөздөөчү идеялардын, түшүнүктөрдүн
жана көз караштардын тутуму.
Идеология
1. Бүтүн бир нерсенин бөлүктөрүнүн же элементтеринин
жогортон төмөн карай тартип боюнча жайгаштырылышы.
2. Кызмат наамдарынын, чиндеринин баш ийүү
тартибинде жайгаштырылышы.
Иерархия
Мамлекетте өзгөчө абалды ээлеген кишилерге берилүүчү,
кээ бир жалпы мыйзамдарга баш ийбөө мүмкүнчүлүгүн
бере турган юридикалык өзгөчө укук.
Депутаттын иммунитети – мыйзам чыгаруу органынын
мүчөсүнүн кол тийбестиги, анын мааниси мында: мыйзам
чыгаруу органы макулдук бермейинче депутат камакка же
сот жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес.
Дипломатиялык иммунитет – чет мамлекеттердин
дипломат өкүлдөрүнө берилген укуктар менен
артыкчылыктардын жыйындысы.
Иммунитет
Президентке күнөө коюу жана аны ээлеген кызматынан
четтетүү процедурасы.
Импичмент
Өз өлкөсүндө же чет өлкөлөрдө ар кайсы тармактагы
ишканаларга ишкерчилик долбоорлорго, социалдык-
экономикалык программаларга, инновациялык
долбоорлорго капиталды узак мөөнөткө салуу; капитал
салынгандан бир топ мөөнөт өткөндөн кийин кайтарым
берет.
Инвестиция
513
Индуктивдүү окуп-
үйрөнүү
Негизги принциптерди жеке факторлордун же айрым
мисалдардын натыйжасы катары иликтөө. Дедуктивдүү
окуп-үйрөнүүнү караңыз.
Инклюзивдүү
билим берүү
Акыл-эстик, физиологиялык, тилдик, социалдык жана
маданий абалы ар түрдүү болгон окуучуларды чогуу
окутуу.
Инстанция Төмөнкү мамлекеттик, сот жана башка органдардын
жогорку ошондой органдарга баш ийүү тутумундагы
баскыч.
Ипотека 1. Ссуда алыш үчүн кыймылсыз мүлктүн күрөөгү коюлушу.
2. Ушундай күрөө койдуруу менен банк тарабынан
берилген ссуда.
3. Банк тарабынан карыз алуучуга берилген мүлк күрөөсү
тууралуу аласа күбөлүгү.
Ички дүң өнүм ––
(ИДӨ)
Улуттук эсептердин тутумундагы улуттук киреше
статистикасынын көрсөткүчү; ошол өлкөнүн аймагында
базар баасында чыгарылган товарлардын жана тейлөө
кызматтарынын жыйынды наркын туюнтат.
ИДӨ – жыл ичинде мамлекеттин территориясында,
экономиканын бардык тармактары тарабынан, өндүрүштө
колдонулган факторлордун улуттук таандыгына
карабастан, керектөө, экспорттоо жана топтоо
максатында өндүрүлгөн бардык акыркы товарлардын
жана кызматтардын (керектөө үчүн өндүрүлгөн) наркын
көрсөткөн макроэкономикалык көрсөткүч.
Ички улуттук өнүм
(ИУӨ)
Улуттук эсептердин тутумундагы макроэкономикалык
негизги көрсөткүчтөрдүн бири; ички дүң өнүм (ИДӨ)
менен өз ара байланыштуу. Базар баасындагы соңку
товарлардын жана тейлөө кызматтарынын жалпы наркын
туюнтат. Буга калк тарабынан керектелген товарлар менен
тейлөө кызматтары, мамлекет сатып алган товарлардын
наркы, капиталдык салымдар жана төлөм балансынын
сальдосу кирет. ИДӨдөн айырмаланып, чет өлкөлөрдөн
кирген таза кирешелердин суммасын да өзүнө камтыйт.
Ишаарат тили Ишаарат, жаңсоолор аркылуу баарлашуу. Биз баарыбыз
ушундайча баарлашабыз, бирок айрым кишилер бул
жөнүндө күмөн да санашпайт жана муну кантип түшүнүүнү
билишпейт (вербалдык эмес баарлашууну кара).
Иш таштоо Администрациянын же өкмөттүн кандайдыр бир
талаптарды аткарышына жетишүү максатында фабрикада,
заводдо ж.б. уюшулган жалпы иш таштоо.
Иш-милдет (Лат. functio – пайдалануу, жүзөгө ашыруу), ишмердик, иш,
тийиштүү тутумдагы кайсы бир объектинин касиеттеринин
ачыкка чыгышы.
Иштиктүү сын Адамдын ишинин жакшырышына түрткү болгон сын.
Көбүнесе бул кишинин өзүн эмес, анын ишмердигин
сындоо болуп саналат.
514
Мамлекет түзүлгөнгө чейинки мезгилде калыптанган
укуктук жана адеп-ахлактык ченемдердин жыйындысы
(салттык укук).
Каада-салт, үрп-
адат
Колундагы акча каражаттарына жана товарлар менен
тейлөө кызматтарынын өлкөдөгү баасына жараша
товарлардын жана тейлөө кызматтарынын калк сатып
ала алгыдай саны. Сатып алуу мүмкүнчүлүгү калктын
кирешесине, айрыкча, анын сатып алууга бөлүнгөн
бөлүгүнүн көлөмүнө, ошондой эле товарлар менен тейлөө
кызматтарынын баасына да жараша болот.
Калктын сатып алуу
мүмкүнчүлүгү
Шайланууга, кызматка дайындалууга же кайсы бир жактын
кабыл алуусуна даярдалып жаткан киши.
Кандидат, талапкер
Киреше алуу максаты менен жаңы бизнес үчүн
чыгымдалуучу экономикалык байлыктын бир үлүшү.
Капиталдык салым
Окуучулардын, ата-энелердин жана коомдоштукта
жашаган башка кишилердин билими менен турмуштук
тажрыйбасын, китептерди, гезиттерди, видео
материалдарды, интернетти жана көптөгөн бөлөк
нерселерди камтыган, мугалим окуу процессинде
колдонуучу нерселердин баары.
Ресурстар
Жаралышы, жүгүртүлүшү, бөлүштүрүлүшү, кайра
бөлүштүрүлүшү, пайдаланылышы көңүлгө алына турган
акча каражаттарын, финансы ресурстарын, ошондой
эле экономикалык чарба субъектилеринин ортосундагы
өз ара эсептешүүлөр, акча каражаттарынын кыймылы,
акча жүгүртүү, акча пайдалануу менен шартталган
экономикалык мамилелерди да билдирүүчү экономикалык
жалпы термин.
Финансы
Өлкөнүн бүткүл чарбасын, региондорду ишканаларды,
ишкерлерди, жарандарды, ошондой эле ар түрдүү
экономикалык программаларды жана экономикалык
ишмердиктин түрлөрүн зарыл болгон каржылык ресурстар
менен камсыздоо. Каржылоо өздүк, ички булактардын
жана бюджеттик каражаттардан ассигнация, кредиттик
каражаттар, чет элдик жардам, башка адамдардын
салымдары түрүндө тышкы булактардын эсебинен жүзөгө
ашырылат.
Каржылоо
Юридикалык жакка же жеке адамга насыя берилүүчү
каражат.
Карыз
1. Мыйзамдуу күчүнө кире элек чечимге, сот өкүмүнө
даттануу же нааразылык билдирүү менен жогорку сотко
кайрылуу.
2. Тараптардын даттануусу же прокурордун протести
боюнча мыйзамдуу күчүнө кире элек чечимдин, төмөнкү
соттун өкүмүнүн мыйзамдуулугунун жана негиздүүлүгүнүн
жогорку сот тарабынан текшерилиши.
Кассация
515
Качкын Тийиштүү өлкөдө качкын макамын жана жашоого уруксат
алган адам. Качкын деп өмүрүнө жана ден соолугуна
иш жүзүндө коркунуч жаралгандыгына байланыштуу
мекенинен чыгып кеткен киши гана таанылат.
Кепилдик Кайсы бир милдеттенменин аткарылышы, сакталышы
ж.б.у.с. ошондой эле бир нерсенин абалы менен сапаты
үчүн адеп-ахлактык же материалдык жоопкерчиликти
өзүнө алган жеке тарап, мамлекет, ишкана, коммерциялык
же бөлөк түзүм.
Кесипкөй Атайын билими, тажрыйбасы, жөндөмү бар; тажрыйбалуу.
Керектөө
баалуулугу
Керектөөчүлөр белгилүү бир өнүмдөн же тейлөө
кызматынан күткөн пайданын чоңдугу же керектөөчүнүн
өнүмдүн муктаждыкты канааттандыра алышын баалашы.
Баанын ажырагыс бөлүгү катары баалуулук жалаң эле
акча менен эсептелбейт. Бирок баалуулук дайым эле
калыс өлчөнө бербейт. Андыктан керектөөчүлөр сейрек
товарларды жакшы баалашат (сейректик баалуулугу) жана
кымбатыраак баада алууга даяр болушат.
Киреше Мамлекет, мекеме, ишкана же жеке адамдын кандайдыр
бир ишмердигинин натыйжасында алынуучу акча же
материалдык баалуулуктар.
Киришүү көнүгүүсү Окуучуларды кийинки тапшырманы аткарууга даярдаган
көнүгүү. Мисалы, текстти окууга чейинки көнүгүү.
Классификация (Лат. classis - «разряд», «класс» жана...фикация дегенден),
билимдин кайсы бир тармагында же адам ишинин
бир түрүндө колдонулуучу бири-бирине байланыштуу
түшүнүктөрдүн (класстардын, объектилердин) тутуму;
ушул түшүнүктөрдүн же объектилердин класстарынын
ортосундагы байланышты жолго коюучу каражат катары
колдонулат.
Классты башкаруу Коюлган максаттарга жетүү жана класста катышып
жаткандардын баарынын укугун коргоо үчүн сабактын
жүрүшүндө көрүлүүгө тийиш болгон иш-чаралар.
Коалиция Жалпы максаттарга жетүү үчүн кошулган ыктыярдуу
бирикме.
Колдонуу,
пайдалануу
Окуп-үйрөнүлгөн нерсени жаңы кырдаалдарда колдонуу
жөндөмү.
Көмөктөшүү
(фасилитация)
Бир нерсени орундоого жардам берген процесс. Мугалим
үчүн бул төмөнкүнү билдириши мүмкүн: окууну окуучулар
өздөрү жооп тапкандай жүргүзүү.
Компенсация Бир нерсенин ордун, эсесин толтуруу.
Компетенция 1. Кимдир-бирөө жакшы тааныш болгон билимдер
тармагы, маселелер чөйрөсү.
2. Кайсы бир органдын же кызмат адамынын ыйгарым
укуктары менен укуктарынын топтому.
516
Бийлик органы тарабынан ал кароого тийиш болгон
маселе боюнча ар кайсы коомдук топтордун пикирин
билүү максатында өткөрүлөт. Коомдук угууларда айтылган
фактылар менен маалыматтарды эске алуу аркылуу
бийлик органы чечим кабыл алат. Мында өз пикирин
айтышы жана кызыккан маселелери боюнча сунуштарын
бериши үчүн жарандарга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Коомдук угуулар
1. Көп кишилердин бирдей эле же ар түрдүү (бирок өз
ара байланыштуу) эмгек процессине чогуу катышуусун
уюштуруунун өзгөчө формасы.
2. Өз мүчөлөрүнүн каражатына түзүлгөн жамааттык
бирикме.
Кооперация
Иш-аракеттерди макулдаштыруу, айкалыштыруу, тартипке
салуу, ылайык келтирүү.
Координациялоо
Мугалим көйгөйлүү кырдаалдарды ырааттуу түзүү
жана окуу маселелерин чечүү боюнча окуучулардын
ишмердигин уюштуруу аркылуу алардын өз алдынча
изденүүсү менен илимдин даяр тыянактарын
өздөштүрүүсүнүн жакшы айкалышуусун камсыз кылган
окутуу.
Көйгөйлүү окутуу
Чукул төмөндөө, оор өткөөл мезгил Кризис
Мурда болбогон материалдык-буюмдук өнүм жасабай,
бирок бар өнүмдүн сапатын өзгөрткөн ишмердиктин,
иштин түрү. Бул буюм эмес, ишмердик түрүндө берилүүчү
байгерлик. Мындай кызмат көрсөтүүлөргө тиричилик,
коммуналдык, унаалык тейлөөлөр, окутуу, дарылоо,
маданий-тарбиялык иштер, балдар менен улгайган
кишилерди багып-кароо кирет.
Тейлөө кызматтары
Адамдардын жалпы максатка жетишүү үчүн биргелешип
иштөөсү.
Кызматташуу
Жазык кодексинде каралган мыйзамдарды ашкере кооптуу
бузуу.
Кылмыш
Мыйзамдарды кабыл алуучу бийлик органы. Кыргыз
Республикасында – Жогорку Кеңеш.
Парламент (КР
Жогорку Кеңеши)
Конкреттүү кырдаалды комплекстүү изилдеп, кабыл
алынган чечимдердин натыйжалуулугун баалаган усул.
Кырдаалдык анализ кырдаалды сыпаттоону, зарыл
чечимдердин тандалышын аныктоочу факторлор тобун
табууну, бул чечимдердин утурумдук жана алдыдагы
натыйжалардын ыңгайынан алгандагы далилдүүлүгүн
жана таасирдүүлүгүн баалоону камтыйт.
Кырдаалдык анализ
Мамлекеттеги аракеттеги мыйзамга ылайык келген;
мыйзамдуу.
Легитимдүү
(мыйзамдуу)
517
Легитимдүүлүк Коом менен өз ара иштешүү аркылуу бийлик түзүмдөрүндө
ынтымакка жетишүүгө мүмкүндүк берген бийликтин келип
чыгышынын жана иштешинин белгилүү, тарыхый жактан
калыптанган социалдык мааниси бар тартип. Көбүнесе
«мыйзамдуулук» катары которулат.
Лицензия (уруксат
кагаз)
1. Товарларды чет өлкөгө ташып чыгууга же ташып келүүгө
мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү уруксат. //
Мындай уруксатты тастыктаган документ. 2. Патенттелген
ойлоп табууну же башка техникалык жетишкендикти
пайдаланууга уруксат. // Мындай уруксатты тастыктаган
документ. 3. Кандайдыр бир ишмердикти (банк
операциялары, мергенчилик ж.б.у.с.) жүргүзүүгө берилген
уруксат // Мындай уруксатты тастыктаган документ.
Майорат (Лат. Major – улуу) кыймылсыз мүлктү (биринчи кезекте –
жер менчигин) мурастоо формасы, мында ал толугу менен
мураскорлордун улуусуна өтөт.
Мамлекет Башкаруунун белгилүү формасындагы (монархия,
республика) коомдук саясий уюм. Мамлекеттик түзүлүштүн
формасы боюнча мамлекет федерация же унитардык
болушу мүмкүн. Ошондой эле мамлекеттик түзүлүштүн
сейрек кездешүүчү формасы – биргелешкен иш-
аракеттерди координациялоо үчүн түзүлгөн бир нече көз
карандысыз мамлекеттердин бирикмеси – конфедерация
бар.
Мамлекеттик
субсидиялар
Мамлекеттик бюджеттен жергиликтүү бийлик органдарына,
ишканаларга, калкка бөлүнүп берилген жана белгилүү бир
максаттар үчүн гана жумшалуучу акчалай каражаттар,
жөлөкпул (пособие), каржылык жардам.
Мамлекеттик
суверенитет,
мамлекеттин
эгемендиги
Мамлекеттин тышкы чөйрөдөгү коз карандысыздыгы
жана мамлекеттик бийликтин өлкө ичинде үстөмдүгү;
суверенитетти сыйлоо - БУУнун Уставында бекитилген эл
аралык укуктун негизги принциби.
Маркетинг Өндүрүштү башкарууга жана чарбалык ишти уюштурууга
жасалган комплекстүү мамиле; базардын талаптарын
билүүгө жана өнүмдү көбүрөөк өткөрүүгө, тейлөө
кызматтарынын ишке ашырылышына жигердүү таасир
этүүгө негизделет.
Менежмент Интеллектуалдык, каржылык, материалдык, жана башка
ресурстарды башкаруу өнөрүнүн принциптеринин,
методдорунун, ык-жолдорунун жана формаларынын
жыйындысы.
Менчик Ээленүүчү нерселер: адатта мээнет кылып өндүрүлүүчү,
сатып же мурастап алынуучу өзүмдүк экономикалык
товарлар. Менчиктин өзүмдүк, жеке, интеллектуалдык
түрлөрү болот.
Менчиктештирүү Мамлекеттик менчикти жарандарга өткөрүп берүү.
518
Окуу же иштөө максатында башка жакка кеткен адам.
Ички жана сырткы мигрант деп айырмалашат.
Мигрант
Үй-бүлөдөгү кичүү уулдун мүлктү мурастоосу (мурастоонун
мындай түрү негизинен дыйкандар чөйрөсүндө
колдонулган)..
Минорат
Талкуунун жүрүшүнө көз салып, бардык нускамалардын
туура аткарылышын көзөмөлдөгөн адам.
Модератор
Жогорку бийлик бир гана мураскор башкаруучу – монархка
таандык болгон мамлекеттик башкаруу формасы.
Монархия
Көздөлгөн натыйжага же баштапкы болжолго дал келишин
аныктоо максатында кандайдыр бир процессти дайыма
байкап туруу.
Мониторинг
Бир эркектин бир гана аял менен никеде турушу. Моногамия
Бир адамдын (балким, тирандын) башкаруусу. Монократия
Кандайдыр бир чөйрөдө (өндүрүштө соодада ж.б.у.с.)
атаандашы жок шартта иш жүргүзүү укугунун жеке адамга,
бир ууч топко же мамлекетке таандык болушу.
Монополия
Топтор ортосунда өз ара иштешүүгө дем берип, алардын
өздөрүн бир кыйла эркин алып жүрүшүнө мүмкүнчүлүк
түзгөн көнүгүү. Адатта катышуучулар бири-бири менен
тааныш болбогон тренингдерде колдонулат.
“Муз жаргыч”
Жогорку бийлик органдары тарабынан кылмышкерлердин
жазадан толук же жарым-жартылай бошотулушу.
Мунапыс, амнистия
Кишинин белгилүү сандагы (натуралай же акчалай
туюндурулган) мүлкү бар экендигин билдирип, анын
кандайдыр бир укуктарды пайдаланышына жол койгон
шарт.
Мүлктүк ценз
Тиешелүү тартипте кабыл алынган, жогорку юридикалык
күчү бар мамлекеттик бийликтин жогорку органынын
нормативдик акты.
Мыйзам
Эч ким мыйзамдан жогору турбай, бардык кишилердин
жүрүм-туруму бир эле эрежелерге баш ийдирилген абал.
Мыйзам үстөмдүк кылмайынча мамлекеттин чегинде
адамдын укуктары менен негизги эркиндиктеринин болушу
мүмкүн эмес.
Мыйзам үстөмдүгү
Мыйзам долбоорлорун талкууга жана добушка коюу укугу
жана мүмкүнчүлүгү.
Мыйзам чыгаруу
демилгеси
Мамлекет тарабынан аныкталуучу жалпыга милдеттүү
жүрүм-турум ченемдери.
Мыйзамдар
Кыска убакыт аралыгында окуудагы маселени чечүүгө
мүмкүнчүлүк берүүчү идеялар, түшүнүктөр менен
ассоциациялардын ыкчам жаратууга багытталган усул.
«Акыл чабуулу»
Товарды же тейлөө кызматын өндүрүүгө жумшалган
эмгектин саны.
Нарк
519
Толеранттуулуктун
жоктугу (нөл)
Бийлик коомдо жарандардын айланасындагы башка
адамдардын социалдык кооптуу жоруктарына токтоосуз
жана катуу жооп кылуу механизмдерин түзүшү үчүн
ырааттуу колдоо көрсөткөн кырдаал.
Окуп-үйрөтүүчү
материалдар
Окутууда колдонулуучу материалдар: окуу китептер,
плакаттар, окуучулардын мурдагы жазгандары,
видеоматериалдар, китепкананын китептери жана башка
көптөгөн нерселер.
Окуу каражаттары Окуу максатына жетиши үчүн окуу процессинде мугалим
жана окуучулар тарабынан колдонулуучу ар түрдүү
объектилер. Буга окуунун техникалык каражаттары
да кирет (проектор, компүтер, DVD жана телевизор,
интерактивдүү тактай ж.б.у.с.).
Окшоштуруу Акыл чаптыруунун түрү; бир нерсенин башкага окшош
касиетин табуу.
Олигархия Грекче oligarсhia – oligos - “аз сандуу” жана arche - “бийлик”
деген сөздөн, саясий бийлик саналуу гана адамдарга
(байлардын же аскер адамдарынын бир ууч тобуна)
таандык болгон бийлик, режим.
Ортодоксалдык Кандайдыр бир окуунун, дүйнө таанымдын, көз
караштардын негиздерин ырааттуу жана кыйшаюусуз
түрдө сактоочу.
Отставка Кызматтан биротоло кетүү.
Отурум Өкүлчүлүк органдын же коллегиалдуу мекеменин мезгил-
мезгили менен өтүп туруучу отуруму.
Өз алдынча окуп-
үйрөнүү
Окуучулар тапшырманын үстүнөн өздөрү гана же
мугалимдин анча-мынча жардамы менен гана иштеген
кырдаал. Бирок бул сөзсүз эле жалгыз иштөө дегенди
түшүндүрбөйт.
Өз ара окуп-
үйрөнүү
Берилген көнүгүүнү аткаруу үчүн окуучулар өздөрүнүн
билимдери менен бөлүшкөн окуу. Мында мугалимдин
жардамы керек болушу да, же керек болбошу да мүмкүн.
Өзүн-өзү баалоо Окуучулар бири-бирин же өзүн баалаган усул. Анткени
окуучулар көбүнчө калыс болушат: аны өнөктөшү баалай
тургандыгын билгендиктен, ал өзүн туура баалайт.
Өкүл Кимдир бирөөнүн тапшырмасы боюнча иштеген, кимдир
бирөөнүн атынан чыгып, анын кызыкчылыктарын жактоочу
адам.
Өкмөт Өлкөнүн мамлекеттик башкаруу органдарынын
жетекчилеринен жана башка мамлекеттик
кызматчылардан түзүлүүчү коллегиалдуу жогорку аткаруу
органы же (кеңири мааниде) мамлекеттик башкаруунун
жалпы тутуму.
520
Өндүрүштүн пайдаланылган ресурстарынын,
факторлорунун бирдигине жараша өнүмдүн чыгарылышын
мүнөздөгөн өндүрүш натыйжалуулугунун көрсөткүчү;
өнүмдүн көлөмүн ага сарпталган чыгымдардын чоңдугуна
бөлгөндө келип чыгат.
Өндүрүмдүүлүк
Инвестициялардын экономикага салынышына
көмөктөшүп, ири долбоорлорго узак мөөнөттүү кредит
берген мамлекеттик же жеке менчик финансы-кредит
институту, эл аралык финансы уюму.
Өнүктүрүү банкы
Киреше менен өндүрүштүк чыгымдардын ортосундагы
айырма. Пайданын толук, жалпы түрү болот, аны дүң
пайда деп аташат.
Пайда
Өкмөттү башкаруу милдетин жалпы эл шайлаган
президент аткарган (мыйзам долбоорун же чечимди
жактыруу же четке кагуу боюнча акыркы сөз ошого
тиешелүү болгон) башкаруунун республикалык
формасынын бир түрү. Өкмөт башчы (премьер-министр
же канцлер) парламент мүчөлөрүнөн шайланат. Адатта
бул парламенттик шайлоодо көпчүлүк орунга ээ болуп,
өкмөттү түзгөн партиянын лидери. Башкаруунун мындай
түрүндө президенттик республикаларга караганда аткаруу
бийлигинин үстүнөн көзөмөл кыйла катуу болот.
Парламенттик
республика
1. Өндүрүш, соода же бир өнөр менен алектенүүгө уруксат
берген документ.
2. Ойлоп табуунун ээсине берилүүчү күбөлүк.
Патент
Текти жана мураскордукту ата тарабы боюнча аныктоо.
Мүлк эркек балдардын баарына тең бөлүнөт.
Патрилиниялуулук
Билим берүү формаларын жакшыртуу максатында техника
жана адам ресурстарын жана алардын катышын эске
алуу менен окутуунун жана билимдерди өздөштүрүүнүн
бүтүндөй процессин түзүп, колдонуунун жана аныктоонун
тутумдуу усулу. (ЮНЕСКО)
Педагогикалык
технология
Экономикалык тутумдун (системанын) келечектеги
абалын, ага жетишүүнүн жолдорун, ыктарын жана
каражаттарын аныктаган пландарды иштеп чыгууну жана
жүзөгө ашырууну камтыган башкаруунун курамдык бөлүгү.
Мындан тышкары ресурстардын кээ бир түрлөрүн пландоо
өзүнчө бөлүп каралат.
Пландоо
Коомдун экономикалык, саясий жана маданий
турмушундагы субъектилердин ар түрдүү болушун
жактаган укуктук коомдун негизги принциптеринин бири.
Ал ошондой эле коомдук түзүлүштүн принциптеринин
бири катары пикирлердин, көз караштардын ж.б.у.с. көп
түрдүүлүгүн да билдирет.
Плюрализм
Бир аял бир нече эркек менен никелешкен салт. Полиандрия
Бир эркек бир нече аял менен никелешкен салт. Полигамия
Мамлекет башчысы. Президент
521
Президенттик
республика
Башкаруунун республикалык формасынын бир түрү,
мында жалпы эл шайлаган президент юридикалык жактан
жана иш жүзүндө мамлекет менен өкмөттүн башчысы
болуп саналат.
Прецедент Окшош учурларда кийин үлгү катары колдонулушу мүмкүн
болгон иш-аракет же окуя.
Прокуратура Кылмыш иштерин ачык куугунтуктоо үчүн түзүлгөн
мамлекеттик органдар тутуму. Прокуратура органдарынын
милдетине кылмыш иштерин козгоо, аларды тергөө,
ошондой эле соттогу айыптоону мамлекеттин атынан
колдоо кирет. Прокуратура мындан тышкары сот иштерин,
өкүмдөрдүн аткарылышын, жазаны өтөөдө мыйзамдын
сакталышын ж.б.у.с. көзөмөлгө алат.
Процедура Бир нерсени жүзөгө ашыруунун же аткаруу үчүн иш-
аракеттердин расмий түрдө бекитилген тартиби.
Радикалдуу Түп-тамырынан өзгөртүүнү көздөгөн, чечкиндүү, аша
чапкан, курч көз караштарды жактаган.
Ратификация 1. Мамлекеттин өкүлү кол койгон эл аралык келишимдин
мамлекет¬тик бийликтин эң жогорку органы тарабынан
бекитилиши; эл аралык келишимдин биротоло
бекитилиши.
2. Конституциялык өзгөртүүлөрдү бекитүүнүн өзгөчө
тартиби.
Революция Табияттагы жана коомдун ар кайсы чөйрөлөрүндөгү
кандайдыр бир көрүнүштөрдүн же процесстердин
өнүгүшүндөгү кескин өзгөрүү. Тарыхта революциялар
куралдуу көтөрүлүш жолу менен жүзөгө ашырылган.
Регион Өлкөнүн бир бөлүгү, аймагы, району; ал табигый түрдө
жана тарыхый мезгилде калыптанган өзгөчөлүктөргө ээ.
Регламент Иш тартибин жөнгө салуучу документ.
Рейтинг Кимдир-бирөөнүн, уюмдун ж.б. таанымалдык даражасы.
Референдум Демократияны түздөн-түз жүзөгө ашыруу формасы, добуш
берүү аркылуу жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү
маселелерди чечүү. Ошондой эле өлкөнүн мамлекеттик
турмушу жаатындагы орчундуу маселелер боюнча жалпы
элдик сурамжылоо.
Рефлексия 1) Ой жүгүртүү, өзүн-өзү байкоо.
2) Философияда – өзүнүн жеке аракеттери менен алардын
мыйзамдарын аңдап-билүүгө багытталган адамдын
теориялык ишмердигинин түрү.
3) Окутууда: 1) бардык нускамалардын туура
түшүнүлгөнүнө ынануу; 2) окуучулар тапшырманы
жакшыраак кунт коюп угушу; 3) окуучулардын көңүлүн
тапшырманын аткарылышына буруу үчүн мугалим
тапшырманы аткартуу алдында анын шартын
окуучулардан иргеп сураган таяныч.
522
«Ролдук оюн – көңүлдү кишилердин инсан аралык
катышуусуна бурган үлгүлөөнүн өзгөчө түрү» (М. ван
Ментс). Ролдук оюн кайсы бир каармандардын иш-
милдетин ар түрдүү кырдаалдардагы анын жүрүм-турумун
үлгүлөштүрүп көрүү, үйрөнүү үчүн колдонулат.
Ролдук оюн
Ишканалардын, уюмдардын жана жарандардын акча
каражаттарынын эсебинен атайын камдык фондуларды
түзүү.
Камсыздандандыруу
Муундан муунга оозеки же жазуу түрүндө өтүп, коомдук
мамилелерди жөнгө салган түшүнүктөр, жөрөлгөлөр
ошондой эле практикалык жана коомдук ишмердиктин
адаттары менен көндүмдөрү.
Салт
Мамлекеттик бийликтин борбордук жана жергиликтүү
органдары жеке адамдардан жана юридикалык
тараптардан чогултуп, мамлекеттик жана жергиликтүү
бюджетке түшүрө турган милдеттүү төлөмдөр. Салык –
мамлекеттин казынасына түшүүчү каражаттын башкы
булагы. Салык чарба турмушундагы экономикалык
процесстерди жөнгө салуу ыкмаларынын бири катары да
колдонулат.
Салык
1. Таасир этүү чарасы.
2. Социалдык көзөмөлдүн эң маанилүү каражаты.
Санкция
Жарандын саясий турмушка активдүү катышуу укугу. Саясий укуктар
Фактыларды шайкеш бүтүндүккө же чыгармачылык менен
бириктирүү.
Синтез
Экономика менен сооданы, эң биринчи кезекте өлкөлөр
ортосундагы тышкы соода мамилелерин өнүктүрүүгө
колдоо көрсөтүүчү эл аралык коомдук же мамлекеттик
уюм. Соода палаталары фирмалардын ишкер чөйрөлөрүн
бириктирүүгө, соода байланыштарын бекемдөөгө, соода
операцияларынын катышуучуларына зарыл маалыматты
берүүгө умтулат.
Соода палатасы
Алгылыктуу чечимдерди кабыл алуу максатында сандык
маалыматтарды уюштуруу, чогултуу, талдоо, чечмелөө
жөнүндөгү илим.
Статистика
Туруктуу, ар дайымкы, өзгөрбөс. Стабилдүү
Иш-аракетке түрткү берүүчү, бир нерсе жасоого
кызыктыруучу себеп.
Стимул, түрткү
Ички жана тышкы мамилелерди жүргүзүүдө мамлекеттин
башка мамлекеттерден толугу менен көз каранды эмес
болушу; улуттук суверенитет - улуттун (элдин) социалдык
жана саясий түзүлүштү тандоого, аймактык бүтүндүккө,
экономикалык жактан көз карандысыздыкка болгон
укуктарынын жыйындысы.
Суверенитет,
эгемендик
Экономикада: башка кишилердин пайдалануусу үчүн
товарлардын болушу.
Сунуш
523
Суггестия Адамды белгилүү бир абалга келтирүү, айрым
түшүнүктөрүн жаратуу же кандайдыр бир иш-аракеттерге
түртүү максатында анын психикасына сөз жүзүндө да, сөзү
жок да түрдө эмоциялуу таасир этүү процесси.
Талап Кардарлардын, керектөөчүлөрдүн акчасына жараша
товарды сатып алууга болгон каалоосун, ниетин
түшүндүрүүчү базар экономикасындагы ири түшүнүк.
Талаптын чоңдугу кардар тийиштүү убакытта жана
тийиштүү баада сатып алууну каалаган жана сатып ала
алган товардын көлөмү менен аныкталат.
Сүннө Мухаммед пайгамбардын накыл кептеринин жана анын
иштерин баяндаган уламыштардын жыйнагы, ал динге
ишенгендер үчүн жүрүш-туруш үлгүсү катары колдонулат.
Сүрөөндөө Адамдардын айрым тобунун атайын максат менен өкмөткө
таасир этиши.
Сынактан өткөрүү Дайыма пайдаланууга чейин бир нерсени баалап,
жакшыртуу максатында сыноо процесси.
Сынчыл ой жүгүртүү «Сынчыл ой жүгүрткөн киши маселени чечүү жолун өзү
табат жана бул чечимди акыл-эстүү, негиздүү тыянактар
менен бекемдейт. Ал ошол эле маселенин мүмкүн болуучу
бөлөк чечимдерин да караштырып, ал тандаган чечим
башкаларга караганда жүйөлүү жана акылдуу чечим
экендигин далидөөгө аракет кылат». Д. Клустер
Таксономия Ичинде категориялары менен ырааттуу деңгээлдери
(иерархиясы) бөлүнүп көрсөтүлгөн максаттардын так
тутумун түзүү.
Дебаттар Кайсы бир маселени талкуулоо учурундагы ачык талаш-
тартыш, кайсы бир маселелер боюнча пикир алышуу.
Текстти окуганга
чейинки көнүгүү
Окуучулар текстти окуганга жана аңдап-түшүнгөнгө
чейин аткарууга тийиш болгон көнүгүү. Бул текстте
берилген материалды оңой кабыл алууга жардам берип,
айрым жаңы идеялар менен тааныштырат же алдыда
ойлонуштурула турган суроолорду коюуга окуучулардын
көңүлүн бурууга шарт түзөт.
Текстти
ыңгайлаштыруу
Окуучулардын тилди билишине жараша текстти
жөнөкөйлөтүү, ылайыкташтыруу, жеңилдетүү же
татаалдантуу.
Баланс 1. Теңдештик. 2. Кайсы бир кубулуштун, процесстин
кандайдыр бир ишмердиктин ж.б.у.с. белгилүү катышы
(адатта сан менен туюнтулат).
524
Грекче techne “өнөр, чеберчилик”, жана... “логия”
деген сөздөн, өнүм өндүрүү процессинде чийки затты,
материалды же жарым фабрикатты иштетүү, даярдоо,
сапатын, формасын өзгөртүү усулдарынын жыйындысы;
технологиялык процесстерде иштей турган физикалык,
химиялык, механикалык ж.б. мыйзамченемдүүлүктөрдү
иликтеген илим тармагы. Технология деп ошондой
эле жалпы өндүрүштүк процесстин бөлүгү болгон
алуу, иштетүү, ташып жеткирүү, сактоо, көзөмөлдөө
операцияларын да аташат.
Технология
Сүйлөшүүгө катышкандардын талаш маселелер боюнча
мунасага келиши.
Консенсус
Грекче Tyrannis деген сөздөн, байыркы грек
полистериндеги мамлекеттик бийликтин өкүмзордук
менен орнотулган жана жеке өкүмчүлдүккө негизделген
формасы. Катаал, залим башкаруу.
Тирания, залимдик
1. Кайсы бир иш-аракетти жасоого, өзгөчө абалды, мүлктү,
товарды ээлөөгө болгон укуктун юридикалык, документтик
негизи.
2. Кайсы бир иште жетишкен ийгиликтери, сиңирген эмгеги
үчүн ыйгарылган аталыш, наам.
Титул (наам)
Базарда сатуу үчүн өндүрүлгөн өнүм же тейлөө кызматы. Товар
Биздин дүйнөнүн бай маданиятынын көп түрдүүлүгүн,
адам өзүнчөлүгүнүн көрүнүштөрүн жана өзүн туюндурууну
сыйлоо, кабыл алуу жана туура түшүнүү (ЮНЕСКОнун
Толеранттуулук принциптери декларациясы).
Толеранттуулук,
сабырдуулук
Чет өлкөгө жөнөтүлүүчү төлөмдөр менен чет өлкөдөн
келүүчү каражаттардын ортосундагы айырма.
Төлөм балансынын
сальдосу
Топ менен иштөөдө убакыттын сакталышына көз салган
киши.
Убакыт кароочу
Кайсы бир нерсенин түрүнүн, формасынын, негизги
касиеттеринин өзгөрүшү.
Трансформация,
өзгөрүү
(лат. Structura – курулуш, жайгашуу, тартип) ар түрдүү
сырткы жана ички өзгөрүүлөрдө объектинин негизги
касиетинин сакталып калышы.
Түзүм
Бийликти басып алуу же башкалардын укуктарын,
ыйгарым укуктарын мыйзамсыз түрдө ээлеп алуу.
Узурпация
Сөздүн тар маанисинде – мамлекет бекиткен же уруксат
берген жалпыга милдеттүү социалдык ченемдердин
тутуму, кеңири маанисинде буга мамлекет бекиткен,
кепилдеген жана коргой турган укуктук мамилелер менен
жарандык негизги укуктар да кирет.
Укук
Негизги (атайын) милдети мыйзамдуулукту коргоо,
кылмыштуулук жана башка укук бузууларга каршы күрөш
жүргүзүү болгон мамлекеттик органдар. Сот, прокуратура,
ички иштер, коопсуздук, юстиция, арбитраж органдары
укук коргоо органдары болуп саналат.
Укук коргоо
органдары
525
Улут 1. Жашоо аймагы, экономикалык турмуш шарты, тили,
тиричилик жана маданий салттарынын жалпылыгы
менен бириккен кишилердин жалпылыгынын тарыхый
калыптанган мамлекеттик-саясий формасы. 2. Батыштын
салты боюнча белгилүү региондо турууну чечип, анда
жашаган адамдардын жалпылыгы менен өздөрүн
байланыштырган бардык кишилер улутту түзөт.
Улутчулдук Улуттук бөлүнүүнү жана артыкчылыкты үгүттөгөн
идеология жана саясат.
Унитардык
мамлекет
Мамлекеттик түзүлүштүн формасы, мында анын бөлүктөрү
административдик-аймактык бирдик деп саналат да, өз
алдынча мамлекеттик түзүлүш макамына ээ болбойт.
Уруу Алгачкы коомдогу этникалык жалпылыктын жана
социалдык уюмдашуунун тиби.
Уруучулдук,
трайбализм
Англ. tribalism - лат. tribus - “урук” деген сөздөн, маданияты,
тиричилиги, ишеними жана коомдук-саясий турмушу
боюнча уруунун башкалардан бөлүнүүчүлүгү.
Үлгүлөштүрүү Иш жүзүндө бар болгон же долбоорлонуп жаткан
объектилердин (процесстер менен көрүнүштөрдүн)
үлгүлөрүн түзүү, өркүндөтүү, окуп-үйрөнүү же колдонуу.
Мисалы, биз көрсөткөн жүрүм-турумду, жол-жобону же
кырдаалды башкалар кайталоого тийиш.
Үрп-адат Кайсы бир элдин, коомдук топтун тиричилигинде эзелтен
тамырлап бекемделген, жалпы кабыл алынган салттуу
жол-жобо.
Федеративдүү
мамлекет
Белгилүү юридикалык жана саясий өз алдынчалыкка ээ
болгон мамлекеттик түзүлүштөрдөн турган мамлекет;
федерацияда саясий бийлик эки түрдүү бийлик
органдарынын (федералдык бийлик жана федерация
субъектилеринин бийлиги) ортосунда бөлүштүрүлөт.
Форум Кандайдыр бир маанилүү маселелерди чогуу талкуулап,
чечүү үчүн өткөрүлүүчү иш-чара.
Фракция 1. Партиянын өзүнчө уюштуруу борбору, жалпы
партияныкынан айырмаланган позициясы бар бөлүгү.
2. Саясий партия мүчөлөрүнүн уюмдашкан тобу; ал
парламентте, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарында, коомдук уюмдарда өз саясатын жүргүзөт.
Харизма Өзгөчө акыл-эси, руханий же дагы башка инсандык
сапаттары боюнча кадыр-баркка ээ болгондук.
Чыгаша Экономикадагы ар түрдүү чыгашалар; эреже катары
баанын негизги курамын түзөт. Түзүлүү чөйрөсү
(жүргүртүү чыгымдары, өндүрүш, соода, унаа жана сактоо
чыгымдары) жана баага кошулуу ыгы (толугу менен же
бөлүк-бөлүк болуп) менен айырмаланат.
Чиновник,
кызматкер
Мамлекеттик кызматкер.
526
Кандайдыр бир жаңы, башкалардан айырмалуу нерсени
жаратуу жөндөмдүүлүгү. Көбүнчө кызматчылардын
мындай жөндөмү (бөлөк билгичтиктерине
салыштырмалуу) көбүнесе өтө жогору бааланат.
Чыгармачыл
(лат. сonflictus – кагылышуу), тараптардын, ой-пикирлер
менен күчтөрдүн кагылышуусу.
Конфликт
Мамлекет башчысын жана парламент менен аткаруу
органдарындагы өз өкүлдөрүн шайлай турган элдин өз
эркин билдирүү процесси.
Шайлоо
Кайсы бир талапкерди же чечимди колдоп добуш берүүгө
укугу бар мамлекет жараны.
Шайлоочу
Куран менен Сүннөгө негизделген диний жана юридикалык
ченемдердин жыйындысы; мусулмандык укук.
Шариат
Кызмат адамына же мекемеге бийлик органдары
тарабынан берилүүчү укуктар.
Ыйгарым укуктар
Коюлган суроолорго жооп табуу максатында угуу же окуу.
Ынтаасы жок угууда (же окууда) тескерисинче, угуучунун
алдында аягында кандайдыр бир так максатка жетүү
милдети турбайт.
Ынтаалуу угуу, окуу
Адамдын же социалдык топтун коомдогу чөйрөгө
ыңгайлашуусу. Ыңгайлашуунүн жүрүшүндө анда
катышуучу субъектилердин талаптары менен күтүүлөрү
дал келиштирилет.
Ыңгайлашуу
Табияттагы жана коомдогу кыймылдын, өнүгүүнүн бир
формасы – үзгүлтүксүз, ырааттуу түрдө жүрүүчү өзгөрүү.
Эволюция
Баасы, күчү бирдей өнүм. Эквиваленттүүлүк товарларды
салышты- рууда жана алмаштырууда өзгөчө мааниге
ээ. Бул максатта товардык эквиваленттер колдонулат,
б.а. башкаларга теңдеш баадагы товарлар баалуулукту
салыштыруу эталону катары пайдаланылат. Бардык
товарлар салыштырылуучу жалпы товардык эквивалент
болуп акча саналат.
Эквивалент
Менчикке ээ болуу, ишкердик менен алектенүү, өзүнүн
жумушчу күчүнө эркин түрдө ээлик кылуу укугу.
Экономикалык укук
Экономикалык объектилерди башкаруудагы мамлекеттин
ролун, функцияларын азайтуу менен бирге мамлекеттик
менчикти жекелештирүү, мамлекеттик органдардын бир
катар ыйгарымдарынын жекече мекемелерге өткөрүп
берилиши, жекече ишкердикти өнүктүрүү.
Экономиканы
мамлекеттен
ажыратуу
Аша чапкан, чектен тыш. Экстремалдуу
527
Эл аралык акча-
кредит уюмдары
Өлкөлөрдүн ортосундагы валюта, кредит-каржы
мамилелерин жөнгө салуу, өлкөлөрдүн экономикалык
жактан өнүгүшүнө көмөктөшүү, кредит жагынан жардам
берүү максаты менен мамлекет аралык мамилелердин
негизинде түзүлгөн эл аралык каржы уюмдары. Мындай
уюмдардын катарына Эл аралык алыш-бериш банкы, Эл
аралык валюта фонду, Эл аралык реконструкция жана
өнүктүрүү банкы, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы, Эл
аралык каржы корпорациясы, Европа инвестиция банкы,
региондук эл аралык өнүктүрүү банктары кирет.
Эл аралык
конвенция
Эл аралык келишимдердин бир түрү.
Эл аралык укук Мамлекеттер ортосундагы укуктук мамилелерди, жалпы
иш жүргүзүү принциптерин жана эл аралык уюмдардын
жүрүм-турумун, ошондой эле кээ бир мамлекеттердин
айрым инсандар менен кайсы бир мамилелерин жөнгө
салат.
Электорат,
шайлоочулар
Парламенттик, президенттик же муниципалдык
шайлоолордо кайсы бир партия үчүн добуш берүүчү
шайлоочулар чөйрөсү.
Элдик курултай Кыргыздардын тарыхый салты катары Конституцияда
бекитилген, жарандардын чогулуп мамлекеттик органдар
менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын
ишмердиги жаатындагы маселелерди жана мамлекет
үчүн маанилүү болгон башка маселелерди талкуулоо
укугу. Элдик курултайдын чечими сунуштар оозеки же
арыз түрүндө юридикалык жактан таризделип, тийиштүү
(мамлекеттик, коомдук жана сот) органдарга жөнөтүлөт.
Элита Адамдардын өзгөчөлөнгөн чөйрөсү; коомдун кайсы
бир бөлүгүнүн эң эле көрүнүктүү өкүлдөрү, социалдык
иерархиянын эң жогорку катмары.
Тил табышуу Өтүшүү жолу аркылуу жетишилген макулдук.
Эркин базар Иш-аракети эркин атаандаштыктын шартындагы суроо-
талап менен сунуштоого гана жараша боло турган базар.
Эсептөө палатасы Бир катар өлкөлөрдө каржылык көзөмөл жүргүзүүчү эң
жогорку орган.
Этникалык тек
(этнос)
Ата-теги (каны), тарыхы, тили жана маданияты жалпы
болгон кишилердин туруктуу тобу.
Эффективдүү
катышуу
Уюмдун бардык мүчөлөрүнүн саясий катышуусу.
Юрист Укук жаатындагы адис.
44