Тема: Саясий басма сөз
Сабактын максаты:
газеталык макалаларды жана саясий мүнөздөгү карикатураларды анализдөө ыктарын иштеп чыгуу;
саясий маселелерге өз көз караштарын иштеп чыгууга жана аларды коргоо ыктарын калыптандыруу;
башка көз караштарга сабырдуу болууга тарбиялоо.
Негизги түшүнүктөр: саясат, саясий партия, саясий идеология, карикатура, саясий басма сөз.
Сабактын планы
Кыргызстандагы азыркы саясий басма сөз (бир нече мисалда).
Саясий тексттерди анализдөө.
Саясий карикатураларды анализдөө.
Жаңы окуу материалын түшүндүрүүнүн алдында мугалим үй тапшырмаларынын аткарылышын текшерет. Саясий партиялардын типологиясын айкындоого жана саясий идеологиянын түрлөрүн түшүнүүсүнө өзгөчө көңүл бурулат.
1. Кыргызстандагы азыркы саясий басма сөз
Сабактын башталышында мугалим окуучуларга саясий партиялар өз идеяларын пропагандалоо жана жаңы тарапкерлерди издөө максатында саясий басма сөздү пайдаланарын түшүндүрөт. Мугалим окуучуларга өздөрүнө тааныш газеталарды атоону жана бул басылмалардын саясий спектрдеги ордун (солчул, оңчул, ортодо) аныктоону сунуш кылат. Андан ары мугалим окуучулардын көңүлүн, газетанын саясий багыты макалалардын аталыштарынан эмес, анын тексттеринин мазмунунан көрүнөөрүнө көңүлүн бурат. Сабакта ушул тексттерди анализдөө менен алек болушат.
2. Саясий тексттерди анализдөө
Материалды түшүндүрүүнү баштап, мугалим окуучуларды саясий тексттерди анализдей турган алгоритм менен тааныштырат.
Саясий тексттерди анализдөө алгоритми
Тексти башынан аягына чейин окуп чыккыла.
Эгерде текстте аталышы болсо, автор эмне үчүн ушундай аталышты тандагандыгы тууралуу ойлонгула.
Тексттин башкы максаты кандай?
Аталган саясий текстти саясий спектрдин кайсы шкаласына кошууга болоорун аныктагыла. Өз көз карашыңарга аргумент келтиргиле.
Аталган саясий текст кайсы саясий топко эсептелген?
Тексттин башкы оюна, автордун көз карашына өз мамилеңерди билдиргиле.
Тексттин башкы оюна негизденип корутунду чыгаргыла.
Окуучуларды алгоритм менен тааныштыргандан кийин, мугалим аны кантип колдонуу керектигин көрсөтөт. (бир газеталык макаланын мисалында).
Андан ары окуучуларга анализдөө үчүн, татаалдыгы боюнча мурункуларга окшош, башка текст сунуш кылынат. Окуучулар мурда окулган текстти колдоно алышат (класска алынып келинген газеталардан). Тапшырма жазуу жүзүндө аткарылат. Бул жерде иштөөнүн топтук формасын колдонуу максатка ылайыктуу. Жогорку класстын окуучулары тапшырманы аткарышкандан кийин, мугалим бир-эки окуучудан алгоритмде көрсөтүлгөн суроолорго жооп берүүнү сурайт.
Алгоритмди колдонуу ыктарын бекемдөө үчүн ушундай эле татаалдыктагы башка тексттин мисалында саясий текстти анализдөөнү кайталоо жакшы болот; бул жолу текстти мугалим сунуш кыла алат.
Окуучулар ушундай эле татаалдыктагы саясий тексттерди анализдөөнү өздөштүргөнүнө ынангандан кийин, кыйла татаал саясий тексттерди анализдөөнү сунуш кылуу керек.
3. Саясий карикатураларды анализдөө
Саясий карикатура — бул, көбүнчө, бардыгына белгилүү саясатчылардын келбетин тартуу, актуалдуу кырдаалдагы темаларга, аларга мүнөздүү ой пикирлерге вариациялоо; булардын бардыгы экономикалык формада болууга тийиш. Көбүнчө саясий карикатураларда саясий окуялардын жана көрүнүштөрдүн терс жактары келекеге алынат.
Мугалимге ар түрдүү карикатураларды көрсөтүү менен өз түшүндүрүүлөрүн коштоо сунуш кылынат. Аларды «Агым», «Республика» газеталарынан ж.б. басылмалардан табууга болот.
Түшүндүрүүнү аяктап жатып, мугалим карикатураларды окуй билүүнү үйрөнүүнү сунуш кылат. Бул үчүн мугалим окуучуларды дагы бир алгоритм менен тааныштыруу керек.
Саясий карикатураларды анализдөө алгоритми
Аталган карикатуранын башкы идеясы кандай?
Аталган карикатура эмнени келекеге алат (саясий ишмердин тышкы келбети, анын жүрүш-турушу, саясий окуя же көрүнүш)?
Эгерде карикатурада саясатчы же адамдардын тобу тартылса,аталган карикатура анын (алардын) кадыр-баркын басмырлап жатабы?
Аталган карикатуранын автору кайсы саясий идеологиянын тарапкери экендигин аныктагыла? Өз жообуңарды аргументтештигиле.
Аталган карикатура кайсы социалдык топко эсептелгенин аныктагыла? Жообуңарды аргументтештиргиле.
Аталган карикатуранын башкы идеясына өз пикириңерди билдиргиле.
Бул карикатура кайсы максат менен түзүлгөнү тууралуу ойлонгула (анда тартылган саясатчынын маскаралоо, анын олуттуу кемчиликтерин көрсөтүү, коомдук нааразылыктарды күчөтүү, терс саясий көрүнүштөрдү келекеге алуу ж.б.у.с.). Өз көз карашыңарды аргументтештиргиле.
Мугалим алдын-ала даярдалган мисалда алгоритмди кантип колдонуу керектигин көрсөтөт. Андан ары окуучуларга, тартылышынын татаалдыгы боюнча биринчисине окшош башка карикатураны анализдөө сунуш кылынат. Тапшырма фронталдуу (эгерде мугалимдин колунда бир эле сүрөт болсо), индивидуалдуу (эгерде карикатуралар көп болсо) түрдө аткарылат.
Бир-эки окуучу классты анализдөөнүн өз варианттары менен тааныштырат. Алгоритм боюнча саясий карикатураны анализдөө ыктарын бекемдөө максатында, тартылышынын татаалдыгы боюнча мурункусуна окшош болгон башка карикатураны колдонуп, ишти кайталоо максатка ылайыктуу, андан кийин кыйла татаалырагы менен иштөө керек. Бул тапшырмалар (мурункулардай эле) жазуу жүзүндө аткарылат.
Үйгө тапшырма
Газеталардан жана журналдардан, авторлору карама-каршы идеологиялык көз караштагы эки саясий макаланы тандоо. Алгоритмди колдонуп, эки макаланы анализдегиле.
Газеталардан жана журналдардан эки саясий карикатураны тандоо: биринчиси саясий ишмердин сүрөтү, экинчиси – саясий көрүнүштөрдүн терс жактарын келеке кылган сүрөт. Алгоритмди колдонуп эки карикатураны анализдөө.