СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адамдын адептик кемчилигинин тагдырына

Нажмите, чтобы узнать подробности

    Адеп-ахлактуулук (орус. Нравственность) – коомдук турмуштун, коомдун өнүгүшүнүн жана тарыхый прогресстин эң маанилүү жана маңыздуу факторлорунун бири, мораль.

Просмотр содержимого документа
«Адамдын адептик кемчилигинин тагдырына»

Мугалимдин фамилиясы:Мусаева Элизат

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Адамдын адептик кемчилигинин тагдырына тийгизген терс таасири.

Сабактын методу: Аӊгемелешүү

Сабактын тиби:Аралаш

Сабактын формасы:дискуссия сабагы

Сабактын максаты :

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Адамдын адептик кемчилигинин тагдырына тийгизген терс таасири жөнүндө окуп үйрөнүшөт.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук,тарбиялоочулук): Адеп,тарбия,адамгерчилик, адамдын кемчилиги, терс жана оӊ сапаттары боюнча түшүнүгү ѳнүгѳт. Адептүү болуу менен жакшы сапаттарга ээ болууга тарбияланышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмне берет?): Адамдын адептик кемчилигин оӊдоо, адамдын жүрүм туруму, кулк мүнөзү адамдын келечегине таасири, терс жана оӊ сапаттары боюнча түшүнүк алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими(мурунку билими)): Адеп,тарбия,адамгерчилик, адамдын кемчилиги, терс жана оӊ сапаттары боюнча түшүнүгү бар.

Убакыт:40 минута

Убакытты болүштүрүү: Чакыруу этабы:5-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):15-20

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):10-12

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы(8мин):

Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Сабактын чөйрөсү:

Жагымдуу маанай түзүү: Баштыкчада катылган нерсени табуу.

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо

Ата-мекендин даӊктуу уулдарын атап, ал адамдын силерге тийгизген таасирин айтып бергиле. Эмне үчүн кыргыз эли ал адам менен сыймыктанышы керек?

Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Адеп-ахлактуулук (орус. Нравственность) – коомдук турмуштун, коомдун өнүгүшүнүн жана тарыхый прогресстин эң маанилүү жана маңыздуу факторлорунун бири, мораль.

Коомдун мүчөлөрүнүн сезимдеринин, умтулууларынын жана кыймыл-аракеттеринин башка адамдардын сезимдери, умтулуулары жана кыймыл-аракеттери, алардын жана бүтүндөй коомдун кызыкчылыктары жана баалуулуктары менен өз ыктыярдуу шайкеш келүүсү аркылуу аныкталат. Ыктыярдуулук жана көпчүлүк менен макул болуу Адеп-ахлактуулуктан бардык кубулуштарына мүнөздүү белгилер. И. Канттын пикири боюнча, Адеп-ахлактуулуктуу сезим «жалпы эрктен белгилүү бир деңгээлде көз каранды жеке эрк» болуп эсептелет. Адеп-ахлактуулуктун маңызы этиканын предмети болуп саналат.

Адеп тарбиясы - адамдын коомдогу моралдык аң-сезимин жашоодогу максатка жараша калыптандыруу, ызааттуу жүрүм-турум көнүмүштөрүн пайда кылуу, ошондой эле өз элинин үрп-адаттарынын прогрессивдүү үлгүлөрүн сактоого, байытууга, башка улуттардын салтын урматтоого тарбиялоо. Адамдын эрки менен рухий байлыгынын шайкеш келиши адептүүлүккө жатат. Адеп тарбиясы эмгекке жана коомдук мүлккө туура мамиле жасоо, достукка, чынчылдыкка, адептүүлүккө жана ар ким өзүнүн жүрүм-турумуна сын көз менен кароого жана башка кемчиликтерин адилет сындоого үйрөтөт. Ал коомдук аң-сезимдин эң маанилүү формасы болуп саналат. Адам өмүр бою тарбияланып такшалат, ошентсе да, тарбиянын башаты, жүрүш-туруштун тигил же бул эрежелерине калыптануусу негизинен балалык, өспүрүм кезинен башталат. Мезгил өткөн сайын бул адат өркүндөп-өрчүй берет. Ар бир коомдун өзүнүн социалдык түзүлүшүнө жараша адептүүлүк эрежелери болот.

Адептүү болуунун төмөнкүдөй үч пайдасы бар:

  1. Аброюң. Башкалардын сен жөнүндө кандай ойдо болору сенин аларга кылган мамилеңе жараша болот. Эгер адептүү болсоң, башкалар сени жетилген, жоопкерчиликтүү адам катары көрүшөт жана сага да ошондой мамиле кылышат. Ал эми орой болсоң, башкаларга өзүңдү эле ойлогон адамдай көрүнүп калышың мүмкүн. Ошонун айынан жумушка орношуу кыйын болот жана башка көп нерселерден да кур каласың.

  2. Достук мамилелер.  Адатта, биз адептүү, сылык-сыпаа адамдарга тартылып, алар менен достошкубуз келет. Ал эми орой же катаал адам менен эч ким мамилелешкиси келбейт.

  3. Башкалардын мамилеси.  «Эгер дайыма сылык-сыпаа болсоң, атүгүл орой кишилер да убакыттын өтүшү менен сага жакшы мамиле кыла баштайт». Ал эми орой болсоң, алар да сага ошентишет. «Башкаларга кандай мамиле кылсаңар, силерге да ошондой мамиле кылышат».

Жыйынтык: Бизге күнүгө башкалар менен мамилелешүүгө туура келет. Башкалардын сен жөнүндө кандай ойдо болору жана сага кандай мамиле кылары сенин аларга кылган мамилеңе жараша болот. Кыскасы, адептүү болгонуң абдан маанилүү!

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):

  1. Өзүңдүн канчалык адептүү экениңди текшер. Мындай деп ойлонуп көр: «Улууларды урматтаймынбы? „Рахмат“, „кечирип коюңузчу“ деген сөздөрдү дайыма айтамбы? Бирөө менен сүйлөшүп жатканда SMS жазышууга же башка нерселерге алаксый бербеймби? Ата-энеме, бир туугандарыма жылуу-жумшак мамиле кыламбы же „алар мени түшүнөт“ деп оңураңдай беремби?»

«Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла»

  1. Максат кой. Кайсы үч жактан жакшыргың келип жатканын жаз. Мисалы: 1.Сөз бербей сүйлөй берген адаты таштап, кунт коюп укканды үйрөнүү керек 2. Үйдөгүлөр же достору менен сүйлөшүп жатканда SMS жазыша бергенди коюуу керек, бул аларды сыйлабастыкка жатат. Анткени сен аларды эмес, SMS жазышып жаткан кишини артык көрүп жаткандай эле болуп калат. 3. Башкалардын сөзүн бөлө бермей адаттч таштоо керек. «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» .

  2. Кайсы жактардан жакшырганыңды текшер. Кайсы жактардан оңолгуң келсе, ошол жагыңды жакшыртканга бир ай аракет кылып көр. Анан бир айдан кийин: «Адептүү болуу жагынан кандай ийгиликтерге жеттим? Дагы кайсы жактарымды жакшыртышым керек?» — деп ойлонуп көр. Андан кийин ошого жараша дагы башка максаттарды кой.

«Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла» .

Билесиңби? Бир өлкөдө адептүүлүккө жаткан нерсе башка өлкөдө адепсиздик деп эсептелиши мүмкүн. Мисалы, жапондор, кыргыздардай эле, үйгө киргенде бутун чечип киришет. Бул адептүүлүк болуп саналат. Башка өлкөлөрдө болсо бул адепсиздикке жатат.

Үйгѳ тапшырма: Адептүү болгондо жана адепсиз болгондо кандай жыйынтык берет жазып келгиле.

Баалоо: ѳзүн ѳзү жана топто баалоо