Просмотр содержимого документа
«"Адамдын коомдогу жүрүм-туруму"»
Баткен облусу,
Сүлүктү шаары
Р.Жолбаев атындагы № 4 орто мектебинин тарых,адам жана коом предметинин мугалими
Бердиева Бурулай
5-класс.Адам жана коом предмети.
Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү
Сабактын усулу: Интерактивдүү ыкма
Сабактын жабдылышы: Окуу китеби,план-конспект,
схемалар,сүрөттөр,
таблицалар,техникалык каражаттар.
Сабактын темасы: Адамдын коомдогу жүрүм-туруму
Сабактын максаты: Сабактын көрсөткүчтөрү:
1.Билим берүүчүлүк-окуучулар адамдын коомдогу жүрүм-туруму жөнүндө маалымат алышат,
2.Өнүктүрүүчүлүк-окуучулар сынчыл-ойломдорун,ык-машыгууларын
,көндүмдөрүн өнүктүрө алышат,
3.Тарбия берүүчүлүк-окуучулар окутулган окуу материалдарын практикалык жагдайларда колдоно билүүгө,өзүнүн көз карашын коргой билүүгө,коомдо өзүн тарбиялоого үйрөнө алышат.
- 1.Окуучулар адамдын коомдогу жүрүм-туруму жөнүндө маалымат алышса,
- 2.Окуучулар сынчыл-ойломдорун,ык-машыгууларын,көндүмдөрүн өнүктүрө алышса,
- 3.Окуучулар окутулган окуу
- материалдарын практикалык жагдайларда
- колдоно билүүгө,өзүнүн көз карашын коргой билүүгө,коомдо өзүн тарбиялоого үйрөнө алышса .
Жаңы теманы окуп-үйрөнүүнүн планы :
- 01-тапшырма: Окуу үчүн текст.
- Адамдар эң байыркы доордон эле биргелешип жашайт.Адам биологиялык жандык катары жашоо эрежелеринин айрымдарын төрөлгөндө эле
- ата-энесинен мурастап алат.Адам үй-бүлөдө төрөлүп,ата-энесинин жана аны курчаган адамдардын жардамы менен адам катары калыптанат.
- Адамдын калыптанышына үй-бүлөдөгү,мектептеги,
коомдук турмуштагы,
баарлашуулар чоң таасир этет.коомдо жашап туруп андан эркин болуу мүмкүн эмес.Анткени адамдын жеке кызыкчылыктары коомдук кызыкчылыктар менен чектелип турат.Силер ар кандай чоң же кичине топтун,үй-бүлөнүн,өзүңөр окуган класстын,мектептин мүчөсү болосуңар.
Сөздүктөр менен иштөө:
- Адамдардын коомдогу жүрүм-турумун
жөнгө салган эрежелер коомдо жашоонун эрежелери болуп саналат.
- Мораль-адамдардын жакшы жана жаман,жакшылык жана жамандык акыйкаттык,милдеттүүлүк,ар намыс сыяктуу түшүнүктөрүнө негизделген жүрүм-турум эрежелеринин жыйындысы.
Укук жана мыйзам.
- Укук-мамлекет тарабынан бекитилген,бардык адамдар милдеттүү түрдө аткара турган жүрүм-турум эрежелеринин жыйындысы.
- Мыйзам-мамлекет же эл тарабынан кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин камтыган ченемдик-укуктук документ.
Адамдардын укуктары жана милдеттери. Ар бир адам төрөлгөндөн баштап улутуна,жынысына,тилине,материалдык жана социалдык абалына карабастан башка адамдар менен бирдей укукка ээ. Кыргыз Республикасында адамдардын негизги укуктары өлкөнүн баш мыйзамы-Конституцияда бекитилген.
Алардын ичинен «Адам укуктарынын жалпы декларациясы»маанилүү орунда турат.Бул документ 1948-жылы кабыл алынган.Анда адамдын 30укугу жазылган.Декларацияда:бардык адамдар тең укукта жана эркин төрөлөт.Адам жашоого укуктуу.Кулчулукка,адамды кыйноого тыюу салынат.
Адам укугу-адам төрөлгөндөн баштап анын эркин жана жакшы жашоосун камсыздай турган эрежелердин жыйындысы.
« Балдардын укуктары жөнүндө конвенция»
Балдардын укуктары жөнүндө конвенция»
Милдет-аткарууга зарыл болгон иш-аракеттердин жыйындысы. Конвенция-аткарууга милдеттүү болгон эл аралык келишим.
- Өзүңөрдүн билимиңерди текшергиле: 1.Адамдардын жана балдардын укуктары кандай документтерде аныкталган? 2.Мораль деген эмне? Баалоо: көрсөткүчтөргө карап бааланат,бирин-бири баалайт. Үйгө тапшырма: &2 1текстти окуп келүү,сөздүктөрдү жаттоо,таблицаны дептерге чийип,толтургула.