АДАМГЕРЧИЛИК
Сен башкалардан өзүңө кандай мамилени
кааласаң, башкаларга дал ошондой мамиле кыл.
Макал
Сабактын максаты:
-
Окуучуларда адамгерчилик тууралуу, ошондой эле адеп-ахлак, жакшылык (кайрымдуулук), айлана чөйрөдөгүлөргө карата ак ниеттик нормаларын калыптандыруу;
-
Өзүңдүн ички дүйнөң адамгерчилик баалуктары менен канчалык түрдө дал келгендиги тууралуу окуучулардын түшүнүүсүнө шарт түзүп берүү;
-
Окуучулардын абалды (кырдаалды) талдоо ыктарын өөрчүтүү.
Жабдуулар: флипке тартылган адамдын келбетинин сүрөтү, «гуманизм» түшүнүгүнүн аныктамасы, кырдаал тууралуу жазылган 4 барак.
Сабактын планы: |
№ | Көнүгүү | Убакыт |
1. | «Көзүңдү жап» машыгуусу | 3 мүн. |
2. | «Адамгерчиликтүү адам» көнүгүүсү | 10 мүн. |
3. | «Турмуштагы кырдаалдар» көнүгүүсүн | 15 мүн. |
4. | «Мектепке кабыл алуу» ролдук оюнунун көнүгүүсү | 15 мүн. |
5. | Коштошуу адеби | 2 мүн. |
| | 45 мүн. |
Сабактын жүрүшү:
-
«Көзүңдү жап» машыгуусу
(3 мүн.)
Максаты: тынчтык жана гармония тууралуу окуучунун ички туюмун сыноо үчүн оң атмосфераны түзүү.
Мугалим: жымжыртыкка бөлөнөбүз.
Ыңгайлуу олтурабыз, белиңер түптүз болсун, чыңалуу жок, ар нерсеге алагды болбой көзүңөрдү жапкыла, оюңарды оң нерсеге бургула. Элестеткиле, силер боорукер сезимди толтуруу менен дем алганыңарда жарыкты таза аба менен жутасыңар, демиңерди чыгарганда, тынчсыздануудан акырын чыга баштайсыңар.
Оң маанидеги ойлорго көңүлүңөрдү бургула:
-
Тынчтык, тынчтык, бардык жерде тынчтык. Сенде тынчтык, менде тынчтык!
-
Жарыктык, жарыктык, бардык жерде жарыктык. Сенде жарыктык, менде жарыктык!
-
Сүйүү, сүйүү, бардык жерде сүйүү. Сенде сүйүү, менде сүйүү!
Талкуулоо:
Жыйынтыктоо: Оң маанидеги ойлор жана көңүлдөр бизде жакшылык жасоо тилектерибизди ойготот.
-
«Адамгерчиликтүү адам» көнүгүүсү (10 мүн.)
Максаты: адамгерчиликтүү адамдын сапаттарын калыптандыруу, анын сөлөкөтүн түзүү.
Мугалим: флипке тартылган адамдын бой келбетин көрсөтөт.
Болжолдуу жооптор:
-
Бул адам – болгону сөлөкөт, бул тууралуу биз эч нерсе айта албайбыз;
-
Ал кандай болушу мүмкүн? Келгиле аны боорукер адамдын сапаттары менен сыйлайлы?
Мугалим: адамдын келбетине окуучулар сунуш кылган сөздөрдү жазабыз:
Жардамын аябаган боорукер, кайрымдуу, ызаны, кубанычты тең бөлүшөт, түшүнөт, тилектеш, көңүлдүү, шайыр ж.б.
Жыйынтыктоо: Боорукер адамдын бардык жакшы сапаттары адамгерчиликтүү адамдын негизин түзөт. Эгерде адамга силер атап өткөн сапаттар дал келсе, анда ал адамгерчиликтүү адам болуп саналат.
«Гумандуу» - деген сөз латын тилинен которгондо «адамгерчиликтүү» дегенди билдирет.
Мугалим көнүгүү үчүн багыт берет:
-
Класс 4 топко бөлүнөт;
-
Ар бир топко адамдын сөлөкөтүн тартуу тапшырмасы берилет жана символдору аркылуу (жүрөк-боорукер, көз-дүйнөнү көрүүгө жардам берет жана башкалар), адамгерчиликтүү адамдын образын түзүү;
-
Ар бир топ өзүнүн тапшырмасын адамгерчиликтүү адам кандай болуусу керек экендиги тууралуу презентация жасап берет.
Жыйынтыктоо: Адам келбети гана эмес, бардык жагынан сонун болушу керек, өзүнүн кылык-жоругу, иш-аракети менен.
-
«Турмуштук кырдаалдар» көнүгүүсү (15 мүн.)
Максаты: адамдарга карата адамгерчиликти көрсөтүп берүүгө машыктыруу.
Мугалим: биз адамдарга кандай мамиле кылсак, биздин көңүлүбүз, окуубуз, жумушубуз, турмушубуз ошого байланыштуу болот. Орой сөз биздин жаныбызды «жарадар» кылат, мындан сырткары, кимге сүйлөсөк, ошол адамдын да жанын кейитет. Биз досторубузга,
ата-энелерибизге, мугалимдерге, апаларга, жакшы көргөн адамыбызга көңүлдү чөктүрө турган сөздөрдү көп айтабыз.
Мен силерге бир кырдаал тууралуу айтып берейин, силер аны караштырып (топто иштөө) жана адамгерчиликтүү, боорукер, ырайымдуу адам, мындай кырдаалда кандай таасир эте алат, кандай иш аракет жүргүзөт, бул адамга кандай жардам бере тургандыгын сунуштайсыңар.
«Ыйлаган кыз» тууралуу кырдаал.
Биринчи сабактын башталарына беш мүнөт убакыт калганда баары класста олтурушкан. Наргиза акыркы болуп класска кирди. Анын өң-түсү капалуу, көздөрүнөн жаш куюлган.
-Эмне сенин көздөрүң жашылданып турат?- деп катуу сурады Эльвира.
-Сага эмне болду? Айтчы, сени ким капа кылды? Айтчы, айтчы, айтып берчи!
-деп Замира чуркап келди.
-Эмне болду? Эмне үчүн көз жашыңды төгүп жатасың? - деп баары чурулдашып кыйкырышты.
Суроо: Адамгерчиликтүү адам эмне кылмак эле?
-
«Оорукчан классташ кызга билдирүү» тууралуу кырдаал.
Ангина дартына чалдыктым, мага эч ким келген жок жана телефон чалышпады. Мен жалгызмын, кечинде ызама чыдабай ыйлап да жибердим.
Бир мезгилде классташ досумдан билдирүү келди. Мен өтө кубандым! Мен билдирүүнү ачтым, анда мугалим мага берген тапшырма бар экен. Болгону ушул. Менин досторум жок экенин түшүндүм. Бул ангинадан да жаман нерсе болду.
Суроо: Адамгерчиликтүү адам эмне кылмак эле?
-
«Буту оорукчан кыз» тууралуу кырдаал.
Мектептин коридорунда эмнелерди гана көрбөйсүң! Тепкичтен буту оорукчан кыз түшүп келе жатат.
Артыңдан башка кыздар аны «Тезирээк түш, кыйшык» деп шаштырып жатышты.
Суроо: Адамгерчиликтүү адам эмне кылмак эле?
-
«Телефондогу кырдаал» тууралуу сөз.
Эркин партасынын астынан башка бирөөнүн телефонун таап алды, алдында эч ким жок эле. Мугалимге берейин деп ойлоду, бирок айнып калып, өзүнүн баштыгына салып койду.
Көп күндөр өттү. Эркин бир жерде кымбат баалуу тумагын унутуп калды. Баштыгын карады, ал жерде тумагы жок болуп чыкты. Бир кезде телефонун унутуп калган бала кирди да, Эркинге тумакты берди. Бала коридордон таап алган экен. Эркин уят болду.
Суроо: Адамгерчиликтүү адам эмне кылмак эле?
Талкуулоо:
-
Адамгерчилик кылуу иш жүзүндө оңойбу?
-
Кээ бир турмуштук кырдаалдарда боорукер, адамгерчиликтүү болууга эмне тоскоолдук кылат?
Жыйынтыктоо: Кээ бир учурларда биз, күнүмдүк күн менен жашайбыз, бүгүн жакшы, макул деп, а эртең Кудайдын буюрганы болот дейбиз же мага жакшы болду, башкарлар мени кызыктырбайт дейбиз. Айланаңарды карагылачы - канча жакыр, оорукчан, жалгыз бой адамдар бар, аларга биз жардам беришибиз керек, ошондо биздин жаныбыз жай алат, биздин турмуштагы жашообуз жеңил болот.
-
«Мектепке кабыл алуу» ролдук оюну (15 мүн.)
Мугалим: силер мектептин мугалими болуп иштейсиңер жана педагогикалык кеңеште «Англис тилин тереңдетип үйрөнүү үчүн 9-класска кимди кабыл алуу боюнча суроону чечишиңер
керек . Баары 6 арыз келип түштү. Болгону бир баланы гана кабыл алыш керек». Өзүңөрдүн жеке адеп-ахлактык категорияны эске алып, сунушуңарды бергиле жана аны негиздегиле.
Көнүгүүгө мугалим багыт берет:
Мектептеги орунга
«талапкерлер».
-
Кыз шаардын башка районунда жашайт. Мектептин жанында анын чоң
энеси жашайт. Кыз табигый кубулуштар предметинен жакшы баага ээ.
-
Бала мектептин жанында жашайт. Короодогу бардык достору ушул мектепте окуйт жана ушул мектепке келип окууну чечти.
-
Кыз башка шаардан көчүп келди. Ата-энеси дипломаттар. Англис тилинде жакшы сүйлөшөт. 3 айдан кийин башка мамлекетке кетишет.
-
Бала мурда ордунда калган. 4 окуу предметинен канааттандырарлык эмес баалары бар. Милиция бөлүмүнүн эсебинде турат. Мектептин жанында жашайт.
-
Бала айылдан көчүп келген, англис тилин мурда окуган эмес. Мектептин жанында жашайт. Селсаяктыкка жантайма түрү бар.
-
Кыз – кичинесинен бери майып. Окуу предметтеринен 4-5 деген бааларга окуйт. Жалгыз апасы тарбиялайт. Мектептин жанында жашайт.
Мугалимге сунуш: талкуулоо учурунда топтор бир-бириңер менен талашып тартышпоо туралуу
презентациянын алдында окуучуларга айтып коюу керек. Баарынын оюн угуу керек, корутундуну ар ким өзү чыгарат. Кыска жана нуска сүйлөө керек. Мисалы,
«Биз ойлойбуз, №6 талапкерди тандоо керек, анткени оорусунун айынан алыскы ийримге келе албайт, үйү да мектептен алыста турат»
Жыйынтыктоо: Ар бириңер өзүңөрдүн оюңарды жакшы негиздеп бердиңер. Мындан кандай жыйынтык чыгарса болот, бардык адамдар түшүнүүгө жана жардамга муктаж, аларды уга билүү керек жана кырдаалды эске алып жардам берүү зарыл.
Адамгерчиликтүү адамдын негизги сапаты мына ушунда.