СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Адеп-адамдын көркү"сынактын жобосу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Адеп-адамдын көркү"сынактын жобосу»

Адеп – адамдын көркү” темасында эссе жазуу сынагынын жобосу


1.Жалпы маселелер


Ыйман, адеп жана маданият жылына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 28 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Адеп – адамдын көркү” темасында бүтүрүүчү класстын окуучулары үчүн эссе жазууга сынак жарыялайт.

Максаты:

  • мамлекеттик тилдин конституциялык даражасын көтөрүү, анын социалдык, коомдук маанисин жогорулатуу;

  • өсүп келе жаткан муундарга маданий-тарыхый мурастарды, руханий дөөлөттөрдү жеткирүү жана мекенчил болууга тарбиялоо;

  • окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү;

  • чыгармачылык жаатта таланттуу балдарды аныктоо жана түрткү берүү;

  • өспүрүмдөрдү кыргыз тилинде туура жаза билүүгө, оюн билдирүүгө үйрөтүү.


2. Эссе жазуунун шарттары

Сынакка республиканын жалпы билим берүүчү орто мектептеринин бүтүрүүчү класстын окуучулары катыша алат. Катышуучулар “Адеп – адамдын көркү” аталышындагы темада ой толгоолорун эссе түрүндө жазуусу керек. Купуялуулукту сактоо максатында эссенин автору кагаздын оң бурчуна аты-жөнүн жазып чаптап коюусу зарыл.


3.Эссеге коюлуучу талаптар

Мамлекеттик тилде А4 форматта, 14 шрифт, аралыгы 1,5 интервал менен, Times New Roman, 2-3 беттен турушу керек.


Эссенин мазмуну эки деңгээлде – төмөнкүдөй критерийлер менен бааланат:

  • Эссенин мазмунун баалоо: теманы ачып берүү; кызыктуу жана таасирдүү идеялардын болушу (окурманга таасири); ойдун так жана нуска айтылышы; ой жүгүртүүдөгү чынчылдык;

  • Эссенин формасын баалоо: тилдин көркөмдүгү жана нукуралуулугу; ойдун жеткиликтүүлүгү.

Эскертүү: Эссе көркөм стилде жазылып, окуучунун жан дүйнөсүндөгү ой толгоосу берилип, саясий маселелер камтылбашы керек.




4. Сынакты өткөрүү тартиби


Сынак 2 тур менен өткөрүлөт.

1. Сынактын 1-туру 2017-жылдын 28-сентябрында жалпы билим берүүчү орто мектептерде жүргүзүлөт. Бул күнү саат 10.00дө республиканын бардык орто билим берүүчү мекемелеринин бүтүрүүчү классынын окуучулары эссе жазышат. Мектепте түзүлгөн атайын комиссия мыкты эсселерди тандап, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга 2017-жылдын 15-октябрына чейин жиберүүсү керек.

2. Республикалык турга келип түшкөн эсселер жобонун 1-тиркемесине ылайык түзүлгөн сынак комиссиясынын кароосунан өткөрүлүп бааланат. Сынак комиссиянын чечими менен жеңүүчүлөр аныкталат. Уюштуруучулар тарабынан баалоодогу купуялуулуктун сакталуусуна кепилдик берилет.

Эскертүү: Сынак комиссиясынын тизмеси жарыяланбайт.


5. Сынактын жыйынтыгы жана сыйлоо


Сынактын жыйынтыгы 2017-жылдын декабрь айында чыгарылат. Сынак комиссиясын чечими менен жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин, белектер, диплом жана китептер менен сыйланып, мыкты эсселер атайын жыйнакка чыгарылат. Сыйлоо аземи жалпы коомчулуктун, ММКнын катышуусу менен салтанаттуу белгиленет.


6. Сынакты уюштуруу


Адеп – адамдын көркү” темасында эссе жазуу сынагынын жобосу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын mamtil.kg сайтына жайгаштырылат жана “Кыргыз тили”, “Кут билим” гезиттерине жарыяланат. Ошондой эле, массалык маалымат каражаттары аркылуу жайылтылат.

Байланыш телефону: 0312 31 57 73, 0551 99 65 18

Дареги: Бөкөнбаев көчөсү, 182, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы