СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адептуулук -адам корку

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык сабак

Просмотр содержимого документа
«Адептуулук -адам корку»

АДЕПТҮҮЛҮК – АДАМ КѲРКҮ

Сабактын максаты:

Саламдашуу, тамактануу, көчөдө жүрүү адептерин үйрөнүп, аларды өз турмушунда пайдалана алышат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, таркатмалар.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Окуучулар 3 топко бөлүнүшөт. Ар бир топко текст таркатылат.

1-топко:

Саламдашуу адеби

Тааныш же бейтааныш адамга кезигип калсаң сѳзсүз түрдѳ салам берип кѳрүш. Бул сенин адептүүлүгүңдүн белгиси. Тааныш адам менен саламдашып туруп калбай, ал-акыбалын сура.

Бирѳѳ сага салам берсе, дароо алик алып,саламына жооп бер. Саламды толук түрдѳ “Ассалоому алейкум”, деп айт. Саламдын жообу “Воалейкумусалам” болот.

“Ассалоому алейкум” - араб сѳздѳрү. Кыргызча мааниси “Сизге тынчтык болсун”. “Воалейкумусалам” - дегени –“Сизге дагы тынчтык болсун”.

Башыңды ийкеп койбой, колдоруңду кѳкүрѳккѳ коюп салам бер. Кѳпчүлүк менен учурашып жатканда алардын ар бирине айрым-айрым салам бербей, бардыгына, жалпы бир гана салам айтсаң жетиштүү болот. Ѳзүңдѳн жашы улууга, басып бара жатсаң олтурган кишиге, атчан болсоң жѳѳ адамга биринчи салам беришиң шарт. Кемсинтип, шылдыңдагансып ыржайып салам берүү адепсиздик. Саламды шыбырап койбой угуза айт. Бир таанышыңды алыстан кѳрүп калсаң, колуңду кѳкүрѳгүңѳ коюп салам ишаарасын кыл.

Кол берип учурашкан чакта колуңдун учун берип саламдашпа. Бул –адепсиздик, адамды тоготпогондук.

2-топко:

Тамактануу адеби

Эң биринчи колду таза жууп анан тамакка отуруу керек. Тамакты ѳз убагы менен, керектүү ѳлчѳмдѳ жешке кѳнүккүн. Ашыкча эле жей берсең, сиңире албай кѳп түйшүк тартасың.

Ачуу, кычкыл нерселерди, этти сүт менен жебегин. Жыттанып калган жана ачып кеткен тамактан да этият болгун. Кыргыз элинин ѳзгѳчѳ сапаттарынын бири, кичүүлѳр улуулардан мурун тамакка кол салган эмес, ата-энең дасторконго кол узатмайынча, сен кол узатпагын. Тамакты ѳзалдыңан гана алып жегин. Нанды дайыма кош колдоп сындыргын. Оозуңдагы тамакты шашпай, акырын чайнап жуткун. Тамак жеп жаткан учурда сүйлѳп, башкаларга жолтоо болбой, эгер суюк тамак болсо аны шорулдатпай ичүү керек. Оозго тамак салып алып сүйлѳѳ же күлүүадепсиздик.

Оозуңдагы тамакты жеп бүтмѳйүнчѳ, колуңду кайра тамакка узатпагын. Оозуңа тийгизген тамакты кайра табакка салбагын. Тазалыкты сактап этият тамактан. Суюк жана коюу тамактар дасторконго же кийимдериңе тѳгүлбѳсүн.

Дасторконго коюлган мѳмѳ-жемиштерди жешти кааласаң, жеген мѳмѳлѳрүңдүн кабыгын жана данегин желбеген мѳмѳлѳрдүн, дасторкондун үстүнѳ таштаба. Ѳзүнчѳ бир бош идишке ташта.

Тамактанып бүткѳн соң дасторконго бата тилеп, тургандан кийин колуңду жуу абзел.

3-топко:

Кѳчѳдѳ жүрүү адеби

Окуучум, кѳчѳдѳ жүргѳндѳ этияттык менен жүр, кийимдериңди ыпылас нерселерге булгап алуудан сактаганга аракет кыл. Оозуңду ачып ар нерсеге элеңдеп карай бербе. Базарда жана адамдар кѳп жыйылган жайларда ѳтѳ этияттык менен абайлап жүр. Элебестик менен кадам шилтеп, адамдардын бутун басып кетип, же түртүп ѳтүп, ушул сыяктуу бейжай аракеттер аркылуу бѳтѳндѳргѳ азар бербе. Эгер эки адам сүйлѳшүп турган болсо, алардын ортосунан жарып ѳтүү адепсиздик.Эгер жолдо карыя адам учурап калса, четирээк басып, түртүп ѳтүпкетпей, акырын алдыга ѳтүү керек.

Адамдар ѳтүп турган жол үстүндѳ сүйлѳшүп туруу, ѳтүүчүлѳргѳ жолтоо болуу туура эмес, четирээк жагында туруп сүйлѳшкѳн оң. Жол үстүндѳ жаткан таш, тикен сыяктуу нерселерди кѳрсѳң, аларды четирээк алып ташта сооп табасы, башка жолоочуларга пайдасы тиет. Жолго түкүрүү, ыпылас нерселерди ыргытуу адепсиздик. Жолдо карыларды, алсыз адамдарды же жаш балдарды учуратып калсаң, аларга жардам колун сун. Алардын жүктѳрү болсо, аны колунан ала коюп жардам берсең ѳз ѳмүрүңдѳ эң мээримдүүиш жасаган болосуң.

Жолдон ѳтүп бара жаткан кыздарга тийишүү да адепсиздикке жатат. Бирди жарым адам тайып жыгылып кеткенин кѳрсѳң дароо ага жардам бер.

2-кадам:Ар бир топ өздөрүнө бөлүнгөн текстти окушат жана топто талкуулашат. Белгиленген убакыттан соң презентацияга чыгышат.

Суроолор жана тапшырмалар:

  1. Саламдашуу адебин кандайча түшүндүң?

  2. Саламдашуунун эрежелерин айтып бер.

  3. Тамактануунун эрежелерине сен макулсуңбу жана аларды аткара аласыңбы?

  4. Кѳчѳдѳ жүрүү адеби жѳнүндѳ сен эменелерди билесиң? Билгендериңди жолдошторуңа айтып бер.