СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адылова Дарыякан

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Адылова Дарыякан»

Өмүр баян. Адылова Дарыякан Мамажановна 1963-жылы 12-январда Ош обулусунун Алай районуна караштуу Жошолу айыл өкмөтүнүн Миязды айылында жумушчунун үй бүлөсүндө туулган.Мектеп жашына чейин ата-энесинин колунда тарбияланды. 1970-жылы Алай районундагы А.С.Макаренко (азыркы Тапык Отунчуев) атындагы орто мектебинин 1-классына келип кирген.Аталган мектепте 1976-жылга чейин окуп, 1977-1980-жылдары Ош шаарындагы №28-Уркуя Салиева атындагы орто мектебинде окуган. 1980-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы ОшМУ) педагогика жана башталгыч класстардын методикасы факультетине келип кирген.Аталган окуу жайын 1984-жылы аяктаган. 1984-жылдын 15-августунда Алай районундагы Свердлов (азыркы №20-Камал Турганбаев) атындагы орто мектебине башталгыч класстарына орус тилинен мугалим болуп орношкон.1996-жылдын 1-сентябрынан башталгыч класстардын мугалими болуп иштей баштады.Азыркы күнгө чейин жогорудагы аталган мектепте үзүрлүү эмгектенип келе жатат.35 жылдык эмгек жолунда бир топ ийгиликтерге жетишти. “Жыл мугалими” конкурсуна катышып,байгелүү 3-орунга ээ болуп,райондук б.б.б.нүнгроматаларын жана рай.администрациясынын мактоо баракчасын алган. 2009-жылы Ош облусттук б.б.институтунун ардак громатасы менен сыйланган. 2011-жылы Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин ардак громатасын алууга жетишкен. 2013-жылы “Эл агартуунун мыктысы”төш белгисин алды. Ошондой эле бир нече райондук,айыл өкмөтүнүн,мектептин атынан ардак громаталарды алууга жетишти. 3 кыз,2 уулдун бактылуу энеси. Азыркы учурда ардактуу эс алууга чыгуу менен бирге №20- Камал Турганбаев атындагы орто мектебинде талыкпай эмгектенип жатат.